Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 11-марты № 5
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп табуу жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Товарларды контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 955-ст.);
- "Товарларды контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 33-ст.).
2-берене.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |