Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-июлу № 55
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Т. Каримовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Т.Каримовдун документтерин карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Т.Каримовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
-финансылык маселелер боюнча - Эмилбекова Бактыгүл Сейдакматовна, 1960-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-шайлоо боюнча - Осмоналиев Таалайбек Охапович, 1966-жылы туулган, убактылуу иштебейт.
2.Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Т.Каримовдун ыйгарымдуу өкүлүнүн каттоо - кубөлүктөрү берилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жанатекшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |