ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлу № 9 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө» токтому

Редакция08.07.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 8-июлу № 9

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Республика" саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталсын.

2. "Республика" саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообековичке белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Уюштуруу бөлүмүнүн башчысы М.С.Темировго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов