Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 3-февралы № 1
Баткен областтык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Өз ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө кайрылуу түшкөндүгүнө байланыштуу (жашаган жери өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу) Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 16-беренесинин 3-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы № 133 токтому менен бекитилген областтардын, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн Убактылуу тартибине, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2004-жылдын 15-июнундагы № 15 токтому менен бекитилген областтардын, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары тууралу Жобонун 2.11-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен областтык шайлоо комиссиясынын түзүмүнө төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- "ЭрК" партиясынан көрсөтүлгөн Ысаков Жусупбек Бакурович комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден "Замандаш" саясий партиясы көрсөткөн Жолдошов Махамаджан Исакович киргизилсин.
2. Аталган токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Сариев |