ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 30-мартындагы № 18 «Кыргыз Республикасынын жараны Г.Д.Вулянчиндин Чүй облустук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 11-августундагы «Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жергиликтүү кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө» № 24 чечимин жокко чыгаруу тууралуу арызын канааттандырууну четке кагуу жөнүндө» токтому

Редакция30.03.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 30-марты № 18

Кыргыз Республикасынын жараны Г.Д.Вулянчиндин Чүй облустук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 11-августундагы "Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жергиликтүү кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" № 24 чечимин жокко чыгаруу тууралуу арызын канааттандырууну четке кагуу жөнүндө

КР Шайлоо жөнүндө кодекстин 87-беренесин жетекчиликке алып жана "Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" КР Мыйзамынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, КР жараны Г.Д.Вулянчиндин Чүй облустук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 11-августундагы № 24 чечимин жокко чыгаруу тууралуу берген арызына ылайык жана шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоону камсыз кылууну көздөп Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жараны Г.Д.Вулянчиндин Чүй облустук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 11-августундагы "Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жергиликтүү кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" № 24 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арызы канааттандырылбасын.

2. Ушул токтом ММК жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Н.Т.Шериповго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев