Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-августу №75
Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Аксы,Алa-Бука,Майлы-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын, Бишкек шаарынын Свердлов, Октябрь аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртуү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4, 7, 8, 16-белуктерунө, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу жөнүндө" Жобого ылайык, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук Кеңешинин 2011-жылдын 29-июлундагы №25-17/1 токтомунун негизинде, А.И.Миңбаевдин, К. Ж. Шадыбековдун, Т.Ж. Өмүрзаковдун берген арызынын негизинде жана ошондой эле 2011-жылдын 22, 23-июлунда өткөрүлгөн чүчүкулактын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй киргизилсин:
-«Бүтүн Кыргызстан»-( "Единый Кыргызстан") саясий партиясынан Миңбаев Абдырахман Исмаилович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-«Демократическая партия Туран» саясий партиясынан Аскарали Ашимов резервден комиссиянын курамына киргизилсин;
2 Жалал-Абад облусунун Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилсин:
-Демократическая партия Туран" саясый партиясынан Шадыбеков Казыбек Жумабекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-«Ата-Журт» саясий партиясынан Айткулов Таалайбек Алимурзаевич резервден комиссиясын курамына киргизилсин.
3 Жалал-Абад облусунун Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынчабашкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Боронбаев Тургуналы Жолчуевич комиссиянын курамына киргизилсин.
4.Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-«Эгемен Кыргызстан» саясий партиясынан Өмүрзаков Турусбек Жаныбекович комиссиясын курамынан чыгарылсын;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Пиназаров Максатбек Орозматович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
5 Бишкек шаарынын Свердлов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Марченко Людмила Васильевна комиссиянын курамына киргизилсин.
6 Бишкек шаарынын Октябрь аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Сатылганова Замира Абакуловна комиссиянын курамына киргизилсин.
7 Ушул токтом "Эркин Too" газетасына жарыялансын.
8 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жанареферендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шаимкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |