Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 5-октябры № 299
Cаясый партиялардын катталган талапкерлерин чыгарып салуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 07.09.2010-ж., 09.09.2010-ж., 08.09.2010-ж. №№ 217, 229, 215, 210, 220, 212 токтомдору менен "Бириккен элдик кыймылы", "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы", "Ак-Тилек", "Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы", "Жашасын Кыргызстан", "Партия Зеленых Кыргызстана" саясый партияларынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмелери катталган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууга катталган талапкерлерден: "Бириккен элдик кыймылы" саясый партиясынан Омошов Жоодар Болотбековичтен, "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясый партиясынан Токтогулова Гулбара Исраиловнадан, "Ак-Тилек" саясый партиясынан Артыкбаева Гульжан Карабековнадан, Каниметова Бермет Темирбековнадан, Танызкожоева Жаннетта Есенкуловнадан, Асанов Тилек Болотбековичтен КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого мындан ары катышуудан баш тартуу жана аларды талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндөгү арыздарын, "Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы" саясый партиясынын 2010-жылдын 3-октябрындагы II кезексиз курултайында бул партиядан катталган талапкерлер Сатыбаев Аманбай Гайназаровичти, Жаилова Жыпаркүл Рамзановнаны талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу протоколун, "Жашасын Кыргызстан" саясый партиясынын бул партиядан катталган талапкерлери Степаненко Игорь Михайловичти, Абдиев Медер Абдиевичти талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндөгү 2010-жылдын 4-октябрындагы № 5/66 чечимин, "Партия Зеленых Кыргызстана" саясый партиясынын бул партиядан катталган талапкер Абдылдаев Съезбек Сансызбаевичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу кабарлоосун карап чыкты.
"Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын, 27-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен төмөндөгүлөр чыгарылсын:
"Бириккен элдик кыймылы" саясый партиясынан:
- Омошов Жоодар Болотбекович;
"Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясый партиясынан:
- Токтогулова Гулбара Исраиловна;
"Ак-Тилек" саясый партиясынан:
- Артыкбаева Гульжан Карабековна;
- Каниметова Бермет Темирбековна;
- Танызкожоева Жаннетта Есенкуловна;
- Асанов Тилек Болотбекович;
"Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы" саясый партиясынан:
- Сатыбаев Аманбай Гайназарович;
- Жаилова Жыпаргүл Рамзановна;
"Жашасын Кыргызстан" саясый партиясынан:
- Степаненко Игорь Михайлович;
- Абдиев Медер Абдиевич;
"Партия Зеленых Кыргызстана" саясый партиясынан:
- Абдылдаев Съезбек Сансызбаевич.
2. Төмөндөгү катталган талапкерлердин күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын:
- "Бириккен элдик кыймылы" саясый партиясына берилген № 82 07.09.2010-ж.;
- "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясый партиясына берилген № 84 09.09.2010-ж.;
- "Ак-Тилек" саясый партиясына берилген №№ 84, 33, 42 07.09.2010-ж.;
- "Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы" саясый партиясына берилген №№ 10, 16-07.09.2010-ж.;
- "Жашасын Кыргызстан" саясый партиясына берилген №№ 7, 6 08.09.2010-ж.;
- "Партия Зеленых Кыргызстана" саясый партиясына берилген № 11 07.09.2010-ж.
3. Ушул токтом "Бириккен элдик кыймылы", "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы", "Ак-Тилек", "Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы", "Жашасын Кыргызстан", "Партия Зеленых Кыргызстана" саясый партияларына маалымдалсын.
4. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын.
Төрага | А.Сариев |