ТоктомКүчүндө

КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 6-октябрындагы № 344 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке Сооданбеков Уланбек Салмоорбековичти каттоодон баш тартуу жөнүндө» токтому

Редакция06/10/2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 6-октябры № 344

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке Сооданбеков Уланбек Салмоорбековичти каттоодон баш тартуу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 9-бөлүгүнө, 53-беренесинин 7-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү ниетин билдирген Сооданбеков Уланбек Салмоорбековичти Кыргыз Республикасынын Президентине талапкерликке колдоодогу шайлоочулардын так колтамгаларынын жетишсиз санын бергендигине байланыштуу аны Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартылсын.

2. Ушул токтомдун көчүрмөсү Сооданбеков Уланбек Салмоорбековичке берилсин.

3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов