Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2016-жылдын 22-ноябры № 184-п
«Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 9-июлундагы № 1-ДП буйругун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө»
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына ѳткѳрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 9-июлундагы № 1-ДП «Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук боюнча Методологиялык кеӊешти түзүү жөнүндө» буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Коомчулук менен байланышуу сектору ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына расмий жарыялоону камсыздасын.
3. Ички аудит жана бухгалтердик эсеп методологиясы башкармалыгы:
- ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде аны «Эркин Тоо» гезитине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына мамлекеттик жана расмий тилде жарыяласын;
- ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде аны мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберсин.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмѳ калтырам.
Министр | А. Касымалиев |