ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 22-августундагы № 181 «Шайлоочулардын тизмесине киргизүү жөнүндө арыздын таризин бекитүү тууралуу» токтому

Редакция22.08.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 22-августу № 181

Шайлоочулардын тизмесине киргизүү жөнүндө арыздын таризин бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын коституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 3-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Шайлоочулардын тизмесине киргизүү жөнүндө арыздын таризи бекитилсин (тиркелет)

2 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов