Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-июлу №46
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И.А. Масалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И.А.Масалиевдин документтерин карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке альп, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И.А.Масалиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
-Абдыкадыров Айбек Кожобекович, 1980-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча түштүк борборунун бухгалтери;
-Акбалаев Нусратилла, 1955-жылы туулган, "Акбалаев" ЖЧКнын башкыору;
-Аникеева Галина Анатольевна, 1953-жылы туулган, пенсионер;
-Жолдошев Мойдунжан, 1953-жылы туулган, пенсионер;
-Имаев Кожобек, 1939-жылы туулган, пенсионер; *
-Жамгырчиев Иманакун Эсеевич, 1946-жылы туулган, Нарын шаарынын мэриясынын алдындагы "Нарынсууканал" муниципалдык ишканасынын эмгек бөлүмүнүн инженери;
-Молдокасымов Орозбек Сатарович, 1948-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн ун Мырза-Аке айыл округунун ветеринардык врачы;
-Москаленко Петр Петрович, 1946-жылы туулган, пенсионер;
-Тологонов Мелис Зарлыкович, 1961-жылы туулган, жеке ишкер;
-Тыналиев Алмасбек Сабырович, 1961-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Эгембердиев Шерали, 1946-жылы туулган, Бишкек финансы-экономикалык академиясынын проректору.
2. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Жакыпбеков Бектурсунду, 1936-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат :ордуна талапкер И.А.Масалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоодон баш тартылсын
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматов, кабыл алынган чечим жөнүндө, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүгөн адамга билдирсин.
4. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Републикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И.А.Масалиевдин ыйгарымдуу өкүлүнүн каттоо күбөлүктөрү берилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |