Загрузка документа…
КР Финансы министрлигинин 2016-жылдын 22-ноябрындагы № 184-п буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 9-июлу № 1-ДП
«Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук боюнча Методологиялык кеӊешти түзүү жөнүндө»
Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсеп жана отчеттуулуктуу тийиштүү түрдө уюштуруу жана бул чөйрөдөгү келип чыккан көйгөйлөрдү тез чечүү максатында, ошондой эле мамлекеттик финансыны башкаруу системасын ыкчам реформалоо алкагында мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсеп жана отчеттуулуктук боюнча ченемдик-укуктук жана методологиялык базаны жакшыртуу боюнча макулдашылган иштерди жүргүзүү максатында жана «Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына ѳткѳрүп берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомуна ылайык
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. 1-тиркемеге ылайык курамда мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсеп жана отчеттуулуктук боюнча Методологиялык кеӊеш түзүлсүн (мындан ары - методологиялык кеӊеш).
2. 2-тиркемеге ылайык Методологиялык кеӊеш жөнүндө Жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, административдик ведомстволордон, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардан адистерди, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга Методологиялык кеӊешке укук берилсин.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып ички аудит жана бухгалтердик эсеп методологиясынын башчылыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын юстиция министирлигине бир күн ичинде мамлекеттик катоого жөнөтүлсүн.
5. Коомчулук менен байланыштар боюнча сектор Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин веб-сайтына ушул буйруктун жарыяланышын камсыз кылсын.
6. «Мамлекеттик органдарда бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук боюнча Методологиялык кеӊешти түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2009-жылдын 1-сентябрындагы № 157-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
7. Бул буйруктун аткарылышынын көзмөлдөөсүн өзүмө калтырам.
Министр | А. Касымалиев |
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин буйругуна 1 Тиркеме «___» _________№___ |
Бакетаев Алмаз Кушбекович | Министрдин орун басары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору, Методологиялык кенештин төрагасы;
|
Кадырова Джамиля Ишеновна | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ички аудит методологиясы жана бухгалтердик эсеп башкармалыгынын начальниги, Методологиялык кенештин төрагасынын орун басары;
|
Естебесова Майя Литосовна | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бухгалтердик эсеп методология бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, Методологиялык кенештин жооптуу катчысы;
|
Кеңештин мүчөлөрү:
Айнабаев Бектур Аскарович | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бухгалтердик эсеп методология бөлүмүнүн башчысы;
|
Аманбаев Умутжан Моминович | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын отчетторду консолидациялоо бөлүмүнүн башчысы;
|
Станова Дамира Бектурсуновна | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин валюталык-финансылык департаментинин башкы адиси;
|
Дюшембиева Клара Кудайбергеновна | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин бухгалтердик эсеп, отчеттуулук, финансылык башкарууну автоматташтыруу бөлүмүнүн начальниги;
|
Мамбеталиева Самара Бекбоева | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн башкы адиси;
|
Бейшебаева Замира Айнабаевна | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр-жай министрлигинин финансылык жана бухгалтердик эсеп секторунун башчысы;
|
Сариев Болсунбек Акинович | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин финансылык саясат башкармалыгынын башкы адиси;
|
Доронина Марина Афанасьевна | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин финансылык саясат башкармалыгынын консультанты;
|
Мамбеталиева Зайракул Аалиевна | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын начальниги;
|
Келдибеков Аваз Ишеналиевич | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын башкы адиси;
|
Сейдахматова Шарапат Каналбековна | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
|
Токташ Ширин | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын финансылык жана административдик камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
|
Чокенова Джаныл Сатындаева | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун финансылык башкармалыгынын начальниги;
|
Ашимова Гульнара Жолчиевна | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын башкы инспектору.
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин буйругуна 2 Тиркеме «___» _________№___
|
1. Жалпы жобо
1. Бул Жобо мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук боюнча методологиялык кеңештин ишинин жана ыйгарым укуктарынын негиздерин аныктайт жана мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук боюнча ченемдик-укуктук актыларды жана методологиялык документтерди өркүндөтүү боюнча методологиялык кеңештин ишин регламенттейт (мындан ары - методологиялык кеңеш).
2. Методологиялык кеңеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат
2. Методологиялык кеңештин милдеттери жана функциялары
3. Методологиялык кеңештин негизги милдеттери төмөндөгүлөр болуп саналат:
- мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук боюнча ченемдик- укуктук актыларды жана методологиялык базаны өркүндөтүү боюнча макулдашылган ишти камсыздоо;
- мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепке алуу чөйрөсүндө келип чыгуучу проблемаларды ыкчам чечүү.
4. Методологиялык кеңештин негизги функциялары төмөндөгүлөр болуп саналат:
- мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепке алуу системасынын өнүктүрүүнүн негизги багыттарды аныктоо жана аны методологиялык камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы коллизиялар жана кемчиликтер болуу предметине мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук чөйрөсүндөгү ченемдик- укуктук базаны талдоо;
- бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды кароо, эсепке алуу процессин автоматташтыруу жана мамлекеттик башкаруу секторунда аларды колдонуу боюнча рекомендацияларды иштеп чыгуу;
- коомдук сектор үчүн эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарына (МСФО ОС) өтүүнү ишке ашыруу боюнча мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук боюнча реформаларын жүргүзүүгө өбөлгө көрсөтүү;
- мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук маселелери боюнча консультатциялык жардамды көрсөтүү.
3. Методологиялык кеңештин укуктары жана милдеттенмелери
5. Методологиялык кеңеш төмөндөгү укуктарга ээ:
- мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн өзүлөрүнүн жыйындарына чакырууга;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жетекчилигине жыйын процессинде иштелип чыккан сунуштарды киргизүүгө;
- ар кандай кеңешмелерге, тегерек столдорго, семинарларга ж.б. катышууга.
6. методологиялык кеңештин мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- иш планына ылайык методологиялык кеңештин жыйындарына активдүү катышууга;
- суроо-талап түшкөн учурдан баштап беш жумушчу күн аралыгында бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулукту түзүүнү жүргүзүү процессинде келип чыгуучу маселелерди жазуу жүзүндөгү түшүндүрүүлөрдү берүүгө;
- материалдарды алган учурдан баштап беш жумушчу күн аралыгында ченемдик -укуктук актылардын жана методологиялык документтердин долбоорлоруна жазуу жүзүндөгү корутундуларды берүүгө.
Методологиялык кеңештин мүчөлөрү эч себепсиз методологиялык кеңештин жыйындарында катышпай калууларына жол бербейт.
6. Ишти уюштуруу
7. Методологиялык кеңешти төрага жетекчиликке алат. Методологиялык кеңештин төрагасынын жок болуу учурунда анын милдетин төраганын орун басарына жүктөлөт.
8. Методологиялык кеңештин төрагасы тарабынан бекитилген иш-планына ылайык методологиялык кеңештин жыйындары жүргүзүлөт. Кезексиз жыйындар зарылдыгына карай өткөрүлөт. Жыйын методологиялык кеңештин жалпы курамынын 2/1 катышуусунда ыйгарым укуктуу болуп эсептелет.
9. Методологиялык кеңештин жана бухгалтердик эсепке алуу методологиясы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмдүк бөлүктөрүнүн мүчөлөрү тарабынан жыйындын талкуулоо үчүн материалдары даярдалат.
10. Методологиялык кеңештин жыйынынын күн тартиби бухгалтердик эсепке алуу методологиясы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмдүк бөлүктөрүнөн түзүлөт жана методологиялык кеңештин төрагасы менен макулдашылууга тийиш.
11. Методологиялык кеңештин жыйынынын күн тартибине, методологиялык кеңешке түшкөн жана талкуулануучу материалдар пландалган жыйын өткөрчү датага чейин беш жумушчу күндө методологиялык кеңештин бардык мүчөлөрүнө жөнөтүлөт.
12. Методологиялык кеңештин жыйыны протокол түрүндө таризделет. Проткол методологиялык кеңештин ар бир жыйынынын натыйжалары боюнча аны өткөргөндөн кийин беш жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө түзүлөт. Протоколго төрага, методологиялык кеңештин жооптуу катчысы кол коюшат жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тийиштүү түзүмдүк бөлүктөрүндө үч жыл аралыкта сакталат.
13. Методологиялык кеңештин чечими методологиялык кеңештин мүчөлөрүнүн жыйынында катышкан көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана кызыккан тараптарга билдирилет.
14. Өзүлөрүнүн компетенция чегинде методологиялык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдер рекомендация мүнөзүнө ээ.