ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 8-октябрындагы № 315 «Кыргыз Республикасынын УКМКнын тергөө изоляторунда камакта кармоодогу шайлоочуларды эсепке алуу жөнүндө» токтому

Редакция08.10.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 8-октябры № 315

Кыргыз Республикасынын УКМКнын тергөө изоляторунда камакта кармоодогу шайлоочуларды эсепке алуу жөнүндө

2010-жылы 10-октябрда добуш берүү күнү камакта кармоодогу шайлоочулардын добуш берүүсүн уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 21-беренесинин 3-пунктун, 42-беренесинин 1-пунктун, 10-беренесинин 1-пунктунун 6-пунктчасын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын тергөө изоляторунда кармоодогу шайлоочулар Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун № 1221 участкалык шайлоо комиссиясына бекитилип берилсин.

2. Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун № 1221 участкалык шайлоо комиссиясы 2010-жылдын 10-октябрында добуш берүү үчүн добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү тартибин уюштурсун.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Ч.К.Аламановго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев