Редакцияот 21.07.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 21-июлу №41

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.И. Суваналиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөн Кыргыз Рйпубликасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.И.Суваналиевдин документтерин карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комисссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасыньн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.И.Суваналиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:

-финансы маселелери боюнча -                Дыйканбаева Мира Эмиловна, 1972-жылы туулган, убактылуу иштебейт;

-шайлоо боюнча -                                           Турдалиев Азизбек Мэлсович, 1959-жылы туулган, жеке адвокат;

- шайлоо боюнча -                                          Шабданова Нурила Нурдинбековна, 1977-жылы туулган, убактылуу иштебейт;

- шайлоо боюнча -                                          Токон уулу Талант, 1979-жьшы туулган, убактылуу иштебейт;

- шайлоо боюнча -                                          Акматкеримов Бакыт Акматкеримович, 1982-жылы туулган, «Кыргыз фонду биржасы» ЖАКтын директорлор Кеңешинин мүчөсү.

 

 2. Ушул токтомдун 1 -пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.И.Суваналиевдин ыйгарымдуу өкүлүнүн каттоо күбөлүктөрү берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасыньш Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн

 

Төрага

Т.Абдраимов