Редакцияот 30.03.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 30-марты № 18

Кыргыз Республикасынын жараны Г.Д.Вулянчиндин Чүй облустук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 11-августундагы "Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жергиликтүү кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" № 24 чечимин жокко чыгаруу тууралуу арызын канааттандырууну четке кагуу жөнүндө

КР Шайлоо жөнүндө кодекстин 87-беренесин жетекчиликке алып жана "Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" КР Мыйзамынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, КР жараны Г.Д.Вулянчиндин Чүй облустук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 11-августундагы № 24 чечимин жокко чыгаруу тууралуу берген арызына ылайык жана шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоону камсыз кылууну көздөп Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жараны Г.Д.Вулянчиндин Чүй облустук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 11-августундагы "Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жергиликтүү кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" № 24 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арызы канааттандырылбасын.

2. Ушул токтом ММК жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Н.Т.Шериповго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев