Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 5-октябры № 300
Саясый партиялардын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
"Ата-Журт", "Республика", "Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы", "Мекен Ынтымагы", "Ар-Намыс" саясый партияларынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына келип түшкөн сунуштарды карап чыгып, "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 22-, 24-пунктчаларына, 29-беренесинин 1-, 2-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндө көрсөтүлгөн саясый партиялардын ишенимдүү адамдары катталсын:
- "Ата-Журт" саясый партиясынан 9 адам (тизмеси тиркелет);
- "Республика" саясый партиясынан 87 адам (тизмеси тиркелет);
- "Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы" саясый партиясынан 10 адам (тизмеси тиркелет);
- "Мекен Ынтымагы" саясый партиясынан 21 адам (тизмеси тиркелет);
- "Ар-Намыс" саясый партиясынан - Ысык-Көл облусунун Тоң району жана Каракол шаары боюнча, Ош облусунун Кара-Суу району боюнча, Ош шаары боюнча - 175 адам (тизмеси тиркелет).
2. Саясый партиялардын катталган ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
Төрага | А.Сариев |