Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 8-октябры № 315
Кыргыз Республикасынын УКМКнын тергөө изоляторунда камакта кармоодогу шайлоочуларды эсепке алуу жөнүндө
2010-жылы 10-октябрда добуш берүү күнү камакта кармоодогу шайлоочулардын добуш берүүсүн уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 21-беренесинин 3-пунктун, 42-беренесинин 1-пунктун, 10-беренесинин 1-пунктунун 6-пунктчасын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын тергөө изоляторунда кармоодогу шайлоочулар Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун № 1221 участкалык шайлоо комиссиясына бекитилип берилсин.
2. Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун № 1221 участкалык шайлоо комиссиясы 2010-жылдын 10-октябрында добуш берүү үчүн добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү тартибин уюштурсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Ч.К.Аламановго жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |