КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-декабры № 3694-V
"2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу
өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Программаны" бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 30-апрелиндеги № 218 токтому) "2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Программанын" долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын экономика министри Т.Сариевдин маалыматын угуп жана талкуулап,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Программа Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан толукталып иштелип чыккан редакциясында бекитилсин (тиркелет).
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жээнбеков
|