ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 17-августундагы № 142 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Р.Карабаеванын ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө» токтому

Редакция17.08.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 17-августу № 142

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Р.Карабаеванын ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз  Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Р.Карабаевадан түшкөн документтерди карап чыгып «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2,19 пункттарын жетекчиликке алып. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Кыргыз Республикасынын Президенттин кызмат ордуна талапкер Ж.Ж.Сатыбалдиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, 1966-жылы туулган, Т.Сатылганов ат. Кыргыз улуттук филармониясынын Н.Тугелов ат. "Ак Марал" мамлекеттик бий ансамблинин оркестринин артисти Мамытова Жылдыз Осмоновна

2 Мамытова Жылдыз Осмоновнага Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Р.Карабаеванын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин

3 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраиомв