Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-июлу № 67
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кулбаев Нурбек Иманкуловичтин жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган Жумакариев Дооранбек Маданбековичтин берген арыздарынын негизинде жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу жөнүндө" Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жалал-Абад облусунун Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-жергиликтуу өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органынан Кулбаев Нурбек Иманкулович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-жергиликтуу өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жумакариев Дооранбек Маданбекович комиссиянын резервинен чыгарылсын.
2.Ушул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шаимкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |