Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-июлу №53
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевден келип түшкөн документтерди карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесенинин 4-белүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасьшын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын:
-Казакбаев Тагайбек Сапарбекович, 1970-жылы туулган, "Ата-Журт" саясий партиясынын координатору;
-Токторбаев Жеңишбек Шермаматович,1968-жылы туулган, "Дастан" ААКнын юристи;
-Сулайманов Жаныбек Ниязкулович, 1966-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Энназаров Мирлан Арзыкулович, 1966-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Рысбекова Масуда, 1952-жылы туулган, Аксы райондук мамлекеттик ветеринария башкармалыгынын башкы бухгалтери;
-Артыков Базаркул, 1953-жьшы туулган, убактылуу иштебейт;
-Бегимканов Абдилазиз Жусупович, 1961-жылы туулган, Кара-Кулжа айыл округунун жайыттарды пайдалануучуларынын бирикмесинин төрагасы;
-Шамшидинов Дамир Тороматович, 1967-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Тагайбек уулу Дамир, 1964-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Нурматова Роза Зарлыковна, 1959-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Асанов Алымбек Сагындыкович, 1978-жылы туулган, убактылуу иштебейт.
2.Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин ыйгарымдуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |