КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 27-декабры № 338
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Борбордук шайлоо комиссиясына Ө.Т.Бабановдон Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө келип түшкөн арызына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-декабрындагы № 321 "А.Ш.Атамбаев жөнүндө", №322 "Ө.Т.Бабанов жөнүндө", № 324 "И.К.Джунусов жөнүндө" жарлыктарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-пунктунун 1-, 3-пунктчаларын, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-, 5-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-, 28-пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулсун:
- Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынан - Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин;
- "Республика" саясий партиясынан - Бабанов Өмүрбек Токтогуловичтин;
- "Ата-Журт" идеалисттик демократиялык саясий партиясынан - Джунусов Ибрагим Коджоназаровичтин.
2. Бул токтом жогоруда аталган саясий партияларга маалымдалсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |