ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 8-октябрындагы № 313 «Саясий партиялардын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө» токтому

Редакция08.10.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 8-октябры № 313

Саясий партиялардын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына "Акшумкар", "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партияларынан ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө келип түшкөн сунушту карап чыгып, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3, 22, 24-пунктчаларын, 29-беренесинин 1, 2-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндө аталган саясий партиялардын ишенимдүү адамдары катталсын:

- "Акшумкар" саясий партиясынан 26 адам (тизмеси тиркелет);

- "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясынан Нарынбаев Абдыбек Ажыбаевич.

2. Саясий партиялардын катталган ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

 

Төрага

А.Сариев