Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-августу № 176
Чүй облусунун Панфилов, Москва, Жайыл аймактык ; шайлоо комиссиясынын, Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын, Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош шаардык, Ош облусунун Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал Абад облусунун Аксы, Таш-Көмүр, Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын күрамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялар жонүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4.8.15,16 - бөлүктөрүнө, 22-беренесинин 1- бөлүгүнүн 2- пунктуна, 22- беренесинин 10-бөлүгунүн1, 8- пункттарына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлунундагы №7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө" Жобого ылайык, Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы А.Н.Азыловдун арызынын, Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын жыйналышынын №4 протоколунун, Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын жыйналышынын протоколунун, Москва аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Э.Рыскелдиевдин арызынын. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын жыйналышынын №5 протоколунун, Түп району боюнча Комиссиянын корутундусунун, Г.К.Каптагаеванын. К.А.Кудайбергенованын, З.Т.Жусупованын, Н.Т.Мукашеванын, А.К.Байтоковдун. Тургунбек кызы Аселдин, А.Б.Нусубалиевдин, А.А.Раманкулованын, Ш.М..Мурзабековдун, А.Ж.Алишерованын, К.Д.Боронбаеванын арыздарынын негизинде, ошондой эле 2011-жылдын 22 жана 23-июлдагы өткөрүлгөн чүчүкулактын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Чүй облусунун Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-«Замандаш-Современник» саясий партиясынан Каптагаева Гүлнур Кадырмышевна, "Ата-Журт" Мекенчил партиясы'* саясий партиясынан Кудайбергенова Клара Алышовна, жергиликтүү өз адынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Абылкасымов Муслим Амангелдиевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- "Демократическая партия "Туран" саясий партиясынан Кадырбаев Таалайбек Ишенбаевич, "Ар-Намыс" саясий партиясынан Кибраева Жаңыл Тоялыевна, жергиликтүү өз адынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Мусаев Жайыл чубакович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Чуй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-"Ар-Намыс" саясий партиясынан Жусупова Зарина Темирбековна, «Демократическая партия «Туран» саясий партиясынан Турдубаева Айпери Жумакадыровна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-комиссиянын курамына резервден «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан Уметалиев Майрамбек Кытайбекович, «Улуу Биримдик» улутчул-демократиялык партиясы" саясий партиясынан Абдраимова Каныгул Медербековна киргизилсин.
3 Чуй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Мукашева Нургуль Толоновна комиссиянын резервинен чыгарылсын.
4. Ысык-Көл облусунун Туп аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- «Республика» саясий партиясынан Байтоков Акылбек Керимович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Эгембердиев Сабыракун Бекбосунович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-«Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан Баркалбасов Мирбек Асанович, жергиликтүү алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Макарова Анна Александровна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
5. Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Тургунбек кызы Асел комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Нусубалиев Абылгазы Бешкемпирович комиссиянын резервинен чыгарылсын; комиссиянын курамына резервден Алымбеков Мирлан Фронтбекович киргизилсин.
6. Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-«Улуу Биримдик» улутчул-демократиялык партиясы" саясий партиясынан Раманкулова Асель Авазовна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- «Демократическая партия «Туран» саясий партиясынан Нурдинов Рыспек резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
7. Ош облусунун Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-«Улуу Биримдик» улутчул-демократиялык партиясы" саясий партиясынан Мурзабеков Шергазы Мурзабекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-«Бүтүн Кыргызстан»- «Единый Кыргызстан» саясий партиясынан Абдырахманов Арыстанбек Аскарович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
8. Жалал-Абад облусунун Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына итөмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-«Акшумкар" саясий партиясынан Алишерова Асылкан Жакыповна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Калиева Азия Сандабаевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
9. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөрүүлөр киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Боронбаева Каленбүбү Дүйшөновна комиссиянын резервинен чыгарылсын.
10. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-«Ак Шам» Жаратман мекенчилер саясий партиясынан Орозматов Муратбек Камчыбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-«Ата-Журт» Мекенчил партиясы» саясий партиясынан Эсенов Анвар Казбекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
11 Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
12 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |