Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-сентябры № 286
Чуй областынын Аламүдүн, Панфилов, Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19 - беренесинин 4,7,8,15 - бөлүктөрүнө, 22 - беренесинин 10 - бөлүгүнүн 1, 10 - пункттарына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011 - жылдын 8 - июлундагы №7 - токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу жөнүндө" Жобого ылайык, Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде; А.Х.Кучменованын, Ж.Т.Кибраеванын, М.К. Үметалиевдин берген арыздарынын негизинде, ошондой эле 2011 - жылдын 22 жана 23-июлундагы чүчүкулактын протоколдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй областынын Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Кыргызстандын Демократиялык кыймылы партиясы" саясий партиясынан Кучменова Аминад Хасимовна комиссиянын резервинен чыгарылсын.
2. Чүй областынын Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Ар - Намыс" саясий партиясынан Кибраева Жаңыл Тойалиевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынан Рахманбердиева Айша резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
3. Чүй областынын Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан комиссиянын мүчөсү Үмөталиев Майрамбек Кытайбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
"Кыргызстандын социал - демократиялык партиясы" саясий партиясынан Алымбеков Жайылбек резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
4 Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
5 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |