ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 5-октябрындагы № 300 «Саясый партиялардын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө» токтому

Редакция05.10.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 5-октябры № 300

Саясый партиялардын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

"Ата-Журт", "Республика", "Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы", "Мекен Ынтымагы", "Ар-Намыс" саясый партияларынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына келип түшкөн сунуштарды карап чыгып, "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 22-, 24-пунктчаларына, 29-беренесинин 1-, 2-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндө көрсөтүлгөн саясый партиялардын ишенимдүү адамдары катталсын:

- "Ата-Журт" саясый партиясынан 9 адам (тизмеси тиркелет);

- "Республика" саясый партиясынан 87 адам (тизмеси тиркелет);

- "Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы" саясый партиясынан 10 адам (тизмеси тиркелет);

- "Мекен Ынтымагы" саясый партиясынан 21 адам (тизмеси тиркелет);

- "Ар-Намыс" саясый партиясынан - Ысык-Көл облусунун Тоң району жана Каракол шаары боюнча, Ош облусунун Кара-Суу району боюнча, Ош шаары боюнча - 175 адам (тизмеси тиркелет).

2. Саясый партиялардын катталган ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

 

Төрага

А.Сариев