Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2011-жылдын 10-февралы ПБ № 21
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 31-декабрындагы № 404 "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык:
- тиркелген "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын Катчылыгы жөнүндө" Жобо бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 10-февралындагы № 21 буйругу менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Катчылыктын негизги милдеттери жана функциялары
3. Катчылыктын укуктары
4. Катчылыктын ишин уюштуруу
5. Корутунду жоболор
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын Катчылыгы (мындан ары - Катчылык) ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиянын (мындан ары - Комиссия) жумушчу органы болуп саналат.
2. Катчылык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ЮНЕСКОнун уставын, ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиялардын типтүү уставдарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясы жөнүндө жобону жана ушул жобону жетекчиликке алат.
3. Катчылык өз ишин Комиссиянын атынан жүргүзөт, бардык инстанцияларда жана уюмдарда Комиссиянын атынан өкүл болот, ЮНЕСКОнун Катчылыгы менен түздөн-түз өз ара аракеттенет. Катчылык Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясына отчет берет.
4. Комиссиянын Катчылыгы өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, ал обочолонгон мүлккө ээ, өз алдынча балансы бар, ЮНЕСКОнун долбоорлору боюнча төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн банкта эсептешүү жана валюталык эсеп-кысабы, ошондой эле Комиссиянын ишинин алкагында иш чараларды жүзөгө ашыруу жана колдоо көрсөтүү үчүн демөөрчүлүк, меценаттык жардамдарды тартуу максатында атайын эсеби болот, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга, милдеттерге ээ болууга жана алардан ажыратууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
5. Катчылыктын уюштуруу - укуктук формасы - мекеме.
6. Катчылыктын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 54.
7. Катчылыктын мамлекеттик тилдеги аталышы: "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын Катчылыгы". Катчылыктын расмий тилдеги аталышы "Секретариат Национальной комиссии Кыргызской Республики по делам ЮНЕСКО".
2. Катчылыктын негизги милдеттери жана функциялары
8. Катчылыктын негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
1) билим берүү, илим, маданият, маалымат жана жалпыга маалымдоо каражаттары жагында ЮНЕСКОнун негизги багыттарын жүзөгө ашырууда Комиссиянын ишин камсыз кылуу;
2) биргелешкен ишмердүүлүктү жүргүзүү, анын ичинде ЮНЕСКОнун компетенциясынын алкагында биргелешкен программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу жана аткаруу үчүн ЮНЕСКОнун офистери, борборлору жана институттары, башка мамлекеттердин ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиялары менен кызматташтыкты жүргүзүү;
3) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, өкмөттүк эмес уюмдардын, илимпоздордун жана өлкөнүн кадыр-барктуу деп таанылган адамдарынын билим берүү, илим, маданият, маалымат жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын маселелери боюнча ЮНЕСКО менен кызматташтыгын, эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат жана аларды координациялайт;
4) ЮНЕСКОнун, ошондой эле Комиссиянын максаттары, программалары жана иши жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында жайылтат.
9. Катчылыкка жүктөлгөн милдеттерге ылайык анын функциялары болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
1) Комиссиянын ишин маалымат жана уюштуруу жагынан камсыз кылуу;
2) ЮНЕСКОнун негизги программалык ишин, анын ичинде конференцияларды, семинарларды, симпозиумдарды, жолугушууларды, конкурстарды жана көргөзмөлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча иш чараларды уюштуруу жана жүргүзүү;
3) потенциалды жогорулатуу максатында ЮНЕСКО тарабынан жүргүзүлгөн программаларга катышуу үчүн улуттук адистерге жана эксперттерге көмөк көрсөтүү;
4) Комиссиянын ар жылдык иш планын иштеп чыгуу;
5) ЮНЕСКОнун программаларынын жана долбоорлорунун алкагында Башкы конференциянын сессиялары жана башка эл аралык жолугушуулар үчүн ЮНЕСКОдо Кыргыз Республикасынын позициясын иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдоо;
6) ЮНЕСКОнун шайлануучу органдарына Кыргыз Республикасынан талапкерлерди Комиссияда бекитүү үчүн башка мамлекеттик органдар менен макулдашуу процессин жүргүзүү;
7) ЮНЕСКОнун Кыргыз Республикасындагы иши жөнүндө Комиссия үчүн ар жылдык отчетторду даярдоо;
8) Ушул жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу.
3. Катчылыктын укуктары
10. Катчылыкка жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн ага төмөнкү укуктар берилет:
1) Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун алкагында эл аралык милдеттенмелерин аткаруу боюнча маалыматты компетенттүү органдардан суратууга;
2) зарыл болгон учурларда ЮНЕСКОнун ишинин алкагында биргелешип иш алып баруу үчүн мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, илимпоздорду, адистерди, коомчулуктун өкүлдөрүн, ошондой эле өз ара макулдашуу боюнча ата-мекендик жана чет өлкөлүк фонддорду тартууга;
3) ЮНЕСКОнун программалык ишин жүзөгө ашыруу үчүн Комиссия уюштурган убактылуу жумушчу органдардын ишин координациялоого;
4) ЮНЕСКОнун программалык ишинин алкагында иш-чараларды уюштурууга.
4. Катчылыктын ишин уюштуруу
11. Катчылыкка Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындап жана кызматтан бошотуучу жооптуу катчы башчылык кылат. Жооптуу катчынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү зарыл болгон жолун жолдоочулукту камсыз кылуу үчүн жетиштүү, кеминде төрт жыл болууга тийиш.
12. Жооптуу катчы Катчылыкка жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн жекече жоопкерчилик тартат.
13. Жооптуу катчы:
1) Катчылыктын ишин пландаштырат жана уюштурат;
2) ЮНЕСКОнун ишинин маселелери боюнча Комиссиянын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Комиссиянын төрагасынын кароосуна материалдарды алдын ала даярдоону камсыз кылат;
3) кызматтык документтерге кол коет;
4) Комиссиянын курамы боюнча сунуштарды киргизет жана аны Кыргыз Республикасынын Президентине бекитүүгө берет;
5) Комиссиянын атынан иш алып барат, бардык инстанцияларда жана уюмдарда анын атынан өкүл болот, ЮНЕСКОнун штаб-квартирасы менен түздөн-түз өз ара аракеттенет;
6) Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча оперативдүү чечимдерди кабыл алат, Комиссиянын жалпы чогулушу, ошондой эле ЮНЕСКОнун штаб-квартирасы үчүн документтерди жана материалдарды даярдайт;
7) ЮНЕСКОнун жана Комиссиянын программалык ишинин алкагында долбоорлордун талаптагыдай аткарылышы үчүн контролдукту жүргүзөт;
8) Комиссиянын Катчылыгынын түзүмүн жана штаттык санын бекитет;
9) Комиссиянын Катчылыгынын кызматкерлерин кызматка кабыл алат жана кызматтан бошотот;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечет.
5. Корутунду жоболор
14. Катчылыкты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.