ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордур комиссиясынын 2011-жылдын 3-февралындагы № 1 «Баткен областтык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция03.02.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 3-февралы № 1

Баткен областтык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

Өз ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө кайрылуу түшкөндүгүнө байланыштуу (жашаган жери өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу) Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 16-беренесинин 3-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы № 133 токтому менен бекитилген областтардын, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн Убактылуу тартибине, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2004-жылдын 15-июнундагы № 15 токтому менен бекитилген областтардын, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары тууралу Жобонун 2.11-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен областтык шайлоо комиссиясынын түзүмүнө төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- "ЭрК" партиясынан көрсөтүлгөн Ысаков Жусупбек Бакурович комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден "Замандаш" саясий партиясы көрсөткөн Жолдошов Махамаджан Исакович киргизилсин.

2. Аталган токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев