Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2011-жылдын 7-октябры № 352
Жалал-Абал облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын, Талас облусунун Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын, Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош облусунун Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4, 7, 8, 15, 16-бөлүктөрүнө, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1, 2, 6-пункттарына жана 2011-жылдын 8-июлундагы "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын № 7 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын кызматтык катынын негизинде, З.Н.Тотоновадан, З.Теишевадан, Ж.И.Камалхожаевадан, Д.А.Акмоджоновадан келип түшкөн арыздарынын, ошондой эле 2011-жылдын 22 жана 23-июлунда өткөрүлгөн чучукулактын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Акылбек кызы Элес, Тотонова Зарина Насырынбековна комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Акунова Зууракан Осенкановна, Зекиракунова Кайыркул Сабыржановна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Талас облусунун Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Теишова Эркебюбю комиссиянын резервинен чыгарылсын.
3. Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Улуу Биримдик" улутчул-демократиялык партиясынан Камалхожаева Жанар Ишеповна комиссиянын резервинен чыгарылсын.
4. Ош облусунун Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Демократическая партия "Туран" саясий партиясынан Ахмоджонова Дилфуз Анорбаевна комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын;
- "Замандаш-Современник" саясий партиясынан Абсатуллаев Эгамберди резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
5. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |