КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 25-октябры № 320
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде түзүлгөн айрым шайлоо участкалардагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксьп деп табуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде түзүлгөн шайлоо участкаларынан № 001 (Москва ш., КРнын РФдагы элчилиги), № 002 (Москва ш., БРКБ), № 004 (Санкт-Петербург ш.,) № 005 (Казань ш.,) келип түшкөн шайлоо документтерин текшерүүнун натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө Кодексинин 22-беренесинин 2, 5, 7, 8, 10-пункттарынын, 23-беренесинин 5-пункттунун, 40-беренесинин 3, 4-пункттарынын талаптарын бузууга жол берилген, бул шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгын аныктоодо ишенимдүүлүктү тастыктай албайт. Көрсөтүлгөн шайлоо участкаларында шайлоочулардын сунушталган тизмеси номерлерген эмес, шнурланган эмес жана чет мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн эмес, ошондой эле шайлоочулар Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун көрсөткөндө шайлоочулардын кошумча тизмесине киргизилген.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3, 6, 28, 30-пунктчаларын, 45-беренесинин 10-пунктунун а) пунктчасын, 46-беренесинин 5-пунктунун, 4-пунктунун а) пунктчасын. 1-пунктун, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 1, 3, 4-пунктчаларын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде түзүлгөн № 001 (Москва ш., КРнын РФдагы элчилиги), № 002 (Москва ш., БРКБ), № 004 (Санкт-Петербург ш.,) № 005 (Казань ш.,) шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын
2.Бул токтом шайлоочулардын тизмесин түзүүгө жооптуу болгон Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерине карата колдонуудагы мыйзамга ылайык тийиштүү чараларды кабыл алуу учүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Ж. Баялиновго жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |