Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2015-жылдын 8-сентябры № 1153/1
Жалпы билим берүү мекемелердеги 5-11-класстар үчүн "Тил" билим берүү жаатындагы билим берүү стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин айрым мамлекеттик органдарына берүү жөнүндө" 2014-жыл, 15-сентябрдагы № 530 токтомун жүзөгө ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жыл, 23-марттагы № 201 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүн 2012-2020-жылдарда өнүктүрүү стратегиясын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
БУЙРУК КЫЛАТ:
1. Жалпы билим берүү мекемелериндеги 5-11-класстар үчүн "Тил" билим берүү жаатындагы билим берүү стандарттары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жыл 21-июлдагы № 403 токтомуна ылайык жаңы муундагы сабактардын стандарттарын этаптуу түрдө жайылтуу иш чараларынын планы боюнча жалпы билим берүү мекемелериндеги 5-11-класстар үчүн "Тил" билим берүү жаатындагы билим берүү стандарттары киргизилсин.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри | Э.Сариева |