Редакцияот 27.07.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 27-июлу № 59

Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Бектемир Жаңыбаевич Султаналиевдин берген арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4,7,8,15-пункттарына, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана кайрадан түзүү жөнүндө" Жобого ылайык, ошондой эле 2011-жылдын 22, 23-июлундагы чүчүкулактын жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун негизинде, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- "Улуу Биримдик" Улуттук-демократиялык партиясынан Султаналиев Бектемир Жаңыбаевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;

"Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы" саясий партиясынан Сатыбалдиев Чапрашты Жаңыбекович комиссиянын курамына резервден киргизилсин.

2.Ушул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын торагасынын орун басары А.Т.Шаимкуловага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов