Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
2011-жылдын 11-мартындагы № 5 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2006-жылдын 24-ноябры № 187
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
Товарларды контролдук (латенттик) маркалар
менен маркировкалоо жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын
2009-жылдын 26-январындагы № 33 Мыйзамынын
редакциясына ылайык)
2006-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
Контрафактылык товарлардын эсебин алууну өркүндөтүү, ошондой эле
контрабандалык алп келүүнү жана жүгүртүүнү болтурбоо максатында товар-
ларды контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоо киргизилсин.
2-статья.
Товарларды контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоо
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизме боюнча Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин тармактык комитетинин макулдугу боюн-
ча жүзөгө ашырылат.
(КР 2009-жылдын 26-январындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылай-
ык)
3-статья.
Товарларды контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоону
колдонууга берүүнү, эсепке алууну жана контролдоону төмөнкүлөр жүзөгө
ашырат:
- Кыргыз Республикасынын бажылык аймагына алып келинген тизмеде
көрсөтүлгөн товарлар боюнча, - бажы иштери боюнча мамлекеттик орган;
- Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн тизмеде көрсөтүлгөн
товарлар боюнча, - салык кызматынын мамлекеттик органы.
Кыргыз Республикасынын ички рыногундагы товарларда контролдук (ла-
тенттик) маркаларынын болушуна контролдукту ыйгарым укуктуу контролдоо-
чу органдар жүзөгө ашырышат.
(КР 2009-жылдын 26-январындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылай-
ык)
4-статья.
Контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоо товарларды өн-
дүрүүчүлөр жана импорттоочулар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Товарларды сактоо, жасоо, сатып өткөрүү, эсепке алуу, контролдоо
тартиби, ошондой эле аларды контролдук (латенттик) маркалар менен мар-
кировкалоонун жол-жобосу, шарттары жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(КР 2009-жылдын 26-январындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылай-
ык)
5-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирүүнү камсыз кылсын жана аны жүзөгө ашыруу
боюнча чараларды көрсүн.
6-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчү-
нө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев