Редакцияот 08.08.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 8-августу № 89

Жалал-Абад облусунун Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын, Талас облусунун Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын, Нарын облусунун Ак-талаа аймактык шайлоо комиссиясынын, Чүй облусунун Кемин, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын, Бишкек шаарынын Свердлов, Октябрь аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4, 7, 8, 15, 16-бөлүктөрүнө, 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө" Жобого ылайык, Свердлов аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы З.А.Турсунбаевдин арызынын, Т.К.Тиленбаевдин, Р.Б.Асылбекованын, С.Ж.Карагуловдун, А.С.Шералиеванын, Н.Ж.Мамбеталиеванын, М.Н.Акматбековдун, А.О.Солтонкуловдун, Б.Р.Жумагуловдун, Н.А.Идрисовдун арыздарынын негизинде, ошондой эле 2011-жылдын 22 жана 23-июлунда өткөрүлгөн чүчүкулактын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жалал-Абад облусунун Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- "Акшумкар" саясий партиясынан Тиленбаев Таязбек Кенжетаевич комиссиянын резервинен чыгарылсын.

2. Талас облусунун Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Асылбекова Роза Бакытбаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Казакбаев Жолдошбек Тойчубекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- "Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы" саясий партиясынан Карагулов Сабиталы Жапаракунович, "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясынан Шералиева Акмөөр Сулаймановна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- "Замандаш-современник" саясий партиясынан Карымшаков Алтымышбек Ажимамбетович, "Ак Шам" Жаратман мекенчилер" саясий партиясынан Турусбеков Талантбек Амангазиевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

4. Чүй облусунун Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Мамбеталиева Назгүл Жумабековна комиссиянын резервинен чыгарылсын.

5. Чүй облусунун Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Акматбеков Медер Нуркалиевич, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Солтонкулов Адил Өмүрович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Жумагулов Бакыт Рыспекович комиссиянын резервинен чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Иманбекова Зейнеп Токтахуновна жана Абылкасымов Муслим Амангельдиевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

6. Бишкек шаарынын Свердлов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- "Ак Шам" Жаратман мекенчилер" саясий партиясынан Чалагызова Майрамкүл Асипалыевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- "Эл үчүн" саясий партиясынан Володина Ирина Петровна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

7. Бишкек шаарынын Октябрь аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Идрисов Никиштай Аскарович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Сулайманова Асел Төлөковна комиссиянын курамына киргизилсин.

8. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шаимкуловага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов