Редакцияот 06.10.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 6-октябры № 303

Саясий партиялардын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына "Ата-Журт", "Акыйкат", "Акшумкар", "Эгемен Кыргызстан", "Ата-Мекен" саясий партияларынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө келип түшкөн сунуштарын карап чыгып, "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 29-беренесинин 1-, 2-пункттарына, 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 22-, 24-пунктчаларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү саясий партиялардын ишенимдүү адамдары катталсын:

- "Ата-Журт"саясий партиясы 12 адам (тизме тиркелет);

- "Акыйкат" саясий партиясы 4 адам (тизме тиркелет);

- "Акшумкар" саясий партиясы 122 адам (тизме тиркелет);

- "Эгемен Кыргызстан" саясий партиясы 41 адам (тизме тиркелет);

- "Ата-Мекен" саясий партиясы 9 адам (тизме тиркелет).

2. Саясий партиялардын катталган ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

 

Төрага

А.Сариев