Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2015-жылдын 1-сентябры № 1-н
«Дене тарбиясын уюштуруу үчүн жалпы билим берүүчү мекемелердин дене тарбия жана спорт объекттери жана спорттук жабдуулар жана шаймандар–типтүү класс-комплекттер менен камсыз болушунун типтүү социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V «2013-2017 жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүгүүгө өткөрүү боюнча Программасын» бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомунун 1-тиркемесинин 20-пунктунун негизинде
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Жогоруда аталган буйруктун тиркемесине ылайык дене тарбиясын уюштуруу үчүн жалпы билим берүүчү мекемелердин дене тарбия жана спорт объекттери жана спорттук жабдуулар жана шаймандар–типтүү класс-комплекттер менен камсыз болушунун типтүү социалдык стандарттары бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Дене тарбиясын уюштуруу үчүн жалпы билим берүүчү мекемелердин дене тарбия жана спорт объекттери жана спорттук жабдуулар жана шаймандар–типтүү класс-комплекттер менен камсыз кылуусунда көрсөтүлгөн стандарттарды жетекчиликке алуусу сунушталсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө алам.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Директор | Ш.Бакиров |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2015-жылдын 1-сентябрындагы № 1-н буйругуна тиркеме |
№
| Шаймандардын аталыштары
| Саны
|
Жеңил атлетика | ||
1
| Жүгүрүүдө старттын колодкалар
| 8
|
2
| Секундомерлер
| 2
|
3
| Эстафета таякчалары
| 10
|
4
| Ыргытуу үчүн топтор (150 гр.)
| 15 |
5
| Ыргытуу үчүн гранаттар (500,700 гр.)
| 20
|
6
| Бийиктикке секирүү үчүн түркүктөр | 4 |
7
| Бийиктикке секирүү үчүн планкалар | 3
|
8 | Рулеткалар (10 - 100 м)
| 2
|
Футбол | ||
1
| Футбол торлору
| 2
|
2 | Көмөкчү шаймандар | - |
3 | Футбол дарбазалары | 2 |
4 | Футбол топтору | 10 |
Спорттук (волейбол, баскетбол) жана кыймылдуу оюндар | ||
1
| Волейбол торлору
| 2
|
2 | Секиргичтер | 15 |
3 | Волейбол топтору | 15 |
4 | Мамылдар (фишкалар) | 12 |
5 | Ичи толтурулган топтор | 10 |
6 | Баскетбол топтору | 15 |
7 | Алкак жана баскетбол тактасы | 6 |
Гимнастика - ОФП | ||
1
| Гимнастикалык секиргичтер
| 30
|
2 | Алкактар
| 40 |
3 | Гимнастикалык таяктар | 40 |
4 | Гимнастикалык маттар | 8 |
5 | Швед керегеси | 4 катар |
Эң жөнөкөй жалпак курулуштар, спорттук ядро | ||
1 | Футбол талаасы (топурак) | ------- |
2 | Жүгүрүү жолчолору (4 жолчо) | ------- |
3 | Узундукка секирүү үчүн сектор | ------- |
4 | Волейбол аянтчасы | ------- |
5 | Баскетбол аянты (асфальт төшөлгөн, кошумча + 2, 2 баскетбол куржуну) | -------
|
6 | «Рукоход», ар башка бийиктиктеги туура жыгач, параллель брустар, тоскоолдук тилкеси | ------ |
Спорт залы | ||
1 | Баскетбол куржундары | 6 даана |
2 | Волейбол мамылары жана тор
| 1 компл. |
3 | Швед керегеси | 8 катар |