ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 6-октябрындагы № 303 «Саясий партиялардын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө» токтому

Редакция06.10.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 6-октябры № 303

Саясий партиялардын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына "Ата-Журт", "Акыйкат", "Акшумкар", "Эгемен Кыргызстан", "Ата-Мекен" саясий партияларынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө келип түшкөн сунуштарын карап чыгып, "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 29-беренесинин 1-, 2-пункттарына, 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 22-, 24-пунктчаларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү саясий партиялардын ишенимдүү адамдары катталсын:

- "Ата-Журт"саясий партиясы 12 адам (тизме тиркелет);

- "Акыйкат" саясий партиясы 4 адам (тизме тиркелет);

- "Акшумкар" саясий партиясы 122 адам (тизме тиркелет);

- "Эгемен Кыргызстан" саясий партиясы 41 адам (тизме тиркелет);

- "Ата-Мекен" саясий партиясы 9 адам (тизме тиркелет).

2. Саясий партиялардын катталган ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

 

Төрага

А.Сариев