Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 265 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2011-жылдын 25-февралы ПБ № 38
Кыргыз Республикасында этностук өнүктүрүү багыттарын иштеп чыгуу максатында:
1. Этностук өнүктүрүү жана коомду баш коштуруу Концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн тиркемеге ылайык курамда жумушчу топ түзүлсүн.
2. Жумушчу топ 2011-жылдын 15-мартына чейинки мөөнөттө этностук өнүктүрүү жана коомду баш коштуруу Концепциясынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топко өз ишине Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте тартууга укук берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |
| Тиркеме |
Этностук өнүктүрүү жана коомду баш коштуруу Концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн жумушчу топтун КУРАМЫ
Ш.М.Сабиров | - | -Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, жумушчу топтун төрагасы; |
М.А.Карыбаева | - | -Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун төрагасынын орун басары; |
А.А.Сасыкбаева | - | -Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
К.С.Айтматов | - | -Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
М.И.Бакиров | - | -Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
К.К.Иманалиев | - | -Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Б.С.Кадыров | - | -Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Н.А.Нарматова | - | -Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
А.Д.Султанбаев | - | -Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
М.Ж.Үсөналиев | - | -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
А.А.Акматалиев | - | -Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын президенти-ректору; |
У.Р.Нарусбаева | - | -Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин статс-катчысы; |
И.А.Исмаилов | - | -Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкармалыгынын зардалы; |
М.И.Усаров | - | -Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин укуктук пропагандалоо башкармалыгынын начальниги; |
Э.Т.Жээнбеков | - | -Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин экстремизмге, улуттар аралык жаңжалдарга жана мыйзамсыз миграцияга каршы туруу боюнча башкы башкармалыгынын улук оперуполномочени; |
Карагул кызы Чолпон | - | -Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу; |
Л.О.Султанова | - | -Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин персонал менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы; |
Н.Ш.Шамшиев | - | -Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин башкармалыгынын начальниги; |
А.А.Аблаева | - | -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин спорттук-массалык иштер бөлүмүнүн башкы адиси; |
У.Э.Маматканов | - | -Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин кыргыз этносундагылар жана жер которгондор менен иштөө боюнча бөлүмдүн начальниги; |
Г.Б.Мукалиева | - | -Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин талдоо, мониторинг жана укуктук колдоо башкармасынын башкы адиси; |
Н.Б.Турдакунова | - | -Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын адиси; |
В.Н.Ыкышева | - | -Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин талдоо жана социалдык камсыз кылуунун методологиясы башкармасынын жетектөөчү адиси; |
Н.К.Арипов | - | -Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын илимий-талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
А.Ишеналиева | - | -Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы; |
И.Э.Мирсаидов | - | -Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун редакциялык бөлүмүнүн башчысы; |
М.С.Орозобекова | - | -Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын аппаратынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Б.О.Орунбеков | - | -"Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору башкы редактору; |
Баялы Эрке | - | -Кыргызстандын калкы Ассамблеясынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
С.Н.Пак | - | -Кыргызстандын калкы Ассамблеясынын жооптуу катчысы (макулдашуу боюнча); |
Б.Х.Бебезов | - | -Кыргызстандын калкы Ассамблеясынын улуттук-маданий борборунун "Дунгандар" коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
М.Т.Мамасаидов | - | -Ош шаарындагы Өзбек маданий борборунун мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
М.Т.Абдиева | - | -мамлекеттик тил боюнча көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
А.Алишева | - | -Региондук саясат институтунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
М.А.Аскарбеков | - | -"Кыргызстандын жаштар кеңеши" коомдук бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Н.А.Багдасарова | - | -"Социалдык интеграция борбору" коомдук бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча); |
А.М.Мурзакулова | - | -"Полис Азия" коомдук бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча); |
А.С.Екиналиева | - | -"Эл аралык толеранттуулук үчүн" фондунун Бишкек офисинин директору (макулдашуу боюнча); |
Д.И.Кабак | - | -"Социалдык технологиялар агенттиги" коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча); |
З.И.Көчөрбаева | - | -"Открытая позиция" коомдук фондунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Х.В.Махаттинова | - | -"Адилет" укуктук клиникасы" коомдук фондунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Тилебалды уулу Элизар | - | -Бишкек шаарынын "Студенттик өз алдынча башкаруу союзу" коомдук бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
М.Т.Тюлегенов | - | -БААУнун окутуучусу, көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
В.С.Улеев | - | -Жалал-Абад облустук "Славянская диаспора" ассоциациясынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
М.Ю.Глушкова | - | -"Социалдык интеграция борбору" коомдук бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Т.Б.Исакунова | - | -Аялдардын мыйзам чыгарууга демилге альянсынын өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Г.У.Журабаева | - | -"Эркин гезит" коомдук бирикмесинин директору. |