Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-июлу №45
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.А.Турдумалиевдин ыйгарым укуктуу өкулдөрүн каттоо жөнундө
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөн Кьфгыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.А.Турдумалиевдин документтерин карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-белугүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.А.Турдумалиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
- финансы маселелери боюнча - Исакова Гульмира Шакирзаевна, 1969-жьлы туулган, "Коплекстүү Жабдуу-Борбору" ЖЧКнын башкы бухгалтери;
- шайлоо боюнча - Уметбаев Шамил Мелисович, 1978-жылы туулган, Коплекстүү Жабдуу Борбору" ЖЧКнын коммерциялык директору;
- шайлоо боюнча - Турдумалиев Кайрат Сазыкбаевич, 1997-жылы туулган, «Стройдворсервис» ЖЧКнын сатуу боюнча менеджери;
- шайлоо боюнча - Ашкеева Жаркынгуль Кыдыковна, 1977-жьшы туулган, "Стройдворсервис" ЖЧКнын бухгалтери;
- шайлоо боюнча - Муратбеков Туркмен Кулчороевич, 1974-жылы туулган, «Коплекстуү Жабдуу Борбору» ЖЧКнын айдоочусу.
2.Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.А.Турдумалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүктөрү берилсин.
3.Ушул токтомдун аткарьшышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн
Төрага | Т.Абдраимов |