Редакцияот 08.10.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 8-октябры № 313

Саясий партиялардын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына "Акшумкар", "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партияларынан ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө келип түшкөн сунушту карап чыгып, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3, 22, 24-пунктчаларын, 29-беренесинин 1, 2-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндө аталган саясий партиялардын ишенимдүү адамдары катталсын:

- "Акшумкар" саясий партиясынан 26 адам (тизмеси тиркелет);

- "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясынан Нарынбаев Абдыбек Ажыбаевич.

2. Саясий партиялардын катталган ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

 

Төрага

А.Сариев