ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-февралындагы № 8 «Баткен облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция18.02.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 18-февралы № 8

Баткен облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

БШКнын комиссиясынын "Баткен облусунун Лейлек районуна барып текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө" маалымкаттын жана Баткен облустук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 12-февралындагы № 3 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 16-беренесинин 3-пунктуна, 10-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы № 133 токтому менен бекитилген "Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн убактылуу тартибинин" 1, 2-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2004-жылдын 15-июнундагы № 15 токтому менен бекитилген "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча облустук, Бишкек, Ош шаардык комиссиялар жөнүндө жобонун" 2.11-пунктуна, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө" мыйзамынын 30-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облустук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- "Туран" демократиялык партиясынан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Ысаков Мурзабек Сулейманович курамдан чыгарылсын;

- "Акыйкат" республикалык партиясы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Бабаева Уулкан Абдукаримовна республиканын чегинен тышкары кеткендигине байланыштуу комиссиянын резервинен чыгарылсын.

- "КСДП" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Нурмаматов Абибилла комиссиянын курамына резервден киргизилсин.

2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын.

3. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев