ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 6-октябрындагы № 302 «Талас облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция05.10.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 6-октябры № 302

Талас облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Өз ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу, "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 16-беренесинин 1-, 3-пункттарына, 10-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы № 133 токтому менен бекитилген облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн Убактылуу тартибинин 2-пунктунун 11-абзацына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2004-жылдын 15-июндагы № 15 токтому менен бекитилген облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндө жобонун 2.11-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас облустук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн комиссиянын мүчөсү Джунусалиев Амантай курамдан чыгарылсын;

- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Эралиев Асанкул Абдыканович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев