КР 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары2006-жылдын 5-декабры № 197 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу 2006-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчы-сы, 2000-ж., № 1, 14-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 6-статьянын 3-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Парламенттер аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштар КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин Төрагасы же Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин депутаттары тарабынан Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин кароосуна киргизилет.". 2. 7-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацындагы "Мыйзам чыгаруу жы-йынынын" деген сөздөр алып салынсын. 3. 8-статьянын 2-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Кыргыз Республикасынын парламент аралык келишимдерине кол коюужөнүндөгү чечимдер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан ка-был алынат.". 4. 9-статьянын 2-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасы атайын ыйга-рым укугу жок эле Кыргыз Республикасынын парламенттер аралык келишимде-ри боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин атынан кол коюуга укуктуу.". 5. 10-статьянын үчүнчү абзацындагы "Мыйзам чыгаруу жыйынынын Төра-гасы жана Эл өкүлдөр жыйынынын" деген сөздөр алып салынсын. 6. 12-статьянын 2-пунктундагы "Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруужыйынына" деген сөздөр "Жогорку Кењешине" деген сөздөр менен алмашты-рылсын. 7. 13-статьянын 1-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ратификациялоожөнүндө чечим (анын ичинде финансылык келишимдер жана кредиттик макул-дашуулар) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан мыйзамтүрүндө кабыл алынат жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынанкол коюлат.". 8. 17-статьянын 2-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Парламенттер аралык келишимдерге кошулуу жөнүндө чечимдер Кыр-гыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынат.". 2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев