ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 226 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорун дайындоонун чыгымдар сметасын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция05.09.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 5-сентябры № 226

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорун дайындоонун чыгымдар сметасын бекитүү жөнүндө

2011 жылдын 9-августундагы № 188 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл. Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Презилентинин Жарлыгына ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,11,12 пункттарын, 25-беренесинин 2.3,6.7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 2011-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад. Нарын. Ысык-Көл. Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоого жана өткөрүүгө суммасы 4 120 800 (төрт миллион жүз жыйырма сегиз жүз) сомду түзгөн алдын ала чыгымдар сметасы (тиркелет) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын финансылык жана материалдык-техникалык бөлүмү бекитилген сметага ылайык финансы иштерин жүргүзсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын өзүмдүн көзөмөлүмө калтырам

 

Төрага

Т.Абдраимов