Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын «29» октябрынгдагы № 311 Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин буйругу менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын темир жолунун техникалык иштетүү
ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-бап. Темир жол транспортунун жумушчуларынын жалпы милдеттери
2-БӨЛҮМ. КУРУЛМАЛАР ЖАНА МЕХАНИЗМДЕР
2-бап. Жалпы жоболор. Габарит.
3-бап. Жол чарбасынын курулма жана механизмдери
4-бап. Локомотив жана вагон чарбаларынын жүргүнчү вагондорун, атайын кыймылдуу курамды, суу камсыздыгы жана канализацияны тейлөө жана оңдоо үчүн курулма жана механизмдери. Калыбына келтирүүчү каражаттар.
5-бап. Бекет чарбасынын курулма жана механизмдери.
6-бап. Сигнализация, борборлоштуруу жана бөгөт, маалымдоо жана байланыш курулма жана механизмдери.
7-бап. Темир жолдордун электир менен камсыздык курулма жана механизмдери.
8-бап. Курулма жана механизмдерди текшерүү жана оңдоо.
3-БӨЛҮМ. КЫЙМЫЛДУУ КУРАМ ЖАНА АТАЙЫН КЫЙМЫЛДУУ КУРАМ.
9-бап. Жалпы талаптар
10-бап. Дөңгөлөк жуптары
11-бап. Тормоз жабдыгы жана авточиркештирүү механизми
12-бап. Кыймылдуу курамды жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамды техникалык тейлөө жана оңдоо.
4-БӨЛҮМ. ПОЕЗД КЫЙМЫЛЫНЫН УЮШТУРУЛУШУ
13-бап. Поезддердин жүрүш ырааты
14-бап. Өзүнчө жайлар
15-бап. Бекеттин техникалык ишинин уюштурулушу
16-бап. Поезддердин жүрүшү
5-БӨЛҮМ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЕМИР ЖОЛДОРУН ТЕХНИКАЛЫК ИШТЕТҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИНДЕ КОЛДОНУЛГАН ТЕРМИНДЕР
1. Кыргыз Республикасынын темир жолунун техникалык иштетүү эрежелери темир жолун техникалык иштетүүнүн негизги жоболорун жана аларды иштетүүдө темир жол транспортунун жумушчуларынын аракеттеринин тартибин, эң маанилүү курулмалардын, механизмдердин жана кыймылдуу курамдын негизги өлчөмдөрүн, каралыш ченемдерин жана аларга карата коюлган талаптарды, поезд кыймылынын уюштурулуш системасын жана сигнализация принциптерин белгилейт.
2. Темир жолун техникалык иштетүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министирлиги (мындан ары Транспорт министирлиги) анын түзүм бөлүмчөлөрүнүн ишин аныктаган республика маанисиндеги нускама жана көрсөтмөлөрдү чыгарат.
Темир жолдун, курулмалар жана кыймылдуу курамдын техникалык иштетилишине тиешелүү бүткүл нускама жана көрсөтмөлөр ушул Эрежелердин талаптарына шайкеш болууга тийиш.
1.1. Кыймылдын коопсуздугунун камсыздалышы жана ташылуучу жүктөрдүн, багаж жана жүк багажынын амандыгынын сөзсүз сакталышы шартында жүргүнчү, жүк, багаж жана жүк багажын ташуу муктаждыктарын канааттандыруу, техникалык каражаттарды натыйжалуу колдонуу, курчап турган табигый чөйрөнү коргоо талаптарына баш ийүү темир жол транспортунун жумушчуларынын жалпы милдеттери болуп саналат.
1.2. Поезддердин кыймылына тиешеси бар ар жумушчу өз милдеттеринин алкагында ушул Эрежелердин аткарылышы жана кыймыл коопсуздугу үчүн жооптуу.
Темир жол транспортунун жумушчуларынын техникалык иштетүү талаптарына баш ийишине көзөмөл тиешелүү бөлүмчөлөрдүн жетекчилерине жүктөлөт.
Темир жол транспортунун жумушчулары тарабынан ушул Эрежелердин бузулушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жараша жоопко тартууга алып келет.
1.3. Темир жол транспортунун ар жумушчусу адамдардын өмүрү менен саламаттыгына же кыймылдын коопсуздугуна коркунуч келтирген учурларда поездге же маневр жасаган курамга токтоо сигналын берүүгө жана аларды токтотуу үчүн башка чараларды көрүүгө милдеттүү. Курулма же механизмдердин кыймылдын коопсуздугуна же курчап турган табигый чөйрөгө кирдетүү коркунучун туудурган бузуктары табылганда жумушчу кооптуу жерди тосмолоо жана бузукту жоюу үчүн дароо чара көрүүгө тийиш.
1.4. Темир жол транспортунун жумушчулары жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоого, аларга керектүү ыңгайларды түзүүгө, вокзалдарда, поезддерде маданияттуу тейлөөгө, темир жол транспортунун кызматтарын пайдаланган бүткүл адамдарга мамиле кылууда сылык жана кичи пейил болууга жана ошол эле убакта алардан темир жол транспортунда иштеп жаткан эрежелерди аткарууну талап кылууга милдеттүү.
1.5. Темир жол транспортунун жумушчулары жумуш ордун жана аларга тапшырылган техникалык каражаттарды тыкан тутууга милдеттүү.
Өздөрү үчүн кийим формасы жана айырма белгилери белгиленген темир жол транспортунун жумушчулары алар үчүн атайын өндүрүш кийими белгиленбеген болсо, форма кийүүгө милдеттүү.
Темир жол транспортунун ар жумушчусу өздөрү аткарган жумуш үчүн белгиленген эмгекти коргоо, өрт коопсуздугу эрежелери жана нускамаларга, санитария эрежелери жана ченемдерине, стандарттар, метрологиялык норма жана эрежелердин жана башка ченем документтеринин талаптарына баш ийүүгө милдеттүү. Бул эреже жана нускамалардын аткарылышы үчүн жоопкерлик тиешелүү бөлүмчөлөрдүн аткаруучулары менен жетекчилерине жүктөлөт.
1.6. Локомотивдерге, моторвагондуу поезддердин, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын (мотовоз, дрезина, атайын автомотрис, темир жол курулуш машиналары) жана башка кыймылдуу бирдиктердин башкаруу кабиналарына, поезд кыймылынын коопсуздугун камсыздоого байланыштуу сигналдарга, жебелерге, аппараттарга, механизмдерге жана башка түзүлүштөргө, ошондой эле сигналдар жана мындай механизмдер башкарылган имараттарга буларга кириш акысы жок адамдар киргизилбейт.
Локомотивдерди, моторвагондуу поезддерди, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамды (мотовоз, дрезина, атайын автомотрис, темир жол курулуш машиналары) жана башка кыймылдуу бирдиктерди, поезд кыймылынын коопсуздугун камсыздоого байланыштуу сигналдарды, аппараттарды, механизмдерди жана башка кыймылдуу түзүлүштөрдү башкарууга, ошондой эле жебелерди которууга ыйгарым укук берилген жумушчулар гана кызмат милдеттерин аткаруу учурунда акылуу.
Белгиленген тартипте стаждан өтүп жаткан темир жол транспортунун жумушчулары локомотивдерди, моторвагондуу поезддерди, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамды (мотовоз, дрезина, атайын автомотрис, темир жол курулуш машиналары) жана башка кыймылдуу бирдиктерди, поезд кыймылынын коопсуздугун камсыздоого байланыштуу сигналдарды, аппараттарды, механизмдерди жана башка кыймылдуу түзүлүштөрдү башкарууга бул механизмдерди түздөн түз тейлеген жумушчулардын байкоосу жана жеке жоопкерлиги астында гана жете алат.
1.7. Темир жол транспортуна поезд кыймылына байланыштуу жумушка орношуп жаткан адамдар кесиптик үйрөтүүдөн өтүүгө, айрыкча, локомотив бригадалары, поезд диспетчерлери, темир жол бекеттеринин нөмөтчүлөрү (мындан ары – бекет нөмөтчүсү), атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын бригадалары кесип тандоосунан өтүүгө, сынактарды тапшырууга милдеттүү жана кийин мезгил мезгили менен төмөнкүлөрдү билүүсү текшерилет:
Кыргыз Республикасынын ушул темир жолун техникалык иштетүү эрежелерин (ТТЭ);
Кыргыз Республикасынын темир жолундагы сигнализация нускамасын (СН) (КР Транспорт жана коммуникациялар министирлигинин 2007-жылдын 23-майындагы №131 буйругу менен бекитилген);
Кыргыз Республикасынын темир жолунда поезд кыймылы жана маневр иштери боюнча нускамасын (ПКН) (КР Транспорт жана коммуникациялар министирлигинин 2003-жылдын 30-июлундагы №203 (12-70/РБ) буйругу менен бекитилген);
Жумушчулардын милдеттерин аныктаган кызмат нускамаларын жана башка документтерди;
Эмгекти, санитария эрежелери менен ченемдерин коргоо эрежелери жана нускамаларын;
Кыргыз Республикасынын темир жол транспорту жумушчуларынын дисциплинасы жөнүндөгү жобону.
Калган бүткүл жумушчулар ушул Эрежелерде, эмгекти, санитария эрежелери менен ченемдерин коргоо эрежелеринде каралган темир жол транспорту жумушчуларынын жалпы милдеттерин, кызмат нускамаларын жана жумушчулардын милдеттерин аныктаган башка документтерди билүүгө тийиш.
Толук жумуш күнүнүн толук жүгү же кесиптерди бириктирүү иретинде өздөрүнө поезд кыймылына байланыштуу кошумча милдеттер жүктөлгөн темир жол транспорту жумушчулары тиешелүү эреже жана нускамаларды билүү сынагынан өткөн соң гана бул жумушка коюлууга тийиш.
Бул тарамда каралган сынактарга кирүүгө тийиш болгон жумушчулар ээ болуш үчүн кызмат жана кесиптердин тизмеси, ар кызмат (кесип) үчүн билим көлөмү, ошондой эле жумушка алууда сынак өткөрүү тартиби Транспорт министирлиги тарабынан белгиленет.
Локомотив бригадалары, поезд диспетчерлери, бекет нөмөтчүлөрү, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам бригадаларына кесип жагынан тандоого карата талаптар Транспорт министирлиги тарабынан белгиленет.
1.8. Жумушка орношуп жаткан адамдар жана түздөн түз поезд кыймылына байланыштуу темир жол транспорту жумушчулары жумушка орношуунун алдында жана белгиленген тартипте мезгил мезгили менен милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жараша 18 жаштан төмөн адамдардын түздөн түз поезд кыймылына байланыштуу төмөнкү кызмат жана кесиптерге ээ болуусуна жол берилбейт: локомотив, моторвагондуу поезд, мотовоз жана атайын автомотристин, темир жол курулуш машиналарынын, крандардын (кранчы) машинисти жана жардамчысы, дрезина айдоочусу жана жардамчысы, деподо паровоздун от жагуучусу, поезд диспетчери, бекет диспетчери, темир жол маневр бекеттеринин диспетчери, локомотив жол диспетчери, энергия диспетчери, вагон депосунун диспетчери, вагон паркын жөнгө салуу диспетчери, темир жол бекеттеринин нөмөтчүсү, парк нөмөтчүсү, жол айрыгы нөмөтчүсү, өтмөк нөмөтчүсү, борборлоштуруунун бекет постторунун нөмөтчүсү, сорттомо дөбөлөрдүн нөмөтчүсү, бекет нөмөтчүлөрүнүн алдындагы оператор, темир жол бекеттеринин маневр диспетчерлеринин алдындагы оператор, сорттомо дөбөлөрдүн оператору, борборлоштуруу постторунун оператору, вагондорду техникалык тейлөө жайларынын оператору, жол өзгөрүүлөрү боюнча оператор жана жардамчысы, кемчилик өлчөөчү араба оператору, жүк поездинин кондуктору, поезд түзүүчүсү жана жардамчысы, вагондордун жүрүш ылдамдыгын жөнгө салуучу, сигналчы, жебе постунун нөмөтчүсү, поезд кабыл алуучу, жол устасы, көпүрө устасы, туннель устасы, темир жолдун электир камсыздыгы боюнча түзүм бөлүмчөлөрүнүн устасы, вагондорду техникалык тейлөө жайларынын устасы, вагондорду чиркемесиз оңдоо устасы жана жумушчусу, вагон текшерүүчүсү, вагон текшерүүчүсү-оңдоочусу, жол жана жасалма курулмаларды күнүмдүк кароо жана оңдоо боюнча бригадир (бошотулган), жол жана жасалма курулмаларды кыдыруучу, текшерүү-өлчөө вагондорун жөнгө салуучу, жол монтеру (үчүнчү жана андан жогорку разряддагы), жүргүнчү поездинин начальниги (бригадир механиги), поезд электир механиги, вагон узатуучусу, рефрижератор поездинин (секциясынын) механиги, байланыш аппаратура жана түзүлүштөрүн оңдоо; сигнализация, борборлоштуруу жана бөгөт механизмдерин тейлөө жана оңдоо; контакт тармагын, тартма жана трансформатор чордону жана чыңалуу астындагы жана бийиктиктеги жогорку вольттуу линияларды оңдоо менен алектенген электир механиги жана электир монтеру.
1.9. Темир жол транспорту жумушчулары темир жолдун аманат кылынган мүлкү менен ташылуучу жүктөрдү сактоого милдеттүү.
1.10. Алкоголь, токсикалуу же баңги зат менен мас абалындагы темир жол транспорту жумушчуларынын өз милдеттерин аткаруусуна жол берилбейт. Мындай абалда жолуккан адамдар дароо жумуштан четтетилип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопко тартылат.
2.1. Темир жолдордун курулмалары жана механизмдери түзүк абалда тутулууга тийиш.
Темир жолдордун курулмалары жана механизмдеринде бузуктардын пайда болушун болтурбоо жана узак мөөнөт иштөөсүн камсыздоо аларды кароого жооптуу адамдардын жумушунда башкы нерсе болууга тийиш.
Темир жолдордун курулмалары жана механизмдеринин абалы үчүн аларды түздөн түз тейлеген жумушчулар жана карамагында бул курулмалар менен механизмдер болгон ишкана жетекчилери жооптуу.
Көрсөтүлгөн жумушчулар кызмат милдеттерине жараша ар кими өз тилкесинде курулмалар менен механизмдерди иштетүү эрежелерин жана абалын билүүгө, аларды ырааттуу текшерүү жана жогорку сапатта кароону, темир жол транспортунун курулмалар менен механизмдери үчүн метрологиялык эреже менен ченем жана стандарттардын талаптарына шайкеш түрдө техникалык тейлөөнү камсыздоого милдеттүү.
2.2. Курулмалар, түзүлүштөр, механизмдер жана жабдыктар бекитилген долбоор документациясы менен техникалык шарттарга шайкеш болууга тийиш. Негизги курулмалар, түзүлүштөр, механизмдер жана жабдыктардын техникалык паспорт болуп, аларда эң маанилүү техника жана иштетүү мүнөздөмөлөрү камтылууга тийиш.
Түзүлүштөр, механизмдер, жабдыктар жана кыймылдуу курам, анын ичинде Кыргыз Республикасынын темир жол транспортуна жеткирилип жаткандары да, Бажы биримдигинин техникалык регламенттеринин талаптарына жараша шайкештиги милдеттүү ырасталууга тийиш.
Темир жол транспортунун курулмалар менен механизмдери төмөндө белгиленген эң чоң ылдамдыгы бар поезддердин өткөрүлүшүн камсыз кылган талаптарга шайкеш болууга тийиш: жүргүнчү поезди - 140 км/саат, рефрижератор поезди - 120 км/саат, жүк поезди - 90 км/саат. Жол жетекчилиги тарабынан бекитилген тизмеге жараша темир жолдун конкреттүү тилкелеринде дифференциацияланган ылдамдыктар белгиленет.
Жүргүнчү поезддери 140 км/сааттан ашык ылдамдык менен жүргөн темир жол тилкелериндеги курулма жана механизмдерге карата кошумча талаптар Транспорт министирлиги тарабынан белгиленет.
Курулма жана механизмдердин конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө бул курулма жана механизмдерге карата долбоор документациясын бекитүүгө акысы бар кызмат адамдарынын уруксаты менен гана жол берилет.
Негизги курулма жана механизмдердин классификациясы, оңдоо аралык мөөнөттөрү жана кароо ченемдери КМШнын катышуучу мамлекеттеринин темир жол транспорту боюнча Кеңешинин отурумдарынын протоколдоруна жараша белгиленет.
Курулма жана механизмдердин техникалык тейлениш, оңдоо жана каралышы боюнча техникалык көрсөтмөлөр жана типтүү технологиялык жараяндар Кыргыз темир жолу тарабынан белгиленет.
2.3. Жаңы курулган жана калыбына келтирилген линиялар, курулмалар, механизмдер жана имараттар курулушу аяктаган темир жол транспорту объектилерин иштетүүгө кабыл алуу эрежелерине жараша кабыл алуу комиссиялары тарабынан дайымкы иштетүүгө алынууга тийиш.
Темир жолдун жаңы курулган жана калыбына келтирилген курулма жана механизмдери алардын иштөө тартибин, эмгекти коргоо жана кыймыл коопсуздугун камсыздаган ченем документациясынын (техника-буйрук актылары, иштөө нускамалары) бекитилишинен, ошондой эле бул курулма жана механизмдерди тейлеген жумушчулардын көрсөтүлгөн документацияны билүүсүнүн текшерилишинен кийин гана иштетүүгө киргизилет.
Темир жол инфратүзүмүнүн объектилерин куруу жана иштетүүгө берүүдө алар Бажы биримдигинин техникалык регламенттеринин талаптарына жараша бааланат.
2.4. Жалпы тармактын, темир жолдордун жана жанашма бекетинен өнөр жай жана транспорт ишканаларынын аймагына чейинки темир жолдун жанашма жолдорунун курулма жана механизмдери мамлекеттер аралык стандарт тарабынан белгиленген С курулмалардын жакындоо габаритинин талаптарына жооп берүүгө тийиш.
Өнөр жай жана транспорт ишканаларынын аймагындагы жана аймактарынын арасындагы темир жолдун курулма жана механизмдери мамлекеттер аралык стандарт тарабынан белгиленген Cn курулмалардын жакындоо габаритинин талаптарына жооп берүүгө тийиш.
C жана Cn габариттери темир жолдорду, темир жолдун жанашма жолдорун, алардагы курулма жана механизмдерди долбоорлоо, куруу, кайра курууда, экинчи жолдорду электирлештирүү жана курууда, ошондой эле көрсөтүлгөн габариттерге мурун келтирилген иштетилип жаткан бүткүл курулма жана механизмдерде сакталууга тийиш.
Темир жолдорду, курулма жана механизмдерди жаңыдан курууда жана кайра курууда C жана Cn габариттерин колдонуу өзгөчөлүктөрү, эски ченемдерге жараша курулган жана C жана Cn габариттеринин талаптарына жооп бербеген учурдагы курулма жана механизмдерге карата талаптар, курулма жана механизмдердин габариттерин текшерүү жана габарит эмес жерлердин жоюу тартиби курулмалардын жакындоо габариттерин колдонуу нускамасында каралат.
C жана Cn габариттеринин талаптарына жооп бербеген учурдагы курулма жана механизмдерди кайра курууну пландоодо биринчи кезекте Tnp жана Тц габариттериндеги болочоктуу кыймылдуу курамдын, ошондой эле аймак габаритине жараша жүктөлгөн жүктөрдүн өткөрүлүшүн камсыздабаган объектилер эске алынууга тийиш.
Ар кандай оңдоо, курулуш жана башка жумуштарын жасоо маалында курулма жана механизмдердин габариттерин бузууга жол берилбейт.
2.5. Түз тилкелердеги эки жолдуу линиялардын эки бекет араларындагы жол окторунун арасы 4100 мм ден аз болбошу керек.
Үч жолдуу жана төрт жолдуу линияларда түз тилкелердеги экинчи жана үчүнчү жолдун арасы 5000 мм ден аз болбошу керек.
Түз тилкелерде темир жол бекеттериндеги (мындан ары - бекеттер) чектеш жолдордун окторунун арасы 4800 мм ден аз болбошу керек, экинчил жолдордо жана жүк райондорунун жолдорунда - 4500 мм ден аз болбошу керек. Бекеттерде башкы жолдор четки болуп жайгашкан учурда темир жол начальнигинин уруксаты менен алардын арасы 4100 мм болушуна жол берилет. Вагондон вагонго жүктөрдү түздөн түз кайра жүктөөгө арналган жолдордун окторунун арасы 3600 мм болушуна жол берилет.
Чектеш жолдордун окторунун арасында жана эки бекет аралары менен бекеттерде курулмалардын жакындоо габарити арасындагы ийри тилкелерде жатык аралыктар курулмалардын жакындоо габариттерин колдонуу нускамасы менен белгиленет.
2.6. Ачык кыймылдуу курамда жүктөлгөн жүк (кабы жана бекитмесин эске алганда) жүктөө габариттеринин белгиленген ченемдеринин чектеринде батууга тийиш.
Жүктөө габариттеринин чектеринде ачык кыймылдуу курамда батырылышы мүмкүн болбогон жүктөр эрежелер менен белгиленген тартипке жараша ташылат.
Көрсөтүлгөн габариттин чектеринде жүктүн батырылышынын тууралыгын текшерүү үчүн массалык жүктөмө жерлеринде (темир жолдун жанашма жолдорунда, деңиз жана дарыя портторунда, кайра жүктөө бекеттеринде) габарит дарбазасы орнотулат.
Жолдун жанындагы түшүрүлгөн же жүктөөгө даярдалган жүктөр курулмалардын жакындоо габарити бузулбай тургандай жаткырылууга жана бекитилүүгө тийиш.
1200 мм чейинки бийиктикте жүктөр (жол иштери үчүн түшүрүлгөн балласттан башка) четки рельсанын башчасынын тышкы кырынан 2,0 м ден, андан чоң бийиктикте 2,5 м ден жакын болбоого тийиш.
3.1. Темир жолдун бүткүл элементтери (топурак полотносу, үстүңкү түзүлүш жана жасалма курулмалар) бекемдик, туруктуулук жана абалы жагынан поезддердин бул тилкеде белгиленген ылдамдык менен коопсуз жана салмактуу жүрүшүн камсыздоого тийиш.
3.2. Темир жолдун жол чарба түзүм бөлүмчөлөрүнүн, жол машине бекеттери жана жол чарбасынын башка ишканаларынын жайгаштырылышы жана техникалык жабдылышы поезддердин белгиленген ылдамдык менен жүрүшүнүн берилген өлчөмдөрүнүн аткарылышы үчүн темир жолду, курулма жана механизмдерди кароо жана оңдоодо керектүү жумуштардын жасалышын камсыздоого тийиш.
3.3. Ушул Эрежелерде саналбаган курулма жана механизмдердин конструкцияларына карата талаптар, аларды кароо жана иштетүү тартиби Транспорт министирлиги тарабынан белгиленет.
Жолдун план жана профили
3.4. Ийри сызыктардын радиусу, түз жана ийрилердин кошулушу, эңкейиштердин тиктигине карата темир жол жолдун белгиленген план жана профилине шайкеш болууга тийиш.
3.5. Эреже катары, бекеттер, жол айрыктары менен озуу жайлары жатык аянтчада жайгашууга тийиш; айрым учурларда алардын 0,0015 тен тик эмес, татал шарттарда 0,0025 тен тик эмес эңкейиштерде жайгаштырылышына жол берилет.
Өзгөчө татаал шарттарда жол айрыктары менен озуу жайларынын бүткүл типтеринде, Транспорт министирлигинин уруксаты менен маневрлар жана локомотив же вагондордун курамдан ажыратылышы жана кошмо поезддердин ажыратылышы каралбаган узундугунча же жарым узундугунча ара бекеттерде бекет аянтчасынын чектеринде 0,0025тен чоңураак эңкейиштерге жол берилет. Өзгөчө татаал шарттарда да вагон же курамдардын (локомотивсиз) өзүнөн өзү кетишине каршы чаралардын көрүлүшү шартында бар болгон бекеттерде кабыл алуу-жөнөтүү жолдору узартылган учурда Транспорт министирлигинин уруксаты менен 0,0025тен чоңураак, бирок эки учурда тең 0,010тен тик эмес эңкейиштерге жол берилет.
Бекеттерде, жол айрыктары менен озуу жайларында жолдун пайдалуу узундугунун чегинен тышкары вагон же курамдардын (локомотивсиз) өзүнөн өзү кетишинин алдын алуу үчүн локомотивдин вагондон ажыратылышы жана маневр операцияларынын жасалышы каралган жаңы курулган же кайра курулган кабыл алуу-жөнөтүү жолдорунун узундугунча профили жолдун пайдалуу узундугунун учтарында бийиктиктин бирдей белгилери бар ичкери бүгүлгөн (чуңкур сымал) формада долбоорлонууга тийиш.
Керектүү учурларда вагондордун башка жолдорго жана поезд кабыл алуу-жөнөтүү каттамдарына өзүнөн өзү кетишинин алдын алуу үчүн бекиткич туюктар, коргоочу жебелер, ыргытма башмактар, ыргытма жебе учтарынын жасалышы, ошондой эле вагон бекитүү үчүн туруктуу механизмдердин колдонулушу каралууга тийиш.
Бекеттер, жол айрыктары менен озуу жайларынын эңкейиштерде жайгашкан бүткүл учурларда белгиленген салмак ченеминдеги поезддин ордунан жылуу шарттары жана поезддерди локомотивдердин жардамчы тормоздору менен кармап туруу шарттары камсыздалууга тийиш.
3.6. Бекеттер, жол айрыктары менен озуу жайлары, ошондой эле өзүнчө парктар менен тартма жолдор түз тилкелерде жайгаштырылууга тийиш. Татаал шарттарда алардын радиусу 1500 м ден кем эмес ийри сызыктарда жайгаштырылышына жол берилет. Өзгөчө татаал шарттарда ийри сызыктын радиусунун 600 м ге чейин, тоолуу шарттарда 500 м ге чейин азайтылышына жол берилет.
3.7. Темир жолго таандык башкы жана бекет жолдорунун, ошондой эле темир жолдун жанашма жолдорунун планы жана профили мезгил-мезгили менен аспап менен текшерилүүгө тийиш.
Жолдордун планы жана профилин аспап менен текшерүү, тиешелүү техникалык документацияны түзүү, ошондой эле бекеттердин масштаб жана схема пландарын түзүү жумуштарын уюштуруу темир жолдун жол кызматына жүктөлүп, бул жумуштардын аткарылышы үчүн долбоор институттары, долбоорлоо-изилдөө жана долбоор-смета топтору тартылат жана бул жумуштардын аткарылышы шарты менен темир жол начальниги тарабынан программа бекитилет. Темир жолдун жол чарбасы боюнча түзүм бөлүмчөлөрүндө ушулар болууга тийиш:
түзүм бөлүмчөсүндө бар болгон жол чарбасынын бүткүл курулма жана механизмдердин чиймелери жана сүрөттөмөлөрү, ошондой эле тиешелүү стандарттар менен ченемдер;
бекеттердин масштаб жана схема пландары, бүткүл башкы жана бекет жолдорунун, ошондой эле темир жолдун локомотивдери айланган темир жолдун жанашма жолдорунун узундугунча профилдери.
Сорттомо, тилке жана жүк бекеттериндеги сорттомо дөбөлөрүнүн, дөбө алдындагы жана профилдештирилген тартма жолдордун узундугунча профилдери үч жылда эң аз бир жолу, бүткүл бекеттердин калган бекет жолдорунун уландысында профиль эң аз 10 жылда 1 жолу текшерилет. Бекет жана эки бекет араларындагы башкы жолдордун узунунча профили жолдордун толук жана орточо оңдолуш мезгилинде текшерилет. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында профилдерди түздөө жумуштарын жасоонун конкреттүү мөөнөттөрү белгиленет. План жана профилдин өзгөртүлүшүнө алып келген жолду кайра куруу жана башка жумуштар жасалып жаткан жол тилкелери жумуштун аягында темир жолдун жол чарбасы боюннча түзүм бөлүмчөсүнө, бекеттерде бекет начальнигине тиешелүү документацияны тапшыруу шарты менен жумуш аткаруучулар тарабынан текшерилет.
Бекет аймагында жаңы обхектилерди курууда, бар турган башка объектилерди кеңейтүү же көчүрүүдө мындай жумуштарды аткарган ар кандай уюм темир жолдун жол чарбасы боюнча түзүм бөлүмчөсүнүн начальнигине жана бекет начальнигине объектинин бекеттин учурдагы өнүгүшүнө байламын белгилеген аткаруу документациясын белгиленген тартипте тапшырат.
Топурак полотносу, жолдун үстүңкү түзүлүшү жана жасалма курулмалар
3.8. Жолдун түз тилкелеринин үстүндөгү топурак полотносунун эни жолдун үстүңкү түзүлүшүнө шайкеш болууга тийиш. Реконструкциясына чейин учурдагы линияларда топурак полотносунун энинин: бир жолдуу линияларда - 5,5 м ден, эки жолдууларда - 9,6 м ден, дренаждалуучу аска грунттарында: бир жолдуу линияларда - 5,0 м ден, эки жолдууларда - 9,1 м ден кем болбоосуна жол берилет. Үстүдө топурак полотносунун жээгинин минимал эни жолдун ар жагынан 0,4 м болууга тийиш.
Радиусу 2000 м ден аз ийри тилкелерде топурак полотносу белгиленген ченемдерге жараша кеңейтилет.
Бул тарамда саналган талаптарга жооп бербеген топурак полотносунун тилкелери жолдордун толук жана орточо оңдолуш маалында пландуу тартипте аларга шайкеш келтирилет.
Жаңы урулуп жаткан темир жол линиялары жана экинчи жолдор, ошондой эле кайра курулуп жаткан линиялар үчүн үстүдөн топурак полотносунун эни жана балласт призмасынын параметирлери курулуш техникасынын ченемдеринин талаптарына шайкеш болууга тийиш.
Суу ташкын жерлеринде топурак полотносунун кыры күчтүү шамалда толкундун максимал бийиктигинен 0,5 м ден аз болбоого тийиш.
3.9. Жолдун түз тилкелеринде жана радиусу 350 м жана андан чоңураак ийри сызыктарда рельса башчаларынын ички кырлары арасындагы колеянын энинин номинал өлчөмү 1520 мм. Андан тик ийрилерде колеянын эни:
радиусу 349 м ден 300 м ге чейин 1530 мм;
радиусу 299 м жана андан азыраак болсо 1535 мм болууга тийиш.
Темир жолдун жана жолдордун рельса шпалынын тору комплекстүү алмаштырылбаган тилкелеринде радиусу 650 м ден чоңураак жолдун түз жана ийри тилкелеринде эни 1524 мм лик колея өлчөмүнө жол берилет. Мында андан дагы тик ийри сызыктарда колеянын эни төмөнкү учурларда кабыл алынат:
радиусу 650 м ден 450 м ге чейин 1530 мм;
радиусу 449 м ден 350 м ге чейин 1535 мм;
радиусу 349 м жана андан азыраак болсо 1540 мм .
Жоюлушун талап кылбаган колеянын энинин номинал өлчөмүнөн кыйшаюулардын маанилери жолдун түз жана ийри тилкелеринде тараюу жагынан - 4 мм ден, кеңейүү жагынан +8 мм ден, жүрүш ылдамдыгы 50 км/саат жана андан аз деп белгиленген тилкелерде - тараюу жагынан - 4 мм, кеңейүү жагынан +10 мм ден ашпоого тийиш.
Көрсөтүлгөн маанилерди ашкан кыйшаюулардын жоюлуш тартиби Кыргыз темир жолу тарабынан белгиленет.
1512 мм ден азыраак жана 1548 мм ден чоңураак колея энине жол берилбейт.
1996-жылга чейин жаткырылган темир-бетон шпалдардагы кошмосуз жолдун иштетилиш тартиби Кыргыз темир жолу тарабынан белгиленет.
3.10. Жолдун эки жибинин тең рельса башчаларынын үстү түз тилкелерде бирдей деңгээлде болууга тийиш. Жолдун түз тилкелеринде тиешелүү нускама менен белгиленген ченемдерге жараша бир рельса жибинин экинчисинен 6 мм өйдө тутулушуна уруксат берилет.
Ийри сызыктын радиусу жана анда жүрүш ылдамдыктарына жараша жолдун ийри тилкелеринде тышкы жиптин өйдө турушу нускамага шайкеш түрдө темир жолдун жетекчилигинин буйругу менен белгиленет.
Тышкы рельса жибинин өйдө турушу 150 мм ден ашпашы керек. Керектүү учурларда башкы жолдун ийри тилкелеринде тышкы рельса жибинин максималдуу өйдө болушу Кыргыз темир жолунун уруксаты менен 150 мм ден көбүрөөк да болушуна жол берилет.
Жолдун түз жана ийри тилкелеринде белгиленген ченемдерден рельса жиптеринин жайгашуу деңгээлинде жол берилген кыйшаюуларынын маанилери Кыргыз темир жолу тарабынан белгиленет.
3.11. Өтө ири жана жооптуу жасалма курулмалардын тизмеси жана аларды көзөмөл тартиби, ошондой эле, формасы бузулуп бараткан же татаал инженерия-геология шарттарында жайгашкан топурак полотносунун тилкелерин көзөмөл тартиби темир жолдун начальниги тарабынан белгиленет.
Темир жолдун начальниги тарабынан бекитилген тизмеге жараша көпүрө жана туннелдер көзөмөл-габарит механизмдери менен тосмолонот, кабарлама сигнализациясы жана тосмо светофорлору менен жабдылат.
Жасалма курулмалар Транспорт министирлиги тарабынан белгиленген ченемдерге жараша өрткө каршы каражаттар менен жабдылууга жана зарыл учурларда текшерүү үчүн аспаптарга ээ болууга тийиш.
Иштеп жаткан эсеп ченемдери жана тиешелүү нускамалардын негизинде бүткүл көпүрөлөр жүк көтөрүмдүүлүгүнө жараша класстарга бөлүштүрүлөт.
3.12. Жолдун жана темир жолдогу курулмалардын абалына көзөмөл кылуу үчүн жол ченөөчү вагон жана арабалар, дефектоскоп вагондор, дефектоскоп автомотристер, дефектоскоп арабалар, дефектоскопия лабораторийлери, көпүрө, туннель, жол текшерүү, габарит текшерүү, сынама, оңдоо-текшерүү-суу асты жумуш бекеттери колдонулууга тийиш.
Башкы жолдорду жол ченөөчү вагондор менен текшерүү мезгилдери Кыргыз темир жолунун жетекчилиги тарабынан 60 км/сааттан ашык ылдамдык менен жүргөн жүргүнчү поезддеринин жүрүш каттамы боюнча белгиленет.
Рельсалар жана жебе котормолору
3.13. Башкы жана бекет жолдорунда рельсалар менен жебе котормолору күчү жана абалы жагынан иштетүү шарттарына (жүк чыңалгандыгы, ок жүгү жана поезддердин жүрүш ылдамдыктары) шайкеш келүүгө тийиш.
Рельсалар менен жебе котормолорунун эскирүү ченемдери тиешелүү нускамада белгиленет.
3.14. Жебе котормолорунун төмөнкү маркалардагы крестовиналары болууга тийиш:
Башкы жана кабыл алуу-жөнөтүү жүргүнчү жолдорунда - 1/11ден тик эмес, кесилиш жана кесилиш котормолорунун уландысы болгон жалгыз котормолордо - 1/9дан тик эмес; жүргүнчү поезддери котормонун түз жолунда гана өтө алган жебе котормолору 1/9 маркасындагы крестовинага ээ болушу мүмкүн. Эгер мындай котормолордун 1/11 маркасына алмаштырылышы жебе оозунун кайра жасалышына алып келсе, аны ишке ашыруу ал учурда мүмкүн болбосо, жүргүнчү поезддеринин 1/9 маркасындагы жебе котормолору менен каптал жолго кыйшаюусуна жол берилет;
жүк кыймылынын кабыл алуу-жөнөтүү жолдорунда - 1/9дан тик эмес, симметриялуулар - 1/6дан тик эмес;
калган жолдордо - 1/8ден тик эмес, симметриялуулар - 1/4,5дан тик эмес.
Башкы жолдордо бүткүл жүнгө каршы (противошерстные) жебе котормолорунун учтарынын алдында урма устундары жаткырылууга тийиш.
Жебе котормолорун башкы жолдорго жаңыдан жаткырууга Кыргыз темир жолунун уруксаты менен гана жол берилиши мүмкүн.
Кесилиш жебе котормолору менен туюк кесилиштерди жаңыдан колдонууга Кыргыз темир жолунун уруксаты менен гана жол берилет.
Климат жана башка шарттарга жараша борборлоштурулган жебелер механикалаштырылган тазалоо же кар эритүү механизмдери менен жабдылат.
3.15. Төмөнкү бузуктар кетирилген жебе котормолору менен туюк кесилиштердин иштетилишине жол берилбейт:
жебе учтары менен тартмасы бар крестовиналардын кыймылдуу киндиктеринин ажырашы;
жебе учунун рамалуу рельсадан, биринчи тартманын тушунда жебе учу менен туюк крестовинанын киндигинде ченелүүчү крестовинанын кыймылдуу киндигинин, учтуу крестовинанын киндигинде жебе жабык абалдагы кезинде киндиктин мизинде мурутчадан (усовиктен) 4 мм жана андан көбүрөөк артта калышы;
кырдын жыйналыш коркунучу пайда болгон кездеги жебе учу же кыймылдуу киндиктин боёлушу, бүткүл учурларда боёлуш узундугу:
башкы жолдордо 200 мм жана андан ашык;
кабыл алуу-жөнөтүү жолдорунда 300 мм жана андан ашык;
башка бекет жолдорунда 400 жана андан ашык;
жебе учунун рамалуу рельсанын тушунда жана кыймылдуу киндиктин мурутчанын тушунда 2 мм ге жана андан ашык ылдыйлашы, ал жебе учунун башчасынын же кыймылдуу курамдын эни үстүдөн 50 мм жана андан ашык болгон кесиндиде ченелет;
крестовина киндигинин жумуш кыры менен контррельсанын башчасынын жумуш кырынын арасы 1472 мм ден азыраак;
контррельсанын башчасынын жумуш кырлары менен мурутчанын арасы 1435 мм ден көбүрөөк;
жебе учу же рамалуу рельсанын сынышы;
крестовинанын (киндик, мурутча жана контррельсанын) сынышы;
контррельса бурамасынын бир болттуу же эки болттуу ичмекте экөөнүн тең үзүлүшү.
Эскирүү ченемдери ашканда рамалуу рельсалар, жебе учтары, мурутчалар жана крестовина киндиктеринин тик эскириши тиешелүү нускамада белгиленет.
3.16. Башкы жолдордогу рельсалар Кыргыз темир жолу тарабынан белгиленген дефектоскоп вагон менен текшерилет.
Башкы кабыл алуу-жөнөтүү жолдорундагы рельсалар менен жебе котормолору темир жолдун жол чарба боюнча түзүм бөлүмчөсүнүн начальниги тарабынан бекитилген ыраатка жараша дефектоскоп арабалар менен текшерилет. Кооптуу кемчиликтери бар (кескин кемчиликтүү) рельсаларда жана жебе котормолорунун элементтеринде поезддерди өткөрүү тартиби алардын алмаштырылышына чейин жол кызматы тарабынан белгиленет.
3.17. Жебе котормолору жана бекеттерде туюк кесилиштерди жаткыруу жана чечүү темир жол начальнигинин буйругу менен жасалат.
Эки бекет араларындагы жаңыдан жаткырылган жана кайра түзүлгөн жебе котормолору Кыргыз темир жолу тарабынан дайындалган комиссия тарабынан иштетүүгө кабыл алынат жана эреже катары, көз карандылыкка кошулат. Көз карандылыкка убактылуу кошулбаган жебе котормолору комиссия тарабынан кабыл алынышы мүмкүн, бирок мында комиссия төрагалары тарабынан жебе учтарын карап чыгуу, бекитүү жана бул жебелердин текшерүү тартиби белгиленет.
3.18. Төмөнкү жерлерде борборлоштурулбаган жебелер көзөмөл жебе кулпулары менен жабдылууга тийиш:
Поезд кабыл алынган жана жөнөтүлгөн жолдордогу, ошондой эле коргоочу жебелер;
1-класстагы кооптуу жүктөрү (жарылма материалдары) бар вагондордун турушу үчүн бөлүнгөн жолдорго алпаргандар;
Калыбына келтирүүчү жана өрт өчүрүүчү поезддердин турушуна арналган жолдорго алпаргандар;
коргоочу жана кармоочу туюктарга алпаргандар;
дефектоскоп вагондордун, жол ченөөчү вагондордун, темир жол курулуш машиналарынын турушу үчүн бөлүнгөн жолдорго алпаргандар.
Жебелер менен крестовиналардын кыймылдуу киндиктери (дөбө жана сорттомо жолдорундагылардан башка), анын ичинде борборлоштурулган көзөмөл кулпулары бар болгондор асма кулпулар менен кулпулаш мүмкүн болгон типтүү аспаптар менен жабдылууга тийиш. Бул аспаптар жебе учунун рамалуу рельсага, кыймылдуу киндиктин мурутчага тыгыз жанашуусун камсыздоого тийиш.
3.19. Борборлоштурулбаган жебелер жарыктандырылуучу, башкы жана кабыл алуу-жөнөтүү жолдорудагы жана жарыктандырылбаган жебе көрсөткүчтөрү менен жабдылууга тийиш, бул бекеттин техника-буйрук актысында көрсөтүлөт.
Электирлүү борборлоштурууга камтылган жебелер менен сорттомо парктарынын дөбө алдындагы ооздордун жебелери көрсөткүчтөр менен жабдылбайт.
3.20. Жебе котормолору менен туюк кесилиштерин оңдоо жана кароо, жебе көрсөткүчтөрүн, ыргытма башмактарын, ыргытма жебе учтарын, ыргытма жебелерди, вагон бекитүү үчүн туруктуу механизмдерди, бурма устундарды, шарнирлүү-муунактуу бириктиргичтерди орнотуу, оңдоо жана кароо темир жолдун жол чарбасы боюнча түзүм бөлүмчөлөрү тарабынан жасалат. Бул механизмдердеги болгон СББ каражаттарын оңдоо жана техникалык тейлөө темир жолдун электир энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо боюнча түзүм бөлүмчөлөрү тарабынан жасалат.
Кесилиштер, темир жол өтмөктөрү жана темир жол жанашмалары
3.21. Темир жолдордун башка темир жолдор, трамвай, троллейбус линиялары, автомобиль жолдору, шаар көчөлөрү менен кесилиштери курулуш-техника ченемдери менен Транспорт министирлигинин тиешелүү нускамасына жараша ишке ашырылууга тийиш.
Иштеп жаткан темир жол өтмөктөрүндө трамвай жана троллейбус кыймылынын ачылышына жол берилбейт. Иштеп жаткан темир жол өтмөктөрүндө автобус кыймылынын ачылышына ар бир өзүнчө жагдайда темир жол жетекчилигинин уруксаты менен гана жол берилет.
Темир жолдордун автомобиль жолдору менен бир деңгээлде кесилиш жерлери менен жасалма курулмалардын астынан өтмөктөр - Кыргыз темир жолунун жетекчилиги тарабынан.
3.22. Белгиленбеген жерлерде транспорт каражаттары менен өзү жүрүүчү машиналардын темир жолдордон өтүүсүнө, ошондой эле мал айдап өтүүгө жол берилбейт. Бул талаптардын аткарылышына көзөмөл кылуу темир жолдун жол чарба боюнча түзүм бөлүмчөлөрүнүн жумушчуларына, айрыкча бекеттерде бекет жумушчуларына да жүктөлөт.
3.23. Темир жол жана автомобиль транспортунун жүрүш интенсивдигине жараша темир жол өтмөктөрү төрт категорияга бөлүнөт. Темир жол өтмөктөрүнүн категориясын, каралыш жана тейлениш тартибин аныктоо Транспорт министирлигинин тиешелүү нускамасы менен белгиленет.
Узунунча электир камсыздык линиялары менен жабдылган же жакын жерде башка туруктуу электир камсыздык булактары бар бүткүл темир жол өтмөктөрүнүн электирлүү жарыктандыруусу болууга тийиш.
Темир жол өтмөктөрүнүн үзгүлтүксүз электир менен камсыздыгы жана тышкы жарыктандыруусу темир жолдун электир энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо боюнча түзүм бөлүмчөлөрү тарабынан камсыздалат.
3.24. Темир жол өтмөктөрү жөнгө салынуучу жана жөнгө салынбаган болуп бөлүнөт.
Жөнгө салынуучуларга транспорт каражаттарынын айдоочуларына өтмөккө поезддин жакындаганын кабарлаган өтмөк сигнализация механизмдери менен жабдылган же нөмөтчү жумушчу тарабынан тейленген темир жол өтмөктөрү кирет.
Өтмөк сигнализация механизмдери менен жабдылбаган жана нөмөтчү жумушчу тарабынан тейленбеген темир жол өтмөктөрү жөнгө салынбагандарга кирет.
Нөмөтчү жумушчу тарабынан тейленген темир жол өтмөктөрүнүн поезд локомотивдеринин жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын машинисттери менен радиобайланышы, эң жакын бекет же пост менен, диспетчер борборлоштуруусу бар тилкелерде поезд диспетчери менен түз телефон байланышы бар болууга тийиш.
Өтмөк сигнализациясы, автомат шлагбаумдар, телефон байланышы жана радиобайланышынын түзүк каралышы жана иштөөсү темир жолдун электир энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо боюнча түзүм бөлүмчөлөрү тарабынан камсыздалат.
3.25. Темир жол өтмөктөрүнүн мамычалар жана перилалар менен тосмолонгон типтүү төшөлмөсү менен жанашмалары болууга тийиш. Темир жол өтмөктөрүнө жакындаганда поезддердин келиш тарабынан ышкырык берүү жөнүндөгү "С" сигнал белгиси, автомобиль жолу тараптан Кыргыз Республикасынын Жол кыймылы эрежелерине (КР Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 токтому менен бекитилген) жараша Кыргыз темир жолунун тиешелүү нускамасында каралган эскертүү белгилери болууга тийиш. Нөмөтчү жумушчу тарабынан тейленбеген, поезддердин келиши тарабынан начар көрүнгөн темир жол өтмөгүнүн алдында кошумча "С" сигнал белгиси орнотулууга тийиш. "С" сигнал белгилерин орнотуу тартиби Кыргыз темир жолу тарабынан белгиленет.
3.26. Темир жол өтмөгүнөн ири габариттүү жүктүү же жүксүз каражаттардын, жай жүрүүчү машиналардын жана автопоезддердин жүрүүсүнө ар бир өзүнчө жагдайда темир жолдун жол чарбасы боюнча түзүм бөлүмчөсүнүн начальнигинин жазылуу уруксаты менен гана жол берилет жана бул жол устасынын же жол бригадиринин, электирлештирилген тилкелерде ташылуучу жүктүн бийиктиги 4,5 м ден ашык кезде - темир жолдун электир энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо боюнча түзүм бөлүмчөсүнүн өкүлүнүн да байкоосу астында жасалат.
Бекет чектериндеги темир жол өтмөгүнөн мындай транспорт каражаттарынын өтүүсү бекет нөмөтчүсү менен, диспетчер сигнализациясы менен жабдылган тилкелерде болсо поезд диспетчери менен макулдаштырылууга тийиш.
3.27. Өтмөк нөмөтчүсү поезд жана транспорт каражаттарынын темир жол өтмөгүнөн коопсуз өтүүсүн камсыздоо, шлагбаумдарды убагында ачуу жана жабуу, белгиленген сигналдарды берүү, өтүп бараткан поезддердин абалына байкоо жүргүзүүгө тийиш. Кыймылдын коопсуздугуна коркунуч келтирип жаткан бузук табылган учурда поездди токтотуу чараларын көрүү, поезддин куйругун билдирген сигнал болбосо, муну бекет нөмөтчүсүнө, диспетчер борборлоштуруусу менен жабдылган тилкелерде - поезд диспетчерине билдирүүгө тийиш.
3.28. Темир жолдорду электир агым жана байланыш линиялары, мунай, газ түтүктөрү, суу түтүктөрү жана башка жер үстү жана жер асты түзүлүштөрдүн кесип өтүүсүнө темир жолдун жетекчилигинин гана уруксаты менен жол берилиши мүмкүн. Мындай кесилиштерде поезд кыймылынын коопсуздугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыздаган атайын алдын алуучу механизмдер каралууга же чаралар көрүлүүгө тийиш. Мындай механизмдердин долбоорлору Кыргыз темир жолунун башкы инженери менен макулдаштырылууга тийиш.
3.29. Жаңыдан курулуп жаткан темир жол өтмөктөрүнүн линияларынын эки бекет араларында башкы жолдорго кошулуусуна Кыргыз темир жолунун муктаждыктары үчүн гана жол берилиши мүмкүн.
Экинчи жолдордун курулушуна, курулма жана механизмдердин реконструкция жана толук оңдоо жумуштарынын жасалышына ж.д.у.с. байланыштуу эки бекет араларында жебе котормолорунун убактылуу жаткырылышы жана чечилиши ар бир өзүнчө учурда Кыргыз темир жолунун уруксаты менен жасалат.
Бөлмө жайын консервацияга которуу же жабууда жанашма эки бекет арасында (перегон примыкания) темир жолдун жанашма жолунун сакталышы тууралуу чечимди темир жолдун жетекчилиги кабыл алып, техникалык каражаттардын тейлениш тартибин белгилейт жана поезддердин жүрүш коопсуздугун камсыздайт.
3.30. Темир жолдордун бир деңгээлде кесилиш жерлеринде, ошондой эле эки бекет араларындагы жана бекеттердеги башкы жолдорго линиялардын, темир жолдун жанашма жана бириктирме жолдорунун жанашма жерлеринде коргоочу туюктар же коргоочу жебелер жайгашууга тийиш.
Кыймылдуу курамдын өзүнөн өзү бекетке же эки бекет арасына чыгышынын алдын алуу үчүн темир жолдун жанашма жана бириктирме жолдорунун кабыл алуу-жөнөтүү жана башка бекет жолдоруна жанашма жерлеринин коргоочу туюктар, коргоочу жебелери, ыргытма башмактары, ыргытма жебе учтары же ыргытма жебелери болуусу тийиш.
Коргоочу туюктардын пайдалуу узундугу 50 м ден кем болбошу керек.
Узун эңкейиштери бар эки бекет араларында, ошондой эле мындай эки бекет араларын чектеген бекеттерде кармоочу туюктар каралууга тийиш.
3.31. Эки жолдуу линиялардын эки бекет араларында жаткырылган жебе котормолору туура жолдо бараткан поезддер үчүн жүн боюнча (пошерстные) болууга тийиш.
3.32. Үч же төрт жиптүү жол пайда болгон башкы жана кабыл алуу-жөнөтүү жолдорунун чиелениш механизмдерине Транспорт министирлигинин уруксаты менен гана жол берилиши мүмкүн.
Калган бекет жолдорунда чиелеништер Кыргыз темир жолунун уруксаты менен жасалат.
Жол жана сигнал белгилери
3.33. Башкы жолдордун алдында сигнал жана жол белгилери орнотулат. Жебе котормолорунун жана жолдордун башка кошулма жерлеринин алдында чек мамычалары орнотулат. Темир жол боюнун тилкесинин чектерин көрсөтүү, ошондой эле жердин үстүндө топурак полотносунун жашыруун курулмаларын белгилөө үчүн өзгөчө жол белгилери орнотулат.
Сигнал белгилери жүрүш багытынын оң жагында, жол белгилери болсо – четки жолдун огунан эң аз 3100 мм аралыкта километр санагы боюнча оң жакта орнотулат.
Ойдуңдарда (аска ойдуңдарынан башка) жана алардан чыга бериште жол жана сигнал белгилери талаа тараптан арык жана арыкчалардын сыртында орнотулат. Өтө басылып калуучу ойдуңдарда жана алардан чыга бериште (100 м аралыкта) көрсөтүлгөн белгилер четки жолдун огунан эң аз 5700 мм аралыкта орнотулат. Мындай ойдуңдардын тизмеси темир жол начальниги тарабынан белгиленет. Электирлештирилген тилкелерде светофор башчалары, комплект трансформатор чордондору, контакт тармагынын ажыраткычтары жана разрядниктери орнотулгандардан башка, сигнал жана жол белгилери контакт тармагынын тиректеринде орнотулушу мүмкүн.
Чек мамычалары эки жол арасынын ортосунда, кошулган жолдордун окторунун арасы 4100 мм түзгөн жерде орнотулат. Кыймылдуу курам жүрбөгөн, Т габаритине жараша курулган учурдагы бекет жолдорунда 3810 мм аралыктын сакталышына уруксат берилет. Эки жол арасы тарайган кайра жүктөмө жолдордо чек мамычалары эки жол арасынын эни 3600 мм ге жеткен жерде орнотулат.
Жолдун ийри тилкелеринде бул аралыктар курулмалардын жакындоо габариттерин колдонуу нускамасы менен белгиленген ченемдерге жараша чоңойтулууга тийиш.
Сигнал, жол жана өзгөчө жол белгилери бекитилген типте болууга тийиш.
4.1. Локомотив деполору, локомотивдерди техникалык тейлөө жайлары, устаканалар, жабдык механизмдери жана локомотив чарбасынын башка курулмалары менен механизмдеринин жайгашуусу жана техникалык жабдылышы поезд кыймылынын белгиленген өлчөмдөрүн, локомотивдердин натыйжалуу пайдаланылышын, сапаттуу оңдоо жана техникалык тейлөөнү, материалдык ресурстардын рационалдуу пайдаланылышын жана коопсуз эмгек шарттарын камсыздоого тийиш.
Атайын кыймылдуу курам үчүн депонун, атайын кыймылдуу курамды тейлөө үчүн устаканалар, жабдык механизмдери жана локомотив чарбасынын башка курулмалары менен механизмдеринин жайгашуусу жана техникалык жактан жабдылышы атайын кыймылдуу курамдын сапаттуу оңдолушун жана техникалык тейленишин, материалдык ресурстардын рационалдуу пайдаланылышын, коопсуз эмгек шарттарын, атайын кыймылдуу курамдын натыйжалуу пайдаланылышын камсыздоого тийиш.
4.2. Вагон деполору, жүргүнчү тейлөө дирекциялары, жүк жана жүргүнчү вагондорун техникалык тейлөө жайлары, жуума-буулантуу бекеттери жана вагон жана жүргүнчү чарбаларынын башка курулма жана механизмдеринин жайгашуусу жана техникалык жактан жабдылышы поезд кыймылынын белгиленген өлчөмдөрүн, сапаттуу оңдоо жана техникалык тейлөө, материалдык ресурстарды рационалдуу пайдалануу, коопсуз эмгек шарттарын камсыздоого тийиш.
Жүргүнчү вагондорунун жолго чыгыш үчүн сапаттуу даярдыгы үчүн жүргүнчү поезддеринин түзүлүш жана айлануу бекеттери, жүргүнчү техника бекеттери жана оңдоо-жабдуу деполорунун керектүү технологиялык жабдыктары болууга тийиш.
4.3. Суу камсыздыгы жана суу иштеп чыгуу механизмдери локомотив, поезд, бекет жана темир жол транспортунун ишканаларын, ошондой эле башка чарба, өрткө каршы жана ичүүчү суу муктаждыктарын канааттандыруу үчүн тийиштүү сапаттагы жана керектүү өлчөмдөгү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоого тийиш.
Канализация курулмалары санитария жана жаратылыш коргоо ченемдерине жараша темир жол ишканаларынын жана турак-жай конуштарынын агын сууларынын тазаланышын камсыздоого тийиш.
4.4. Темир жол начальниги тарабынан белгиленген жайларда төмөнкүлөр дайымкы даярдыкта болууга тийиш:
түзүк жүрүштү калыбына келтирүү жана кыймылдуу курамдын кагылыштары менен рельсадан чыгуусунун кесепеттерин жоюу үчүн калыбына келтирүүчү поезддер, атайын автомотристер, дрезиналар жана жолду жана электир камсыздык механизмдерин калыбына келтирүү үчүн автомобилдер, байланыштын оңдоо-калыбына келтирүү чукул чогулуштарынын вагондору менен автомобилдери, талаа кырсык командалары;
өрт өчүрүүчү поезддер жана өрттүн алдын алуу жана өчүрүү үчүн өрткө каршы командалар.
Кыймылдуу курамдын калыбына келтирүүчү жана өрт өчүрүүчү поезддердин, атайын автомотристер менен калыбына келтирүү иштерине арналган дрезиналардын туруктуу токтотмо жолун ээлөөсүнө уруксат берилбейт.
5.1. Жол өнүгүүсү жана бекеттердин техникалык жабдылышы поезд кыймылынын белгиленген өлчөмдөрүн, поезд кабыл алуу жана жөнөтүү, жүк, багаж жана жүк багажын жүктөө, түшүрүү, курам жана вагондорду даярдоо операцияларына убакыт ченемдеринин аткарылышын, техникалык каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышын, поезд кыймылынын коопсуздугун жана коопсуз эмгек шарттарын камсыздоого тийиш.
Имараттар, платформалар жана жүргүнчү тейлөө үчүн башка курулма жана механизмдер көркөм архитектура көрүнүшүнө ээ болууга, жүргүнчү ташууга байланыштуу операциялардын ыңгайлуу жана коопсуз аткарылышын камсыздоого тийиш. Жүргүнчү платформаларына өтүү үчүн керектүү учурларда жөө жолоочу туннелдери же көпүрөлөрү болууга тийиш.
Бекеттерде темир жолдор менен бир деңгээлде өтмөлүктөр сакталганда бул өтмөлүктөр жөө жолоочу төшөмөлөрү, көрсөткүчтөр жана эскертүү жазуулары менен, зарыл учурда автомат сигнализация менен жабдылууга тийиш.
Жүргүнчү бекеттери автоматташтырылган орун брондоо жана билет сатуу системасы, билет басып чыгаруу машина жана автомат системасы, сактоо камералары, өзүн өзү тейлөө камералары, поезд жөнөшүнүн автомат көрсөткүчтөрү, маалымдама механизмдери менен жабдылат.
Эки бекет араларындагы жүргүнчү токтомо жайларынын жүргүнчү платформалары болууга тийиш жана зарыл учурда бастырма, павильондор менен, тейленген жүргүнчү санына жараша билет кассалары менен жабдылышы мүмкүн.
Бекеттердеги жүк жана муздаткыч механизмдери жүктөрдүн амандыгын жана жүк операцияларынын ыңгайлуу аткарылышын камсыздоого тийиш.
5.2. Поезд кыймылына байланыштуу жумушчуларга арналган кызмат имараттары жана бөлмөлөрүндө иштөө үчүн керектүү шарттар камсыздалууга тийиш.
Бекет нөмөтчүлөрүнүн кызмат бөлмөлөрүндө башкаруу жана көзөмөл шаймандарынын, анын ичинде бекет нөмөтчүсүнүн жумушуна түздөн түз тиешелүү автоматташтырылган жумуш ордунун аппаратурасынын, ошондой эле жарыктандырууну борборлоштурулган башкаруу жана секция ажыраткычтарын аралыктан башкаруу пульттарынын, каттоочу аппаратуранын, жүрүп бараткан поезддин кыймылдуу курамынын техникалык абалын автомат текшерүү каражаттарынын орнотулушуна уруксат берилет. Башка жабдык жана аппаратуранын жайгаштырылышына өзгөчө кырдаалдарда темир жол жетекчилигинин уруксаты менен жол берилет.
Жүргүнчү, жүк жөнөтүүчү жана жүк алуучуларды тейлеген жумушчулар үчүн бөлмөлөрдүн операцияларды тез аткаруу үчүн ыңгайлуу кириши болууга тийиш. Жүргүнчү тейлөөгө арналган бөлмөлөрдүн башка максаттар үчүн ээленишине жол берилбейт.
5.3. Жүргүнчү жана жүк поезддери аралаш жүргөн линиялардагы жүргүнчү жана жүк платформалары түз тилкелерде жол огунан төмөнкү бийиктик жана аралык ченемдерине шайкеш болууга тийиш:
бийик платформалар үчүн рельса башчаларынын үстүнүн деңгээлинен - 1100 мм;
төмөн платформалар үчүн рельса башчаларынын үстүнүн деңгээлинен - 200 мм;
бийик платформалар үчүн жол огунан - 1920 мм;
төмөн платформалар үчүн жол огунан - 1745 мм.
Жолдун ийри тилкелеринде бул аралыктар курулмалардын жакындоо габариттерин колдонуу нускамасы тарабынан белгиленген ченемдерге жараша аныкталат.
Иштетүү маалында бул тарамда көрсөтүлгөн ченемдердин төмөнкү чектерде өзгөрүшүнө жол берилет: бийиктиги боюнча 20 мм ге чейин чоңоёт жана 50 мм ге чейин кичирейет; жол огунан алыстыгы боюнча 30 мм ге чейин чоңоёт жана 25 мм ге чейин кичирейет.
Жүргүнчү жана жүк платформаларынын белгиленген ченемден ашык бийиктиги жана жол огунан белгиленген ченемден азыраак аралыгына алар жанында жайгашкан жолдордун максатына, айланып жүргөн кыймылдуу курамдын тибине жана жүрүш ылдамдыгына жараша курулмалардын жакындоо габариттерин колдонуу нускамасы менен жол берилет.
Бекет жана эки бекет араларында курулуп жана кайра жасалып жаткан бийик платформалар жолду машине менен оңдоого жана платформаны механикалаштырылган тазалоого, айрыкча бекеттерде вагон жана локомотивдердин жүрмө бөлүктөрүн эки жактан карап чыгуу жана оңдоого жол берген конструкцияга ээ болууга тийиш.
Жол жана платформа оңдоодо рельса башчасынын үстүнүн деңгээлинен жүргүнчү жана жүк платформаларынын үстүнө чейинки, ошондой эле жол огунан платформанын кырына чейинки белгиленген аралык ченемдерин өзгөртүүгө жол берилбейт.
5.4. Жебе жана сигналдар түздөн түз башкарылган бекет посттору тиешелүү жебе жана жолдор көрүнө тургандай жайгаштырылууга тийиш.
Бекеттин жерге шарттарына жараша электирлүү борборлоштуруу посттору (дөбө постторунан башка) үчүн гана эреженин бузулушуна жол берилиши мүмкүн.
5.5. Борборлоштуруунун бекет посттору менен жебе постторунун имараттарында темир жол начальниги тарабынан белгиленген ченемдерге жараша керектүү сигнал шаймандары, инвентарь, аспаптар жана материалдар болууга тийиш. Айрыкча жебе посттору телефон байланышынын тышкы чакыруу каражаттары менен жабдылууга тийиш.
5.6. Сорттомо дөбөлөрү светофор сигнализациясы, радиобайланыш жана сүйлөшүү жана дөбө локомотивдеринин машинисттерине, түзүүчү бригадаларына жана башка жумушчуларга керектүү көрсөтмөлөрдү берүү үчүн эки тараптуу парк байланыш механизмдери менен жабдылууга тийиш.
Жумуш көлөмүнө жараша сорттомо дөбөлөрү вагон таркатууну механикалаштыруу жана автоматташтыруу механизмдери, жебелердин дөбөдөн борборлоштуруу, керектүү документтерди жөнөтүү жана кайра жөнөтүү үчүн автомат дөбө локомотив сигнализациясы жана механизмдери менен жабдылат.
Автоматташтырылган жана механикалаштырылган дөбөлөрү бар бекеттерде дөбө жабдыктарын техникалык тейлөө жана оңдоо үчүн устаканалар менен механикалаштырылган аянтчалар болууга тийиш.
5.7. Жумуш көлөмүнө жараша бүткүл сорттомо дөбөлөрү, ошондой эле жүргүнчү, тилке жана жүк бекеттери бекет ичи диспетчер байланышы, маневр байланышы жана бекет радиобайланышынын башка түрлөрү жана маневр кыймылдары тууралуу көрсөтмө берүү, ошондой эле маневр диспетчерлери, бекет нөмөтчүлөрү, поезд түзүүчүлөр, маневр локомотивдеринин машинисттери, бекет технологиялык борборлорунун, техникалык тейлөө жайларынын, коммерциялык кароо жайларынын, жүк райондорунун, контейнер аянтчаларынын, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам бригадаларынын жумушчуларынын маневр иштерин уюштуруу, техникалык тейлөө, коммерциялык кароо жана поездерде вагон оңдоо маселелери жөнүндө сүйлөшүүсү үчүн эки тараптуу парк байланыш механизмдери менен жабдылууга тийиш.
Айрыкча, сорттомо, тилке жана жүк бекеттери жумуш көлөмүнө жараша автоматташтырылган башкаруу системалары, темир жолдун маалымат-эсептөө тармагы бар байланыш каражаттары, ташуу документтерин кабыл алуу жана ташуу үчүн механизмдер жана каралып жана оңдолуп жаткан курамдардын борборлоштурулган тосмосу, бекет вокзалдары болсо – жүргүнчүлөрдү маалымдоо үчүн байланыш каражаттары менен жабдылат.
5.8. Бекеттерде жүргүнчү тейлөөгө, поезд кабыл алуу жана жөнөтүү жолдору менен парктарына, жүктөө-жүк түшүрүү жана маневр иштерине, кыймылдуу курамды жабдуу, техникалык тейлөө жана оңдоого арналган курулмалар, жүк райондорунун, контейнер аянтчаларынын аймактары, сорттомо платформалары, вагон таразалары, карама мунаралары, габарит дарбазасы, поезд жана вагондордо коммерциялык кемчиликтерди автомат табуу механизмдери, ошондой эле жумушчулар поезд тоскон жерлер, жебе ооздору, кампалар, темир жол өтмөктөрү жана зарылдыгына жараша башка жолдор менен жайлар да жарыктандырылууга тийиш. Жарыктандыруу ченемдерге шайкеш келүүгө, поезд жана маневр кыймылдарынын коопсуздугун камсыздоого, жүргүнчүлөрдүн вагондорго кириш жана вагондордон чыгыш маалында коопсуздугун, тейлөөчү персоналдын үзгүлтүксүз жана коопсуз иштөөсүн, жүк, багаж жана жүк багажынын корголушун камсыздоого тийиш. Жумуш көлөмү кичинекей болгон ара бекеттерде жүк жүктөө-түшүрүя жана башка бекет жолдорунун тышкы жарыктандыруусун секция менен өчүрүү механизмдери болууга тийиш. Тышкы жарыктандыруу бекет жолдорунун даана көрүнүүсүнө таасир этпеши керек.
Сигналдар
6.1. Сигналдар кыймыл коопсуздугунун камсыздалышы, ошондой эле поезд кыймылынын жана маневр иштеринин так уюштурулушу үчүн кызмат кылат.
Сигнал буйрук болуп саналат жана кынтыксыз аткарылууга тийиш. Темир жолдун жумушчулары сигналдын талабын аткаруу үчүн мүмкүн болгон бүткүл каражаттарды колдонууга тийиш.
Жабык светофордон өтүү тыйылат.
Светофорлордун (автомат бөгөт менен жабдылбаган тилкелердеги эскертүү светофорлору, тосмо жана кайталоочу светофорлордон башка) өчкөн сигнал оттору, алардын түшүнүксүз көрсөткүчү, ошондой эле башка сигнал шаймандары менен түшүнүксүз сигнал берүү токтоону талап кылат.
Ушул Эрежелер жана Кыргыз Республикасынын темир жолундагы поезд кыймылы жана маневр иштери нускамасы менен белгиленген тартипке жараша өзгөчө, атайын каралган жагдайларда жабык (көрсөткүчү түшүнүксүз же өчүк) светофордон өтүүгө жол берилет.
6.2. Поезд кыймылы жана маневр иштерине байланыштуу сигнализацияда төмөнкү негизги сигнал түстөрү колдонулат: жашыл, сары, кызыл, ай түстүү ак, көк.
Сигнал түстөрү жана сигнал көрсөткүчтөрүнөн өтүү ылдамдыгын колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын темир жолундагы сигнализация нускамасы жана Кыргыз Республикасынын темир жолундагы поезд кыймылы жана маневр иштери нускамасы менен белгиленет.
Сигналдардын кабылданышына тоскоолдук кылган жана сигнал көрсөткүчтөрүн бурмалаган кызыл, сары жана жашыл түстөгү декорация кездемелери, плакат жана оттордун орнотулушуна жол берилбейт.
6.3. КР темир жол транспортунда Транспорт министирлиги тарабынан бекитилген сигналдар менен сигнал шаймандары гана колдонулат.
Линзалардын сигнал айнектеринин түсү белгиленген стандарттарга шайкеш болууга тийиш.
Жолдо туруктуу сигнал шаймандары катары светофорлор колдонулат.
6.4. Жолдун түз тилкелериндеги кириш, эскертүүчү, өтмөк, тосмо жана калкалоочу светофорлорунун кызыл, сары жана жашыл сигнал оттору эң аз 1000 м аралыктан жакындап келе жаткан поезддин локомотивинин башкаруу кабинасынан күнү-түнү даана айырмаланып турууга тийиш.
Жолдун ийри тилкелеринде бул светофорлордун, ошондой эле светофорлордогу сигнал тилкелеринин көрсөткүчтөрү эң аз 400 м аралыкта айырмаланып турууга тийиш. Өтө адыр-будурлуу жерде (тоолор, терең ойдуңдар) саналып өткөн светофорлордун көрсөткүчтөрүнүн 400 м ден азыраак, бирок 200 м ден кем эмес аралыктан көрүнүүсүнө жол берилет.
Башкы жолдордун чыгыш жана каттам светофорлорунун көрсөткүчтөрү эң аз 400 м, каптал жолдордун чыгыш жана каттам светофорлорунун көрсөткүчтөрү, ошондой эле чакыруучу сигналдар менен маневр светофорлорунун көрсөткүчтөрү эң аз 200 м аралыктан даана айырмаланып турууга тийиш.
6.5. Бүткүл кириш жана өтмөк светофорлорунун жана калкалоочу светофорлордун алдында эскертүүчү светофорлор орнотулууга тийиш. Автобөгөт менен жабдылган тилкелерде ар чыгыш светофору кийинки светофорго карата эскертүүчү болот.
Автомат локомотив сигнализациясы өз алдынча сигнализация жана байланыш каражаты катары колдонулган тилкелерде кириш светофорлорунун алдында эскертүүчү светофорлор орнотулбашы мүмкүн.
Үч маанилүү сигнализациясы бар автобөгөт менен жабдылган линияларда чектеш светофорлордун арасы толук кызмат тормоз берүүдө жана максималдуу ишке ашырылган, бирок жүргүнчү поезддери үчүн 120 км/сааттан жана жүк поезддери үчүн 80 км/сааттан ашпаган ылдамдыкта бул жер үчүн белгиленген тормоз жолунан аз болбоого тийиш, айрыкча, поезддин тормоз системасына автомат локомотив сигнализациясы механизмдеринин таасир этиши үчүн керектүү убакыт ичинде поезд өткөн жолдун эске алынышы менен чукул тормоз берүүдө тормоз жолунан кем болбошу керек. Мында сигналдар 400 м ден аз аралыкта көрүнгөн тилкелерде, ошондой эле автобөгөт менен жаңыдан жабдылып жаткан линияларда көрсөтүлгөн аралык 1000 м ден аз болбошу керек.
Мурун үч маанилүү сигнализациясы бар автобөгөт менен жабдылган линияларда айрым светофорлор темир жол начальнигинин чечими менен керектүү тормоз жолунан азыраак аралыкта калтырылышы мүмкүн. Мындай светофордо, ошондой эле ага эскертүүчү светофордо жарык көрсөткүчтөрү орнотулууга тийиш. Башкы жолдун чектеш светофорлордун (кириш, каттам, чыгыш) арасы тормоз жолунан азыраак болгондо бекеттерде жарык көрсөткүчтөрү колдонулат.
Үч маанилүү сигнализация үчүн белгиленген минимал узундуктан кыска бөгөт тилкелери болууга тийиш болгон шаар айланасы поезддери өзгөчө интенсивдүү жүргөн линиялар төрт маанилүү сигнализациясы бар автобөгөт менен жабдылат.
Локомотив светофорунун жашыл оту сарыга алмашкан соң кызмат тормоз берүүсү колдонулганда тыюучу көрсөткүчү бар жол светофорунун алдында поезддин токтоосу камсыздалса, жүргүнчү поезддери 120 км/сааттан ашык же жүк поезддери 80 км/сааттан ашык ылдамдык менен жүргөн, үч маанилүү сигнализациясы бар автобөгөт менен жабдылган линияларда алардын белгиленген максимал ылдамдык менен жүрүүсүнө уруксат берилет.
Жарым автомат бөгөтү бар тилкелерде кириш, каттам жана чыгыш светофорлорунун арасы толук кызмат тормоз берүүдө жана максималдуу ишке ашырылган ылдамдыкта бул жер үчүн белгиленген тормоз жолунан аз болбоого тийиш, айрыкча, автомат локомотив сигнализациясынын жол механизмдери барда поезддин тормоз системасына автомат локомотив сигнализациясы механизмдеринин таасир этиши үчүн керектүү убакыт ичинде поезд өткөн жолдун эске алынышы менен чукул тормоз берүүдө тормоз жолунан кем болбошу керек.
Автобөгөт менен жабдылбаган тилкелерде эскертүүчү светофорлор негизги светофорлордон тормоз берүүдө жана максималдуу ишке ашырылган ылдамдыкта бул жер үчүн белгиленген тормоз жолунан аз эмес аралыкта орнотулат, айрыкча, жакындоо тилкелеринде автомат локомотив сигнализациясынын жол механизмдери барда - максималдуу ишке ашырылган ылдамдыкта поезддин тормоз системасына автомат локомотив сигнализациясы механизмдеринин таасир этиши үчүн керектүү убакыт ичинде поезд өткөн жолдун эске алынышы менен чукул тормоз берүүдө тормоз жолунан кем эмес аралыкта орнотулат.
Автомат локомотив сигнализациясы өз алдынча сигнализация жана байланыш каражаты катары колдонулган тилкелерде чектеш эки бөгөт тилкесинин узундугу максималдуу ишке ашырылган ылдамдыкта поезддин тормоз системасына автомат локомотив сигнализациясы механизмдеринин таасир этиши үчүн керектүү убакыт ичинде поезд өткөн жолдун эске алынышы менен чукул тормоз берүүдө тормоз жолунан кем болбоого тийиш.
6.6. Светофорлор жүрүш багытынын оң жагында же өздөрү тосмологон жолдун огунун үстүндө орнотулат. Туура эмес жолдо бараткан поезддер үчүн эки бекет араларында темир жол өтмөктөрүнүн алдында орнотулган тосмо жана аларга эскертүүчү светофорлор жүрүш багытынын сол жагында да жайгаштырылышы мүмкүн.
Светофорлор өздөрү берген сигналдар поездден чектеш жолдорго тиешелүү сигналдар деп кабыл алууга болбой тургандай орнотулууга тийиш.
Оң жакта светофор орнотуу үчүн габарит жок учурда темир жол начальнигинин чечими менен сол жакта төмөнкү светофорлорду орнотууга жол берилет:
туура эмес жолдо бараткан поезддерди, ошондой эле эки бекет арасынан туура эмес жол менен кайтып келаткан түртүүчү локомотив жана чарба поезддерин бекетке кабыл алуу үчүн орнотулган кириш жана ага эскертүүчү светофорлор;
экинчи жолдордун курулуш мезгилине карата убактылуу орнотулган кириш жана өтмөк светофорлору.
Темир жол начальнигинин чечими менен өзүнчө бекеттерде маневр иштеринин технологиясы менен шартталган жерде сол жакта дөбө светофорлорунун орнотулушуна жол берилет.
6.7. Эреже катары светофорлор түзүк күйгөн сигнал оттору менен колдонулат.
Автобөгөттүү линияларда алардын алдындагы бөнөт тилкесине поезд киргенде күйгөн өтмөк светофорлорунда түзүк күйбөгөн сигнал отторунун колдонулушуна жол берилет.
6.8. Башкаруу механизмдеринин бузугу пайда болгондо светофорлор автомат түрдө тыюучу көрсөткүчтү, эскертүүчү светофорлор – алар менен байланыштуу негизги светофорлордун тыюучу көрсөткүчүнө шайкеш келген көрсөткүчтү көрсөтүүгө тийиш.
6.9. Автобөгөт менен жабдылган тилкелерде өтмөк светофорлорунун түзүк көрсөткүчү уруксат берүүчү, кириш, каттам жана чыгыш светофорлорунун көрсөткүчү тыюучу болот.
Кириш, каттам жана чыгыш светофорлору поезддердин бекеттен өтүүсү үчүн автомат иштөөгө которулушу мүмкүн болгон темир жол тилкелеринде алардын автомат иштөөсүнө которууда уруксат берүүчү көрсөткүчү түзүк болот.
Автобөгөт менен жабдылбаган тилкелерде өтмөк светофорлорунун кириш, каттам жана чыгыш светофорлорунун түзүк көрсөткүчү тыюучу болот.
Калканч светофорлорунун түзүк көрсөткүчү темир жол начальниги тарабынан белгиленет.
6.10. Кириш светофорлору жүнгө каршы жебе котормосунун учунан же жүн боюнча жебе котормосунун чек мамычасынан санаганда биринчи кириш жебе котормосунан эң аз 50 м аралыкта орнотулууга тийиш.
Мурун жебе котормосунан 50 м ден аз, бирок 15 м ден алыс аралыкта орнотулган кириш светофорлору кайра орнотулбашы мүмкүн.
Темир жолдордун электирлештирилген тилкелеринде кириш светофорлору, ошондой эле “Бекет чектери” сигнал белгилери эки бекет араларынын контакт тармагын бекеттердин контакт тармагынан бөлүп турган аба араларынын алдында (эки бекет арасы тараптан) орнотулууга тийиш.
6.11. Чыгыш светофорлору ар бир жөнөтмө жолу үчүн жөнөп бараткан поезддин локомотивинин токтотмосуна арналган жердин алдында орнотулууга тийиш.
Бекеттерде поезддин башы чыгыш светофорунун тышында турган кезде жетиштүү узундугу жок жолдордон поезд жөнөтүүдө анын тескери жагына светофордун кайталоочу башчасынын орнотулушуна уруксат берилет. Чыгыш светофорлорунда кайталоочу башчаны орнотуу керек болгон бекеттердин тизмеси жана мындай учурларда сигналдарды колдонуу тартиби темир жол начальниги тарабынан белгиленет.
Поезддер токтоосуз өткөрүлгөн жолдордон башка, жолдор тобу үчүн чыгыш жана каттам топ светофорлорунун орнотулушуна жол берилет. Чыгыш жана каттам топ светофорлору поезддин жөнөшүнө уруксат берилген жолдун номерин көрсөткөн каттам көрсөткүчтөрү менен толукталышы керек.
6.12. Автомат бөгөттүн өтмөк светофорлору бөгөт тилкелери арасында, жарым автомат бөгөттүн өтмөк светофорлору болсо посттор аралык эки бекет араларынын чектеринде орнотулат.
Автомат локомотив сигнализациясы өз алдынча сигнализация жана байланыш каражаты катары колдонулган тилкелерде бөгөт тилкелеринин чектеринде “Бөгөт тилкесинин чеги” сигнал белгилери орнотулат.
Эки бекет араларында локомотив светофорунун сигналдары боюнча туура эмес жолдо жүргөндө эки жолдуу туура жолдо жүрүү үчүн орнотулган автобөгөт светофору бөгөт тилкесинин чеги болуп саналат.
6.13. Бекеттерде поезд кабыл алуу жана жөнөтүү каттамдарына кирген жебелердин кириш, чыгыш жана каттам светофорлору менен карама-каршы көз карандылыгы болууга тийиш.
6.14. Жол бөгөт же электир таяк системасы механизмдери барда эки бекет араларында башкы жолдон бутактануу жебелери бул механимздер менен эң жакын өтмөк же чыгыш светофорунун ачылышы же таяктын алынышы башкы жолдогу жебенин түзүк абалында гана мүмкүн боло тургандай байлануу болууга тийиш.
6.15. Линиялардын бир деңгээлде кесилиштери жана чиелениши, ошондой эле ажырама көпүрөлөр эки тараптан тең чек мамычаларынан же көпүрөнүн башынан эң аз 50 м аралыкта орнотулган калканч светофорлору менен тосмолонууга тийиш.
Линиялар бир деңгээлде кесилишкен жана чиеленишкенде калканч светофорлорунун алардын бири каршы каттамдардын светофорлорунун тыюучу көрсөткүчтөрүндө гана ачылышы мүмкүн болгондой карама-каршы көз карандылыгы болууга тийиш.
6.16. Поезддердин башкы жана кабыл алуу-жөнөтүү жолдорунда токтоосуз өткөрүлүшү каралган автомат же жарым автомат бөгөтү бар тилкелерде жайгашкан бекеттерде кириш жана каттам светофорлорунда поезддерди бул жолдордон токтоосуз өткөрүү сигнализациясы колдонулууга тийиш.
6.17. Каттамдарда светофорлордун жайгаштырылуу схемалары, ошондой эле жебе абалдарынын жана светофорлордун сигнал көрсөткүчтөрүнүн карама-каршы көз карандылык таблицалары бекеттерде темир жол начальниги тарабынан белгиленет.
6.18. Туруктуу сигналдарды орнотуу жерлери темир жол бөлүмүнүн начальниги тарабынан дайындалган комиссия тарабынан, темир жолдун курамында темир жол бөлүмдөрү жокто - темир жолдун башкы инженери тарабынан белгиленет.
Автомат жана жарым автомат жол бөгөтү
6.19. Эреже катары, эки бекет аралары жол бөгөтү менен, айрым тилкелерде болсо өз алдынча сигнализация жана байланыш каражаты катары колдонулган автомат локомотив сигнализациясы менен жабдылууга тийиш, мында поезддер эки бекет арасында эки тарапка тең локомотив светофорлорунун сигналдары менен жүрөт.
6.20. Автомат жана жарым автомат бөгөт механизмдери кыймылдуу курам өзү тосуп турган бөгөт тилкесин (бекеттер аралык же посттор аралык эки бекет арасындагы) бошотконго чейин чыгыш же өтмөк светофорунун ачылышына, ошондой эле негизгиден резерв электир камсыздыгына же тескери өтүүдө светофордун өзүнөн өзү жабылышына жол бербөөгө тийиш.
6.21. Автомат жана жарым автомат бөгөт менен жабдылган бир жолдуу эки бекет араларында бекетте чыгыш светофорунун ачылышынан кийин поезддердин ушул эле эки бекет арасына каршы багытта жөнөтүлүшү үчүн коңшу бекет тарабынан чыгыш жана өтмөк светофорунун ачылыш ыктымалы жокко чыгарылууга тийиш.
Сигналдардын ушундай эле карама-каршы көз карандылыгы ар жолдо эки тараптуу кыймыл үчүн автомат жана жарым автомат бөгөт менен жабдылган эки жолдуу жана көп жолдуу эки бекет араларында болууга тийиш.
Эки жолдуу такмалары бар автобөгөт менен жабдылган бир жолдуу тилкелерде, ошондой эле автобөгөт светофорлорунун көрсөткүчтөрү боюнча бир багытта жүрүш жүргөн жүк көп ташылган эки жолдуу жана көп жолдуу эки бекет араларында локомотив светофорлорунун сигналдары менен каршы багытта (туура эмес жолдо) жүрүүнү камсыздоого жол берген механизмдер каралышы мүмкүн. Колдонулган техникалык чечимдерге жараша бул механизмдер туруктуу иштейт же оңдоо, курулуш жана калыбына келтирүү жумуштарын жасоо мезгилине карата жүргүзүлөт.
6.22. Автомат бөгөттө бүткүл светофорлор өздөрү тосуп турган бөгөт тилкелерине поезд киргенде, ошондой эле бул тилкелердин рельса чынжырларынын бүтүндүгү бузулган учурда автомат түрдө тыюучу көрсөткүчтү көрсөтүүгө тийиш.
6.23. Жол бөгөтү менен жабдылган тилкелердеги бекеттерде бул механизмдердин чарба поезддери үчүн таяк ачкычтары болууга тийиш, түртүүчү локомотиви кайткан поезд түртүү колдонулган жарым автомат бөгөтү бар бекеттерде болсо – алар үчүн да таяк ачкычтары болууга тийиш.
Автомат бөгөт менен жабдылган бир жолдуу линияларда, ошондой эле ар бир жолунда эки тараптуу автобөгөтү бар эки жолдуу эки бекет араларында, маневр курамынын бекет чегинен тышка чыгуусу менен маневр иштери жасалган бекеттерде автомат бөгөт механизмдери зарыл учурда аларга байланыштуу маневр светофорлору менен толукталат.
6.24. Автомат жана жарым автомат бөгөт менен жабдылган линияларда жайгашкан бекеттерде төмөкү механизмдер болууга тийиш:
ээленген жолго орнотулган каттамда кириш светофорунун ачылышына жол бербеген;
башкаруу аппаратында жол жана жебелердин ээленгенин текшерүүнү камсыздаган механизмдер.
Жарым автомат бөгөттө бекеттерде төмөнкүлөргө жол берген механизмдер болушу мүмкүн:
бузуктугунан улам жөнөтүү каттамында жебелүү обочолонгон тилкелердин боштугун текшерүүнү өчүрүү;
поезд иш жүзүндө өтө элек болсо, жабылган чыгыш светофорун кайра ачуу;
поезддин толук курамда келишин автомат текшерүүнү камсыздоо механизмдери.
6.25. Автомат бөгөт автомат локомотив сигнализациясы жана диспетчер көзөмөл механизмдери, жарым автомат бөгөт болсо жолдун белгилүү тилкелеринде автомат локомотив сигнализациясы менен толукталууга тийиш.
6.26. Автобөгөт менен жабдылган тилкелерде поезд кыймылына диспетчер көзөмөлүн жүргүзүү механизмдери белгиленген жүрүш багытын (бир жолдуу эки бекет араларында), бөгөт тилкелеринин, ара бекеттерде башкы жана кабыл алуу-жөнөтүү жолдорунун ээленгенин, кириш тжана чыгыш светофорлорунун көрсөткүчтөрүн текшерүүнү камсыздоого тийиш.
Ушул талаптар тарамында саналгандардан башка жаңыдан киргизилип жаткан диспетчер көзөмөлү системалары СББ механизмдеринин техникалык абалын текшерүүнү камсыздоого тийиш.
Жебе жана светофорлордун электирлүү борборлоштуруусу
6.27. Электирлүү борборлоштуруу механимздери:
жебе жана светофорлордун карама-каршы жабылышын;
бул каттамды тосуп турган светофордун бир эле убакта жабылышы менен жебенин кыймылдуу курамдын дөңгөлөктөрү тарабынан жүн боюнча которулушун текшерүүнү;
башкаруу аппаратында жебе абалдарын жана жолдор менен жебе секцияларынын ээленгенин текшерүүнү;
жебе жана светофорлорду каттам же өзүнчө башкаруу мүмкүндүгүн, маневр светофорлорунун көрсөткүчтөрү боюнча маневр кыймылдарын жасоо, зарыл болгондо жебелерди жергиликтүү башкарууга өткөрүүнү камсыздоого тийиш.
6.28. Электирлүү борборлоштуруу механимздери:
ээленген жолго орнотулган каттамда кириш светофорунун ачылышына;
кыймылдуу курамдын астында жебенин которулушуна;
жебелер тиешелүү абалга коюлбаган болсо, бул каттамга шайкеш светофорлордун ачылышына;
белгиленген каттамды тосуп турган ачык светофордо каттамга кирип бараткан жебенин которулушуна же светофордун, каршы каттамдын ачылышына жол бербөөгө тийиш.
6.29. Борборлоштурулган жебелердин жүргүзгүчтөрү менен бекиткичтери жебелердин акыркы абалдарында кысылган учтун рамалуу рельсага жана кыймылдуу киндиктин мурутчага тыгыз жатуусуна;
кысылган уч менен рамалуу рельса же кыймылдуу киндик менен мурутча арасындагы боштук 4 мм жана андан көбүрөөк кезде жебе учунун же крестовинанын кыймылдуу киндигинин бекилишине жол бербөөгө;
рамалуу рельсадан башка учту эң аз 125 мм ге алыстатууга тийиш.
Диспетчер борборлоштуруусу
6.30. Диспетчер борборлоштуруу механизмдери:
бир катар бекет жана эки бекет арасынын жебе жана светофорлорун бир жайдан башкарууну;
башкаруу аппаратында жебелердин абалын жана ээленгенин, эки бекет араларынын, бекеттердеги жолдордун жана аларга жанаша жаткан бөгөт тилкелеринин ээленгенин, ошондой эле кириш, каттам жана чыгыш светофорлорунун көрсөткүчтөрүнүн кайталанышын текшерүүнү;
бекеттерди поезд кабыл алуу, жөнөтүү жана маневр жасоо боюнча жебе жана светофорлорду резерв башкаруу же маневр жасоо үчүн жебелерди жергиликтүү башкарууга өткөрүү мүмкүндүгүн;
поезддердин аткарылган жүрүшүнүн графигин автомат жазууну;
өз алдынча сигнализация жана байланыш каражаты катары колдонулган электирлүү борборлоштурууга, автомат бөгөткө, автомат локомотив сигнализациясына жана поезддин толук курамда келишин автомат көзөмөлү бар жарым автомат бөгөткө карата коюлган талаптардын аткарылышын камсыздоого тийиш.
Жаңы диспетчер борборлоштуруу системалары бөгөт тилкелери жалган ээленген учурда поезд диспетчери тарабынан жүрүш багытынын өзгөртүлүш жана өтмөк сигнализациясынын иштөөсүнүн түзүктүгүн көзөмөл кылуу мүмкүндүгүн камсыздоого тийиш.
Жанаша жаткан бекеттердин жебе жана светофорлорун телебашкаруу механизмдери диспетчер борборлоштуруу механизмдерине карата коюлган талаптардын аткарылышын камсыздоого тийиш.
Автомат локомотив сигнализациясы жана коопсуздук механизмдери
6.31. Автомат локомотив сигнализациясында локомотив светофорлору поезд жакындап келе жаткан жол светофорлорунун көрсөткүчтөрүнө шайкеш көрсөткүчтөрдү берүүгө тийиш.
Локомотив светофорлорунун көрсөткүчтөрүнө жараша гана жүргөндө бул светофорлор алдыда жаткан бөгөт тилкелеринин ээленгени же боштугуна жараша көрсөткүчтөрдү берүүгө тийиш.
Локомотив светофорлору локомотив, моторвагондуу поезд, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын башкаруу кабинасында орнотулат жана дрезина айдоочусу жана анын жардамчысына сигнал көрсөткүчтөрүн берет.
Локомотив, моторвагондуу поезд, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдагы автомат локомотив сигнализациясы белгиленген жүрүш ылдамдыктарын, поезддин өзүнөн өзү кетишин жана машинисттин кыраакылыгын мезгил мезгили менен текшерүүнү көзөмөл кылууну камсыздаган коопсуздук механизмдери менен толукталууга тийиш. Машинист локомотивди, моторвагондуу поездди, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамды, дрезина айдоочусу болсо дрезинаны башкаруу жөндөмүн жоготкон учурда көрсөтүлгөн механизмдер тыюучу көрсөткүчү бар жол светофорунун алдында поезддин автомат түрдө токтоосун камсыздоого тийиш.
Өз алдынча сигнализация жана байланыш каражаты катары колдонулган автобөгөт же автомат локомотив сигнализациясы менен жабдылган тилкелердеги бекеттерде башкы жолдор, жүргүнчү поезддерин кабыл алуу жана жөнөтүү жолдору, ошондой эле поезддерди токтобостон өткөрүү үчүн кабыл алуу-жөнөтүү жолдору автомат локомотив сигнализациясынын жол механизмдери менен жабдылууга тийиш.
Айрым бекеттер үчүн автомат локомотив сигнализациясынын жол механизмдеринин болбошуна Кыргыз темир жолунун уруксаты менен гана жол берилиши мүмкүн.
Жарым автомат бөгөттө жакындоо тилкелери жана бекеттердин башкы жолдору автомат локомотив сигнализациясынын жол механизмдери менен жабдылышы мүмкүн.
Жебе жана сигналдардын ачкычтан көз карандылыгы
6.32. Ачкычтан көз карандылык механизмдери жебе жана сигналдардын көзөмөл кулпуларынын жардамы менен өз ара бекилишин камсыздоого тийиш.
6.33. Жебе көзөмөл кулпулары:
ачкычтын жабык жебеде гана чыгарылышына жол берүүгө;
учтун рамалуу рельсага тыгыз жанашуусу шартында кулпудан суурулган ачкычта көрсөтүлгөн абалда гана жебени бекитүүгө;
кысылган уч менен рамалуу рельсанын арасындагы тешик 4 мм жана андан көбүрөөк болгондо жебенин бекитилишине жол бербөөгө тийиш.
Бир эле сериядагы жебе көзөмөл кулпуларынын бир бекеттин чектеринде, ири бекеттерде болсо – бир жебе районунун жана башка райондордун ага чектеш жебе постторунун чектеринде колдонулушуна жол берилбейт.
Бекет бөгөтү
6.34. Бекет бөгөтү:
посттордун поезд кабыл алуу жана жөнөтүү каттамдарын жана бекет ичи каттамдарды даярдоосунун тууралыгынын бекет нөмөтчүсү тарабынан көзөмөл кылынышын;
түрлүү посттордон башкарылган жебе жана сигналдардын өз ара бекилишин камсыздоого тийиш.
Сорттомо дөбөлөрүнүн механикалаштыруу жана автоматташтыруу механизмдери
6.35. Сорттомо дөбөлөрүнүн механикалаштыруу жана автоматташтыруу механизмдери курамдардын эсептеги (долбоордогу) таркатуу ылдамдыгы менен үзгүлтүксүз, туруктуу жана коопсуз таркатылышын камсыздоого тийиш, мында ар тормоз позициясында тормоз каражаттарынын күчү бул ылдамдыктын ишке ашырылышына жана вагондорду сорттоо коопсуздугун камсыздоого тийиш.
Механикалаштырылган сорттомо дөбөлөрүндө сорттомо жолдорунда курамдан ажыратылган вагон(дор)ду бөлүштүрүүдө курамдарды таркатууга катышкан жебе котормолору электирлүү дөбө же автомат дөбө борборлоштуруусуна камтылган болууга тийиш.
Дөбө борборлоштуруусу:
жебелерди жекече башкарууну;
курам таркатылган бүткүл жүн боюнча жебелердин, ошондой эле кыймылдуу курамдын таркатуу аймагына чыгышына жол бербеген коргоо жебелеринин электирлүү бекилишин;
башкаруу пультунда жебелердин абалын жана жебе секцияларынын ээленгенин көзөмөл кылууну камсыздоого тийиш.
Дөбө борборлоштуруусу кыймылдуу курамдын астында жебенин которулушуна жол бербөөгө тийиш.
Айрыкча жебелердин автомат дөбө борборлоштуруусу:
курамдан ажыратылган вагон(дор)ду иштөөнүн программа же каттам режимдеринде кулатуунун жүрүшүндө сорттомо дөбөсүнүн бөлүштүрүү аймагынын жебелерин автомат башкарууну;
которуу учурунда жебе учу менен рамалуу рельсанын арасында тоскоолдук пайда болгон кезде курамдан ажыратылган вагон(дор)дун обочолонгон жебе секциясына киришине чейин жебенин көзөмөл кылынуучу абалга автомат түрдө кайтышын;
таркатуунун жүрүшүндө жебелерди жекече башкарууга өтүү мүмкүндүгүн камсыздоого тийиш.
Автомат дөбө борборлоштуруусу бар механикалаштырылган дөбөлөргө карата коюлган талаптарды аткаруудан башка, автоматташтырылган сорттомо дөбө механизмдери:
курамдарды жылдыруу жана таркатууну башкаруу жана көзөмөл кылууну;
курамдан ажыратылган вагон(дор)дун кулатылыш ылдамдыгын автомат жөнгө салынышын;
курамдарды таркатуунун натыйжаларын көзөмөл кылууну;
сорттомо дөбөсүнүн маалымат-пландоо системасы менен маалымат алмашууну камсыздоого тийиш.
Автомат өтмөк сигнализациясы жана автомат шлагбаумдар
6.36. Автомат өтмөк сигнализациясы автомобиль жолу тарапка токтоо сигналын берүүгө, автомат шлагбаумдар болсо поезддин темир жол өтмөгүнө жакындашына чейин темир жол өтмөгүнүн транспорт каражаттарынан алдын ала бошотулушу үчүн керектүү убакыт ичинде жабык абалга келүүгө тийиш.
Автомат өтмөк сигнализациясы поезд темир жол өтмөгүн толук бошотконго чейин иштеп турууга, автомат шлагбаумдар болсо жабык абалда калууга тийиш.
Поезддин жакындашын кабарлаган автомат системалар
6.37. Автобөгөттүү эки бекет аралары жана электирлүү жебе борборлоштуруусу бар бекеттер Кыргыз темир жолу тарабынан бекитилген пландарга жараша поезддин жакындаганын жумушчуларга автомат кабарлоо системасы менен жабдылууга тийиш.
Поезд жүрүшүндө кыймылдуу курамдын техникалык абалын автомат текшерүү каражаттары
6.38. Поезд жүрүшүндө кыймылдуу курамдын техникалык абалын автомат текшерүү каражаттары:
алдыда жаткан бекеттин нөмөтчүсүнө, диспетчер борборлоштуруусу менен жабдылган тилкелерде болсо поезд диспетчерине поездде бузук кыймылдуу курамдын барлыгы жана жайгашкан жери менен бузук түрү тууралуу маалыматты берүүнү;
локомотив машинистине поезддерде бузук вагондордун барлыгынын көрсөткүчүнүн жаркыраган тилкелеринин жардамы менен маалыматты же поездде бузук кыймылдуу курамдын барлыгы тууралуу кеп маалымдоочусунун кабарын берүүнү;
алдыда жаткан бекеттин нөмөтчүсүнө, диспетчер борборлоштуруусу менен жабдылган тилкелерде болсо поезд диспетчерине поездде бузук кыймылдуу курамдын барлыгы жана жайгашкан жери менен бузук түрү тууралуу маалыматты каттону камсыздоого тийиш.
Көрсөтүлгөн текшерүү каражаттарын колдонуу, жайгаштыруу, техникалык тейлөө жана иштетүү тартиби Кыргыз темир жолу тарабынан белгиленет.
Поезд жана вагондордо коммерциялык кемчиликтерди автомат табуу механизмдери
6.39. Поезд жана вагондордо коммерциялык кемчиликтерди автомат табуу механизмдери (поезддерди автоматташтырылган коммерциялык кароо системасы же анын айрым элементтери - электрондук габарит дарбазасы, электрондук вагон таразасы, телекөрмө видеокөзөмөл системасы):
Төшөмө үстү механизмдерден коммерциялык кароо жайынын операторунун терминалына поездде бузуктары (жүктөө габарити, жүктөрдү ачык кыймылдуу курамда жайгаштыруу жана бекитүүнүн техникалык шарттары бузулган, вагондорго ашык жүк жүктөлгөн ж.б.) бар вагондордун барлыгы жана жайгашуусу тууралуу маалыматты берүүнү;
Кагаз же башка алып жүрүүчүлөрдө (дискета, видеокассета) колдонуу жана сактоо үчүн берилүү шарты менен берилип жаткан маалыматтын оператордун терминал жабдыгында катталышын;
тиешелүү документациянын таризделишин камсыздоого тийиш.
Көрсөтүлгөн текшерүү каражаттарын колдонуу, жайгаштыруу, техникалык тейлөө жана иштетүү тартиби Кыргыз темир жолу тарабынан белгиленет.
Кыймылдуу курамдын поезддердин жүрүш каттамдарына өзүнөн өзү чыгышынын алдын алуу механизмдери
6.40. Коргоочу туюктар, коргоочу жебелер, ыргытма башмактар, ыргытма учтар же ыргытма жебелер сыяктуу механизмдер алардын борборлоштурууга камтылышы боюнча ушул Эрежелердин талаптарына шайкеш болууга (коргоочу туюктар үчүн – туюкка алпарган жебе), тосмо абалына көзөмөлү жана поезддердин башка жолдорго жана кабыл алуу, жүрүш жана жөнөтүү каттамдарына өзүнөн өзү чыгышынын алдын алууга жол бербөөгө тийиш.
Зарыл учурда ыргытма механизмдерин (ыргытма башмактар, ыргытма учтар же ыргытма жбелер) орнотуу жерлери КР темир жолундагы сигнализация нускамасына жараша көрсөткүчтөр менен жабдылат.
Байланыш
6.41. Темир жолдун бүткүл тилкелеринде поезд диспетчерканасы, бекеттер аралык, бекет асты, линия-жол, жебе байланышы болууга тийиш.
Автобөгөт, диспетчер борборлоштуруусу менен жабдылган тилкелерде жана бүткүл электирлештирилген тилкелерде энергия диспетчери жана эки бекет арасы байланышы болууга тийиш.
Кабелдүү байланыш линиялары бар тилкелерде СББ жана байланыш электир механиктеринин кызмат байланышы болууга тийиш.
Айрыкча, темир жолдордо магистраль, жол, жол буйрук, билет диспетчери, вагон диспетчери, маневр диспетчери, маалымат эсептөө, жергиликтүү жана поезд жүрүштөрүн, билет сатуу жана линия бөлүмчөлөрүнүн иштерин жетектөө үчүн телефон жана телеграф байланышынын башка түрлөрү да болууга тийиш.
6.42. Темир жолдун бүткүл тилкелери поезд радиобайланышы менен жабдылууга тийиш.
Поезд радиобайланышы поезд локомотивдеринин, моторвагондуу поезддердин, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын машинисттеринин: поезд диспетчери менен бүткүл диспетчер тилкесинин чектеринде; эки бекет арасын чектеген бекеттердин нөмөтчүлөрү менен; бир эки бекет арасында турган каршы жана аркадан келаткан локомотивдердин, моторвагондуу поезддердин, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын машинисттери менен; өмөк жана депо нөмөтчүлөрү менен; оңдоо иштеринин жетекчилери жана сигналчылар менен; поезд жана объекттерде аскерлештирилген (ведомство) кайтаруу аткычтары менен; кабинадан чыгышта машинисттин жардамчысы менен; жүргүнчү поездинин начальниги (бригадир механиги) менен, вагон текшерүүчүсү-оңдоочулары менен эки тараптуу ишенимдүү байланышын камсыздоого тийиш.
Бекеттин жабылышы же бекет нөмөтчүлөрүнүн нөмөтүнүн жоюлушуну натыйжасында эки бекет араларынын узундугу 15 км ден ашканда, мындан ары поезд радиобайланышынын жаңы системаларынын киргизилишине чейин поезд локомотивдеринин, моторвагондуу поезддердин, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын машинисттеринин эки бекет арасында баратканда поезд диспетчери менен туруктуу радиобайланыш бар шартта эң жакын бекет нөмөтчүсү менен радиобайланышын камсыздоого уруксат берилет. Мында машинисттер, поезддердин жүрүш коопсуздугун камсыздаган поезд диспетчери жана бекет нөмөтчүлөрү менен иштешүү тартиби жана мындай эки бекет араларынын тизмеси темир жол начальниги тарабынан белгиленет.
Поезддер жыш жүргөн жана диспетчер борборлоштуруусу бар темир жол тилкелеринде киргизилип жаткан жаңы поезд радиобайланыш системалары эки бекет араларынын узундугуна карабастан ушул тарамда саналып өткөн жумушчулардын ишенимдүү эки тараптуу байланышын камсыздоого тийиш.
Поезд радиобайланышынын техникалык ченемдери жана колдонуу эрежелери Кыргыз темир жолу тарабынан белгиленет, поезд радиобайланышы бузук кезде жүрүш коопсуздугун камсыздаган тартип КР темир жолунда поезд кыймылы жана маневр иштери нускамасында каралат.
6.43. Технологиялык муктаждыкка жараша бекеттерде бекет радиобайланышы, эки тараптуу парк байланыш механизмдери жана жүргүнчү маалымдоо үчүн байланыш колдонулууга тийиш.
Бекет радиобайланышы маневр жана дөбө радиобайланыш тармактарында, бекет технологиялык борборлорунун, вагон жана локомотивдерди техникалык тейлөө жайларынын радиобайланышында, вагондорду коммерциялык кароо жайларынын, жүк райондорунун, контейнер аянтчаларынын, техникалык каражаттарды (СББ, маалыматташтыруу жана байланыш, жол, контакт тармагын ж.б.) тейлөө жана оңдоо бригадаларынын, аскерлештирилген (ведомство) кайтаруу бөлүмчөлөрүнүн радиобайланышында эки тараптуу байланышты камсыздоого тийиш.
Бир бекеттин чектеринде түрлүү маневр райондору үчүн бирдей радиожыштыктардын колдонулушуна жол берилбейт. Бекеттин ар маневр району жана аны тейлеген локомотивдер үчүн бөлөк радиожыштык бөлүнөт.
Эки тараптуу парк байланыш каражаттары парк чектеринде жакшы угулууну камсыздоого тийиш. Бул каражаттардын темир жолдун аймагынын тышында ызы-чууну азайтуу үчүн багытталган таасири болууга тийиш.
Поезд жана маневр иштери тууралуу көрсөтмө берүү, ошондой эле жүргүнчү маалымдоо үчүн колдонулган эки тараптуу парк байланыш каражаттары дайыма күйүп турууга, байланыш каналдарынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоого, күйүк абалына көзөмөлгө ээ болууга тийиш.
6.44. Бекеттерде (темир жол начальниги тарабынан белгиленген тизмеге жараша) жана диспетчер тилкелеринде поезд жана бекет радиобайланыш механизмдери сүйлөшүүлөрдү документтештирилген каттоо системасы менен жабдылууга тийиш.
Сүйлөшүүлөрдү документтештирилген каттоо системасын колдонуу тартиби темир жол жетекчилиги тарабынан белгиленет.
6.45. Эки бекет араларында жана жүк чыңалган линиялар бекеттеринде оңдоо иштерин башкаруу үчүн оңдоо бөлүмчөлөрүнүн ичинде жумуштардын жетекчиси, локомотив машинисттери, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам машинисттери жана тиешелүү кызматтын нөмөтчү аппараты менен иштөө жетекчиси менен ишенимдүү эки тараптуу байланыштын камсыздалышына арналган оңдоо-ыкчам радиобайланышы колдонулууга тийиш.
Мындай байланыш менен жабдылган тилкелердин тизмеси темир жол начальниги тарабынан белгиленет.
6.46. Поезд кыймылына байланыштуу эмес маселелер боюнча поезд диспетчери жана жебе байланышын колдонууга жол берилбейт.
Борборлоштуруунун аткаруу посттору, жебе посттору жана бекет нөмөтчүсүнүкүнөн башка жебе байланыш тармагына башка телефондордун кошулушуна жол берилбейт.
Поезд диспетчер байланышына бекет нөмөтчүлөрү, маневр диспетчерлери, операторлор, локомотив депо, алмаштыруу жайларынын нөмөтчүлөрү, энергия диспетчерлери жана локомотив диспетчерлери, темир жолдун электир энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо боюнча түзүм бөлүмчөлөрүнүн диспетчерлеринин гана телефондорунун кошулушуна жол берилет. Поезд диспетчер байланышына диспетчер борборлоштуруусу бар тилкелерде темир жол бөлүмүнүн начальнигинин, темир жолдун курамында темир жол бөлүмдөрү жокто - темир жолдун башкы инженеринин чечими менен өтмөк нөмөтчүлөрүнүн телефондорунун кошулушуна жол берилет.
Штатта ташуу кызматынын нөмөтчү жумушчулары жок бекеттерде же алар штатта бар, бирок күнү-түнү нөмөт каралбаган болсо, поезд диспетчер байланышына бекет начальниктери, СББ электир механиктер жана электир монтерлорунун батирлеринде орнотулган телефондордун (сүйлөшүү механизмдеринин) кошулушуна уруксат берилет.
Бул жагдайларда поезд диспетчери батирлерде орнотулган телефондорду (сүйлөшүү механизмдеринин) сүйлөшүү убагына карата гана кошот.
Поезд диспетчер байланышынын зымдарына эки бекет араларында (аргасыз токтогондо) дрезина айдоочуларынын, калыбына келтирүүчү жана өрт өчүрүүчү поезддердин начальниктеринин, СББ электир механиктер жана электир монтерлорунун жана жолду калыбына келтирүү жумуштарынын, жол жумуштарынын жана электир камсыздык механизмдери боюнча жумуштардын жетекчилеринин ташыма телефондорун убактылуу кошууга жол берилет.
Бекеттер аралык поезд байланышына бекет нөмөтчүлөрүнүн, айрыкча автобөгөттүү тилкелерде эки бекет арасы жана өтмөк нөмөтчүлөрүнүн гана телефондорунун кошулушуна жол берилет.
Темир жол транспортунун маалымат-эсептөө системасы
6.47. Маалымат-эсептөө системасы:
маалымат киргизүү, өткөрүп берүү, иштеп чыгуу жана сактоо;
эсеп натыйжаларын белгиленген мөөнөттөрдө керектөөчүлөргө берүү;
темир жол транспортунун бүткүл тармактарында пландоо, ыкчам башкаруу, каттоо, статистика маселелерин чечүү мүмкүндүгүн камсыздоого тийиш.
Техника жана программа каражаттары дайыма иштөөгө жөндөмдүү жана активдүү абалда каралууга, талап кылынган ишенимдүүлүк жана аныктыкты камсыздоого тийиш.
Терминалдын жана башка жабдыктардын темир жол транспортунун маалымат-эсептөө системасына кошулушу темир жолдун жетекчилиги тарабынан бекитилген документтерге жасалууга тийиш.
Байланыш жана СББ линиялары
6.48. Эки бекет араларындагы байланыш жана СББнын кабелдүү линиялары эреже катары топурак полотносунун чектеринен тышкаркы темир жол бою тилкесинде жаткырылууга тийиш. Айрым учурларда кабелдүү линиялардын иштеп жаткан эрежелердин сакталышы шарты менен топурак полотносунда жаткырылышына жол берилет. Була-оптика кабелдеринин негизиндеги байланыш линиялары контакт тармагынын же автобөгөт линияларынын тиректеринде асуу ыкмасы менен аткарылышы мүмкүн.
Асуу ыкмасы менен аткарылган кабелдүү байланыш линиялары максималдуу асма жебесинде (стрела провеса) төмөнкүдөй бийиктиктерден кем эмес болууга тийиш:
5,0 м – калк жайгашпаган жергеде жерден өйдө;
6,0 м - калк жайгашкан жергеде жерден өйдө;
4,5 м – жүргүнчү платформаларынын бетинен өйдө;
7,0 м – темир жол өтмөктөрүндө автомобиль жолдорунун полотносунан өйдө.
Максималдуу асма жебесинде байланыш жана СББнын аба линиялары төмөнкүдөй бийиктиктерден кем эмес болууга тийиш:
2,5 м - калк жайгашпаган жергеде жерден өйдө;
3,0 м - калк жайгашкан жергеде жерден өйдө;
5,5 м – кесилип өткөн автомобиль жолдорунун полотносунан өйдө;
7,5 м - кесилип өткөн электирлештирилбеген темир жолдорунун рельса башчаларынын үстүнөн өйдө.
Электирлештирилген темир жолдорунун кесилиштери кабель менен гана аткарылат.
6.49. Байланыш жана СББнын линиялары зыянга учураганда төмөнкүдөй кезек менен калыбына келтирилүүгө тийиш:
поезд диспетчер байланышынын иштөөсүн камсыз кылган каналдар менен тракттары;
жол бөгөтү, энергия диспетчери байланышынын, электир таяктуу системанын, бекеттер аралык поезд байланышынын жана электир камсыздык механизмдеринин телебашкаруу каналдары;
магистраль байланыш каналдары;
калган байланыш жана СББ каналдары.
Тилкеде иштеп жаткан эки же андан көп байланыш жана СББнын линиялары бир убакта зыянга учураганда калыбына келтирүү кезеги линиялардын күчү менен аныкталат жана төмөнкүдөй болууга тийиш:
була-оптика байланыш линиялары;
метал кабелдин негизиндеги байланыш линиялары;
байланыш жана СББнын аба линиялары.
6.50. Байланыш жана СББнын курулма жана механизмдери тартуу агымынын тоскоолдук кылган жана кооптуу таасиринен, электир өткөрүү линиялары жана чагылган разряддарынын корголгон болууга тийиш.
Байланыш жана СББнын механизмдеринин техникалык тейлениши
6.51. Өздөрүнүн жардамы менен түрлүү көз карандылыктар ишке ашырылган СББ аппараттары, ошондой эле поезд жана бекет радиобайланышынын аппараттары жабык жана пломбаланган болууга тийиш; алардын ачылышына темир жолдун электир энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо боюнча түзүм бөлүмчөлөрүнүн буга ыйгарым укук берилген жумушчусу тарабынан гана жол берилет жана бул механизмдерди текшерүү журналында алдын ала жазуу жазылууга тийиш. СББ жана радиобайланыш аппараттарында пломбалардын бүтүндүгү үчүн бул аппараттарды колдонгон нөмөтчү жумушчулар (бекет нөмөтчүлөрү, борборлоштуруу постунун операторлору, жебе постунун нөмөтчүлөрү, локомотив машинисттери ж.б.) жооптуу.
6.52. Темир жолдун электир энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо боюнча түзүм бөлүмчөлөрүндө колдо бар СББ жана байланыш механизмдеринин жана алар тейлеген башка механизмдердин чиймелери менен сүрөттөмөлөрү, тиешелүү стандарт жана ченемдери болууга тийиш. Бүткүл өзгөрүүлөр бул документтерге убагында киргизилиши керек.
СББ, байланыш жана эсеп техникасынын механизмдеринде типтүү эмес техникалык чечимдердин колдонулушуна жол берилбейт.
6.53. СББ механизмдеринин көз карандылыктарынын убактылуу өзгөртүлүшүнө темир жол бөлүмүнүн начальнигинин, темир жолдун курамында темир жол бөлүмдөрү жокто - темир жолдун башкы инженеринин чечиминин негизинде гана беш күндөн ашпаган мөөнөткө, андан чоңураак мөөнөткө болсо темир жол начальнигинин чечиминин негизинде гана жол берилиши мүмкүн.
6.54. Белгиленген көз карандылыктардын бузулушун же иштөөсүнүн убактылуу токтотулушуна алып келген СББ механизмдерин жана аспаптарын кайра жабдуу, көчүрүү, оңдоо, сыноо жана алмаштыруу боюнча пландуу иштер кыймыл коопсуздугун жана жумуш жасоону камсыздоо үчүн жооптуу жетекчилердин дайындалыш шарты менен темир жол бөлүмүнүн начальнигинин, темир жолдун курамында темир жол бөлүмдөрү жокто - темир жолдун башкы инженери тарабынан бекитилген, эң кыска мөөнөттө аткарылышы каралган графиктерге жараша жасалууга тийиш. Ар кандай жагдайларда мындай жумуштар бекетте бул жумуштардын жетекчиси тарабынан Жол, жебе котормолору, СББ, байланыш жана контакт тармагы механизмдерин текшерүү журналында алдын ала таризделиш шарты жана бекет нөмөтчүсүнүн макулдугу менен жасалууга тийиш. Диспетчер борборлоштуруусу бар тилкелерде окшош жумуштар поезд диспетчеринин макулдугу менен гана жасалууга тийиш.
Механизмдер бекет нөмөтчүсүнүн бөлмөсүнөн өтө узак жайгашканда бул механизмдерди ишке киргизүү тууралуу жазуу, ошондой эле бузуктарды жоюу боюнча күтүлбөгөн жумуштарды жасоо үчүн бул механизмдерди убактылуу өчүрүү тууралуу жазуу ошол эле журналда катталган, Жол, жебе котормолору, СББ, байланыш жана контакт тармагы механизмдерин текшерүү журналында андан ары жумуштардын жетекчисинин жеке колу коюла турган, бекет нөмөтчүсүнө тапшырылган телефонограмма менен алмаштырылышы мүмкүн.
Белгиленген көз карандылыктар бузулбаганда СББнын айрым механизм жана аспаптарды алмаштыруу жана өчүрүү Жол, жебе котормолору, СББ, байланыш жана контакт тармагы механизмдерин текшерүү журналында катталбастан бекет нөмөтчүсүнүн (диспетчер борборлоштуруусу бар тилкелерде - поезд диспетчеринин) макулдугу менен жасалышы мүмкүн. Мындай механизм жана аспаптарды алмаштыруу жана өчүрүү жумуштарынын тизмеси Кыргыз темир жолу тарабынан белгиленет.
Бүткүл жагдайларда СББнын колдонуудагы механизмдеринин сынактары бекет нөмөтчүсүнүн макулдугу менен жана байкоосу астында, диспетчер борборлоштуруусу бар тилкелерде поезд диспетчеринин макулдугу менен өткөрүлүүгө тийиш.
6.55. Сигнал аспаптарынын жарыктандыруусу сигналдардын даана көрүнүүсүн камсыздоого тийиш.
Светофорлор жана каттам көрсөткүчтөрүнүн өз убагында жана үзгүлтүксүз жарыктандырылышын камсыздоо - темир жолдун электир энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо боюнча түзүм бөлүмчөлөрүнүн начальниктерине;
жебе көрсөткүчтөрүнүн, ыргытма механизмдеринин көрсөткүчтөрүнүн, жол тосмосунун жана бекеттердеги гидравликалуу колонкаларынын – бекет начальниктерине;
локомотив, вагон, жол жана башка чарбалардын жолдорундагы сигнал аспаптарынын – тиешелүү бөлүмчөлөрдүн начальниктерине жүктөлөт.
Бекет жолдорунда сигнал аспаптарынын жарыктандыруу механизмдеринин электир менен камсыздоо темир жолдун электир энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо боюнча түзүм бөлүмчөлөрү тарабынан камсыздалат.
6.56. Темир жолдун электир энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо боюнча түзүм бөлүмчөлөрүнүн жумушчулары светофорлор жана каттам көрсөткүчтөрүнүн сигнал көрсөткүчтөрүнүн дайыма түзүк көрүнүүсүн камсыздоого тийиш.
Светофор көрсөткүчтөрүнүн көрүнүүсү электир механиги тарабынан светофор лампаларынын ар алмаштырылышынан кийин жолдон текшерилүүгө тийиш.
Эки бекет аралары жана бекеттердин башкы жолдорундагы сигналдардын көрүнүүсү ага электир механиги тарабынан эң аз бир айда бир жолу локомотивден жана темир жолдун электир энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо боюнча түзүм бөлүмчөсүнүн начальниги тарабынан эң аз үч айда бир жолу текшерилүүгө тийиш.
Темир жолдун электир энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо боюнча түзүм бөлүмчөлөрүнүн жана локомотив чарбасынын начальниктери жана орун басарлары эң аз үч айда бир жолу локомотивден автомат локомотив сигнализациясы, радиобайланыш жана коопсуздук механизмдерин текшерүүгө тийиш.
6.57. Жол, СББ, электир камсыздыгы, кыймылдуу курам жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам механизмдери электирлүү рельса чынжырларынын дайыма ишенимдүү иштөөсүн камсыздоого тийиш.
Электирлүү рельса чынжырларынын дайыма ишенимдүү иштөөсүн камсыздаган жол, СББ, электир камсыздыгы, кыймылдуу курам жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам механизмдерин техникалык тейлөө тартиби жана кароо ченемдери Кыргыз темир жолу тарабынан белгиленет.
6.58. СББ жана байланыш механизмдерин пайдаланган жумушчуларга аларды колдонуу тартиби үйрөтүлүүгө тийиш, алардын билими текшерилүүгө тийиш.
Темир жолдун электир энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо боюнча түзүм бөлүмчөсүнүн начальниги СББ жана байланыш механизмдерин пайдаланган башка кызматтардын жумушчуларына үйрөтүүнү камсыздайт.
Үйрөтүү жана бул механизмдерди билүүнү мезгил мезгили менен текшерүү үчүн кол алдындагыларга карата ар начальник жооптуу.
7.1. Электир менен камсыздык механизмдери төмөндөгүлөрдү ишенимдүү электир камсыздыгы менен камсыздоого тийиш:
Белгиленген салмак ченемдери, ылдамдыктары жана талап кылынган жүрүш өлчөмдөрүндө араларында интервалдары бар поезддердин жүрүшү үчүн электирлүү кыймылдуу курамды;
1-категориядагы электир энергиясын керектөөчүлөр катары СББ, байланыш жана эсептөө техникасынын механизмдерин. Транспорт министирлигинин уруксаты менен кайра куруунун аягына чыгарылышына чейин бул механизмдердин II категория боюнча электир менен камсыздалышына жол берилет;
белгиленген категорияга жараша темир жол транспорта калган бүткүл керектөөчүлөрүн.
Мурунку 36 саат ичинде электир өчүрүлбөгөн болсо, автомат жана жарым автомат бөгөттүн электир камсыздык булагынын аккумуляторлуу резерви барда ал дайымкы даярдыкта болууга жана СББ жана өтмөк сигнализация механизмдеринин эң аз 8 саат бою үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоого тийиш.
Автомат жана жарым автомат бөгөттүн негизги электир камсыздык системасынан резерв системага же тескери өтүш убагы 1,3 секундадан ашпоого тийиш.
Ишенимдүү электир камсыздыгы менен камсыздоо үчүн электир камсыздыгы курулмалары жана механизмдеринин абалын маал-маалы менен текшерүү, параметирлерин лабораторий вагондор, диагностика аспаптары менен өлчөө жана пландуу оңдоо жумуштарын жасоо керек.
7.2. Электирлүү кыймылдуу курамдын ток алуучусунун чыңалуу деңгээли алмашма тогу 21 кВ тан кем эмес, туруктуу тогу 2,7 кВ тан кем эмес жана алмашма тогу 29 кВ тан кем эмес, туруктуу тогу 4 кВ тан кем эмес болууга тийиш.
Темир жолдун айрым тилкелеринде Транспорт министирлигинин уруксаты менен алмашма тогу 19 кВ тан, туруктуу тогу 2,4 кВ тан кем эмес чыңалуу деңгээлине жол берилет.
СББ механизмдеринде алмашма токтун номинал чыңалуусу 110, 220 же 380 В болууга тийиш. Көрсөтүлгөн номинал чыңалуунун маанилеринин эң көп 10%га азайышына, эң көп 5%га көбөйүшүнө кыйшаюусуна жол берилет.
7.3. Электир камсыздык механизмдери кыска биригүү агымдарынан, ашык чыңалуудан жана белгиленген ченемдерден ашык оордуктан корголууга тийиш.
Туруктуу токто электирлештирилген линиялардын районундагы метал жер асты курулмалар (түтүктөр, кабелдер ж.д.у.с.), ошондой эле метал жана темир бетон көпүрөлөр, көпүрөлөр, контакт тармагынын тиректери, светофорлор, гидроколонкалар ж.б. электир коррозиясынан корголууга тийиш.
Туруктуу токто электирлештирилген линиялардын тартма чордондору, ошондой эле электирлүү кыймылдуу курамдын СББ жана байланыш механизмдеринин түзүк иштөөсүн бузган контакт тармагына агымдардын киришинен коргоосу болууга тийиш.
7.4. Контакт зымынын асылыш бийиктиги эки бекет араларында жана бекеттерде рельса башчасынын үстүнүн деңгээлинен эң аз 5750 мм, өтмөктөрдө эң аз 6000 мм болууга тийиш.
Өзгөчө жагдайларда бар болгон линияларда кыймылдуу курамдын токтоп турушу каралбаган бекет жолдорундагы жасалма курулмалардын чектеринде, ошондой эле эки бекет араларында бул аралык Транспорт министирлигинин уруксаты менен алмашма токто линияны электирлештирүүдө 5675 мм ге жана туруктуу токто 5550 мм чейин азайтылышы мүмкүн.
Контакт зымынын асылыш бийиктиги 6800 мм ден ашпоого тийиш.
7.5. Жасалма курулмалардын чектеринде ток алуучунун ток ташуу элементтери менен контакт тармагынын чыңалуу астындагы бөлүктөрүнөн курулмалардын жерге кийирилген бөлүктөрүнө жана кыймылдуу курамга чейинки аралык туруктуу токто электирлештирилген линияларда эң аз 200 мм жана алмашма токто – эң аз 350 мм болууга тийиш.
Өзгөчө жагдайларда бар болгон жасалма курулмаларда Транспорт министирлигинин уруксаты менен көрсөтүлгөн аралыктардын кичирейтилишине жол берилиши мүмкүн.
7.6. Эки бекет аралары жана бекеттерде четки жолдун огунан контакт тармагынын ички кырына чейинки аралык эң аз 3100 мм болууга тийиш.
Ойдуңдарда тиректер арыктардын чегинен тышкары орнотулууга тийиш.
Кар өтө калың баскан ойдуңдарда (аскалардан башка) жана алардын чыга беришинде (100 м узундукта) четки жолдун огунан контакт тармагынын ички кырына чейинки аралык эң аз 5700 мм мм болууга тийиш. Мындай жерлердин тизмеси темир жол начальниги тарабынан белгиленет.
Бар болгон линияларда алардын реконструкциясына чейин, ошондой эле жаңыдан электирлештирилген линияларда өзгөчө татаал шарттарда четки жолдун огунан контакт тармагынын тиректеринин ички кырына чейинки аралыктын бекеттерде эң аз 2450 мм жана эки бекет араларында 2750 мм болуусуна жол берилет.
Көрсөтүлгөн бүткүл өлчөмдөр жолдун түз тилкелери үчүн белгиленген. Ийри тилкелерде бул аралыктар контакт тармагынын тиректери үчүн белгиленген габарит кеңейишине жараша көбөйүүгө тийиш.
Контакт тармагынын тиректери, аба линиялары жана светофорлордун, ошондой эле сигнал белгилеринин өз ара жайгашуусу сигнал жана белгилердин жакшы көрүнүүсүн камсыздоого тийиш.
7.7. Контакт тармагынын элементтери бекитилген бүткүл метал курулмалар (көпүрө, жер асты өтмөлүктөр, тиректер), темир бетон тиректердеги, темир бетон жана метал эмес жасалма курулмалардагы контакт тармагынын бекитме деталдары, ошондой эле чыңалуу астындагы контакт тармагынын бөлүктөрүнөн 5 м ден аз аралыкта жайгашкан, өзүнчө турган метал конструкциялар (гидроколонкалар, светофорлор, көпүрө жана жер асты өтмөлүктөрдүн элементтери ж.б.) курулма жана конструкцияларга жогорку чыңалуу тийгенде жерге кийирилүүгө же коргоочу өчүрүү механизмдери менен жабдылууга тийиш.
Алмашма токтун контакт тармагы жана аба линияларынын таасир аймагында жайгашкан, кооптуу чыңалуу пайда болушу мүмкүн болгон бүткүл метал курулмалардын да жерге кийирмеси болууга тийиш.
Электирлештирилген жолдордун үстүндө жайгашкан жер асты өтмөлүктөр жана жөө жолоочу көпүрөлөрүндө адамдар өткөн жерлерде чыңалуу астындагы контакт тармагынын бөлүктөрүн тосмолоо үчүн коргоочу калкандар жана туташ төшөмө орнотулууга тийиш.
7.8. 1000 В тан ашык чыңалуудагы контакт тармагы, автобөгөт жана узунунча электир камсыздык линиялары аба аралары (обочологуч кошмолор), нейтрал такмалар, секция жана оймо обочологучтары, ажыраткычтардын жардамы менен өзүнчө тилкелерге бөлүнүүгө тийиш.
Аба араларынын чектеринде орнотулган контакт тармагынын тиректери же калкандары айырмалоочу түскө ээ болууга тийиш. Бул тиректер менен калкандардын арасында ток алуучусу көтөрүлгөн электирлүү кыймылдуу курамдын токтоосу тыйылат.
7.9. Контакт тармагы, автобөгөт жана узунунча электир камсыздык линияларынын азыктануу жана секциялоо схемасы темир жол начальниги тарабынан бекитилүүгө тийиш. Бул схемадан көчүрмөлөр бекеттин техника-буйрук актысына камтылат.
7.10. Электир деполору жана жабдык механизмдеринин, ошондой эле электирлүү кыймылдуу курамдын чатыр жабдыгы текшерилген жолдордун контакт тармагынын ажыраткычтары локомотив депосунун жумушчулары тарабынан которулат. Калган ажыраткычтар энергия диспетчеринин буйругу менен которулат. Мында ажыраткыч жана өчүргүчтөр энергия диспетчеринин буйругу менен үйрөтүүдөн өткөн башка кызматтардын жумушчулары тарабынан да которулушу мүмкүн.
Кол менен башкарылган ажыраткычтардын жүргүзгүчтөрү кулпу менен бекитилүүгө тийиш.
Контакт тармагынын ажыраткычтарын, ошондой эле автобөгөт жана узунунча электир камсыздык линияларынын өчүргүч жана ажыраткычтарын которуу, электир камсыздыгынын үзгүлтүксүздүгүн жана жумуш жасонун коопсуздугун камсыздаган бекитилген ажыраткыч жүргүзгүчтөрүнүн ачкычтарын сактоо тартиби темир жол бөлүмүнүн начальниги тарабынан, темир жолдун курамында темир жол бөлүмдөрү жокто - темир жол начальнигинин орун басары тарабынан белгиленет.
7.11. 1000 В тан ашык чыңалуудагы электир өткөрүүнүн аба линия зымдарынын ылдыйкы чекитинен жердин үстүнө чейинки аралык максимал асма жебесинде:
эки бекет араларында - 6,0 м;
анын ичинде жетүү татаал болгон жерлерде - 5,0 м;
автомобиль жолдору, бекеттер менен кесилиштерде
жана калктуу жайларда - 7,0 м ден аз болбоого тийиш.
Темир жолдору кесилишкенде 1000 В тан ашык чыңалуудагы электир өткөрүүнүн аба линия зымдарынын ылдыйкы чекитинен электирлештирилбеген жолдордун рельса башчасынын үстүнүн деңгэлине чейинки аралык эң аз 7,5 м болууга тийиш, электирлештирилген линияларда контакт тармагынын зымдарына чейин бул аралык электирлүү механизмдердин түзүлүш эрежелери жана темир жолдун техникалык шарттарына ылайык кесилип өтүлгөн линиялардын чыңалуу деңгээлине жараша орнотулууга тийиш.
Курулма жана механизмдерди текшерүү
8.1. Курулма, механизмдер жана кызмат-техника имараттары аларды түздөн түз тейлеген жумушчулар, ошондой эле карамагында бул курулма жана механизмдер болгон бекет, депо, түзүм бөлүмчөлөрү же тилке начальниктери тарабынан тартипке жараша жана тиешелүү жобо жана нускамалар менен белгиленген мөөнөттөрдө текшерилет.
Айрыкча, башкы жана кабыл алуу-жөнөтүү жолдорундагы жебе котормолорун бир айда эң аз бир жолу жол устасы жана СББ электир механиги менен бирге бекет начальниги текшерүүгө тийиш.
Текшерүү натыйжасы жана табылган бузуктарды жоюу үчүн керектүү иш-чаралар атайын журналга киргизилип, анда бузуктарды жоюу жана белгиленген иш-чаралардын аткарылыш мөөнөттөрү да белгиленет.
8.2. Темир жол, темир жол кызматары жана бөлүмдөрүнүн начальниктери менен ишкана жетекчилери ведомствонун алдындагы бөлүмчөлөрдө чарбанын абалын, эмгек дисциплинасынын сакталышын системалуу түрдө текшерүүгө жана бүткүл курулма жана механизмдердин түзүк абалда каралышына, иштөө технологиясынын аткарылышына, кыймыл коопсуздугунун жана эмгек коргоонун камсыздалышына кепилдик кылган керектүү чараларды көрүүгө тийиш.
Курулма, механизмдер жана кызмат-техника имараттары каралып чыгуу шарты менен мындай текшерүүлөрдү өткөрүү тартиби жана алардын мезгили темир жол начальниги тарабынан белгиленет. Темир жол начальниги тарабынан текшерүү эң аз эки жылда бир жолу, темир жол бөлүмүнүн начальниги тарабынан – эң аз үч айда бир жолу түздөн түз жүргүзүлүүгө тийиш. Темир жолдун курамында темир жол бөлүмдөрү жокто текшерүү темир жол начальниги тарабынан бекитилген графикке жараша темир жол начальнигинин биринчи орун басары, башкы инженери тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш.
Курулма жана механизмдерди оңдоо
8.3. Курулма жана механизмдер эреже катары поезд кыймылынын графиги бузулбастан кыймыл коопсуздугу жана эмгекти коргоо камсыздалганда оңдолууга тийиш.
Көлөмү жагынан чоң оңдоо жана куруу иштерин жасоо үчүн поезд кыймылынын графигинде боштуктар каралууга жана бул жумуштардан улам пайда болгон ылдамдык чектөө эске алынууга тийиш.
Жол, жасалма курулма, контакт тармагы жана СББ механизмдеринин күнүмдүк кароо жумуштарын аткаруу үчүн поезд кыймылынын графигинде каралган 1,5-2 сааттык, бул жумуштар машиналар комплекси, адистештирилген бригадалар жана механикалаштырылган колонналар тарабынан жасалганда - темир жол начальниги тарабынан белгиленген тартипке жараша 3-4 сааттык технологиялык боштуктар берилүүгө тийиш.
Поезд кыймылынын графигинде каралбаган мезгилде жасалуучу жол, контакт тармагы жана СББ механизмдери жана башка курулма жана механизмдерди оңдоо иштери эреже катары эки бекет арасы жабылбастан жасалууга тийиш.
Бул жумуштарды аткаруу кыймылда тыным зарылдыгын туудуруп жатса, алардын башталыш жана аякташынын так мөөнөтү жумуштардын жетекчиси менен бирге темир жол начальниги тарабынан белгиленет жана ташуу кызматынын начальниги менен макулдаштырылат, темир жолдун курамында темир жол бөлүмдөрү жокто - темир жолдун башкы инженери тарабынан белгиленет.
Кыймылда тыным туудурган жумуштарды жасоо маалында, ошондой эле кыймыл графигинде боштуктар каралган жумуштардын жасалышы үчүн жумуштардын жетекчиси поезд диспетчери туруктуу байланыш (телефон же радио) курууга тийиш.
Поезд кыймылынын графигинде боштуктар күндүн караңгы убагында каралган тилкелерде жумуштардын жетекчиси жумуштар жасалып жаткан жердин жарыктандырылышын камсыздоого тийиш.
8.4. Сорттомо дөбөлөрүнүн механикалаштыруу жана автоматташтыруу механизмдерин, жол жана дөбөлөрдөгү башка курулма жана механизмдерди техникалык тейлөө жана оңдоо үчүн темир жол начальниги тарабынан каралган тартипке жараша 0,7-1,5 сааттык технологиялык боштуктар берилүүгө тийиш.
8.5. Эки бекет арасында жана бекетте кыймыл үчүн ар кандай тоскоолдук (токтоону талап кылган жер), ошондой эле кыймыл үчүн кооптуу, токтотууну же ылдамдыкты азайтууну талап кылган жумуш жасоо орду поезд (маневр курамы) күтүлүп күтүлбөгөнүнө карабастан эки жагынан тең сигналдар менен тосмолонууга тийиш.
Кыймыл үчүн кооптуу, жумуш жасоо ордунун тоскоолдук сигналдары менен тосмолонушуна чейин жумушка киришүү;
тоскоолдуктун жоюлушу, жумуштардын толук аякташы, жол, контакт тармагынын абалы жана габарит сакталышынын текшерилишине чейин тоскоолдукту тосмологон сигналдарды алып таштоо тыйылат.
Тоскоолдук жана жумуш жасоо ордун тосмолоо тартиби Темир жолдордо сигнализация нускамасы менен белгиленет.
8.6. Жолдо жумуш жасоо ордун тосмологон ташыма сигналдарды орнотуу жана кайтаруу үчүн жумуштардын жетекчиси тиешелүү сынактарды тапшырган бригаданын жумушчуларынан сигналчыларды бөлүп берет. Сигналчылар темир жол транспортунун башка жумушчулары үчүн жалпы кабыл алынгандардан айырмаланган баш кийимдерге ээ болууга жана сигнал желеткесин кийүүгө тийиш.
Жолдо кеңири жайылтылган фронтто жумуш жасоодо, ошондой эле кичине радиустагы ийри тилкелерде, ойдуңдарда жана сигналдар начар көрүнгөн башка жерлерде жана поезддер жыш жүргөн тилкелерде жумуштардын жетекчиси жумуш ордун тосмологон сигналдардын жанында турган жумушчулар менен байланыш (телефон же радио аркылуу) курууга милдеттүү. Сигналчылар менен жумуш жетекчилеринин ташыма радиостанциялары болууга тийиш. Жумуш жасоо ордун байланыш менен камсыздоо тартиби темир жол начальниги тарабынан белгиленет.
8.7. Бекет нөмөтчүсүнүн макулдугу болбостон жана жумуш жетекчиси тарабынан Жол, жебе котормолору, СББ, байланыш жана контакт тармагы механизмдерин текшерүү журналында алдын-ала жазуу жазылбастан бекет жолдорунда токтотуу сигналдары менен тосмолоо же ылдамдыкты азайтууну талап кылган жумуштарды жасоо тыйылат. Диспетчер борборлоштуруусу бар тилкелерде мындай жумуштар көрсөтүлгөн тартипте, бирок поезд диспетчеринин макулдугу менен аткарылууга тийиш. Чыңалуу алынган, бирок жол жана жасалма курулмалардын бүтүндүгү бузулбастан контакт тармагында мындай жумуштарды жасоодо, ошондой эле капыстан пайда болгон бузуктарды жоюу жумуштарын аткарууда жумуш баштоо жана бүтүрүү тууралуу жазуу ошол эле журналда катталган, жумуш жетекчиси тарабынан бекет нөмөтчүсүнө (диспетчер борборлоштуруусу бар тилкелерде поезд диспетчерине) берилген телефонограмма менен алмаштырылышы мүмкүн.
Жумуш бүткөн соң механизмдер жумуш жетекчисинин Жол, жебе котормолору, СББ, байланыш жана контакт тармагы механизмдерин текшерүү журналына жазуусунун же ошол эле журналда катталуучу, андан ары жумуш жетекчисинин жеке колу коюла турган, бекет нөмөтчүсүнө тапшырылган телефонограмманын негизинде бекет нөмөтчүсү тарабынан ишке киргизилет.
8.8. Жумуш жасоо үчүн бир жолдуу тилкеде эки бекет арасынын, эки жолдуу же көп жолдуу тилкеде бир же бир нече жолдун жабылышы темир жол бөлүмүнүн начальниги тарабынан жана ташуу кызматынын начальниги менен макулдаштыруу менен, коңшу темир жолдор менен белгиленген кыймыл өлчөмдөрүнүн өзгөртүлүүсүн туудурбай турган учурда, темир жолдун курамында темир жол бөлүмү жокто - темир жолдун башкы инженери тарабынан жасалат. Мындай жабылыш поезддердин коңшу темир жолдорго жүрүш өлчөмдөрүнүн өзгөртүлүүсүн туудура турган болсо, ага Коңшу жолдордун ташуу кызматы департаменти менен макулдаштырылып темир жол начальниги тарабынан уруксат берилиши мүмкүн.
8.9. Бир жолдуу тилкеде эки бекет арасынын, эки жолдуу же көп жолдуу тилкеде бир же бир нече жолдун жакында жабылышы тууралуу темир жол бөлүмүнүн начальниги, темир жолдун курамында темир жол бөлүмү жокто - темир жолдун башкы инженери эң аз бир күн мурун тиешелүү жумуш жетекчилерине кабарлайт.
Эки бекет арасынын же жолдордун жабылышы же ачылышы поезд диспетчеринин буйругуна жараша жумуштардын башталышынын алдында жана аягында жасалат.
Жумуш жетекчиси тарабынан поезд диспетчеринин эки бекет арасынын же жолдордун ишке ашырылган жабылышы тууралуу буйругунун (жазылуу кабар каты, телефонограмма же телеграмма түрүндө) алынышына жана жумуш ордунун сигналдар менен тосмолонушуна чейин жумуштарга киришүү тыйылат.
8.10. Эки бекет арасынын же жолдордун ачылышы темир жолдун жол чарбасы боюнча түзүм бөлүмчөсүнүн начальнигинин же ал дайындаган кызматы жагынан жол устасынан ылдый эмес ыйгарым укуктуу жумушчунун жол жумуштарынын же жасалма курулмалардагы жумуштардын кайсы уюмдун бул жумуштарды аткарганына карабастан аякташы жана поезддердин үзгүлтүксүз жана коопсуз жүрүшү үчүн тоскоолдуктун жоктугу тууралуу жазылуу кабар каты, телефонограмма же телеграммасынан кийин жасалат.
СББ жана байланыш же электир камсыздыгынын бар болгон механизмдеринин иштөөсүнүн калыбына келтирилиши СББ жана байланыштын ага электир механиги же шайкеш түрдө энергия диспетчеринен кабар катынын алынышынан кийин жасалат.
9.1. Кыймылдуу курам жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам пландуу-алдын алуу оңдоо иштерин, техникалык тейлөөнү өз убагында өтүүгө жана үзгүлтүксүз иштөөсүн, кыймыл коопсуздугун жана эмгекти коргоо талаптарынын аткарылышын камсыздаган түзүк абалда иштетилүүгө тийиш.
Кыймылдуу курамдын жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын бузуктарынын пайда болушунун алдын алуу жана белгиленген кызмат мөөнөтүн камсыздоо алардын техникалык тейлениши жана оңдолушу үчүн жооптуу адамдардын ишинде башкы нерсе болууга тийиш.
ЦМВ арабаларындагы жүргүнчү вагондору поезддерде 120 км/сааттан ашпаган ылдамдык менен жүрө алат.
Жүргүнчү поезддеринде 120 км/сааттан ашык ылдамдык менен жүргөн кыймылдуу курамга карата кошумча талаптар Транспорт министирлигинин тиешелүү нускамасы менен белгиленет.
9.2. Жаңыдан курулуп жаткан кыймылдуу курамдын типтери жана негизги мүнөздөмөлөрү ТТБК тарабынан белгиленген тартипте бекитилет.
Жаңыдан курулуп жаткан кыймылдуу курамга карата техникалык тапшырма ТТБК нын тиешелүү ведомстволорунда макулдаштыруу боюнча жабдып туруучу тарабынан, түйүн жана деталдардын чиймелери жана техникалык шарттар болсо тиешелүү департаменттерде бекитилет.
Кыймылдуу курам жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын шайкештиги Бажы биримдигинин техникалык регламенттеринин талаптарына жараша милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш.
9.3. Бекемдик, туруктуулук жана техникалык абалы жагынан бүткүл вагон элементтери поезддердин ушул Эрежелердин тиешелүү бөлүмдөрү менен белгиленген эң жогорку ылдамдыктар менен коопсуз жана салмактуу жүрүшүн камсыздоого тийиш.
Жаңыдан курулуп жаткан вагондор тиешелүү категориялардагы поезддерди тейлөөгө арналган болочок локомотивдеринин эң чоң конструкция ылдамдыктары менен коопсуз жана салмактуу жүрүшүн камсыздоого тийиш.
Өтмө аянтчалары болбогон вагондордун атайын асма баскычы жана туткалары болууга тийиш.
9.4. Пайдаланууга кабыл алынган кыймылдуу курам жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын негизги түйүндөрүнүн конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө жол берилбейт.
9.5. Кыймылдуу курам ушул Эрежелер жана МАМСТ-9238 Мамлекет стандарты тарабынан белгиленген кыймылдуу курамдын габариттеринин талаптарын канааттандырууга тийиш.
9.6. Жаңыдан курулган, ошондой эле толук кыймылдуу курам жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам темир жолго пайдаланууга тапшырылышына чейин сыналууга жана тиешелүү нускамалар менен белгиленген тартипте жеткирүүчү завоттон кабыл алынууга тийиш.
9.7. Кыймылдуу курам жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын ар бирдигинде төмөнкүдөй даана белги жана жазуулар болууга тийиш: Кыргыз темир жолунун техникалык белгиси, темир жолдун инициалы (вагондордон башка), номер (жүргүнчү вагондору үчүн катталуу темир жолунун кодун камтыйт), курулуш датасы жана орду, белгиленген оңдоо түрлөрүнүн датасы жана орду (локомотивдер менен атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдан башка) көрсөтүлгөн өндүрүүчү завоттун тактачасы. Айрыкча, төмөнкү жазуулар да жазылууга тийиш: локомотивдерде, моторвагондуу кыймылдуу курам жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамда - конструкция ылдамдыгы, сериясы, депо же башка катталуу ишканасынын аталышы, резервуар, көзөмөл аспаптары жана казандын күбөлөндүрүлүшү тууралуу тактача жана жазуулар; жүргүнчү вагондорунда, жумушчуларды жумуш жасоо ордуна жана кайра артка жеткирүү каралган моторвагондуу кыймылдуу курам жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамда – орун саны; жүк вагондорунда – жүк көтөрүмдүүлүгү. Паровоздордун тендерлеринде сериясы, номери жана катталуу темир жолунун инициалы белгиленүүгө тийиш.
Кыймылдуу курам жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдагы башка белги жана жазуулар Транспорт министирлиги тарабынан белгиленген тартипте жасалат.
9.8. Ар локомотив, вагон, моторвагондуу кыймылдуу курам жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын ар бирдигине эң маанилүү техникалык жана иштетүү мүнөздөмөлөрүн камтыган техникалык паспорт (формуляр) жүргүзүлүүгө тийиш.
9.9. Локомотивдер менен моторвагондуу кыймылдуу курам, ошондой эле атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам радиостанция, көрсөтмөлөрү катталган ылдамдык өлчөгүчтөр, автомат локомотив сигнализациясы менен жабдылууга, ошондой эле башка коопсуздук механизмдери менен жабдылууга тийиш.
Жүргүнчү поезддери 80 км/сааттан ашык ылдамдык менен жүргөндө жүргүнчү локомотивдери электир пневматикалуу тормоз берүү механизмдери менен жабдылууга тийиш, жүк поезддери үчүн локомотивдер болсо тормоз магистралынын тыгыздыгын текшерүү механизми менен жабдылууга тийиш.
Бир машинист тарабынан тейленгенде поезд локомотивдери төмөнкүдөй коопсуздук каражаттары жана механизмдери менен кошумча жабдылууга тийиш:
поезддин тормоз берүүсүн автомат башкаруу системасы же локомотивдин комплекстүү коопсуздук механизми, ошондой эле машинисттин ойгоо болушун көзөмөл системасы менен;
артты көрүү күзгүлөрү;
өрт өчүрүү системасы менен - тепловоздор;
тормоз бөгөтү менен.
Моторвагондуу поезддер өтмөк светофорлору, өтмөктөр жана бекеттерге жакындаганда жүрүш ылдамдыгы жана кеп маалыматына көзөмөлдүн камсыздалышы менен автоайдоо системасы, «жүргүнчү-машинист» байланышы, каалганын жабылышына көзөмөл сигнализациясы, автомат өрт сигнализациясы менен жабдылат.
Маневр локомотивдери алардын вагондордон дистанциядан ажыратуу механизмдери менен жабдылууга, бир машинист тарабынан тейленгенбер болсо, экинчи башкаруу пульту, сол жакты көрүү күзгүлөрү, артты көрүү күзгүлөрү жана машинисттин локомотивди айдоо жөндөмүн капыстан жоготуу учурунда автомат токтоону камсыз кылган механизмдер менен жабдылууга тийиш.
9.10. Атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамга жана чечилме кыймылдуу бирдиктерге карата техникалык талаптар, ошондой эле аларды техникалык тейлөө, оңдоо жана иштетүүгө карата талаптар темир жолдор үчүн кабыл алынган тартип жана эрежелер менен жана өндүрүүчү завоттор менен белгиленет.
9.11. Кыргыз темир жолунун жалпы пайдалануудагы темир жол транспортуна таандык болбогон жана темир жолдордун орток тармагынын жолдоруна чыккан локомотивдер менен вагондор ушул Эрежелердин талаптарына шайкеш болууга тийиш. Мындай кыймылдуу курамдын темир жолдордун орток тармагынын жолдорунда айлануу тартиби Транспорт министирлигинин тиешелүү нускамалары менен белгиленет.
10.1. Ар дөңгөлөк жубу кыймылдуу курамдын дөңгөлөк жубун кароо, күбөлөндүрүү, оңдоо жана түзүүнүн тиешелүү нускамасы менен белгиленген талаптарды канааттандырууга жана огунда дөңгөлөк жубунун түзүлүш убагы жана орду менен толук күбөлөндүрүлүшү, ошондой эле түзүлүшүнүн кабыл алынышы тууралуу эн тамгасы болууга тийиш.
Эн тамга белгилери маркалоо эрежелери менен каралган жерлерде коюлат.
Дөңгөлөк жуптары белгиленген тартипте кыймылдуу курамдын астында кароодон, жөнөкөй жана толук күбөлөндүрүүдөн өткөрүлүүгө, жылдырмасы (подкатка) болсо тиешелүү журнал же паспорттордо катталууга тийиш.
10.2. Жүксүз дөңгөлөк жубунун дөңгөлөктөрүнүн ички кырларынын арасы 1440 мм болууга тийиш. 120 км/сааттан 140 км/саатка чейинки ылдамдык менен поезддерде айланган локомотив жана вагондор, ошондой эле атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамда көбөйүү жагына эң аз 3 мм жана азаюу жагына эң аз 1 мм кыйшаюуга, 120 км/саат ылдамдыкта көбөйүү жана азаюу жагына эң аз 3 мм кыйшаюуга жол берилет.
10.3. Огунун ар кандай бөлүгүндө жаракасы, алкагында, дөңгөлөк диски жана күпчөгүндө дөңгөлөк жаракасы бар, дөңгөлөк жубунун кырында учтуу накат барда, ошондой эле нуга менен кыймылдуу курамдын түзүк иштешүүсүн бузган дөңгөлөк жубунун төмөнкү ыпырашы жана бузулуштарында кыймылдуу курам жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын иштетүүгө чыгарылышы жана поезддерде жүрүшүнө жол берилбейт:
а) 120 км/сааттан 140 км/саатка чейинки ылдамдыктарда: локомотив, моторвагондуу кыймылдуу курам, жүргүнчү вагондорунун 3 мм ден ашык жүрүш айланасы боюнча прокаты;
локомотивдерде 30 мм лик кырдын бийиктигинде кырдын чокусунан 20 мм аралыкта ченегенде кырдын калыңдыгы 33 мм ден ашык же 28 мм ден аз, кырынын бийиктиги 28 мм болгон кыймылдуу курамда – кырдын чокусунан 18 мм аралыкта ченегенде;
б) 120 км/саатка чейинки жүрүш ылдамдыгында:
локомотивдерде, ошондой эле моторвагондуу кыймылдуу курамда жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамда жана алыс каттам поезддеринде жүргүнчү вагондорунда жүрүш айланасы боюнча прокаты - 7 мм ден көп, моторвагондуу кыймылдуу курамда жана жергиликтүү жана шаар айланасы каттамдарынын поезддеринде жүргүнчү вагондорунда - 8 мм, рефрижератор паркынын вагондору жана жүк вагондорунда - 9 мм ден көп;
локомотивдерде 30 мм лик кырдын бийиктигинде кырдын чокусунан 20 мм аралыкта ченегенде кырдын калыңдыгы 33 мм ден ашык же 25 мм ден аз, кырынын бийиктиги 28 мм болгон кыймылдуу курамда – кырдын чокусунан 18 мм аралыкта ченегенде;
в) атайын шаблон менен ченелген кырдын тик кесими 18 мм ден көп;
г) локомотивдерде, моторвагондуу кыймылдуу курамда жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамда, ошондой эле роликтүү букса подшипниктери бар паровоз тендерлери менен вагондордо айланманын үстүндө сойлок (чуңкур) 1 мм ден көп, тендерлерде болсо 2 мм ден көп.
Жүрүш жолунда моторвагондуу кыймылдуу курамдын мотор вагонунан же роликтүү букса подшипниктери бар тендерден башка вагондордо тереңдиги 1 мм ден көп, бирок 2 мм ден ашык эмес сойлок (чуңкур) табылганда мындай вагонду (тендерди) поездден (жүргүнчү поезди - 100 км/сааттан ашпаган, жүк поезди - 70 км/сааттан ашпаган ылдамдыкта) ажыратпастан дөңгөлөк жубун алмаштыруу үчүн каражаттары бар эң жакын техникалык тейлөө жайына чейин жеткирүүгө уруксат берилет.
Моторвагондуу кыймылдуу курамдын мотор вагонунан башка вагондордо сойлоктун чоңдугу 2мм ден 6 мм ге чейин, локомотив жана моторвагондуу кыймылдуу курамда, ошондой эле атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамда 1 мм ден 2 мм ге чейин болгондо поезддин эң жакын бекетке 15 км/саат ылдамдык менен, сойлоктун чоңдугу шайкеш түрдө 6 мм ден 12 мм ге чейин жана 2 мм ден 4 мм ге чейин болгондо - 10 км/саат ылдамдык менен жүрүүсүнө уруксат берилет, ал жерде дөңгөлөк жубу алмаштырылууга тийиш.
Вагон менен тендерде сойлок 12 мм ден жогору, локомотив жана моторвагондуу кыймылдуу курамдын мотор вагонунда 4 мм ден жогору болгондо дөңгөлөк жубун асылыш же айланышын болтурбоо шарты менен 10 км/саат ылдамдык менен жүрүүсүнө уруксат берилет. Мында локомотив поездден ажыратылган болууга, жабыркаган дөңгөлөк жубунун тормоз цилиндирлери жана сүйрөгүч электир кыймылдаткычы (электир кыймылдаткычтар тобу) өчүрүлгөн болууга тийиш.
Жүк вагондорун жүргүнчү поезддерине кошууда дөңгөлөк жубунун каралыш ченемдери жүргүнчү поезддери үчүн белгиленген ченемдерди канааттандырууга тийиш.
11.1. Кыймылдуу курам жана атайын кыймылдуу курам автомат тормоздор менен жабдылууга, жүргүнчү вагондору менен локомотивдер андан башка электир пневматикалуу тормоздор менен жабдылууга тийиш.
Кыймылдуу курам жана атайын кыймылдуу курамдын автомат жана электир пневматикалуу тормоздору белгиленген ченемдерге жараша каралууга жана түрлүү иштетүү шарттарында башкарылуу жөндөмү жана иштөө ишенимдүүлүгүнө ээ болууга, салмактуу тормоз берүүнү, автомат тормоздор болсо стоп-крандын (чукул тормоз берүү кранынын) ачылышында поезддин же аба түтүк магистралынын да токтоосун камсыздоого тийиш. Кыймылдуу курам жана атайын кыймылдуу курамдын автомат жана электир пневматикалуу тормоздору чукул тормоз берүүдө эсеп маалыматы менен белгиленген тормоз жолунан ашпаган аралыкта поезддин токтоосуна кепилдик кылган тормоз басылышын камсыздоого тийиш.
11.2. Автомат тормоздор вагондордун жүктөлүшү, курамдын узундугу жана жолдун профилине жараша тормоз берүүнүн түрлүү режимдерин колдонуу мүмкүндүгүн камсыздоого тийиш.
Жүргүнчү вагондору менен моторвагондуу кыймылдуу курамдагы стоп-крандар тамбурларда, вагондордун ичинде орнотулат жана пломбаланат.
Атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамда зарыл болгондо стоп-крандар же чукул тормоз берүү үчүн башка механизмдер орнотулат.
11.3. Локомотивдер, жүргүнчү вагондору, моторвагондуу жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам кол тормозу менен жабдылат. Жүк вагондорунун бир бөлүгүндө стоп-краны жана кол тормозу бар өтмө аянтчасы болууга тийиш.
01.01.1970ке чейин курулган почта жана багаж вагондорунун кол тормозусуз иштетилишине жол берилет.
Кыймылдуу курам менен атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын кол тормозу белгиленген ченемдерге жараша каралууга жана белгиленген эсеп тормоз берүүсүн камсыздоого тийиш.
11.4. Ажырашы же сынышы габариттен чыгууну же жолго кулоону пайда кылышы мүмкүн болгон рычагдуу тормоз передачасынын бүткүл бөлүктөрүндө коргоочу механизмдери болууга тийиш.
11.5. Кыймылдуу курам менен атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам авточиркештирүү менен жабдылууга тийиш.
Рельса башчаларынын деңгээлинин үстүндөгү авточиркештирүү огунун бийиктиги төмөнкүдөй болууга тийиш:
локомотив, жүргүнчү жана бош жүк вагондорунда 1080 мм ден көп эмес;
локомотив жана адамдары бар жүргүнчү вагондорунда 980 мм ден аз эмес;
жүк вагондорунда (жүктөлгөн) 950 мм ден аз эмес;
Атайын кыймылдуу курамда:
бош абалда 1080 мм ден көп эмес;
жүктөлгөн абалда - 980 мм ден аз эмес.
Оңдоодон чыгарылган кыймылдуу курам менен атайын кыймылдуу курам үчүн рельса башчаларынын деңгээлинин үстүндөгү авточиркештирүү огунун бийиктиги иштетүүдө (эң чоң эскирүү жана жүктөлүүдө) көрсөтүлгөн ченемдердин сакталышын камсыздоого тийиш.
Авточиркештирүүнүн узунунча окторунун бийиктик жагынан айырмасынын төмөнкүлөрдөн ашык болбошуна жол берилет:
Жүк поездинде 100 мм;
локомотив менен жүк поездинин биринчи жүктөлгөн вагону арасында 110 мм.
120 км/саатка чейинки ылдамдыкта бараткан жүргүнчү поездинде 70 мм;
121-140 км/саат ылдамдыкта бараткан жүргүнчү поездинде 50 мм;
локомотив менен жүргүнчү поездинин биринчи жүктөлгөн вагону арасында 100 мм;
локомотив менен атайын кыймылдуу курамдын кыймылдуу бирдиктери арасында 100 мм.
Жүргүнчү вагондорунун авточиркештирүүсүндө тигинен жылыш чектегичтери болууга тийиш.
Илмекте бирге технологиясы менен иштеген атайын кыймылдуу курамдын авточиркештирүүсүндө тигинен жылыш чектегичтери болууга тийиш.
11.6. Авточиркештирүү механизмдеринин техникалык абалы жана поезддин курамында вагондордун туура чиркештирилиши үчүн жөнөтүүнүн алдында поезддин техникалык тейленишин аткарган вагон текшерүүчүсү жооп берет.
Вагон текшерүүчүсү жок бекеттерде поездге вагондорду чиркөөдө, ошондой эле маневр иштеринде вагондордун туура чиркештирилиши үчүн маневр жетекчиси жооптуу.
Локомотив же локомотив катары колдонулган атайын кыймылдуу курамдын шайкеш түрдө поезддин биринчи вагону же башка атайын кыймылдуу курамдар менен туура чиркештирилиши үчүн локомотивдин же локомотив катары колдонулган атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын машинисти жооптуу. Поезд локомотивинин курамдан ажыратылышы жана курамга чиркештирилиши (анын ичинде тормоз түтүктөрүнүн ажыратылыш, кошулуш жана асылышы, уч крандарынын ачылышы жана жабылышы) локомотив бригадасынын жумушчулары тарабынан жасалууга тийиш.
Поезд локомотивинин жана электирлүү жылытуу менен жабдылган жүргүнчү курамынын ажыратылышы локомотив бригадасынын жумушчусу тарабынан, локомотив бир машинист тарабынан тейленгенде поезд электир механиги тарабынан жогорку вольттуу вагондор аралык электирлүү туташтыргычтар ажыратылган соң гана бир вагон текшерүүчүсү тарабынан жасалат. Жылытуунун электирлүү чынжырлары ток алуучусу түшүрүлгөн учурда ажыратылат.
Локомотив бир машинист тарабынан тейленгенде поезд локомотивин курамга чиркештирүү жана жүк жана жүргүнчү поездинен ажыратуу операци аткаруу вагон текшерүүчүлөрүнө, вагон текшерүүчүлөрү каралбаган бекеттерде жана эки бекет араларында - жүргүнчү поездинде - жүргүнчү поездинин начальнигине (бригадир механигине), жүк поездинде – локомотив машинистине жүктөлөт.
12.1. Кыймыл коопсуздугуна коркунуч келтирген бузуктары бар атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын иштетүүгө чыгарылышына жана поезддерде жүрүшүнө, ошондой эле абалы ташылуучу жүктөрдүн амандыгын камсыздабаган жүк вагондорунун поезддерде коюлушуна жол берилбейт. Бир машинист тарабынан тейленген поезддердин астына белгиленген кызмат мөөнөтүн иштеп бүтүргөн локомотивдердин берилишине жол берилбейт.
Электир пневматикалуу тормозу, жылытуусу, электир жабдыктары, вентиляциясы бузук жана жүргүнчү ташуунун түзүк шарттарын бузган башка бузуктары бар жүргүнчү вагондорунун, ошондой эле жүргүнчү поездинин начальнигинин (бригадир механигинин) локомотив машинисти менен радиобайланышы бузук радио купеси (штаб) бар жүргүнчү вагондорунун поезддерге кошулушуна жол берилбейт.
Электир жылытуусу бар жүргүнчү поезддерине кошулган вагондор электир жылытууну автомат башкаруу системасы менен, электровоздор болсо – жогорку вольттуу жылытуу үчүн кубат тандоо механизми менен жабдылууга тийиш.
Кыймылдуу курамдын техникалык абалына карата талаптар, ошондой эле аны техникалык тейлөө жана оңдоо тартиби тиешелүү нускамалар менен белгиленет.
12.2. Кыймылдуу курамды техникалык тейлөө жана оңдоо системасы, оңдоолор аралык жүрүш ченемдери жана оңдоого коюу тартибин Кыргыз темир жолу белгилейт.
Кыймылдуу курамды тейлөө жана оңдоо боюнча техникалык көрсөтмөлөр жана типтүү технологиялык жараяндар Кыргыз темир жолунун тармак кызматтары тарабынан белгиленет.
12.3. Аткарылган кыймылдуу курамды жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамды техникалык тейлөө жана оңдоонун сапаты жана жүрүш коопсуздугу үчүн түздөн түз аны техникалык жактан тейлеген жана оңдогон жумушчулар, усталар жана тиешелүү завот, депо, анын ичинде атайын кыймылдуу курам үчүн деполордун, темир жолдун түзүм бөлүмчөлөрүнүн, устакана жана техникалык тейлөө жайларынын жетекчилери жооптуу.
Локомотив, моторвагондуу жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамды техникалык тейлөө жана оңдоо
12.4. Локомотив, моторвагондуу жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамды техникалык абалы техникалык тейлөө маалында локомотив бригадалары же атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам бригадалары, комплекстүү адистештирилген бригадалар тарабынан негизги деполордогу техникалык тейлөө жайларында, жол машине бекеттеринде жана заманбап диагностика каражаттары менен жабдылган атайын кыймылдуу курам үчүн деполордо системалуу түрдө текшерилүүгө, ошондой эле депо жетекчилиги, локомотив чарба кызматы же атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам өзүнө таандык болгон кызмат жана текшерүүчүлөр аппараты тарабынан мезгил мезгили менен көзөмөл кылынууга тийиш.
Техникалык тейлөөдө:
- жабдыктар, түйүндөр жана деталдарынын абалы жана эскириши менен белгиленген өлчөмдөргө шайкештиги;
- коопсуздук механизмдери менен радиобайланыш механизмдеринин, тормоз жабдыктары жана авточиркештирүү механизминин, көзөмөл, өлчөө жана сигнал аспаптарынын, электир чынжырларынын иштөөсүнүн түзүктүгү текшерилет.
Төмөнкү бузуктардын бири эле бар локомотив, моторвагондуу жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын иштетүүгө чыгарылышына жол берилбейт:
- үн сигналын берүү үчүн аспаптын бузуктугу;
- пневматикалуу, электир пневматикалуу, электирлүү, кол тормоздору же компрессордун бузуктугу;
- эң аз дегенде бир сүйрөгүч электир кыймылдаткычынын бузуктугу же өчүрүлүшү, жылдырма жүргүзгүчүнүн бузуктугу;
- дизель муздаткычынын вентиляторунун, сүйрөгүч электир кыймылдаткычынын же түздөгүч орнотмонун бузуктугу;
- автомат локомотив сигнализациясы же коопсуздук механизмдеринин бузуктугу;
- ылдамдык өлчөгүч менен каттоочу механизмдин бузуктугу;
- поезд жана маневр радиобайланыш механизмдеринин бузуктугу, моторвагондуу кыймылдуу курамда - "жүргүнчү - машинист" байланышынын бузуктугу;
- авточиркештирүү механизмдеринин бузуктугу, анын ичинде ажыратма рычагынын чынжырынын үзүлүшү же деформациясы;
- кум берүү системасынын бузуктугу;
- прожектор, буфер чырагынын, жарыктандыруунун, көзөмөл же өлчөө аспабынын бузуктугу;
- рессордун камыты, рессор асмасы же тамыр жалбырагында жарака, рессор жалбырагынын сынышы;
- буксанын корпусунда жарака;
- букса же мотор-ок подшипнигинин бузуктугу;
- конструкциясы менен каралган деталдардын жолго түшүүсүнөн коргоочу механизмдин жоктугу же бузуктугу;
- тиштүү тартма передачасынын жок дегенде бир тишинин жаракасы же сынышы;
- майдын агып кетишине алып келген тиштүү передачанын каптоочунун бузуктугу;
- жогорку вольттуу камеранын коргоочу бөгөтүнүн бузуктугу;
- ток алуучусунун бузуктугу;
- өрт өчүрүү каражаттарынын бузуктугу;
- кыска биригүү, ашыкча жүктөлүү жана ашыкча чыңалуу токторунан коргоочу механизмдеринин, дизелдин авариялуу токтоосунун бузуктугу;
- дизелде түкүлдөктүн, чоочун добуштун пайда болушу;
- азыктандыруучу аспаптын, коргоочу клапандын, суу көрсөтүүчү аспаптардын бузуктугу;
- электир жабдыктарынын коргоочу каптоочторунун жоктугу;
- гидродемпферлердин, аккумулятор батареясынын бузуктугу.
12.5. Жыл бою иштетүүдө локомотив жана моторвагондуу кыймылдуу курам, ошондой эле атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам бир жылда эки жолу (жазында жана күзүндө) Кыргыз темир жолу тарабынан белгиленген тартипке жараша комиссия түрүндө текшерилүүгө тийиш.
12.6. Локомотивдин, ошондой эле моторвагондуу жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамда орнотулган коопсуздук жана поезд радиобайланыш механизмдери бул механизмдердин иштөөсү жана жөнгө салынышынын текшерилиш шарты менен көзөмөл жайында мезгил мезгили менен каралып чыгууга тийиш.
Мындай көзөмөл жайлары негизги деполордо, атайын кыймылдуу курам үчүн деполордо, зарыл болгондо – локомотивдер жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамды техникалык тейлөө жана айландыруу жайларында болууга тийиш.
12.7. Локомотивдерде, ошондой эле моторвагондуу кыймылдуу курамда жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамда орнотулган манометирлер менен коргоочу клапандар пломбаланган болууга тийиш. Электровоз жана тепловоздордо электир энергиясы жана отундун сарпталышын каттаган аппараттар менен аспаптар пломбаланган болууга тийиш.
Электровоздор, тепловоздордо жана моторвагондуу кыймылдуу курамда электирлүү коргоо, механизмдери, өрт өчүрүү каражаттары, өрт сигнализациясы менен автоматика, локомотивдер, моторвагондуу жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамда манометирлер, коргоочу клапандар, аба резервуарлары белгиленген мөөнөттөрдө сынактан өткөрүлүүгө жана күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
12.8. Локомотив бригадаларынын курамы жана алар тарабынан локомотив жана моторвагондуу поезддердин тейлениш тартиби, анын ичинде бир машинист тарабынан локомотивдердин тейленишинде конкреттүү тартиби темир жол начальниги тарабынан локомотив жана моторвагондуу поезддердин тибине, ошондой эле Кыргыз темир жолу тарабынан бекитилген тейлөө системаларынын негизинде жергенин шарттарына жараша белгиленет. Атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам бригадасынын курамы бул атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамды башкаруу үчүн жумушчулардын бөлүнүп берилиши жана транспорт режиминде тейлениши шартында анын тиби жана максатына жараша белгиленет.
Электир жана тепловоз сүйрөгүчүндө бир локомотив бригадасы тарабынан бир нече локомотив же бир кабинадан башкарылган туруктуу бириктирилген секциялар тейлениши мүмкүн.
9.9 тарамы жана ушул эрежелер менен белгиленген башка талаптарга жараша коопсуздук механимздери менен камсыздалыш жана жабдылыш өлчөмүндө локомотив жана моторвагондуу поезддердин бир машинист тарабынан тейленишинин этап этап менен киргизилишине жол берилет.
Узун эңкейиш жана өрлөрү жок аз иштетилген тилкелерде чыгаруу, өткөрүп берүү, диспетчерлик жана башка жумуш түрлөрүндө, маневр иштеринде алек локомотивдердин бир машинист тарабынан тейленишине уруксат берилет.
12.9. Локомотивдер, моторвагондуу жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын иштеп жаткан абалда депо жолдорунда жана ишкана жолдорунда аларды тейлөө эрежелерин билген жана токтото ала турган жумушчунун байкоосусуз, калган бекет жолдорунда болсо – машинистсиз же анын жардамчысысыз калтырылышына жол берилбейт.
12.10. Катуу отунда иштеген ар паровоздо учкун кармоочу жана учкун өчүрүүчү түзүк аспаптар болууга тийиш.
Вагондордун техникалык тейлениши жана оңдолушу
12.11. Вагондордун техникалык тейлениши жана оңдолушу жүк вагондору жана жүргүнчү вагондорунун техникалык тейлөө жайларында, Жүргүнчү тейлөө фирмасында, вагон деполору жана завоттордо жасалат.
Техникалык тейлөөдө ушулар текшерилет:
түйүн жана деталдардын абалы жана эскириши менен белгиленген өлчөмдөргө шайкештиги;
тормоз жабдыктарынын, буфер жана авточиркештирүү механизмдеринин, генератор жүргүзгүчүнүн жана вагон асты жабдыктардын бекитмелеринин түзүк иштөөсү.
Мында ажыратма рычагынын чынжырлары, авточиркештирүүнүн, ошондой эле автотормоздордун коё берилишинин түзүктүгүнө;
жүрмө бөлүктөрдүн (арабалардын) абалы жана түзүктүгүнө өзгөчө назар буруу керек. Жылчыгы 12 мм ден ашпоого жана 6 мм ден кем болбоого тийиш болгон көмүр, ысык алгорат, апатит ташуу үчүн хопперлер жана ЦНИИ-2, ЦНИИ-3 дозатор хопперлери, ВС-50 думкарларынан башка, төрт октуу жүк вагондорунун бүткүл типтеринде, ЦНИИ-ДВЗ тибиндеги дозатор хопперлеринин арабасынын эки жагынан тең тайгыларынын (скользун) арасындагы жалпы жылчык 20 мм ден ашык эмес болууга, ВС-80, ВС-82, ВС-85 думкарларында - 20 мм ден ашпоого жана 12 мм ден кем болбоого тийиш.
Сегиз октуу цистернанын бир учунун эки жагынан тең бириктирме жана киндик устундарынын тайгыларынын арасындагы жылчыктар жалпысынан 4 мм ден 15 мм ге чейин болууга тийиш;
Ташылуучу жүктөрдүн амандыгына кепилдик кылган цистерналардын кузов жана казандарынын түзүктүгү;
өтмө аянтчаларынын, атайын тепкичтер жана туткалардын түзүктүгү;
кыймылдуу курамдын деталдары жана жабдыктарынын жолго түшүүсүнөн коргогон механизмдердин барлыгы жана түзүктүгү.
Бузук жана техникалык тейлөөгө көрсөтүлбөгөн вагондордун жүк жүктөө жана адам жүктөө үчүн берилишине жол берилбейт. Алардын жарамдуу деп табылышы тууралуу атайын журналда жазуу катталууга тийиш.
Техникалык тейлөө жайлары болбогон бекеттерде жүк жүктөө үчүн берилген бош вагондор, ошондой эле мындай бекеттерде кош операциялар үчүн колдонулушу белгиленген жүктөлгөн вагондор каралып чыгууга, керектүү учурларда жүктөмө бекетинин алдында жайгашкан эң жакын техникалык тейлөө жайында оңдолууга да тийиш.
Вагондордун техникалык тейлөөгө көрсөтүлүш жана жарамдуулугунун билдирилиш тартиби Кыргыз темир жолунун жетекчилиги тарабынан белгиленет.
12.12. Түзүлүш бекеттеринде, жүрүш жолдорунда – поезд кыймылынын графиги менен каралган бекеттерде поезддин ар вагону техникалык тейлөөдөн өткөрүлүүгө, бузук табылганда оңдолууга тийиш. Бул бекеттерде ажыратмасыз вагон оңдоо уюштурулат.
Техникалык тейлөө жайлары болбогон бекеттерде ар вагон поездге коюлушунун алдында каралып чыгууга жана техникалык тейлөө жайлары бар эң жакын бекетке чейин жүрүүгө даярдалууга тийиш.
Поезддердин техникалык тейлөөгө көрсөтүлүш жана даярдыгынын билдирилиш тартиби, ошондой эле алардын каралып чыгыш жана техникалык тейлөө жайлары болбогон бекеттерде вагон оңдоо тартиби темир жол жетекчилиги тарабынан белгиленет.
12.13. Жүк жана жүргүнчү вагондорунун техникалык тейлөө жайларынын жумушчулары өз убагында жана технологиялык жараян менен поезд кыймылынын графигине жараша вагондорду техникалык жактан тейлөө жана оңдоого тийиш.
Кыймыл коопсуздугу жана кепилдиктүү тилкенин чектеринде вагондордун түзүк абалда поезддин курамында жүрүшү үчүн көрсөтүлгөн жайлардын жумушчулары жооптуу.
Жүк поезддери үчүн кепилдиктүү тилкелер жолдун чектеринде - темир жол жетекчилиги тарабынан белгиленет; алар локомотивдердин айлануу тилкелеринин узундугу, автотормоздордун толук сыноодон, вагондорду сапаттуу техникалык тейлөө жана коммерциялык кароодон өткөрүү зарылдыгына жараша белгиленет.
Жүргүнчү поезддеринин курамдарын түзүү бекеттеринин жана курамдардын айлануу бекеттеринин жумушчулары жүргүнчү вагондорунун поезддин курамында түзүлүш жайынан поезддин акыркы таркатуу (багыт) жайына чейин коопсуз барышы үчүн жооптуу.
13.1. Поезддердин жүрүшүнүн уюштурулушунун негизин жүрүш графиги түзөт, ал бүткүл бөлүмчөлөрдүн ишмердигин бириктирет жана темир жолдордун иштетүү жумушунун берилген көлөмүн туюндурат. Поезддердин жүрүш графиги - темир жол транспортунун жумушчулары үчүн аткарылышы темир жолдордун ишинин эң маанилүү сапат көрсөткүчүнүн бири болгон бузулбас мыйзам. Поезддердин жүрүш графиги темир жол начальниги тарабынан белгиленет.
Поезддердин жүрүш графигин сактоо жана бузулушунун алдын алуу поезддердин жүрүшүнүн уюштурулушуна байланыштуу бүткүл жумушчулар үчүн башкы нерсе болууга тийиш.
Поезддердин графикке жараша жүрүшү иштеп жаткан нормативдердин сакталышы, бекет, депо, сүйрөгүч чордондор, техникалык тейлөө жайлары жана поезддердин жүрүшүнө байланыштуу башка бөлүмчөлөрдүн ишинин технологиялык жараянынын туура уюштурулушу жана аткарылышы менен камсыздалат.
Поезддердин жүрүш графигинин бузулушуна жол берилбейт. Техника каражаттарынын иштебей калышы жана табигый кырсыктардан улам өзгөчө жагдайларда поезддердин жүрүш графиги бузулганда бүткүл кызматтардын жумушчулары кечигип жаткан жүргүнчү жана жүк поезддеринин графикке киргизилиши үчүн ыкчам чараларды көрүүгө жана алардын коопсуз жүрүшүн камсыздоого тийиш.
13.2. Поезддердин жүрүш графиги:
жүргүнчү жана жүк ташуу муктаждыктарын, поезддердин жүрүш коопсуздугун;
тилкелердин өткөрүү жана ташуу жөндөмү жана бекеттердин кайра иштетүү жөндөмүн натыйжалуу колдонууну;
кыймылдуу курамдын рационалдуу колдонулушун;
локомотив бригадаларынын белгиленген үзгүлтүксүз иш узактыгынын сакталышын;
жол, курулма, СББ, байланыш жана электир камсыздыгы каражаттарынын күнүмдүк каралыш жана оңдоо жумуштарын жасоо мүмкүндүгүн камсыздоого тийиш.
13.3. Поезддердин дайындалышы жана жокко чыгарылышы:
а) узак, жергиликтүү жана шаар айланасы каттамдардын, почта-багаж, жүк-жүргүнчү поезддери – темир жол жетекчилиги тарабынан жасалат.
Темир жол бөлүмүнүн начальниги темир жол бөлүмүнүн чектеринде айланган кошумча шаар айланасы поезддерин дайындоого жана жокко чыгарууга акысы бар. Темир жол бөлүмүнүн же темир жолдун чектеринде туруктуу айланган шаар айланасы поезддерин жокко чыгаруу темир жол бөлүмүнүн начальнигинин уруксаты менен жасалат;
б) аскер, адам, тездетилген жүк жана жүк поезддери - темир жол жетекчилиги тарабынан;
в) калыбына келтирүүчү жана өрт өчүрүүчү поезддер, кар тазалагычтар, вагонсуз локомотивдер, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам, чарба жана жүрүш графигинде каралбаган башка поезддер - поезд диспетчери тарабынан.
Жүрүш графигинде каралбаган ар поезддин дайындалышы поезд диспетчери тарабынан поезддин жүрүш тартибин көрсөтүү шарты менен жарыяланат.
13.4. Ар поездге жүрүш графиги менен белгиленген номер ыйгарылат. Бир багыттагы поезддерге жуп номерлер, тескери багыттагы поезддерге – так номерлер ыйгарылат.
Номерден башка, ар жүк поездине түзүлүш бекетинде таркатуу бекетине чейин өзгөрбөгөт индекс ыйгарылат.
Жүрүш графигинде каралбаган поезддерге номерлер дайындалууда ыйгарылат.
13.5. Поезд мындай бөлүнөт:
A. Кезексиз – түзүк жүрүштү калыбына келтирүү жана өрт өчүрүү үчүн дайындалган калыбына келтирүүчү жана өрт өчүрүүчү поезддер, кар тазалагычтар, вагонсуз локомотивдер, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам.
Б. Кезектүү – артыкчылык иретинде:
1) жогорку ылдамдыктуу жүргүнчү поезддери;
2) тез жүрүүчү жүргүнчү поезддери;
3) калган бүткүл аталыштагы жүргүнчү поезддери;
4) почта-багаж, аскер, жүк-жүргүнчү, адам жана тездетилген жүк поезддери;
5) жүк (түз баруучу, тилке, курама, чыгарма, өткөрмө) поезддери, чарба поезддери жана вагонсуз локомотивдер.
B. Артыкчылыгы дайындалууда аныкталган, өзгөчө талаптар боюнча дайындалган поезддер.
13.6. Поезддер Москва кушак сааты боюнча 24-сааттык санакта жүрөт.
Сааттардагы убакыт көрсөткүчү бүткүл темир жолдо бирдей болууга тийиш.
Кызмат имараттарында, бекет парктарында жана жүргүнчүлөр үчүн бөлмөлөрдө сааттар орнотулууга тийиш. Поезд жүрүшүнө жана жүргүнчү тейлөөгө байланыштуу адамдардын жумуш орундарындагы дубал жана тышкы электирлүү сааттарды орнотуу, оңдоо жана кароо темир жолдун электир энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо боюнча түзүм бөлүмчөлөрүнүн жумушчуларына жүктөлөт.
14.1. Поезддер өзүнчө жайлар менен ажыратылып жүрөт.
Өзүнчө жайлар болуп бекеттер, жол айрыктары, озуу жайлары жана жол посттору, автобөгөттүн өтмө светофорлору, ошондой эле өз алдынча сигнализация жана байланыш каражаты катары колдонулган автомат локомотив сигнализациясында бөгөт тилкелеринин чектери саналат.
14.2. Бекет чектери болуп:
бир жолдуу тилкелерде – кириш светофорлору;
эки жолдуу тилкелерде ар бири өзүнчө башкы жолдун бир жагынан кириш светофору, тиги жагынан – акыркы чыгыш жебе котормосунан кийин эң аз 50 м аралыкта орнотулган “Бекет чеги” сигнал белгиси саналат.
Эки тараптуу автобөгөт менен жабдылган эки жолдуу тилкелерде, ошондой эле поезддерди туура эмес жолдо кабыл алуу үчүн кириш светофорлору орнотулган жерлерде, ар бири өзүнчө башкы жолдо бекет чеги болуп кириш светофорлору саналат.
14.3. Ар өзүнчө жай, көмөкчү пост жана жүргүнчү токтомо жайынын аталышы же номери болууга тийиш. Аталышы жүргүнчү имаратынын (пост имаратында) бетинде, поезд жакындамасынын эки жагында тең, зарыл болгондо жүргүнчү платформаларынын учтарында жайгаштырылууга тийиш.
14.4. Темир жолдор башкы, эки бекет араларындагы, бекет (анын ичинде бекеттердеги башкы жолдор) жана өзгөчө максаттагы жолдор деп бөлүнөт.
Башка кызмат жана уюмдардын карамагына өткөрүлгөндөрдөн башка бекет аймагынын чектериндеги бүткүл жолдор бекет начальнигинин карамагында турат.
14.5. Бекеттерде ар жол, жебе котормосу, борборлоштуруунун бекет посту жана жебе посту, эки бекет араларында болсо ар башкы жолдун номери болууга тийиш.
Бир бекет чектериндеги жолдорго, жебе котормолоруна жана постторго бирдей номер тагууга жол берилбейт. Өзүнчө парктары бар бекеттерде бир парк чектериндеги жолдорго бирдей номер тагууга жол берилбейт.
Жол жана жебе котормолоруна номер тагуу тартиби Кыргыз темир жолу тарабынан белгиленет.
Жалпы талаптар
15.1. Бекеттин техникалык каражаттарын колдонуу тартиби техника-буйрук актысы менен белгиленет, ал бекетте поезддерди коопсуз кабыл алуу, жөнөтүү жана өткөрүүнү, бекет ичинде маневр иштеринин коопсуздугун жана эмгек коргоо талаптарынын сакталышын эрежелейт.
Техника-буйрук актысы менен белгиленген тартип бүткүл кызматтардын жумушчулары үчүн милдеттүү.
15.2. Бекеттин техника-буйрук актысы бекет начальниги тарабынан ушул Эрежелердин, Кыргыз Республикасынын темир жолунда сигнализация нускамасы, Кыргыз Республикасынын поезд жүрүшү жана маневр иштери боюнча нускамасы жана техника-буйрук актыларын түзүү нускамасынын негизинде жана буларга толук шайкеш түрдө иштелип чыгат.
Техника-буйрук актысы жол текшерүчүсү же кыймыл текшерүүчүсү тарабынан текшерилет жана техника-буйрук актыларын түзүү нускамасына жараша бекитилет.
Техника-буйрук актысына бекеттин схемалуу планы жана жергенин шарттарына жараша керектүү нускамалар тиркелет.
Техника-буйрук актысынан көчүрмөлөр, бекет нөмөтчүсү үчүн бекет начальниги тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр бекет нөмөтчүсү, маневр диспетчери, парк жана сорттомо дөбөлөрүнүн нөмөтчүлөрү, борборлоштуруунун аткаруу постторунда, жебе постторунда, локомотив депо нөмөтчүсү жана вагон текшерүүчүсүнүн бөлмөлөрүндө болууга тийиш. Көчүрмөлөр тиешелүү жумушчулар үчүн керектүү маалыматты камтууга тийиш.
Техника-буйрук актысынын формасы жана аны түзүү нускамасы темир жол тарабынан иштелип чыгат жана Транспорт министирлиги тарабынан бекитилет.
Жебе котормолорунун иштетилиши
15.3. Башкы жана кабыл алуу-жөнөтүү жолдорундагы жебелер, ошондой эле коргоочу жебелер түзүк абалда болууга тийиш.
Жебелер үчүн түзүк абал бул:
бир жолдуу линиялардын, бекеттердин башкы жолдорундагы кириш жебелериники – бекеттин ар учунан түрлүү жолдорго багытталышы;
бекеттердин башкы жолдорунда, жолдуу линияларда кириш жебелериники тиешелүү башкы жолдорго багытталышы;
коргоочу жана кармоочу туюктарга алпарган жебелерден башка эки бекет аралары жана бекеттердеги калган бүткүл жебелердики - тиешелүү башкы жолдорго багытталышы;
коргоочу жана кармоочу туюктарга алпарган жебелердики – бул туюктарга багытталышы.
Эки жебе постун бир жебе постунун нөмөтчүсү тейлеген, ошондой эле штатта ташуу кызматынын жумушчулары каралбаган аз иштеген линиялардагы бекеттерде бир жолдуу линиялардын башкы жолдорундагы кириш жебелеринин түзүк абалы темир жол бөлүмүнүн начальниги тарабынан, темир жолдун курамында темир жол бөлүмдөрү жокто - темир жолдун башкы инженери тарабынан белгиленет.
Жебелердин түзүк абалы жебе абалдарынын жана каттамдардагы светофорлордун сигнал көрсөткүчтөрүнүн өз ара көз карандылык таблицаларында плюс белгиси менен көрсөтүлөт. Борборлоштурулбаган жебелери бар бекеттер үчүн алардын түзүк абалы айрыкча бекеттин техника-буйрук актысында жана алардан көчүрмөлөрдө көрсөтүлөт. Керектүү учурларда бекет начальниги тарабынан калыбына келтирүүчү жана өрт өчүрүүчү поезддердин, 1-класстагы кооптуу жүктөрү (жарылма материалдары) ж.б. бар вагондордун токтомосу үчүн бөлүнгөн бекет жолдоруна алпарган, сигнал жана каттамдар менен көз карандылыкка кошулбаган борборлоштурулбаган жебелердин түзүк абалы белгиленет.
Белгиленген түзүк абал жебе станиналарында жана электирлүү борборлоштуруу жебелеринин жүргүзгүчтөрүнүн каптоочторунда белгиленет.
Жебелер төмөнкү учурларда башка абалга которулушу мүмкүн:
поезд кабыл алуу жана жөнөтүү үчүн каттам даярдоодо;
маневр иштеринде;
жол кыймылдуу курам менен ээленгенде;
бекет жолдорунда тоскоолдук жана жумуш жасоо ордун тосмолоо керек болгондо;
жебе тазалоо, текшерүү жана оңдоодо.
Электирлүү борборлоштуруусу бар бекеттерде автомат кайтаруу механизмдери менен, алар жокто – бекет нөмөтчүсү тарабынан түзүк абалга келтирилүүгө тийиш болгон коргоочу жана кармоочу туюктарга алпарган жебелерден, ыргытма жебелерден башка жебелерди түзүк абалга келтирүү милдеттүү эмес.
15.4. Эки бекет арасында жаткырылган жебе котормосу коңшу бекеттердин бирине катталат же бутактануу жеринде пост жасалат.
Бул жебе котормолорунун техникалык тейлениш, жарыктандырылыш, корголуш тартиби, ошондой эле бул жебелердин ачкычтарын сактоо тартиби Кыргыз темир жолунун жетекчилиги тарабынан белгиленет.
15.5. Ар жебе жана сигнал башкаруу посту өзү башкарган жебе жана сигналдарды которуу жана жүрүш коопсуздугу үчүн жооптуу бир жумушчунун гана карамагында болууга тийиш: борборлоштуруунун бекет посту - бекет нөмөтчүсүнүн, аткаруу посту - борборлоштуруунун бекет постунун нөмөтчүсүнүн, борборлоштуруу постунун операторунун, жебе посту - жебе постунун нөмөтчүсүнүн, механикалаштырылган жана автоматташтырылган сорттомо дөбөсүнүн борборлоштуруу посту - сорттомо дөбөсүнүн нөмөтчүсүнүн же маневр диспетчеринин карамагында болууга тийиш.
Бекеттерде эки жебе постунун бир жебе постунун нөмөтчүсү тарабынан, өзүнчө жебе жана посттордун бекет нөмөтчүсү тарабынан тейленишине уруксат берилет. Мындай бекеттердин тизмеси Кыргыз темир жолу тарабынан белгиленет.
Диспетчер борборлоштуруусу бар тилкелерде жайгашкан бекеттерде жебе которуу жана сигнал башкаруу үчүн поезд диспетчери жооптуу.
15.6. Бекеттерде жебе постунун нөмөтчүсүнүн жумушуна көзөмөл кылуу үчүн жол өнүгүүсү, маневр иштеринин мүнөзү жана көлөмүнө жараша жебе постунун ага нөмөтчүлөрү дайындалат. Тизмеси Кыргыз темир жолу тарабынан белгиленген бекеттерде жебе постунун ага нөмөтчүлөрү түздөн-түз посттун тейлениши үчүн же бир эле убакта посттун тейлениши жана жебе районунда жайгашкан башка жебе постунун нөмөтчүлөрүнүн жумушуна көзөмөл кылуу үчүн дайындалышы мүмкүн. Бекеттерде диспетчер борборлоштуруусунун борбордук постторуна жана бекеттер аралык борборлоштуруу постторуна поезд диспетчерлери же бекет нөмөтчүлөрүнөн башка борборлоштуруу постунун операторлору дайындалышы мүмкүн.
15.7. Поезд кабыл алуу жана жөнөтүүнүн алдында кабыл алуу жана жөнөтүү каттамына түздөн-түз кирген, ошондой эле коргоочу жебелер бекитилүүгө тийиш.
Поезд кабыл алуу жана жөнөтүү үчүн каттам даярдоодо борборлоштурулган жебелерди которуу бекет нөмөтчүсү же анын көрсөтмөсү менен борборлоштуруу постунун оператору тарабынан жасалат. Поезд кабыл алуу жана жөнөтүү үчүн каттам даярдоодо борборлоштурулбаган жебелерди которуу жана бекитүү жебе постунун нөмөтчүсү, жебе постунун ага нөмөтчүсү же жебелерди которуп жатканда бекет нөмөтчүсү тарабынан жасалат.
15.8. Поезд кабыл алуу жана жөнөтүү каттамдарында бекитилген, ачкыч көз карандылыгы менен жабдылбаган борборлоштурулбаган жебелердин ачкычтары бекет нөмөтчүсүндө же жебе постунун ага нөмөтчүсүндө, жабдылгандар болсо жебе постунда аткаруу аппаратында же бекет нөмөтчүсүнүн буйрук аппаратында сакталууга тийиш.
Ачкыч көз карандылыгы менен жабдылбаган, эки бекет араларындагы, ошондой эле ара бекеттеринин кабыл алуу жана жөнөтүү жолдорунда бул жолдор курамдар (локомотивсиз) же өзүнчө вагондор менен ээленип турган учурда бекитилген жебелердин ачкычтары бекет нөмөтчүсүндө сакталууга тийиш. Башка өтө маанилүү жооптуу жебелердин (1-класстагы кооптуу жүктөрү (жарылма материалдары) бар вагондордун турушу үчүн бөлүнгөн жолдорго алпаргандар), калыбына келтирүүчү жана өрт өчүрүүчү поезддердин, кармоочу туюктардын башкы жолдору арасындагы эңкейиштердин жебелеринин ж.б. ачкычтарын сактоо тартиби жана бул жебелердин тизмеси бекеттин техника-буйрук актысында аныкталат.
15.9. Маневр кыймылдарында жебелер маневрларды башкарган адамдын буйругу менен сигналчылар же жебе постунун нөмөтчүсү тарабынан которулат.
Электирлүү борборлоштуруусу бар бекеттерде маневр кыймылдарында жебелер бекет нөмөтчүсү же борборлоштуруу постунун оператору тарабынан которулат. Жебелер борбордук башкаруудан жергиликтүүгө өткөрүлгөн учурда, ошондой эле жебе постунун нөмөтчүсү тарабынан тейленбеген борборлоштурулбаган жебелерде маневр жасоодо жебелердин түзүүчүлөр же локомотив бригадаларынын жумушчулары, кондукторлор, парк нөмөтчүлөрү, бекет нөмөтчүлөрү, бекет начальниги, жүк жана багаж кабыл алуу-тапшыруучулары, локомотив, вагон депо жумушчулары жана башкалар тарабынан которулушуна жол берилет. Мындай жебелердин номери көрсөтүлгөн бекеттердин, ошондой эле маневр жасоодо жебе которуусуна уруксат берилген жумушчулардын тизмеси жана жебе которуу тартиби Кыргыз темир жолунун жетекчилиги тарабынан белгиленет.
Борборлоштурулган жебени которуунун алдында аны тейлеген жумушчу темир жолдо поезд кыймылы жана маневр иштери боюнча нускама менен белгиленген тартипке жараша жебе котормосунун кыймылдуу курам менен ээленип турбаганына көзү жетүүгө тийиш.
15.10. Жебе котормосунда оңдоо иштерин жасоо керек болгондо сигналчы же жебе постунун нөмөтчүсү (жебе постунун ага нөмөтчүсү) оңдоого темир жолдун жол чарбасынын түзүм бөлүмчөлөрүнүн же темир жолдун электир энергиясы, сигнализация жана байланыш менен камсыздоо боюнча түзүм бөлүмчөлөрүнүн жумушчуларын бекет нөмөтчүсүнүн гана уруксаты менен жибере алат. Оңдоо бүткөндө сигналчы, жебе постунун нөмөтчүсү (жебе постунун ага нөмөтчүсү) жебе котормосунун абалы коопсуз кыймылды камсыздаганына көзү жетүүгө жана муну бекет нөмөтчүсүнө билдирүүгө тийиш.
15.11. Бекет жолдорундагы жебе котормолору, анын ичинде башка кызмат жана уюмдардын карамагына өткөрүлгөн жанашкан жолдордун жебе котормолору бекет начальнигинин карамагында турат.
Башка кызмат жана уюмдардын жолдорундагы жебе котормолору темир жолдун тиешелүү бөлүмчөлөрүнүн жана уюмдардын начальниктеринин карамагында турат.
Бекет жана тиешелүү бөлүмчөлөрдүн начальниктери өз карамагындагы жебе котормолорун таза жана түзүк абалда каралышын, ошондой эле жебе көрсөткүчтөрүнүн тазалыгын, иштөөсүнүн түзүктүгүн камсыздоого тийиш.
15.12. Өзүнчө бурамалардын техникалык абалына көзөмөл кылуу, тазалоо, майлоо, бекитүү жана алмаштыруу:
борборлоштурулбаган жебе котормолорунуку – аларды тейлеген жебе постунун нөмөтчүлөрү тарабынан;
борборлоштурулган жебе котормолорунуку - темир жолдун жол чарбасынын түзүм бөлүмчөлөрүнүн жумушчулары тарабынан жасалат.
Жебе постунун нөмөтчүсүнүн карамагында турбаган борборлоштурулган, ошондой эле борборлоштурулбаган жебе котормолорунун өзүнчө бурамаларынын техникалык абалына көзөмөл кылуу, тазалоо, майлоо, бекитүү жана алмаштыруу тартиби Кыргыз темир жолунун жетекчилиги тарабынан белгиленет.
Маневр жасоо
15.13. Бекет жолдорунда маневрлар бир гана жумушчунун көрсөтмөсү менен - бекет нөмөтчүсү, маневр диспетчери, сорттомо дөбөсү же парк нөмөтчүсү, диспетчер борборлоштуруусу бар тилкелерде болсо - поезд диспетчеринин гана жасалууга тийиш. Маневрларды тескөө милдеттерин бөлүштүрүү бекеттин техника-буйрук актысында көрсөтүлөт.
15.14. Маневр иштеринде көрсөтмө берүүнүн негизги каражаты радиобайланыш, керектүү учурларда – эки тараптуу парк байланыш механизмдери болууга тийиш.
Маневр иштеринде кол сигнал аспаптары менен сигнал берүүгө уруксат берилет.
15.15. Маневр жасап жаткан локомотив, атайын өзү жүрүүчү курамдын машинисти маневр жетекчисинен эки тараптуу парк байланыш механизми менен жекече, радиобайланыш аркылуу көрсөтмө же кол сигнал аспаптары менен берилген сигналды албастан локомотив же атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамды кыймылга келтирүүгө акысы жок. Маневр жетекчисинин көрсөтмөсү же сигналынан башка, борборлоштурулган маневр багыттарына чыгуудан мурун машинист маневр светофорунун уруксат берүүчү көрсөтмөсүнүн барлыгына көзү жетүүгө, борборлоштурулбаган жебелерге чыгууда - жебе постунун нөмөтчүсүнөн жебелердин маневр кыймылдары үчүн даярдыгы тууралуу (жекече, радиобайланыш, эки тараптуу парк байланыш механизми аркылуу) сигнал же кабар алууга тийиш. Борборлоштурулган жебелерге чыгуудан мурун маневр светофору жокто машинист бекет нөмөтчүсүнөн жебелердин маневр кыймылдары үчүн даярдыгы тууралуу (жекече, радиобайланыш, эки тараптуу парк байланыш механизми же маневр жетекчиси аркылуу берилген) кабар алууга тийиш.
Жебе жана сигналдарынын электирлүү борборлоштуруусу бар бекеттерде жебелер борбордук башкаруудан жергиликтүүгө өткөрүлгөн учурда жебелерге чыгууга бул жебелерди которуу өзүнө жүктөлгөн жумушчунун көрсөтмөсү же сигналына жараша уруксат берилет.
Маневр иштеринде радиобайланыш жана эки тараптуу парк байланыш механизмин колдонуунун негизги жоболору Кыргыз Республикасынын темир жолундагы поезд кыймылы жана маневр иштери боюнча нускамасы менен каралат.
15.16. Маневрлар төмөнкүлөрдөн ашык эмес ылдамдыктарда жасалат:
60 км/саат – күйгүзүлгөн жана сыналган автотормоздору бар аркадан чиркештирилген жалгыз локомотивдер жана вагондуу локомотивдер бош жолдордо жүргөндө;
40 км/саат - аркадан чиркештирилген вагондору бар локомотив, ошондой эле жалгыз атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам бош жолдордо жүргөндө;
25 км/саат – вагондор, ошондой эле калыбына келтирүүчү жана өрт өчүрүүчү поезддер бош жолдордо жүргөндө;
15 км/саат – ичи адамдар менен, ошондой эле 4-, 5- жана 6- даражадагы каптал жана ылдыйкы габаритсиздиктеги габаритсиз жүктөр менен ээленген вагондор менен жүргөндө;
5 км/саат – түрткү менен маневр кылууда, дөбө астындагы паркта ажыратылган вагондордун башка ажыратылган вагондорго жакындашында;
3 км/саат – локомотивдин (вагондуу же вагонсуз) вагондорго жакындашында.
Кыймылдуу курамдын вагон таразасында жүрүш ылдамдыгы таразанын конструкциясына жараша бекеттин техника-буйрук актысында белгиленет.
Дөбө светофорлорунун түрлүү сигналдарында сорттомо дөбөлөрүндө вагон таркатуу ылдамдыгы, ошондой эле кыймыл коопсуздугун жана кыймылдуу курамдын амандыгын камсыздаган шарттар дөбөлөрдүн техникалык жабдылышы жана жергенин шарттарына жараша темир жол начальниги тарабынан белгиленет.
Түрткү менен маневр кылуу жана темир жол транспортунда жүк ташуу эрежелеринде жана Темир жолдордо кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелеринде (КМШнын катышуучу мамлекеттеринин Темир жол транспорту боюнча кеңешинин 1996-жылдын 5-апрелиндеги 15-отурумунда бекитилген) көрсөтүлгөн айрым категориялардагы жүктөрү бар вагондорду, рефрижератор вагондорду жана секцияларды сорттомо дөбөлөрүнөн таркатуу Кыргыз Республикасынын темир жолундагы поезд кыймылы жана маневр иштери боюнча нускамасы менен белгиленген тартипке жараша өзгөчө этият менен жасалууга тийиш.
15.17. Башкы жолдордо же аларды кесип өтүү, ошондой эле кириш жебелеринин сыртына чыгуу маневрлары маневрлар жасалган жол жана жебелерге киришти тосуп турган тиешелүү жабык кириш светофорлорунда ар жагдайда бекет нөмөтчүсүнүн уруксаты менен гана жол берилиши мүмкүн.
Поезд диспетчери жана коңшу бекеттин нөмөтчүсүнүн макулдугусуз жана машинистке берилген белгиленген уруксатсыз бир жолдуу жана туура эмес жолдо эки жолдуу тилкелерде эки бекет арасына курамдын бекеттин чектеринен тышкары чыгуу маневрларына жол берилбейт. Эки жолдуу тилкелерде туура жолдо курамдын бекеттин чектеринен тышкары чыгуу маневрларына поезд диспетчеринин макулдугу менен бекеттин нөмөтчүсүнүн оозеки уруксаты боюнча жол берилет.
Бекеттерде бекет огу тарапка кириш светофорунун мамысында атайын маневр светофору бар жерде маневр жасаган курамдын бекеттин чектеринен тышкары чыгышы анын сигналы менен жасалат.
15.18. Кыймылдуу курамдын эки бекет арасына жана поезддердин жүрүш каттамдарына кетүү коркунучу пайда болгон эңкейиштерде жайгашкан бекет жолдорунда маневрлар локомотивдин эңкейиш жакта токтотулушу жана вагондордун автотормоздорунун күйгүзүлүшү жана сыналышы менен жасалат. Локомотивдин эңкейиш жакта токтотулушу мүмкүн болбосо, мындай жолдордо маневрлар ооздуктоо жолу менен жасалууга, вагондордун автотормоздору күйгүзүлүү жана сыналууга тийиш.
Мындай жолдору бар бекеттерде кыймыл коопсуздугун камсыздаган маневр жасоо тартиби поезд кыймылы жана маневр иштери боюнча нускама менен белгиленет жана бекеттин техника-буйрук актысында көрсөтүлөт.
15.19. Вагон сорттоо үчүн дөбө механизмдери бар бекеттерде маневрлар Кыргыз темир жолунун жетекчилиги тарабынан бекитилген нускамаларга жараша жасалууга тийиш.
Төмөнкүлөрдү түртүү менен маневр жасоого жана дөбөдөн таркатууга жол берилбейт:
жүк коштогон узатуучулары (командалары) бар вагондордон башка, адамдар менен ээленген вагондорду;
темир жол транспортунда жүк ташуу эрежелеринде жана Темир жолдо кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелеринде көрсөтүлгөн айрым категориялардагы жүктөрү бар вагондорду;
4-, 5- жана 6- даражадагы каптал жана ылдыйкы габаритсиздиктеги жана 3-даражадагы өйдөңкү габаритсиздиктеги жүктөр жүктөлгөн платформа жана жарым вагондорду, жүктөлгөн транспортерлерди;
иштебеген абалдагы локомотивдерди, моторвагондуу кыймылдуу курам, рефрижератор поезддеринин курамдары, жүргүнчү вагондору, темир жолдо жүргөн крандарды;
“Дөбөдөн түшүрбө” деген трафарети бар вагондор жана атайын кыймылдуу курамды.
Көрсөтүлгөн кыймылдуу курам маневр локомотиви менен гана сорттомо дөбөсүнөн өткөрүлүшү мүмкүн.
15.20. Төмөнкүлөрдүн сорттомо дөбөлөрүнөн өткөрүлүшүнө жол берилбейт:
12 жана андан ашык огу бар жүктөлгөн жана бош транспортерлер, чиркемеде бир же эки ара платформасы барда жүк көтөрүмдүүлүгү 120 т болгон жүктөлгөн атайын типтеги транспортерлер, ошондой эле “Дөбөдөн өткөрбө” деген трафарети бар кыймылдуу курам.
15.21. Бекет жолдорунда кыймылдуу курам чек мамычалары менен белгиленген чектерде коюлууга тийиш.
Бекет жолдорунда локомотивсиз турган поезд курамдары, вагондор менен атайын кыймылдуу курам тормоз башмактары, вагон бекитүү үчүн туруктуу механизмдер, кол тормозу же башка белгиленген бекитүү каражаттары менен кетүүдөн ишенимдүү бекитилүүгө тийиш.
Вагондор менен курамдарды бекитүү тартиби Кыргыз Республикасынын темир жолунда поезд кыймылы жана маневр иштери боюнча нускамасы менен белгиленет жана жергенин шарттары эске алынып, бекеттин техника-буйрук актысында көрсөтүлөт.
Бекетте турган жана жүк операциялары менен ээленбеген жана тазалоо, дезинфекция жана оңдоодо турбаган вагондордо каалгалар жабык болууга тийиш.
15.22. Сорттомо парктарынын жолдорунда чогултуу астында тургандардан башка, 1-класстагы кооптуу жүктөрү (жарылма материалдары) бар вагондор менен суюлтулган газдуу цистерналар бекетте поезддерден тышкары турганда өзгөчө жолдордо коюлууга тийиш. Мындай вагондор чиркештирилүүгө, жылып кетүүдөн ишенимдүү бекитилүүгө жана ташыма токтотуу сигналдары менен тосмолонууга тийиш.
Мындай вагондордун токтотмосуна алпарган жебелер бул жолго кириш мүмкүндүгүн жокко чыгарган абалга келтирилет.
1-класстагы кооптуу жүктөрү (жарылма материалдары) бар вагондор менен суюлтулган газдуу цистерналар сорттомо парктарынын жолдорунда чогултуу астында турганда темир жол транспортунда жүк ташуу эрежелери, Темир жолдордо кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жана Кыргыз Республикасынын темир жолундагы поезд кыймылы жана маневр иштери боюнча нускамасы менен белгиленген өзгөчө этият чаралары сакталууга тийиш.
15.23. Маневр жасаган локомотивдин кыймылын бир гана жумушчу – алардын туура аткарылышы үчүн жооптуу маневр жетекчиси (поезд түзүүчүсү) башкарууга тийиш.
Маневр жетекчиси:
маневр иштерине тапшырмаларды так жана убагында аткарууга;
болжолдонуп жаткан маневр иштерин аткаруу планы жана ыкмалары менен таанышуунун негизинде маневр жасоого катышкан бүткүл жумушчулардын туура жайгаштырылышын жана аракеттеринин макулдашылгандыгын камсыздоого;
ушул Эрежелердин, тиешелүү нускамалар жана башка актылардын талаптарына дал шайкеш түрдө поезддерди түзүүгө;
маневр иштерин кыймыл коопсуздугу, маневрларда алек болгон жумушчулардын жеке коопсуздугу, кыймылдуу курам жана жүктүн амандыгы камсыздалгандай уюштурууга милдеттүү. Адамдар, габаритсиз жана 1-класстагы кооптуу жүктөр (жарылма материалдар) менен ээленген вагондор менен маневрлар өзгөчө этият менен жасалууга тийиш.
Бекеттерде жол өнүгүүсү, маневр иштеринин мүнөзү жана көлөмүнө жараша жолдор маневр райондоруна бөлүнөт.
Ара бекеттерде маневр иштери башкы кондуктордун же анын милдеттерин аткарган жумушчунун жетекчилиги астында жасалышы мүмкүн.
Түзүүчү бригадасы же башкы кондуктор тарабынан тейленбеген локомотивдин маневр кыймылдарын ошол райондо маневр жасоону тескөө акысы бар жумушчу же анын көрсөтмөсү менен сигналчы (жебе постунун нөмөтчүсү) жетектейт.
Бекет жолдорунда атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын маневр кыймылдары Кыргыз Республикасынын темир жолунда поезд кыймылы жана маневр иштери боюнча нускамасына жараша жасалат.
15.24. Маневр жасоодо локомотив бригадасы:
маневр иштерине тапшырмаларды так жана убагында аткарууга;
берилген сигналдарды кылдат байкап турууга, кыймылдар тууралуу сигналдар менен көрсөтмөлөрдү так жана убагында аткарууга;
жолдордогу адамдарды, жебелердин абалын жана кыймылдуу курамдын жайгашуусун кылдат байкап турууга;
маневр жасоо коопсуздугун жана кыймылдуу курамдын амандыгын камсыздоого милдеттүү.
15.25. Курама поезддер менен иштеген, ошондой эле маневр иштерин жасоо үчүн бөлүнгөн локомотив бригадалары, кондукторлор жана түзүүчү бригадалары техника-буйрук актысында көрсөтүлгөн бекеттеги маневр иштеринин тартибин билүүгө тийиш. Локомотив бригадалары, кондукторлор жана түзүүчү бригадаларынын бекеттин техника-буйрук актысында көрсөтүлгөн маневр иштеринин шарттары менен таанышуу тартиби темир жол жетекчилиги тарабынан белгиленет.
Поезддердин түзүлүшү
15.26. Поезддер ушул Эрежелер, поезддердин жүрүш графиги жана түзүлүш планына толук шайкеш түрдө түзүлүүгө тийиш. Жүк поезддеринин багыттар жана ар тилке боюнча салмак жана узундук ченемдери поезддердин жүрүш графиги жана түзүлүш планында белгиленет жана локомотив тибине, поезддер айланган тилкелерде жолдун профилине жана бул тилкелердин бекеттеринде кабыл алуу-жөнөтүү жолдорунун пайдалуу узундугуна, электирлештирилген линияларда – электир камсыздыгы шарттарына шайкеш болууга тийиш.
Узун курамдуу, оор салмактуу, бириктирилген, ошондой эле жогорулатылган салмак жана узундуктагы жүк поезддеринин түзүлүш жана өткөрүлүш тартиби темир жол жетекчилиги тарабынан белгиленет.
Узак жана жергиликтүү жүргүнчү поезддеринин салмак жана узундук ченемдери жана аларда вагондордун жайгаштырылыш тартиби поезддердин жүрүш ырааттама китепчелеринде көрсөтүлөт.
Жүргүнчү поезддерине ченеминен ашык вагон чиркөө жана узун курамдуу жүргүнчү поезддеринин жүрүш тартиби темир жол жетекчилиги тарабынан белгиленет.
Поездге кыймылдуу курамды, ошондой эле атайын кыймылдуу курамды коюуда анын салмагы менен узундугу темир жол жетекчилиги тарабынан бекитилген поезддердин жүрүш нормативдеринин таблицаларына жараша аныкталат.
15.27. Поезддерге төмөнкүлөрдү коюуга жол берилбейт:
Кыймыл коопсуздугуна коркунуч келтирген жана абалы ташылуучу жүктөрдүн амандыгын камсыздабаган бузук вагондор;
жүк көтөрүмдүүлүгүнөн ашык жүктөлгөн вагондор;
ачык кыймылдуу курамда жүк жүктөө жана бекитүүнүн техникалык шарттарынын бузулушу менен жүктөлгөн платформа жана жарым вагондор;
кузовдун ооп кетишине же рама жана вагон кузовунун жүрмө бөлүктөргө урунушуна алып келген рессорлору чөккөн вагондор, ошондой эле жалбырактарынын үзүлүш коркунучун туудурган бузук чатырлуу вагондор;
каралышына жана жүрүш үчүн жарамдуу деп табылышына чейин рельсалардан чыгып кеткен же кыйроого учураган поездде болгон вагондор;
өзгөчө документтер (өз огундагы жүк катары) менен жүргөн вагондордон башка, белгиленген оңдоо түрлөрү тууралуу трафарети жок вагондор;
вагондордун жүрүшү тууралуу өзгөчө көрсөтмө берилбеген болсо, габаритсиз жүктөрү бар платформа, транспортер жана жарым вагондор;
атайын нускамалар менен каралган жагдайлардан башка, борттору жабылбаган платформалар, бункерлери бекитилбеген вагондор, цистерналар, хопперлер, буудай ташыгычтар, цемент ташыгычтар жана өйдөңкү жана ылдыйкы жүктөө-жүк түшүрүү механизмдеринин капкактары ачык ушуларга окшош кыймылдуу курам;
эшиктери жана тешиктери ачык же бекитме механизминин бир жапкычы жабык жарым вагондор;
эшиктери ачык жана эшик жапкычы бекитилбеген үстү жабык бош вагондор, жүрүш айланасы боюнча дөңгөлөк жубу битумдан тазаланбаган мунай битумун ташуу үчүн вагондор.
15.28. Шаар айланасы жана жергиликтүү каттамдагы жүргүнчү поезддерине кызмат-техника максаттуу бүтүн метал эмес вагондордун чиркештирилишине жол берилет.
Бүткүл жүргүнчү поезддеринде биринчи жана акыркы вагондордо эң четки туурасынан эшиктери бекитилген болууга, жөө жүргүнчү аянтчалары көтөрүлгөн абалда бекитилген болууга тийиш.
15.29. Жүргүнчү жана почта-багаж поезддерине:
кооптуу жүктөрү бар вагондордун;
мезгилдүү оңдоо мөөнөттөрү бүткөн же орток техникалык текшерүү мөөнөттөрү бүткөн вагондордун чиркештирилишене жол берилбейт.
Жүргүнчү поезддерине /(жогорку ылдамдыктуу жана тез жүрүүчүлөрдөн башка) темир жол жетекчилигинин уруксаты менен бир темир жолдун чектеринде:
төрт октуу үстү жабык;
сүт ташуу үчүн цистерналар;
автоном рефрижератор;
тирүү балык ташуу үчүн жүк вагондорун коюулушу мүмкүн.
Мында узак каттамдагы жүргүнчү поездине тирүү балык ташуу үчүн бирден ашык эмес жүк вагонунун же эки вагондуу секциянын, шаар айланасы же жергиликтүү каттамдагы жүргүнчү поездине үчтөн ашык эмес вагондун чиркештирилишине жол берилет.
Жүргүнчү поезддерине Кыргыз темир жолунун чектеринде жол жетекчилигинин уруксаты менен жүргүнчү поезддерине чиркештирүү үчүн ушул тарамда көрсөтүлгөн жүк вагондору, ошондой эле адистештирилген вагондор: термостор, беш вагондуу рефрижератор секциялар жана рефрижератор секцияларынын айрым вагондору, жеңил салмактуу жүктөр үчүн саны алты вагондон ашпаган рефрижератор секциялары үчүн төрт октуу үстү жабык жана бүтүн метал (БМЖВ) жүк вагондору коюлушу мүмкүн. Керек болгондо жол жетекчилигинин уруксаты менен почта-багаж поезддерине башка жүк вагондорунун коюлушуна да жол берилет. Чиркештирилген жүк вагондорунун конструкциясы жана техникалык абалы жана аларда жүктөрдүн бекитилиши жүргүнчү, почта-багаж поезддеринин коопсуз жүрүшүн камсыздоого тийиш.
Башка конструкция жана типтеги кыймылдуу курам ичине камтылган жүргүнчү жана почта-багаж поезддеринин жүрүш ылдамдыгы бул кыймылдуу курам үчүн белгиленген ылдамдыктарды ашпоого тийиш.
15.30. Почта-багаж поезддеринде вагондордун жайгаштырылышы жүргүнчү поезддери үчүн белгиленген тартипте, жүк-жүргүнчү поезддеринде болсо жүк поезддери үчүн белгиленген тартипте жасалат.
15.31. Жүк-жүргүнчү поезддерине кооптуу жүктөрү бар, ошондой эле суюлтулган газдын бош цистерналарынын коюлушуна жол берилбейт. Өзгөчө жагдайларда жүк-жүргүнчү поезддеринен башка поезддер айланбаган аз иштетилген тилкелерде темир жол жетекчилигинин уруксаты менен жана ал тараптан белгиленген тартипке жараша буларга кооптуу жүктөрү бар вагондордун (1-класстагы кооптуу жүктөрү (жарылма материалдары) бар вагондордон башка) коюлушуна жол берилиши мүмкүн.
15.32. Жүк поезддери ок саны жана салмагы боюнча вагондор тандалбастан түзүлөт.
Оор салмактуу жана узун курамдуу поезддерди түзүүдө бош вагондор поезддин акыркы үчтөн бир бөлүгүнө коюлууга тийиш.
Курама поезддерде вагондор дайындалыш бекеттери боюнча топтор түрүндө тандалат, курама-таратма вагондор болсо бир топ түрүндө коюлат.
Кооптуу жүктөрү бар вагондор темир жол транспортунда жүк ташуу эрежелери жана Темир жолдордо кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери менен белгиленген ташуу шарттарына жараша жүк поезддерине коюлат.
Моторвагондуу кыймылдуу курам оңдоого же оңдоодон баратканда жүк поездинин куйругуна бир топ түрүндө коюлат.
15.33. Жүк коштогон узатуучулары (командалары) бар жана кызмат вагондорунан башка, адамдар менен ээленген жүргүнчү жүк вагондору жүк поезддерине бир топ болуп коюлат жана чукул түрткү жана токтоодо жылып кетиши мүмкүн болгон локомотивден, рельсалары, төрт кырлуу устундары, устундары жана буга окшош башка жүктөрү бар ачык кыймылдуу курамдан жана поезддин куйругунан бир вагондон аз эмес далдоосу болууга тийиш.
Жүк поезддеринде адам ташуу тартиби Транспорт министирлиги тарабынан белгиленет.
15.34. Адам поезддерине кооптуу жүктөрү бар, ошондой эле суюлтулган газдын бош цистерналарынын коюлушуна жол берилбейт.
Кооптуу жүктөрү бар вагондордун аскерий адам поезддерине коюлуш тартиби Темир жолдордо кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жана Транспорт министирлигинин атайын жоболору менен белгиленет.
15.35. Жүк поезддерине адамдар менен ээленген вагондорду, ошондой эле темир жол транспортунда жүк ташуу эрежелеринде жана Темир жолдордо кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелеринде көрсөтүлгөн жүктөрү бар вагондорду коюуда кооптуу эмес же бош вагондордон тиешелүү далдоосу болууга тийиш. Жүк поезддеринде көрсөтүлгөн вагондордун жайгаштырылышы темир жол транспортунда жүк ташуу эрежелери, Темир жолдордо кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жана башка ченем актылары эске алынып, Кыргыз Республикасынын темир жолунда поезд кыймылы жана маневр иштери боюнча нускамасына жараша жасалат.
15.36. Поезддерде габаритсиз жүктөрү бар вагондордун жана атайын кыймылдуу курамдын жайгаштырылыш тартиби тиешелүү нускамалар менен белгиленет.
15.37. Эки бекет арасында жумуш менен бараткан чарба поезддеринде кондукторлор менен жумуш жетекчилеринин өтүшү Кыргыз темир жолунун жетекчилиги тарабынан белгиленген өтмө аянтчалары бар вагондор коюлууга тийиш.
Поезддерде тормоз күйгүзүү тартиби
15.38. Кыймылдуу курамдын, атайын кыймылдуу курамдын техникалык жабдылышына жараша тормоз каражаттары менен төмөнкүлөр белгиленет:
жүк жана жүргүнчү поезддери үчүн 100 т салмакка жана поезддердин белгиленген эң жогорку ылдамдык менен жүрүшүнө жол берилген эң чоң жетектөөчү эңкейиште орток эң кичине тормоз басуу;
жүрүш ылдамдыктары, эңкейиш чоңдугу, тормоз басуу жана тормоз жолу арасындагы көз карандылыктар;
кыймылдуу курамдын жана атайын кыймылдуу курамдын окторунда тормоз калыптарын басуунун эсеп ченемдери, поезддердин кол тормоздору менен камсыздалыш ченемдери жана тормоз эсептерин жүргүзүү үчүн керектүү башка маалымат.
Көрсөтүлгөн ченемдер менен маалымат поезддердин ырааттама китепчелеринде жана тиешелүү нускамаларда жайгаштырылат.
15.39. Графада белгиленген поезддердин тилкелерде жүрүш ылдамдыгы темир жол начальнигинин буйругу менен жарыяланат.
15.40. Жүргүнчү поезддеринде автотормоз тармагына жүргүнчү тибиндеги автотормозу бар бүткүл вагондор, жүк жана чарба поезддеринде – жүк тибиндеги автотормозу бар бүткүл вагондор жана атайын кыймылдуу курам камтылууга тийиш.
Жүргүнчү жана почта-багаж поезддери электир пневматикалуу тормоздо иштетилүүгө тийиш. Жүргүнчү жана почта-багаж поезддерине РИЦ габаритиндеги вагондор камтылганда бул поезддердин пневматикалуу тормоздо жүрүшүнө уруксат берилет.
Бүткүл поезддерде бүткүл локомотивдердин, ошондой эле атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын автотормоздору автотормоз тармагына камтылууга тийиш.
Жүргүнчү жана жүк тибиндеги автотормозу бар вагондордун бүткүл поезддердин автотормоз тармагына орток камтылыш тартиби, ошондой эле вагон, локомотив жана атайын кыймылдуу курамдын аба бөлүштүргүчтөрүнүн тиешелүү тормоз берүү режимине камтылыш тартиби Кыргыз темир жолу тарабынан белгиленет.
Жүк жана чарба поезддерине кыймылдуу курам, ошондой эле эки бекет арасы магистралы бар, бирок бир топто 8ден ашык эмес огу бар, поезддин куйругунда акыркы эки вагондун алдында – 4төн ашык эмес огу бар атайын кыймылдуу курам коюлушу мүмкүн. Акыркы эки вагондун түзүк иштеген күйүк автотормоздору болууга тийиш.
15.41. Поезддерде автотормоздорду сыноо мындай жасалат:
бүткүл вагондордо тормоз магистралы жана тормоздун абалын жана иштөөсүн толук текшерүү;
түзүлүш бекеттеринде поезд жөнөтүүнүн алдында;
локомотивдин алмаштырылышынан кийин;
жүк поезддеринин кепилдиктүү чектеш жүрүш тилкелерин бөлгөн бекеттерде курамдын локомотив алмаштырылбастан техникалык тейленишинде;
моторвагондуу поездди деподон берүүнүн алдында же андан кийин бригадасыз бекеттерде;
жүрүш графигинде поезддин токтоосу каралган узун эңкейиштери бар эки бекет араларынын алдындагы бекеттерде;
0,018 жана андан тик узун эңкейиштерде толук сыноо тормоз берилген абалда он мүнөттүк кармоо менен жасалат. Мындай бекеттердин тизмеси темир жол жетекчилиги тарабынан белгиленет.
Электир пневматикалуу тормозду толук сыноо түзүлүш бекеттеринде жана жүргүнчү поезддеринин туруктуу механизмдерден же поезд локомотивинен айлануусунда жасалат.
Тормоз жана эки куйрук вагонунун иштөөсү боюнча, моторвагондуу поезддерде куйрук вагонунун тормозунун иштөөсү боюнча тормоз магистралынын абалын текшерүү менен кыскартылган сыноо төмөнкү жагдайларда жасалат:
Бекетте алдын-ала туруктуу механизмден же локомотивден автотормоздор толук сыноодон өткөрүлгөн болсо, поезд локомотивинин курамга чиркештирилишинен кийин;
моторвагондуу поезддин башкаруу кабинасынын өзгөртүлүшүнөн кийин жана локомотив поездден ажыратылбаган учурда локомотив бригадасынын алмаштырылышынан кийин;
поезддин курамында түтүктөрдүн ар кандай ажыратылышынан, курамда уч кранынын жабылышынан кийин, кыймылдуу курамдын чиркештирилишинин натыйжасында түтүктөрдүн кошулушунан кийин (акыркы жагдайда ар чиркешме вагондо тормоздун иштөөсүнүн текшерилиши менен);
жүргүнчү поезддеринде поезддин 20 мүн. ашык турушунан кийин, башкы резервуарларда басым 5,5 кгс/см2 тан ылдый түшкөндө, башкаруу кабинасы алмаштырылганда же баш кабинасынан поезддин жүрүшүн башкаруу мүмкүн болбой калышынан улам поезд эки бекет арасында токтогон соң башкаруу экинчи локомотивдин машинистине өткөрүлгөндөн кийин;
жүк поезддеринде, поезд токтоп турганда автотормоздор өзүнөн-өзү иштеп кеткенде же тыгыздык ВУ-45 формасындагы маалымкатта көрсөтүлгөндөн 20% көбүрөөк өзгөргөндө;
жүк поезддеринде, вагон текшерүүчүлөрү же автотормоздорду сыноо операцияларын аткаруу өздөрүнө үйрөтүлгөн жана бул милдет жүктөлгөн жумушчулар бар жерде поезд 30 мүн ашык токтоп турганда.
Электир пневматикалуу тормозду кыскартылган сыноодон өткөрүү локомотив, локомотив бригадасын алмаштыруу жайларында, ар чиркешме вагондо тормоздун иштөөсүнүн текшерилиши менен вагон чиркештирүүдөн кийин, ошондой эле бекетте туруктуу механизмден же локомотивден электир пневматикалуу тормоз алдын-ала толук сыноодон өткөрүлгөн болсо, поезд локомотивинин курамга чиркештирилишинен кийин.
Айрыкча, тормоздорду толук же кыскартылган сыноо өткөрүлгөн соң жүрүш жолунда тиешелүү нускамада белгиленген тартипте тормоздун иштөөсү текшерилүүгө тийиш.
Вагон текшерүүчүлөрү каралбаган бекеттерде жана эки бекет араларында жүргүнчү поезддеринин локомотивдери бир машинист тарабынан тейленгенде кыскартылган тормоз сыноого машинисттин радиобайланыш аркылуу берилген көрсөтмөсү менен жүргүнчү поездинин начальниги (бригадир механиги) жана вагон узатуучулар (баш жана куйрук вагондорунун) тартылат.
Чоңойтулган салмак жана узундуктагы жана бириктирилген поезддерде, жүк жана чарба поезддеринин курамындагы атайын кыймылдуу курамдарда вагондордун автотормоз тармагына камтылыш тартиби, ошондой эле мындай поезддерде автотормоздорду сыноо тиешелүү нускамалар менен белгиленет.
15.42. Бекетте алдын-ала локомотивдин туруктуу механизминен тормоз сыналган болсо, поездде толук, ошондой эле кыскартылган тормоз сыноосунан кийин вагон текшерүүчүсү жетектөөчү локомотивдин машинистине поезддин тормоз менен камсыздыгы жана алардын түзүк иштөөсү тууралуу белгиленген формадагы маалымкатты тапшырат. Поездге маалымкатта куйрук вагонунун номери да көрсөтүлөт.
Моторвагондуу поезддерде автотормоздордун ар толук сыноодон өткөрүлүшү тууралуу атайын китепте жазуу жазылат.
Автотормоздорду ар кыскартылган сыноодон өткөрүүдө вагон текшерүүчүсү, бул кызмат каралбаган жерде бекет нөмөтчүсү, башкы кондуктор, поезд түзүүчүсү машинисттин жанындагы тормоз тууралуу маалымкатта автотормоздордун кыскартылган сыноодон өткөрүлүшү тууралуу жазуу (курамдын өзгөртүлгөнү тууралуу жазууну да кошуп) жазат.
Автотормоздорду кыскартылган сыноодон өткөрүүдө эки куйрук вагонунун тормоздору иштебеген учурда автотормоздорду сыноо өзүнө жүктөлгөн жумушчу поезддин жөнөтүлүшүнө жол берилбеши үчүн чара көрүүгө тийиш.
Вагон текшерүүчүсү кызматы каралбаган бекеттерде жүргүнчү поезддеринде автотормоздордун иштөөсүн текшерүүгө вагон узатуучулар, жүк поезддеринде болсо - автотормоздорду сыноо операцияларын аткаруу өздөрүнө үйрөтүлгөн жумушчулар тартылат (кызматтардын тизмеси темир жол жетекчилиги тарабынан белгиленет).
15.43. Поезддерде тормоз башкаруу режимдерин (ылдамдык өлчөгүч тасмаларды чечмелөө менен) текшерүү үчүн тормоз сыноочу вагондор колдонулушу мүмкүн.
Поезддердин жабдылышы жана тейлениши
15.44. Жүргүнчү, почта-багаж, жүк-жүргүнчү, аскер жана адам поезддери өрткө каршы каражаттар менен, биринчи медициналык жардам көрсөтүү каражаттары менен жабдылат.
Жүргүнчү поезддеринин курамдары поезд машинисти менен байланыш үчүн радиостанциялар менен жабдылат.
Поезддерди саналган каражаттар менен камсыздоо ченемдери Кыргыз темир жолу тарабынан бекитилет.
15.45. Локомотивдер эки ташыма радиостанция, өрт өчүрүү жана кыймылдуу курамды көтөрүү каражаттары, керектүү сигнал аспаптары, шаймандар жана Кыргыз темир жолу тарабынан бекитилген ченемдерге жараша башка инвентар менен жабдылууга тийиш.
Локомотив эки диапазондуу же үч диапазондуу радиостанция менен жабдылган учурда локомотивде бир ташыма радиостанциянын болушу жетиштүү.
Айрыкча локомотивдер менен моторвагондуу поезддер курамды эки бекет арасында бекитүү керек болгондо 4 тормоз башмагы менен жабдылууга тийиш.
0,012ден тик эңкейиши бар тилкелерде автотормоздордун зыянга учуратылыш жагдайында жүк жана жүк-жүргүнчү поездинин эки бекет арасында бекитилиш тартиби темир жол жетекчилиги тарабынан белгиленет.
Атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам Кыргыз темир жолу тарабынан белгиленген тизме жана ченемдерге жараша аспаптар, механизмдер жана инвентар менен жабдылган болууга тийиш.
15.46. Поезд локомотив бригадасы же атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамды башкаруу үчүн бригада тарабынан транспорт режиминде тейленет. Айрыкча, жүргүнчү поезди вагон узатуучулар жана Кыргыз темир жолунун көрсөтмөлөрүнө жараша башка жумушчулар тарабынан тейленет. Айрыкча, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам бул кыймылдуу курамды иштетилиш нускамасына жараша иш режиминде башкаруу жана тейлөө үчүн дайындалган бригада тарабынан тейленет.
Ара бекеттеринде өздөрү менен маневр иштери жасалган поезддерге бул жумушту жетектөө үчүн Кыргыз темир жолунун жетекчилигинин көрсөтмөсү менен башкы кондуктор (поезд түзүүчүсү) же кондукторлор (түзүүчүлөр) бригадасы дайындалышы мүмкүн. Эки бекет арасында чарба поезддеринин кыймылын жетектөө жумуш жетекчиси же ал ыйгарым укук берген адам тарабынан жасалат. Бул жумушчулардын милдеттери Кыргыз Республикасынын темир жолунда поезд кыймылы жана маневр иштери боюнча нускамасы менен аныкталат.
Локомотив бригадалары жана кондукторлордун эс алуусу үчүн айланма жайларында атайын бөлмөлөр болууга тийиш.
Локомотивдердин поезддерге коюлушу
15.47. Иштеп жаткан электровоздор жана тепловоздор поезддин башына коюлат жана машинист тарабынан алдыңкы кабинадан башкарылат.
Бир башкаруу кабинасы бар тепловоздор поезддин башына алдыга жүрүш үчүн коюлат.
Бүткүл айлануу тилкесинде иштеп жаткан эки же үч локомотив менен жүргөн поезддерде поезддин башына күчтүүрөөк компрессорлору (буу-аба насостору) бар локомотив коюлат. Иштеп жаткан локомотивдердин чоңойтулган салмак жана узундуктагы поезддерге коюлуш тартиби, ошондой эле тилкенин бир бөлүгүнө бараткан иштеп жаткан локомотивдердин поезддерге чиркештирилиши жана алардын кыймыл коопсуздугун камсыздаган айлануу шарттары Кыргыз темир жолунун жетекчилиги тарабынан белгиленет.
Эки жана андан ашык башкаруу кабинасы бар же көп бирдиктер системасы менен иштеген локомотивдердин маневр кыймылдары үчүн темир жол жетекчилиги жергенин шарттарына жараша кыймылдын жана адамдардын коопсуздугун камсыздаган локомотив башкаруу тартибин белгилейт.
Поезд ишинде алек болгон локомотивдер менен атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам айлануу тилкелеринин чектеринде иштетилүүгө тийиш. Өзгөчө жагдайларда локомотивдер менен атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам Кыргыз темир жолунун уруксаты менен бекитилбеген тилкелерге өткөрүлөт.
15.48. Бир башкаруу кабинасы бар локомотивдер менен атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын төмөнкү жагдайларда гана артка жүрүшүнө жол берилет:
- шаар айланасы, чарба, калыбына келтирүүчү, өрт өчүрүүчү, тапшырма жана чыгарма поезддеринде;
- жанашма темир жолдордо жана бекеттердин бириктирме жолдорунда жүргөндө;
- маневр жасоодо;
- эки сүйрөгүчү бар экинчи локомотив түрүндө жүргөндө;
- локомотивдердин бурулушу үчүн механизмдер жок бекеттерде поезддерди жөнөтүүдө;
- түртүүдөн кийин жөнөтүү бекетине поезд менен кайра кайтууда;
- поезддерди бир чекиттен эки багытка тең түртүүдө, ошондой эле бекет чектеринде поезд түртүүдө;
- поездди жардамчы локомотив менен эки бекет арасынан чыгарууда;
- вагонсуз жүргөндө.
15.49. Иштебеген абалда жөнөтүлүп жаткан локомотивдер менен атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам Кыргыз темир жолунун нускамаларына жараша поездге коюлууга даярдалган болууга жана аларга камтылууга тийиш.
Иштебеген локомотивдер тиешелүү нускама менен аныкталган санда эки жана андан ашык темир жолдо жетектөөчү локомотивдин артына, бир темир жолдун чектеринде жүргөндө болсо – темир жол жетекчилиги тарабынан коюлушу мүмкүн.
Жалпы талаптар
16.1. Тилкеде поезддердин кыймылын бир гана жумушчу - өзү тейлеген тилкеде поезддердин жүрүш графигинин аткарылышы үчүн жооптуу поезд диспетчери башкарууга тийиш.
Поезд диспетчеринин буйруктары ал тилкеде поезддердин кыймылына түздөн-түз байланыштуу жумушчулар тарабынан кынтыксыз аткарылууга тийиш.
Поезд диспетчеринен башка тилкеде поезддердин жүрүшү тууралуу ыкчам маалыматтын берилишине жол берилбейт.
16.2. Поезддердин жүрүшү жагында ар бекет жана жол посту жана ар поезд бир убакта бир гана жумушчунун: бекет же жол посту – бекет нөмөтчүсүнүн, диспетчер борборлоштуруусу бар тилкелерде болсо - поезд диспетчеринин, поезд – жетектөөчү локомотивдин (моторвагондуу поезддин), атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын машинистинин тескөөсүндө болууга тийиш.
Жол өнүгүүсүнө жараша бекеттерде бир нече бекет же парк нөмөтчүсү болушу мүмкүн, ар бири өз иш районунун чектеринде поезддердин жүрүшүн жалгыз өзү тескейт. Мындай бекеттерде башкаруу райондорунун ажыратылышы жана поезддердин жүрүшүнө байланыштуу ар бекет же парк нөмөтчүсүнүн милдеттеринин алкагы бекеттин техника-буйрук актысында көрсөтүлөт.
Бекеттерде жетектөөчү локомотивдин (моторвагондуу поезддин), атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын машинисти жана поездди тейлеген калган бүткүл жумушчулар бекет нөмөтчүсүнүн, диспетчер борборлоштуруусу менен жабдылган тилкелердин бекеттеринде болсо поездного диспетчеринин көрсөтмөлөрүнө баш ийет.
Бекет нөмөтчүлөрүнүн нөмөтү жоюлганда аз иштетилген тилкелерде темир жол жетекчисинин бул бекеттерде поезддердин жүрүшүн жетектөөнү бекет коңшу жаткан бекеттердин жебе жана сигналдарын телебашкаруу механизмдери менен жабдылган болсо, коңшу бекеттин нөмөтчүсүнө же диспетчер көзөмөлү бар, анын ичинде бир машинист тарабынан тейленген тилкелерде поезддердин жүрүш коопсуздугун камсыздаган тартипти орнотууну поезд диспетчерине тапшыруусуна уруксат берилет.
16.3. Ар жүргүнчү, почта-багаж, жүк-жүргүнчү жана адам поезди эреже катары белгилүү жолго, жүк поезддери болсо белгилүү жолдор тобуна кабыл алынууга тийиш.
Бекетте токтомосу жок поезддер эреже катары башкы жолдордон өткөрүлүүгө тийиш.
Поезд кабыл алуу жана жөнөтүү үчүн жолдордун колдонулуш тартиби бекеттин техника-буйрук актысында көрсөтүлүүгө тийиш.
16.4. Бекет нөмөтчүсү поезддин убагында кабыл алынышы үчүн бош жолдордун барлыгын камсыздоого жана эч зарылдыгы жокто жабык кириш сигналынын алдында поезддин кармалып турушун болтурбоого тийиш.
Кабыл алуу жана жөнөтүү жолдорунун өтүп бараткан поезддерден ажыратылган жана жүктөө, жүк түшүрүү, оңдоо жана башка операцияларга берүүгө арналган өзүнчө вагондор же вагон топтору менен ээленишине жол берилбейт.
Ара бекеттеринде кабыл алуу жана жөнөтүү жолдорунун өзүнчө вагондор же вагон топтору менен убактылуу ээленишине поезд диспетчеринин уруксаты менен гана жол берилиши мүмкүн.
Кармоочу туюктардын ар кандай кыймылдуу курам менен, коргоочу туюктардын болсо – адамдар, кооптуу жүктөрү бар жүк вагондору менен ээленген жүргүнчү жана жүк вагондору менен ээленишине жол берилбейт.
Бир машинист тарабынан тейленген жүргүнчү поездин кабыл алуу, жөнөтүүнүн алдында бекет нөмөтчүсү, диспетчер борборлоштуруусу менен жабдылган тилкелерде болсо - поезд диспетчери каттамдын даярдыгы жана сигналдардын ачылышы тууралуу машинистке маалымат берүүгө тийиш. Жергенин шарттары жана поезддердин жүрүш ченемдеринен улам бекет нөмөтчүсү мындай кабарды машинистке убагында бере албаган бекеттердин тизмеси жана мында поезддердин жүрүш коопсуздугунун камсыздалыш тартиби темир жол жетекчилиги тарабынан белгиленет.
16.5. Бекет начальниги бекет нөмөтчүлөрү, борборлоштуруунун бекет постторунун нөмөтчүлөрү, борборлоштуруу постунун операторлору, сигналчылар жана жебе постунун нөмөтчүлөрүнүн айрыкча СББ механизмдери иштөө шарттары бузулган шарттарда поезд кабыл алуу жана жөнөтүү жана маневр жасоого байланыштуу операцияларды аткаруу жумуштарын көзөмөл кылууга милдеттүү. Бекет начальниги бекет нөмөтчүлөрүнүн жумушун жүрүш коопсуздугу шартсыз камсыздалганда поезддердин кечигишине жол берилбей тургандай уюштурууга милдеттүү.
Бекет нөмөтчүсүнүн бөлмөсү обочолонгон болууга тийиш. Бекет нөмөтчүсүнүн бөлмөсүнө бекет начальниги, түздөн-түз бекет нөмөтчүсү менен иштеген же өз кызмат милдеттерин аны менен бирге аткарган адамдар же бекет нөмөтчүсүнүн аракеттерин жана башкаруу приборлорунун түзүктүгүн көзөмөл кылган жумушчулардын гана кирүү акысы бар.
Штатта ташуу кызматынын жумушчулары жок бекеттерде поезд кабыл алуу жана жөнөтүү, маневр жасоо, жебе котормолорун техникалык тейлөө, жүргүнчү тейлөө, жүк кабыл алуу жана берүү операциялары темир жол жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте башка кызматтардын жумушчулары тарабынан аткарылат.
Поезд кабыл алуу
16.6. Поезддерди бекетке кабыл алуу бекеттин техника-буйрук актысында буга арналган бош жолдордо жана ачык кириш сигналында, айрыкча жүргүнчү поезддерин болсо, автомат локомотив сигнализация механизмдери менен жабдылган жолдорго гана жасалууга тийиш. Бул механизмдер менен жабдылбаган жолдорго кабыл алууда жүргүнчү поезддеринин жүрүш коопсуздугун камсыздаган тартип темир жол жетекчилиги тарабынан белгиленет.
Өзүнчө бекеттерде эки моторвагондуу поезддин коюлушу үчүн жолдун узундугу жетиштүү болгондо жолду каттам светофору менен бул поезддерди кабыл алуу мүмкүн болгон эки тилкеге бөлүүгө уруксат берилет.
Кабыл алуу жолун бөлгөн каттам светофорунун артындагы жолдун тилкесин моторвагондуу поезд ээлегенде экинчи моторвагондуу поезд кириш (каттам) светофорунда атайын сигнал боюнча бул светофорго чейинки бош тилкеге кабыл алынат. Кириш (каттам) светофорунун көрсөткүчтөрү кабыл алуу жолун бөлгөн каттам светофорунун көрсөткүчтөрүнө көз каранды болууга тийиш.
Эки моторвагондуу поезддин карама-каршы багыттардан мындай жолго бир убакта кабыл алынышына жол берилбейт.
Моторвагондуу поезддердин жолдун өзүнчө тилкелерине кабыл алынышына жол берилген бекеттердин тизмеси жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу менен поезддеринин жүрүш коопсуздугун камсыздаган тартип темир жол жетекчилиги тарабынан белгиленет.
Бул бекеттер үчүн белгиленген моторвагондуу поезддерди кабыл алуу тартибин жалгыз локомотив, мотовоз жана дрезиналарды бекетке кабыл алууда да колдонулушуна уруксат берилет.
Түртүүчү локомотивдерди жана бекетте жайгашкан депого бараткан локомотивдерди же деподон поезд курамдарынын астына бараткан локомотивдерди кабыл алуу үчүн белгилүү жол тилкелери белгилениши мүмкүн. Бекеттер менен жүрүш коопсуздугун камсыздаган тартип темир жол жетекчилиги тарабынан аныкталат.
Керектүү учурларда калыбына келтирүүчү жана өрт өчүрүүчү поезддер, жардамчы локомотивдер, вагонсуз локомотивдер, кар тазалагычтар, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам, ошондой эле чарба поезддерин (эки бекет арасын жабуу менен жумуш жасоодо) бекет жолдорунун бош тилкелерине кабыл алууга жол берилет. Жүрүш коопсуздугун камсыздаган бул поезддерди кабыл алуу тартиби Кыргыз Республикасынын темир жолунда поезд кыймылы жана маневр иштери боюнча нускамасы менен белгиленет.
16.7. Бекет нөмөтчүсү поезддерди кабыл алуу каттамы даяр, жебелер бекик, жол бош жана каттам жебелеринде маневрлар токтотулганына көзү жетпестен кириш светофорун ачууга акылуу эмес.
Кириш светофору бекет нөмөтчүсү тарабынан жекече же анын көрсөтмөсү менен борборлоштуруу постунун оператору тарабынан ачылууга тийиш. Диспетчер борборлоштуруусу менен жабдылган тилкелерде кириш светофору поезд диспетчери тарабынан ачылат.
Кириш светофору келген поезддин биринчи дөңгөлөк жубу аны өткөн соң автомат түрдө жабылууга, электирлүү рельса чынжырлары жок бекеттерде болсо - бекет нөмөтчүсү, борборлоштуруу постунун оператору же жебе постунун нөмөтчүсү тарабынан келген поезддин бүткүл курамы светофорду өткөн соң жабылууга тийиш.
16.8. Кириш светофорунун негизги отторунун тыюучу көрсөткүчүндө же өчүк отторунда поезддин бекетке кабыл алынышына жол берилбейт. Кириш светофорунун негизги отторунун тыюучу көрсөткүчүндө же өчүк отторунда поезддин бекетке кабыл алуу бекет нөмөтчүсүнүн чакыруу сигналы, атайын уруксаты менен өзгөчө жагдайларда гана жана темир жолдо поезд кыймылы жана маневр иштери боюнча нускамада каралган тартипке жараша жасалышы мүмкүн.
Бекет нөмөтчүсүнүн чакыруу сигналы, атайын уруксаты менен бекетке кабыл алууда поезддин жүрүш ылдамдыгы 20 км/сааттан ашык болбоого тийиш, мында машинист андан ары жүрүү үчүн тоскоолдук жолукса, дароо токтоого даяр болуу менен жана поездди өзгөчө этият менен айдоого милдеттүү.
16.9. Бекет нөмөтчүсү, диспетчер борборлоштуруусу бар тилкелерде поезд диспетчери поездди кабыл алуудан мурун:
поезд кабыл алуу жолунун боштугуна көзү жетүүгө;
жолго жана поезд кабыл алуу каттамына чыгуу менен маневрларды токтотууга;
поезд кабыл алуу каттамын даярдоого;
кириш светофорун ачууга милдеттүү.
Бекет нөмөтчүлөрү менен поезд диспетчерлеринин поезд кабыл алууга байланыштуу операцияларды аткаруу аракеттеринин тартиби Кыргыз Республикасынын темир жолунда поезд кыймылы жана маневр иштери боюнча нускамасы менен белгиленет.
16.10. Бекетке жакындама жок дегенде бир жагынан узун эңкейиште жайгашкан болсо жана мында бул эңкейишке карама-каршы жакта поезд кабыл алуу каттамы башка поездди кабыл алуу каттамынан обочолонбогон (коргоочу туюк же жолдордун өз ара жайгашуусу менен) болсо, карама-каршы багыттагы поезддердин бир убакта бекетке кабыл алынышына жол берилбейт.
Айрыкча, тормоз жолу боюнча 0,006дан тик эңкейиши бар тараптан поездди кабыл алуу каттамынын уландысы жүргүнчү, почта-багаж, жүк- жүргүнчү же адам поезддерин кабыл алуу каттамын кесип өткөндө эки жолдуу жана көп жолдуу линиялардын ара бекеттеринде карама-каршы багыттагы поезддердин бир убакта кабыл алынышына жол берилбейт.
Поезддердин бир убакта бекетке кабыл алынышына жол берилбеген бекеттерде алар бир убакта келген учурда жабык кириш сигналынын алдында токтоо же ордунан жылуу шарттары азыраак жагымдуу болгон поезд биринчи болуп кабыл алынат.
16.11. Бекетке келген поезд чыгыш сигналы менен кабыл алуу жолунун чек мамычасы арасында, чыгыш сигналы жок жерде болсо - чек мамычалары арасында токтотулууга тийиш.
Поезддин куйругу чек мамычасынын тышында калса, сигналчы же жебе постунун нөмөтчүсү кабыл алуу жолунун пайдалуу узундугунун чектеринде поездди токтотуу чараларын көрө турган бекет нөмөтчүсүнө муну дароо билдирүүгө тийиш.
Электирлүү жебе борборлоштуруусу бар бекеттерде поезддин кабыл алуу жолунун пайдалуу узундугунун чектеринде коюлушуна бекет нөмөтчүсү, диспетчер борборлоштуруусу бар тилкелерде болсо, – көзөмөл аспаптарынын көрсөтмөлөрү менен поезд диспетчери көзөмөл кылат.
Поездди кабыл алуу жолунун пайдалуу узундугунун чектеринде коюу мүмкүн болбосо, бекет нөмөтчүсү кыймылдуу курамдын чектеш жолдордо жүрүшүндө коопсуздукту камсыздаган чараларды көрүүгө тийиш.
16.12. Бекет нөмөтчүсү ар келген поездди анын абалын, поезд сигналдарынын бар-жок экенин жана туура көрсөтмөлөрүнүн байкоо менен тосуп алат.
Поезд кабыл алуу жолдору узакта жана жергенин шарттарынан улам бекет нөмөтчүсү поезд тосо албаса, аларды сигналчылар же жебе постунун нөмөтчүлөрү тосуп алууга милдеттүү.
Бекет нөмөтчүсү поезддин бекетке толук курамда келишине сигналчы же жебе постунун нөмөтчүсүнүн баяндамасы менен же жекече, жебе борборлоштуруусу бар бекеттерде (автомат бөгөт менен жабдылбаган тилкелерде) - темир жол жетекчилиги тарабынан дайындалган башка жумушчулардын баяндамасы менен көзү жетет.
Жүргүнчү, почта-багаж, жүк-жүргүнчү же адам поездинин бекетке келишинен кийин бекет нөмөтчүсү, диспетчер борборлоштуруусу бар тилкелерде болсо, - поезд диспетчери бул поезддердин бекеттин техника-буйрук актысында каралган коопсуздугун камсыздоого багытталган керектүү чараларды көрөт.
Бекет нөмөтчүсү жок диспетчер борборлоштуруусу бар тилкелерде, бекет нөмөтчүсү жергенин шарттарынан улам поезд тосо албаган жана башка жумушчулар (сигналчылар же жебе постунун нөмөтчүлөрү) жок жерде автомат бөгөтү бар бекеттерде, поезддердин келиши башкаруу приборлорунун көрсөтмөлөрү менен көзөмөл кылынат, айрыкча, поезддин бекетке толук курамда келиши тормоз магистралынын бүтүндүгүн мүнөздөгөн приборлордун көрсөтмөлөрү менен поезд локомотивинин машинисти тарабынан көзөмөл кылынууга тийиш.
Бекет нөмөтчүлөрү поезд тосо албаган бекеттердин тизмеси жана поезд кабыл алууда жүрүш коопсуздугун камсыздоо шарттары темир жол жетекчилиги тарабынан белгиленет.
16.13. Ар поезддин иш жүзүндө келиш же өтүш убагы жана номерин бекет нөмөтчүсү поезддердин жүрүш журналында каттоого жана муну поезд жөнөткөн коңшу бекеттин нөмөтчүсүнө дароо кабарлоого, айрыкча, тиешелүү маалыматтын автоматташтырылган башкаруу системасына өткөрүлүшүн камсыздоого милдеттүү.
Интенсивдүү кыймылы бар тилкелерде поезддердин келиш жана жөнөтүлүшү тууралуу маалыматты берүү тартиби темир жолдо поезд кыймылы жана маневр иштери боюнча нускама менен белгиленет.
Поезд жөнөтүү
16.14. Бекет нөмөтчүсү поезд жөнөтүлүп жаткан бекеттин нөмөтчүсүнүн макулдугусуз бир жолдуу жана эки жолдуу тилкелерде туура эмес жолдо поезд жөнөтүүгө акысы жок. Автобөгөт менен жабдылган бир жолдуу тилкелерде поезддер биринчи бөгөт тилкесинин бошотулушунан кийин коңшу бекеттин алдын–ала макулдугусуз поезд диспетчеринин көрсөтмөсү менен жөнөтүлөт.
Эки жолдуу тилкелерде поезддер мурун жөнөтүлгөн поезддин келиши тууралуу кабардын алынышынан кийин, автобөгөттө болсо, биринчи бөгөт тилкесинин бошотулушунан кийин туура жолдо жөнөтүлүп жаткан бекеттин нөмөтчүсүнүн көрсөтмөсү менен жөнөтүлөт. Поезд жөнөтүлүп жаткан бекеттин нөмөтчүсүнүн алдын–ала макулдугу талап кылынбайт.
Диспетчер борборлоштуруусу бар тилкелерде поезддер поезд диспетчеринин көрсөтмөсү менен гана жөнөтүлөт.
Ушул Эрежелердин 9.9 тарамына жараша коопсуздук механизмдери менен жабдылбаган атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын бекеттен жөнөтүлүшүнө поезд диспетчеринин көрсөтмөсү менен поезддерден бош бекеттер аралык эки бекет арасына уруксат берилет.
Эки бекет арасын чектеген бекеттерден чарба поезддери менен атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын жөнөтүлүш, алардын эки бекет арасы менен жүрүш коопсуздугун камсыздаган жумуш жасоо ордуна жүрүш тартиби темир жолдо поезд кыймылы жана маневр иштери боюнча нускама менен белгиленет.
16.15. Бекет нөмөтчүсү, диспетчер борборлоштуруусу бар тилкелерде болсо поезд диспетчери поезд жөнөтүүнүн алдында:
эки бекет арасынын, автомат бөгөттө болсо биринчи бөгөт тилкесинин боштугуна көзү жетүүгө;
жолго жана поезд кабыл алуу каттамына чыгуу менен маневрларды токтотууга;
жөнөтүү каттамын даярдоого;
чыгыш светофорун ачууга же машинистке эки бекет арасын ээлөөсү үчүн башка уруксат берүүгө милдеттүү.
Бекет нөмөтчүлөрү менен поезд диспетчерлеринин поезд жөнөтүүгө байланыштуу операцияларды аткаруу аракеттеринин тартиби темир жолдо поезд кыймылы жана маневр иштери боюнча нускамасы менен белгиленет.
16.16. Бекет нөмөтчүсүнүн уруксатысыз поезддин эки бекет арасына жөнөтүлүшүнө жол берилбейт.
Жөнөп жаткан поезддин машинисти үчүн эки бекет арасын ээлөөсү үчүн уруксат болуп чыгыш светофорунун көрсөткүчү, ал бузук кезде же поезддерди чыгыш светофорлору жок жолдордон жөнөтүүдө бекет нөмөтчүсүнүн радиобайланыш же таяк аркылуу берилген белгиленген формадагы жазылуу уруксаты, буйругу кызмат кылат.
Жүргүнчү жана почта-багаж поездинин машинисти бекеттен ырааттама менен белгиленген убактан эрте жөнөөгө, ошондой эле ырааттама менен жүргүнчү алуу жана түшүрүү үчүн токтомо каралган бекеттен токтобостон өтүп кетүүгө акысы жок.
Технологиялык операцияларын (кайчылашуу, озуп кетүү) аткаруу үчүн жүргүнчү же почта-багаж поездинин токтомосу каралган жана жүргүнчү түшүрүү, багаж жана почта жүктөө, түшүрүүгө арналбаган өзүнчө жайларда поезд диспетчеринин машинист менен бекет нөмөтчүсүнө берилген көрсөтмөсү менен токтомо кыскартылышы же жоюлушу мүмкүн.
Поезд жүрүшүнүн кызмат ырааттамаларында мындай токтомолор өзгөчө белги менен белгиленет, жүргүнчүлөр үчүн чыгарылган афиша жана ырааттамаларда мындай көрсөтүлбөйт.
16.17. Бекет нөмөтчүлөрү, диспетчер борборлоштуруусу бар тилкелерде болсо поезд диспетчери жөнөтүү каттамынын даяр, жебелер бекик экенине, жөнөтүү каттамында маневрлар токтотулганына, курамдын техникалык тейлениши жана коммерциялык кароосу аягына чыкканына көзү жетпестен чыгыш светофорун ачууга же эки бекет арасын ээлөө үчүн башка уруксат берүүгө акысы жок. Түзүлүш бекеттеринен, поезд курамына вагон чиркештирилген же ажыратылган бекеттерден же поезд куйругун билдирген сигнал дисктеринин алмаштырылышы каралган бекеттерден поезд жөнөтүүдө бекет нөмөтчүсү чыгыш светофорун ачуудан же локомотивдин, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын машинистине эки бекет арасын ээлөө үчүн уруксат берүүдөн мурун да бекеттин техника-буйрук актысында белгиленген тартипке жараша акыркы вагондо поезд сигналынын барлыгына көзү жетүүгө тийиш.
Чыгыш светофору бекет нөмөтчүсү тарабынан жекече же анын көрсөтмөсү менен борборлоштуруу постунун оператору тарабынан ачылууга тийиш. Диспетчер борборлоштуруусу менен жабдылган тилкелерде чыгыш светофору поезд диспетчери тарабынан ачылат.
Поезддердин жүрүш графиги бузулганда бекет нөмөтчүсү жүргүнчү, почта-багаж, адам же жүк-жүргүнчү поездинин артынан бараткан поездге чыгыш светофорун ачуудан мурун машинистке жүргүнчү поездинин артынан бара жатканын кабарлайт.
Чыгыш светофору жөнөп жаткан поезддин биринчи дөңгөлөк жубу аны өткөн соң автомат түрдө жабылууга, электирлүү рельса чынжырлары жок бекеттерде болсо, - бекет нөмөтчүсү, борборлоштуруу постунун оператору же жебе постунун нөмөтчүсү тарабынан жөнөгөн поезддин бүткүл курамы светофорду өткөн соң жабылууга тийиш.
16.18. Чыгыш светофорунун тыюучу көрсөткүчүндө бекет жолдорунан, ошондой эле чыгыш светофорлору жок жолдордон поезд жөнөтүүдө эки бекет арасын ээлөө уруксаты барда жетектөөчү локомотивдин, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын машинисти бекет нөмөтчүсүнүн радиобайланыш аркылуу берилген көрсөтмөсү же анын көрсөтмөсү менен парк нөмөтчүсү, борборлоштуруу постунун оператору, сигналчы же башкы кондуктор (поезд түзүүчүсү) тарабынан берилген жөнөө сигналы болбостон поездди кыймылга келтирүүгө акысы жок. Жөнөө сигналын берүү тартиби темир жол жетекчилиги тарабынан белгиленет.
Поездди кыймылга келтирүүдөн мурун жетектөөчү локомотивдин, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын машинисти жана анын жардамчысы поездден же бекет жумушчулары тарабынан токтомо сигналдары берилип-берилбегенин текшерүүгө милдеттүү.
Поезддин коопсуз жүрүшү үчүн тоскоолдук барда жүргүнчү поездинин вагон узатуучулары дароо аны токтотуу чараларын көрүүгө милдеттүү.
Стоп-кран колдонуу же өзүнөн-өзү тормоз берүүнүн натыйжасында жүргүнчү поезди (моторвагондуудан башка) эки бекет арасында токтоп калган учурда узатуучулар өздөрү тейлеген вагондорду карап чыгууга жана керек болгондо дароо локомотив тарапка токтоо сигналын берүүгө милдеттүү. Моторвагондуу поезд эки бекет арасында токтоп калган учурда машинисттин жардамчысы себебин билүүгө жана машинистке билдирүүгө милдеттүү. Калган поезддерде мындай токтомодо машинисттин жардамчысы поездди карап чыгууга, акыркы вагондун номерине жараша толук курамда экенин тактоого жана бул вагондо поезд сигналынын барлыгын текшерүүгө милдеттүү.
Жүргүнчү поездинин жүрүшү бүткүл вагон узатуучулары тарабынан токтомо сигналдарынын алынышынан, калган поезддерде болсо - машинисттин жардамчысынын баяндамасынан кийин улантылат.
Жүрүш графигинде каралбаган башка токтомо учурларында (адам алуу же түшүрүү, жүк жүктөө же түшүрүү үчүн) эки бекет арасында поездди кыймылга келтирүү тартиби темир жолдо поезд кыймылы жана маневр иштери боюнча нускама менен белгиленет.
Жүргүнчү поезддеринин локомотивдери бир машинист тарабынан тейленгенде бекетте же эки бекет арасында поездди кыймылга келтирүүдөн мурун машинист жүргүнчү поездинин начальниги (бригадир механигинен) радиобайланыш аркылуу поезддин жөнөөгө даярдыгы тууралуу кабарды алууга милдеттүү.
16.19. Чыгыш сигналдары жок жерде, ошондой эле чыгыш светофорунун тыюучу көрсөткүчүндө поезд жөнөтүлгөн учурларда эки бекет арасын ээлөөгө уруксат жетектөөчү локомотивдин, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын машинистине бекет нөмөтчүсү тарабынан жекече же бул поезддин локомотив бригадасынын жумушчуларынын бири, парк нөмөтчүсү, жебе постунун оператору, нөмөтчүсү, сигналчы же башкы кондуктор (поезд түзүүчүсү) аркылуу тапшырылат.
Машинист эки бекет арасын ээлөөгө алынган уруксаттын тууралыгына көзү жетүүгө тийиш.
Локомотив машинисттерине жүрүш коопсуздугун камсыздаган эки бекет арасын ээлөөгө уруксат бекеттин техника-буйрук актысында көрсөтүлөт.
16.20. Кабыл алынып жаткан поезд тараптан бекетке жакындама узун эңкейиште жайгашкан болсо жана мында кабыл алынып жаткан поезддин каттамы жөнөтүлүп жаткан поезддин каттамынан (коргоочу туюк же кабыл алуу-жөнөтүү жолдорунун өз ара жайгашуусу менен) обочолонбогон болсо, бирдей багытта бараткан поездди бир убакта жөнөтүү жана бекетке кабыл алууга жол берилбейт.
16.21. Бекет нөмөтчүсү ар жөнөтүлүп жаткан же бекетте токтобостон бараткан поездди анын абалы, поезд сигналдарынын барлыгы жана туура көрсөткүчүн байкоо менен узатат.
Бекет нөмөтчүсү поезддин толук курамда жөнөтүлгөнүнө сигналчы, жебе постунун операторунун баяндамасынан же жекече көзү жетет.
Поезддердин жөнөтүлүш жолдору узакта болгон же жергенин шарттарынан улам бекет нөмөтчүсү поезддерди узата албаган бекеттерде аларды сигналчылар же жебе постунун нөмөтчүлөрү узатууга тийиш.
Бекет нөмөтчүсү жок диспетчер борборлоштуруусу бар тилкелерде жана жергенин шарттарынан улам бекет нөмөтчүсү поезддерди узата албаган, жол жана жебелердин электирлүү обочоломосу бар жана башка жумушчулар (сигналчылар, жебе постунун нөмөтчүлөрү) жок бекеттерде поезд жөнөтүү башкаруу приборлорунун көрсөткүчтөрү менен көзөмөл кылынат.
Бекет нөмөтчүлөрү поезддерди узатпашы мүмкүн болгон бекеттердин тизмеси жана поезд жөнөтүүдө жүрүш коопсуздугун камсыздоо шарттары темир жол жетекчилиги тарабынан белгиленет.
Поезд узаткан жумушчу поезддин толук иретте өткөнүнө көзү жетүүгө тийиш.
Поездде жүрүш коопсуздугуна коркунуч келтирген бузук табылган учурда, ошондой эле поезд белгиленген поезд сигналдарысыз өткөн учурда поезд узаткан жумушчу аны токтотуу чараларын көрүүгө тийиш.
16.22. Поезддин түзүлүшүнүн тууралыгы үчүн бекет жумушчулары жооптуу.
Поезд жөнөтүүдөн мурун бекет жумушчулары бекет ишинин технологиялык жараяны, техника-буйрук актысы, поезддердин жүрүш графиги жана түзүлүш планына дал шайкеш түрдө поезддин түзүлүшүнүн тууралыгы, ачык кыймылдуу курамда жүктөрдүн бекитилишинин тууралыгын жана бекемдигин текшерүүгө, жүктөрдүн амандыгынын толук камсыздалганына, поезддин белгиленген сигналдарынын бар экенине жана керектүү поезд инвентары менен жабдылганына көзү жетүүгө тийиш.
Жүк жана жүк-жүргүнчү поезддеринин куйругун билдирген поезд сигнал приборлорунун техникалык тейлениши, бул поезддерге сигнал приборлорунун тагылышы жана алынышы вагондорду техникалык тейлөө жайларынын жумушчуларына жүктөлөт.
Поездди текшерүү тартиби жана жергенин шарттарына жараша бекеттин тиешелүү жумушчуларынын жоопкерлиги темир жол жетекчилиги тарабынан белгиленет.
16.23. Поезд жөнөтүүдөн мурун түзүлүш бекеттеринде жүк жана жүк-жүргүнчү поезддерине жетектөөчү локомотивдин машинистине белгиленген формадагы натура барагы жана бекитилген түрдө ташуу документтери берилет. Курамында ташуу документтери жок вагондору бар поезддердин жөнөтүлүшүнө жол берилбейт.
Жүргүнчү (моторвагондуу поезддерден башка) жана почта-багаж поезддерине жетектөөчү локомотивдин машинистине жана жүргүнчү поездинин начальнигине (бригадир механигине) натура барагы түзүлүш бекеттеринде жана айлануу бекеттеринде берилет.
Башкы кондуктору (поезд түзүүчүсү) бар поезддерге натура барагы менен ташуу документтери ага берилет. Бул жагдайда башкы кондуктор (поезд түзүүчүсү) натура барагы боюнча машинистти жөнөтүлүп жаткан поезддин курамы менен тааныштырууга тийиш.
Жүрүш жолунда вагон чиркештирүү жана ажыратууда поезддин натура барагына бекет жумушчулары тарабынан тиешелүү өзгөрүүлөр киргизилүүгө тийиш.
16.24. Ар поезддин иш жүзүндө келиш же өтүш убагын, номерин, зарыл болгондо поезддин курамын мүнөздөгөн башка маалыматты бекет нөмөтчүсү поезддердин жүрүш журналында каттоого жана муну поезд жөнөтүлгөн коңшу бекеттин нөмөтчүсү менен поезд диспетчерине дароо кабарлоого, айрыкча, бекет нөмөтчүсү поезд тууралуу керектүү маалыматтын автоматташтырылган башкаруу системасына өткөрүлүшүн камсыздоого милдеттүү.
Поезддер жүргөндө сигнализация жана байланыш каражаттары
16.25. Поезддер жүргөндө негизги сигнализация жана байланыш каражаттары болуп автомат жана жарым автомат жол бөгөттөрү саналат.
Бир багытта автомат жана жарым автомат бөгөт менен жабдылган бир жолдуу жана көп жолдуу эки бекет араларында эки тараптуу кыймылды уюштурууда поезддер карама-каршы багытта (туура эмес жолдо) локомотив светофорлорунун сигналдарына жараша жүргүзүлүшү мүмкүн.
Айрым тилкелерде автомат локомотив сигнализациясы өз алдынча сигнализация жана байланыш каражаты катары колдонулушу мүмкүн.
Аз иштетилген тилкелерде жана темир жолдун жанашма жолдорунда электирлүү таяк системасы менен телефондун байланыш каражаты катары колдонулушуна жол берилет.
Бекеттер аралык эки бекет арасынын ар жолунда бир сигнализация жана байланыш каражаты бир убакта иштеши мүмкүн.
Өз алдынча сигнализация жана байланыш каражаты катары колдонулган автомат локомотив сигнализациясы барда локомотив светофорлорунун сигналдарына жараша, электирлүү таяк системасы менен телефон байланыш каражаты барда жүрүштө поезддердин жүрүшүнүн уюштурулуш тартиби, ошондой эле убакыт чектерин коюу менен поезддердин жөнөтүлүш тартиби Кыргыз Республикасынын темир жолунда поезд кыймылы жана маневр иштери боюнча нускамасы менен белгиленет.
16.26. Аз иштетилген тилкелерде жана темир жолдун жанашма жолдорунда:
поезд диспетчеринин поезд радиобайланышы аркылуу түздөн-түз жетектөөчү локомотивдин машинистине берилген буйруктары менен;
бир таяктын жардамы менен;
бир локомотивдин жардамы менен жүрүүгө жол берилет.
Бул байланыш каражаттары барда тилкелер менен темир жолдун жанашма жолдорунун тизмеси жана поезддердин жүрүшүнүн уюштурулуш тартиби темир жол жетекчилиги тарабынан белгиленет.
16.27. Автомат бөгөттө:
а) бөгөт тилкесин ээлөөгө уруксат болуп чыгыш же өтмөк светофорунун уруксат берүүчү көрсөткүчү кызмат кылат;
б) эреже тышы катары, узун өрлөрдө жайгашкан өтмөк светофорлорунда (кириш светофорлорунун алдындагылардан башка) ар өзүнчө жагдайда темир жол начальнигинин уруксаты менен шарттуу-уруксат берүүчү сигналдын – Т тамгасы түрүндөгү чагылдыргыч белгиси бар калкандын орнотулушуна жол берилет.
Бул сигналдын барлыгы жүк поездине светофордун кызыл отун токтобостон өтүүсү үчүн уруксат болуп саналат.
Мында машинист кызыл оту бар светофорду 20 км/сааттан ашпаган ылдамдыкта өзгөчө этият жана андан ары жүрүү үчүн тоскоолдук жолукса, дароо токтотууга даяр болуу менен айдоого милдеттүү;
в) кызыл оту, ошондой эле түшүнүксүз же өчүк көрсөткүчү бар светофордун алдында поезд токтогон соң машинист алдыда жаткан бөгөт тилкеси поезд менен ээленгенин көрүп же билип турса, бөгөт тилкеси бошотулганга чейин анын жүрүштү улантуусу тыйылат. Машинист алдыда жаткан бөгөт тилкесинде поезд бар экенин билбесе, токтогон соң автотормоздорду коё берүүгө жана бул убакта светофордо уруксат берүүчү от пайда болбосо, поездди кийинки светофорго чейин 20 км/сааттан ашпаган ылдамдыкта өзгөчө этият жана андан ары жүрүү үчүн тоскоолдук жолукса, дароо токтотууга даяр болуу менен айдоого милдеттүү.
Кийинки өтмөк светофору ушундай эле абалда болгон учурда, токтогон соң поезддин жүрүшү ошондой эле тартипте улантылат.
Тыюучу көрсөткүчү бар өтмөк светофорун белгиленген тартипте өткөн соң локомотив светофорунда уруксат берүүчү көрсөткүч пайда болсо, машинист кийинки светофорго чейин локомотив светофорунун көрсөткүчтөрүн жетекчиликке алып, бирок 40 км/сааттан ашпаган ылдамдыкта жүрө алат.
Локомотив светофорунда уруксат берүүчү от барда локомотив светофорунун көрсөткүчтөрүн жетекчиликке алып, оту өчүк өтмөк светофорлорун токтобостон өтүүгө уруксат берилет.
16.28. Жарым автомат бөгөттө:
эки бекет арасын ээлөөгө уруксат болуп чыгыш же өтмөк светофорунун уруксат берүүчү көрсөткүчү кызмат кылат;
бир жолдуу тилкелерде чыгыш светофорун ачуу үчүн поезд жөнөтүлгөн коңшу бекеттин нөмөтчүсүнөн блок-аппарат менен алдын-ала бөгөт коюучу макулдук сигналын алуу же блок-системасын тиешелүү жүрүш багытына которуу зарыл.
16.29. Өз алдынча сигнализация жана байланыш каражаты катары колдонулган автомат локомотив сигнализациясында:
биринчи бөгөт тилкесин ээлөөгө уруксат болуп чыгыш светофорунун уруксат берүүчү көрсөткүчү кызмат кылат;
кийинки бөгөт тилкесин ээлөөгө уруксат болуп локомотив светофорунун уруксат берүүчү көрсөткүчү кызмат кылат.
Бүткүл сигнализация жана байланыш каражаттарынын иштөөсүнүн тынымында поезддер бир жолдуу тилкелерде жазылуу кабарлардын жардамы менен, эки жолдуу тилкелерде болсо – поезддин бекеттер арасында эки бекет арасын өтүүсүндө белгиленген убакыт чектерин коюу менен жүргүзүлөт.
Бүткүл сигнализация жана байланыш каражаттарынын иштөөсүнүн тынымында поезддердин жүрүшүнүн уюштурулуш тартиби КР темир жолунда поезд кыймылы жана маневр иштери боюнча нускамасы менен белгиленет.
Поезддердин жүрүш тартиби
16.30. Жолдун конструкциясы жана кыймылдуу курамдын темир жолдор тармагына жүргүнчү жана жүк поезддеринин жол берилген эң жогорку жүрүш ылдамдыктары Кыргыз темир жолу тарабынан белгиленет.
Поезддердин бекет араларында жана бекеттерде жүрүш ылдамдыктары темир жол начальниги тарабынан белгиленет жана поезддердин жүрүш графигинде каралат. Мында 1/11 жана андан тик маркадагы крестовинасы бар жебе котормолору боюнча каптал жолдорго 40 км/сааттан, 1/9 маркасындагы жебе котормолору боюнча жүргүнчү поезддеринин - 25 км/сааттан, 1/11 маркасындагы крестовинасы бар Р65 тибиндеги рельсалардан котормолор боюнча - 50 км/сааттан, 1/11 маркасындагы крестовинасы бар симметриялуу жебе котормолору боюнча - 70 км/сааттан, 1/18 маркасындагы крестовинасы бар котормолор боюнча жүрүш ылдамдыгы - 80 км/сааттан ашпоого тийиш.
Жүргүнчү жана жүк поезддери үчүн бир сары (жымыңдабаган) оту бар светофордон өтүү ылдамдыгы 60 км/ сааттан ашпоого тийиш.
Автомат бөгөт менен жабдылган тилкеде жайгашкан, негизги сигналдан талап кылынган тормоз жолунан азыраак аралыкта жайгашкан, автомат бөгөт менен жабдылган тилкеде жайгашкан, толук кызмат тормоз берүүсүндө негизги сигналдан талап кылынган тормоз жолунан азыраак аралыкта жайгашкан бир сары (жымыңдабаган) оту бар светофорду болсо темир жол начальниги тарабынан белгиленгенден ашпаган ылдамдыкта өтүүгө уруксат берилет.
Поезддин вагондору менен алдыга жүрүш ылдамдыгынын 25 км/сааттан ашык болбошуна жол берилет; локомотивде жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамда радиобайланыш барда атайын кыймылдуу курамдын, калыбына келтирүүчү жана өрт өчүрүүчү поезддердин конструкциясына жараша чарба поезддери үчүн - 40 км/сааттан ашык эмес, кар тазалагычтардын жүрүш ылдамдыгы темир жол жетекчилиги тарабынан белгиленет.
Туюк бекет жолдоруна кабыл алууда кабыл алуу жолунун башында поезддин жүрүш ылдамдыгы 25 км/сааттан ашык болбоого тийиш.
Жолдун бош тилкесине кабыл алууда моторвагондуу поезддин жүрүш ылдамдыгы бул жолдун кийинки тилкеси башка моторвагондуу поезд менен ээленген убакта 25 км/сааттан ашык болушуна жол берилбейт.
Ылдамдыктын азайтылышы талап кылынган жерде жүрүш ылдамдыгы темир жол жетекчилигинин эскертүүсү же буйругунда көрсөтүлгөнгө дал келүүгө, бул көрсөтмөлөр жокто - 25 км/сааттан ашык болбоого тийиш.
16.31. Поезддер жүрүп баратканда локомотивных бригадаларынын өзгөчө этиятын камсыздоо жана аларга жумуштар жасалып жатканын эскертүү керек болгон учурда поезддерге эскертүүлөр берилет.
Эскертүүлөр:
жол, контакт тармагы, өтмөк сигнализациясы, жасалма жана башка курулмаларда бузук бар кезде, ошондой эле ылдамдыкты азайтуу же жолдо токтоо талап кылынган оңдоо жана курулуш иштерин жасоодо;
сигнализация жана байланыш каражаттарын жаңы түрлөрүн ишке киргизүүдө, ошондой эле светофорду жабык абалга келтирүү мүмкүн болбой жатканда жаңы, бар болгон светофорлорду кошуу, которуу же жоюуда жана алар бузук кезде;
автомат локомотив сигнализациясынын жол механизмдери бузук кезде;
жүктөө габаритинин тышына чыккан жүктөрү бар поездди жөнөтүүдө ал поезд жүрүп баратканда ылдамдыкты азайтуу же өзгөчө шарттарды сактоо керек болгондо;
эки жолдуу эки бекет арасында кар тазалагыч, балластер, жол жаткыргыч, көтөрмө кран, шагыл тазалагыч жана башка машиналар иштеп жатканда;
бул тилке үчүн белгиленген ылдамдыкта жүрө албаган кыймылдуу курамды поездге коюуда;
чечилме кыймылдуу бирдиктер иштеп жатканда, ошондой эле жол вагончолорунда оор жүктөр ташылып жатканда;
ылдамдыкты азайтуу же жолдо токтоо талап кылынган бүткүл калган жагдайларда, ошондой эле локомотив бригадаларына поезддин өзгөчө өтүү шарттары тууралуу эскертүү керек болгондо берилет.
Поезддерге эскертүүлөр темир жолдо поезд кыймылы жана маневр иштери боюнча нускамасы менен белгиленген тартипке жараша берилет.
16.32. Эки жолдуу эки бекет араларында башкы жол, эреже катары, поезддердин бир белгилүү багытта жүрүшү үчүн кызмат кылат.
16.33. Поезддердин жүрүшүн жөнгө салуу үчүн поезд диспетчеринин буйругу менен поезддерди туура эмес жолдо жөнөтүү колдонулушу мүмкүн.
Ар өзүнчө жагдайда эреже тышы катары гана ташуу жана коммерциялык иштер кызматынын начальниги же орун басарынын буйругу менен жүргүнчү поезддеринин туура эмес жолдо жөнөтүлүшүнө жол берилет.
Поезддер туура эмес жолдо жүргөндө жүрүш коопсуздугун камсыздоо чаралары темир жолдо поезд кыймылы жана маневр иштери боюнча нускамасы менен белгиленет.
16.34. Керек болгондо поезддерди бириктирүү жана бул поезддердин ар биринин башында иштеп жаткан локомотив менен бириктирилген жүрүшү колдонулушу мүмкүн.
Мындай поезддердин жүрүшүнүн уюштурулушу темир жол жетекчилиги тарабынан белгиленет.
16.35. Поезддин вагондору менен алдыга жүрүшүнө:
темир жолдун жанашма жолдоруна жана артка жүргөндө;
чарба, калыбына келтирүүчү жана өрт өчүрүүчү поезддер жүргөндө жол берилет.
Мындай поезддин башына жүрүш багыты тарапка бурулган өтмө аянтчасы бар вагон коюлат, анда жолдун боштугуна байкоо салууга жана жүрүш коопсуздугуна же адамдардын жанына коркунуч барда поездди токтотуу чараларын көрүүгө милдеттүү жумушчу турууга тийиш.
Машинисттер тарабынан локомотив, моторвагондуу поезд жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын айдалыш тартиби
16.36. Машинист менен машинисттин жардамчысы:
- локомотив (моторвагондуу поезд), атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын конструкциясын, тейленген тилкенин планы менен профилин, анда туруктуу сигналдардын, сигнал көрсөткүчтөрү менен белгилеринин жайгашуусун жана алардын дайындалышын, ошондой эле тейленген тилкеде темир жол өтмөктөрүнүн жайгашуу жерлерин жакшы билүүгө, поезддердин жүрүш графигине ээ болууга;
- локомотив (моторвагондуу поезд), атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамды кабыл алууда тормоздор, кумдук жана радиобайланыштын, үн сигналын берүү приборлорунун иштөөсүнө өзгөчө көңүл буруп анын түзүктүгүнө көзү жетүүгө, локомотивдин техникалык абалынын журналындагы жазуудан автомат локомотив сигнализациясынын жана коопсуздук механизмдеринин түзүк иштегенине көзү жетүүгө, сигнал шаймандарынын, өрткө каршы каражаттардын бар-жогун текшерүүгө;
- жүрүш графигин толук сактоо менен поезддин коопсуз жүрүшүн камсыздоого милдеттүү.
16.37. Локомотивдин поезддин курамына, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын болсо чарба поездинин курамына чиркештирилишинен кийин машинист:
- локомотивдин, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын курамдын биринчи вагонуна чиркештирилишинин тууралыгына, аба түтүктөрүнүн бириктирилишинин ишенимдүүлүгү жана тууралыгына, ошондой эле алардын арасындагы уч крандарынын ачылышына көзү жетүүгө;
- тормоз магистралын кысык аба менен толтуруу, басымдын түшүүсүнүн тиешелүү нускама менен белгиленген ченемдерди ашпаганына көзү жетүүгө жана автотормоздорду сыноого;
- поезддин тормоздор менен камсыздалышы тууралуу маалымкатты алуу, анда көрсөтүлгөн куйрук вагонунун номерин натура барагы менен салыштырууга жана поездде тормоз басуунун белгиленген ченемдерге дал келишине көзү жетүүгө;
- натура барагы боюнча жүк жана жүргүнчү поезддеринин курамы менен – адамдар, темир жол транспортунда жүк ташуу эрежелеринде жана Темир жолдордо кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелеринде көрсөтүлгөн айрым категориядагы жүктөр менен ээленген вагондордун, ошондой эле ачык кыймылдуу курамдын бар-жок экени менен таанышууга;
- натура барагы боюнча жүргүнчү жана почта-багаж поездинин курамы менен – жүк-багаж жана багаж менен ээленген жүк вагондорунун бар-жок экени менен таанышууга;
Эгер локомотив жеке чакыруусу бар радиостанция менен жабдылган болсо, поезддин ыйгарылган номерин радиостанция башкаруу пультунда орнотууга милдеттүү.
Вагондорунун электир жылытуусу бар жүргүнчү поездинин курамына локомотивдин чиркештирилишинен кийин машинист электир механиги тарабынан жогорку вольттуу вагондор аралык электир кошкучтарын кошуу үчүн ток алуучуларын түшүрүүгө милдеттүү.
Автомат локомотив сигнализациясы менен жабдылган тилкелерде жетектөөчү локомотивдин, моторвагондуу поезддин, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын машинисти бекеттен жөнөөнүн алдында бул механизмдерди күйгүзүүгө, радиобайланыш менен жабдылган тилкелерде болсо, радиостанциянын күйгүзүлгөнүнө көзү жетүүгө жана чакыруу жолу менен жүргүнчү поездинин начальниги (бригадир механиги) жана шайкеш түрдө чарба поездинде жумуш жетекчиси менен радиобайланышты текшерүүгө милдеттүү.
16.38. Поезд айдап баратканда машинист менен жардамчысы:
- жолдун боштугуна, сигнал көрсөткүчтөрү менен белгилерине байкоо салууга, алардын талаптарын аткарууга жана светофорлор берген бүткүл сигналдарды, жолдон жана поездден берилген токтотуу жана ылдамдыкты азайтуу сигналдарын бири-бирине кайталоого;
- поезддин абалына жана бүтүндүгүнө, айрыкча, электирлештирилген тилкелерде контакт тармагынын абалына да байкоо салууга;
- локомотивдин, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын иштөөсүнүн үзгүлтүксүздүгүн жана коопсуздугун көзөмөл кылган приборлордун сигнал көрсөткүчтөрүн байкап турууга;
- электир энергиясын жана отунду сарамжалдуу керектөөдө локомотивдин күчүнүн рационалдуу пайдаланылышын камсыздоого;
- бекетке кирүүдө жана бекет жолдорунан өтүүдө белгиленген сигналдарды берүүгө, жебе көрсөткүчтөрү боюнча каттамдын тууралыгына, жолдун боштугуна жана бекет жумушчулары тарабынан берилген сигналдарга, ошондой эле жүрүш коопсуздугуна коркунуч пайда болгондо дароо токтотуу чараларын көрүп, чектеш жолдордо поезддердин жүрүшү жана маневр кыймылдарына байкоо салууга милдеттүү.
Эгер анда кандайдыр-бир бузук табылган болсо, поезд бекетте токтогон соң машинист дароо бекет нөмөтчүсүнө, диспетчер борборлоштуруусу менен жабдылган тилкелерде болсо, поезд диспетчерине билдирүүгө тийиш.
Бекетте токтоо керек болгондо машинист кабыл алуу жолунун чыгыш светофорунан (ал жокто – чек мамычасынан) өтпөстөн токтотууга тийиш. Мында жүк поездинин локомотиви чыгыш сигналынын алдында (ал жокто – чек мамычасынын алдында) токтотулууга тийиш. Машинист поезд радиобайланышы менен бекет нөмөтчүсү аркылуу бүткүл курам кабыл алуу жолунун пайдалуу узундугунун чектеринде коюлганына көзү жетсе гана поездди аларга жетпестен токтото алат.
Жүрүш жолунда автобөгөт светофорлорунун бузуктары, жолдун, контакт тармагы жана башка курулма менен механизмдердин зыянга учураганы, чектеш жолдордо бараткан поезддерде бузуктар табылган учурда машинист муну эң жакын бекеттин нөмөтчүсүнө же поезд диспетчерине билдирүүгө тийиш. Поезд радиобайланышы барда бул бузуктар тууралуу кабарды машинист радиобайланыш аркылуу эң жакын бекеттин нөмөтчүсүнө же поезд диспетчерине, керек болгондо чектеш жолдо бараткан поезддин машинистине кабарлоого тийиш.
Сигналдар, сигнал көрсөткүчтөрү менен белгилеринин көрүнүүсүнүн чектелиш шарттарында (туман, нөшөр, бурганак ж.б.) жүргөндө машинистке жүрүш коопсуздугун камсыздоо үчүн поезддин белгиленген ылдамдыгын азайтуусуна уруксат берилет.
16.39. Поездди айдап баратканда машинист:
- тормоз механизмдерин дайыма иштөөгө даяр тутууга, аларды жүрүш жолунда текшерүүгө, башкы резервуар менен магистралда басымдын тиешелүү нускама менен белгиленген ченемдерден ылдый түшүүсүнө жол бербөөгө;
- туруктуу сигналдардын, ылдамдыкты азайтуу сигналдарынын жана ылдамдыктын азайтылышын талап кылган башка сигналдардын тыюучу жана түшүнүксүз көрсөткүчтөрүндө кызмат тормоз берүүсүн колдонуу менен токтотуу сигналын же түшүнүксүз сигналды өтпөстөн поездди токтотууга, ылдамдыкты азайтуу сигналын болсо бул сигнал үчүн белгиленгенден ашпаган ылдамдыкта өтүүгө;
- нейтрал такманы тосмологон сигнал белгисин (анда локомотивдин токтоосунан качуу максатында) 20 км/сааттан ашпаган ылдамдык менен өтүүгө;
- капыстан токтотуу сигналы берилгенде же капыстан тоскоолдук пайда болгондо поездди токтотуу үчүн чукул тормоз берүү каражаттарын дароо колдонууга милдеттүү.
16.40. Жүрүш жолунда машинистке:
- ушул Эрежелер, темир жол жетекчилигинин буйругу, ошондой эле берилген эскертүү жана сигнал көрсөткүчтөрү менен белгиленген ылдамдыктарды ашырууга;
- локомотив, моторвагондуу поезд, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамды башкаруудан, тейлөөдөн жана сигналдар менен жолдун абалын байкоодон алаксууга;
- түзүк иштеген коопсуздук механизмдерин өчүрүүгө же алардын ишине кийлишигүүгө;
- поездди айдоону камсыздаган локомотив, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамда тартма жабдыгы иштебей калганда жана иштебей калуунун себебин жоюу мүмкүн эмес болгондо эки бекет арасына жөнөөгө тыюу салынат.
16.41. Поезддин жүрүшүн жетектөөчү локомотивдин машинисти башкарат. Башка, анын ичинде түртүүчү локомотивдердин машинисттери жетектөөчү локомотивдин машинистинин бүткүл көрсөткүчтөрү менен сигналдарына баш ийүүгө милдеттүү.
Түртүүчү локомотивдердин иштөө тартиби темир жол жетекчилиги тарабынан бекитилген нускамалар менен белгиленет.
16.42. Кондукторлордон (түзүүчү бригадасынан), ошондой эле Кыргыз темир жолу тарабынан белгиленген тартипке жараша уруксаты бар, бирок бир убакта үч кишиден ашык эмес кызмат адамдарынан башка локомотив кабинасында эч кимдин жүрүшүнө жол берилбейт.
Поезд эки бекет арасында аргасыз токтогондо жумушчулардын аракеттеринин тартиби
16.43. Поезд эки бекет арасында аргасыз токтогондо машинист:
- чукул токтоо талап кылынбаса, поездди мүмкүн болсо аянтчада жана жолдун түз тилкесинде токтотууга;
- поезддин автотормоздорун жана локомотивдин жардамчы тормозун, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамда болсо автотормоздорду, башкаруу приборлору барда жардамчы тормозду да ишке киргизүүгө;
- радиобайланыш аркылуу токтоо тууралуу эки бекет арасында бараткан локомотив жана моторвагондуу поезддердин машинисттерине жана эки бекет арасын чектеген бекет нөмөтчүлөрүнө дароо жарыялоого, алар болсо муну поезд диспетчерине дароо билдирүүгө тийиш. Айрыкча, жүргүнчү поездинин машинисти радиобайланыш аркылуу токтотуу себебин жүргүнчү поездинин начальнигине (бригадир механигине), атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын машинисти болсо – чарба поездинин жумуш жетечисине кабарлоого тийиш;
- токтоо тыюучу көрсөткүчү бар светофордун алдында кечигүүгө байланыштуу болбосо, анын себебин жана андан ары жүрүү мүмкүндүгүн билүүгө;
- поезддин жүрүшү 20 жана андан ашык мүнөт ичинде улантылышы жана поездди өз ордунда автотормоздор менен тутуу мүмкүндүгү болбосо, локомотивдин, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын кол тормозун иштетүүгө жана курамда бар болгон кол тормоздорунун (жүргүнчү поездинин узатуучулары, кондукторлор, чарба поездинде жумуш жетечиси тарабынан) ишке киргизилиши үчүн сигнал берүүгө милдеттүү. Мындай жумушчулары жок поезддерде машинисттин жардамчысы вагондордун дөңгөлөктөрүнүн астына локомотивде бар болгон тормоз башмактарын жаткырууга, айрыкча, алар жетишсиз болгон учурда темир жол жетекчилиги тарабынан белгиленген санда жана тартипке жараша вагондордун кол тормоздорун ишке киргизүүгө;
- поезд радиобайланышы аркылуу токтоо себебин жана жүрүш үчүн пайда болгон тоскоолдуктарды жоюуга карата керектүү чараларды бекет нөмөтчүсүнө же поезд диспетчерине кошумча кабарлоого милдеттүү. Поезд радиобайланышы бузук кезде бекет нөмөтчүсүнө же поезд диспетчерине кабарды телефон байланышы бар эң жакын жайдан (машинисттин жардамчысы, кондуктор, жүргүнчү вагонунун узатуучусу, чарба поездинде жумуш жетечиси аркылуу) берүүгө тийиш;
- поездди тейлеген бүткүл жумушчулар менен бирге жүрүш үчүн пайда болгон тоскоолдуктарды жоюу чараларын көрүүгө, керектөө учурларда поезд менен чектеш жолдун тосмолонушун камсыздоого тийиш.
Жүргүнчү поездин тейлөөдө поездди бекитүү жана тосмолоо операциялары машинисттин радиобайланыш аркылуу берилген көрсөтмөсү менен жүргүнчү поездинин начальниги (бригадир механиги) жана вагон узатуучулары тарабынан аткарылат.
16.44. Эки бекет арасында токтогон поезд төмөнкү учурларда тосмолонот:
- жүргүнчү поезди - калыбына келтирүүчү жана өрт өчүрүүчү поезд, ошондой эле жардамчы локомотив талап кылынганда – дароо чакыруудан кийин;
- поезд бүткүл сигнализация жана байланыш каражаттарынын иштөөсүнүн тынымында жөнөтүлгөн болсо, - дароо поезд токтогон соң.
Бүткүл учурларда эки жолдуу же көп жолдуу эки бекет арасынын чектеш жолунда жана биринчи кезекте күтүлүп жаткан поезд тараптан поезддердин жүрүшү үчүн тоскоолдук орду дароо тосмолонууга тийиш.
Тосмолоо тартиби Кыргыз темир жолунда сигнализация нускама менен, жумушчулардын аракеттеринин тартиби болсо - Кыргыз Республикасынын темир жолунда поезд кыймылы жана маневр иштери боюнча нускамасы менен белгиленет.
16.45. Автобөгөт менен жабдылган тилкелерде жүргүнчү поезди эки бекет арасында токтогондо акыркы жүргүнчү вагонунун узатуучусу поезд сигналдарынын көрүнүүсүн текшерүүгө, эки бекет арасын дыкат байкап турууга жана артынан келе жаткан поезд пайда болгон учурда аны токтотуу чараларын көрүүгө милдеттүү.
16.46. Поезд өрдө токтогон болуп, куйругунда түртүүчү локомотив болбосо, машинист зарыл учурда ошол эле эки бекет арасынын жеңилирээк профилине поездди тык токтото алат.
Бул учурда тык токтотулган поезддин алдында локомотив бригадасынын жумушчусу, башкы кондуктор же чарба поездинде жумуш жетечиси болууга тийиш. Поездди тык токтотуу ылдамдыгы 5 км/саоттан ашпоого тийиш.
Тык токтотууга:
- жүргүнчү поезддеринде бүткүл учурларда;
- автобөгөт же автомат локомотив сигнализациясы менен жабдылган эки бекет арасында;
- туман, бурганак жана сигналдар зорго ажыратылган башка жагымсыз шарттарда;
- токтогон поезд поезд бүткүл сигнализация жана байланыш каражаттарынын иштөөсүнүн тынымында жөнөтүлгөн болсо жол берилбейт.
Салмагы бул өр үчүн ордунан жылуу шарттары боюнча ченемди ашкан жана тык токтотулушуна жол берилбеген поезд өрдө токтогондо машинист дароо жардамчы локомотивди чакыртууга тийиш.
Мындай жерлердин жана салмак ченемдеринин тизмеси темир жол жетекчилиги тарабынан белгиленет.
16.47. Поезд Кыргыз Республикасынын темир жолунда поезд кыймылы жана маневр иштери боюнча нускамасы менен белгиленген тартипке жараша бул бекеттин нөмөтчүсүнүн буйругу менен гана эки бекет арасынан артка кайтарылышы мүмкүн.
16.48. Эгер поезд токтогон соң өз алдынча жүрө албаса, Кыргыз Республикасынын темир жолунда поезд кыймылы жана маневр иштери боюнча нускамасы менен белгиленген тартипке жараша эки бекет арасынан чыгарылат. Бул нускамада локомотив бригадаларынын поезд ажыратуудагы аракеттеринин тартиби белгиленет.
Автобөгөт жана поезд радиобайланышы менен жабдылган тилкелерде эки бекет арасында токтогон поездге жардам көрсөтүү үчүн артынан бараткан жүк поездинин локомотиви колдонулушу мүмкүн жана эрежеден тышкаркы учурларда артынан бараткан түзүк салмак жана узундуктагы поезд менен түртүүгө уруксат берилет.
Эки бекет арасында моторвагондуу поезд аргасыз токтогондо жана андан ары өз алдынча жүрө албаганда кош курам менен бекетке чыгарылышы үчүн ага артынан бараткан моторвагондуу поезддин чиркештирилишине уруксат берилет.
16.49. Калыбына келтирүүчү жана өрт өчүрүүчү поезд, ошондой эле жардамчы локомотив талап кылынганда, токтогон поезд талап кылынган жардам келгенге чейин же жүрүшкө тиешелүү уруксат берилгенге чейин жүрүштү баштай албайт.
Калыбына келтирүүчү же өрт өчүрүүчү поезд жана жардамчы локомотив талап кылуунун, ошондой эле алардын андан ары жүрүш тартиби Кыргыз Республикасынын темир жолунда поезд кыймылы жана маневр иштери боюнча нускамасы менен белгиленет.
Чечилме кыймылдуу бирдиктердин жүрүшү
16.50. Чечилме кыймылдуу бирдиктер эки бекет арасын ээлөө укугуна поезд документтери берилбестен жүрөт. Туннел же чоң көпүрөлөрү, ошондой эле татаал план жана профиль шарттары бар эки бекет араларында чечилме кыймылдуу бирдиктердин жүрүш тартиби темир жол жетекчилиги тарабынан белгиленет. Чечилме кыймылдуу бирдиктердин жүрүшү поезддердин ырааттама менен жүрүшүнүн бузулушун алып келбөөгө тийиш.
Бүткүл чечилме кыймылдуу бирдиктердин электирлүү обочоломосу бар октору болууга тийиш.
Чечилме кыймылдуу бирдиктердин жүрүш тартиби Кыргыз Республикасынын темир жолунда поезд кыймылы жана маневр иштери боюнча нускамасы менен белгиленет.
Өз алдынча сигнализация жана байланыш каражаты катары автомат локомотив сигнализациясы (АЛСО). Бул системада поезддер локомотив светофорлорунун сигналдары менен жүрөт, ал эми бөгөт тилкелеринин белгиленген чектери өзүнчө жайлар болот.
Бөгөт тилкеси. Автобөгөттө же өз алдынча сигнализация жана байланыш каражаты катары колдонулган автомат локомотив сигнализациясында бекеттер аралык эки бекет арасынын өтмөк светофорлору (бөгөт тилкесинин чектери) же өтмөк светофору (бөгөт тилкесинин чеги) жана бекет менен чектелген бөлүгү.
Каптал жол. Кыймылдуу курам бул жолдо баратканда жол жебе котормосу менен кыйшаят.
Атайын кыймылдуу курам бригадасы. Атайын кыймылдуу курамды башкаруу жана тейлөө үчүн дайындалган жумушчулар.
Атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамды башкаруу үчүн бригада - машинист менен машинисттин жардамчысы же дрезина айдоочусу жана айдоочунун жардамчысы дайындалат (тиешелүү машинаны иштетүү нускамасына жараша).
Поездди өзгөчө этият менен айдоо. Локомотив бригадасынын поезддин жүрүш шарттарына туруктуу, жогорулатылган көңүл буруусу.
Жүк вагондору. Жүк ташууга арналган вагондор. Аларга жабык вагондор, жарым вагондор, платформалар, цистерналар, жүк ташуу үчүн адистештирилген вагондор: бункер тибиндеги вагондор, термостор, АРВни кошкондо рефрижератор вагондор, буудай ташыгычтар, контейнер ташыгычтар, транспортерлер, ошондой эле жүк тибиндеги атайын вагондор кирет.
Жүргүнчү вагондору. Жүргүнчү ташууга арналган вагондор. Бул вагондорго почта, багаж, ресторан вагондор, кызмат-техника вагондору (кызмат, клуб, санитар, сынама жана ченеме вагондору, лабораторийлер жана жүргүнчү тибиндеги атайын вагондор) кирет.
Аба аралыгы (обочологуч кошмо). Электирлүү обочоломосу бар контакт тармагынын чектеш тилкелеринин кошулушу (ток айрыгы). Обочологуч кошмо электир кыймылдуу курамдын ток алуучусу өтүп баратканда кошулган тилкелер электир менен бириге тургандай болуп аткарылат.
Жардамчы пост. Эки бекет арасында жол өнүгүүсү жок жана жанашма жолунун кошулма жайынын тейленишине гана арналган пост (бүткүл эки бекет арасында жүргөн поезддер үчүн өзүнчө жай эмес).
Жүктөө габарити. Четки туурасынан (жол огуна перпендикуляр) чийин, анда түз жатык жолдо өтүп баратканда ачык кыймылдуу курамда сыртка чыкпастан жүк (каптама жана бекитмеси эске алынып) жайгаштырылууга тийиш.
Кыймылдуу курамдын габарити. Четки туурасынан (жол огуна перпендикуляр) чийин, анда түз жатык жолдо коюлган жүктүү да, бош кыймылдуу курам да сыртка чыкпастан жайгаштырылууга тийиш.
Курулмалардын жакындоо габарити. Четки туурасынан (жол огуна перпендикуляр) чийин, анын ичине курулма жана механизмдердин эч кандай бөлүгү кирбөөгө тийиш.
Кыймылдуу курам менен түздөн-түз иштешүүгө арналган механизмдер (иш абалындагы вагон жайлаткычтары, бекитме деталдары бар контакт чубалгылары, суу алууда колонканын бурулма бөлүгү ж.б.) гана эрежеден тышкары.
Кепилдиктүү тилке. Узундугу поезддин курамында вагондордун түзүк абалда коопсуз жүрүш зарылдыгы эске алынып аныкталган техникалык тейлөө жайлары менен чектелген бир темир жолдун же чектеш темир жолдордун чектериндеги тилке.
Башкы жолдор. Эки бекет арасынын, ошондой эле жанашкан эки бекет араларынын жолдорунун түздөн-түз уландысы болгон жана эреже катары жебе котормолорунда кыйшаюусу жок бекет жолдору.
Темир жол бекетинин нөмөтчүсү. Поезд кабыл алуу, жөнөтүү жана өткөрүүнү, ошондой эле кыймылдуу курамдын бекеттердин кабыл алуу-жөнөтүү жолдорунда (маневр диспетчери жок жерде – калган жолдордо да) башка кыймылдарын жалгыз өзү тескеген бекет нөмөтчүсүнүн алмаштырылуучу жардамчысы.
Темир жол-курулуш машиналары. Темир жолдордун курулуш, курулма жана механизмдеринин бүткүл оңдоо иштерин, кароо жана техникалык тейлөө жумуштарын аткарган бир же бир нече жумуш органы бар атайын кыймылдуу курамдын бир түрү.
Темир жол өтмөгү. Темир жолдордун бир деңгээлде автомобиль жана трамвай жолдору менен кесилиш жери.
Жанашма темир жол. Темир жолдордун жалпы тармагына үзгүлтүксүз рельса колеясы менен байлануу жана темир жолго же ишканага, уюмга таандык болгон, айрым ишкана, уюм жана белгилүү жүк жөнөтүүчүлөр менен жүк алуучуларды тейлөөгө арналган темир жол.
Жүк поездинин индекси. Бүткүл жүк поезддерине түзүлүш бекетинде ыйгарылган 10 цифрадан турган атайын код. Биринчи төрт цифра – поезддин түзүлүш бекетинин орток тармак боёк белгиси (ОТБ), кийинки экөө - бул бекетте түзүлгөн курамдын катар номери, акыркы төртөө - поезддин дайындалыш бекетинин ОТБсы.
Поезддердин интенсивдүү жүрүшү. Жүргүнчү жана жүк поезддеринин график боюнча эки жолдуу тилкелерде бир суткада 50дөн ашык жуп жана бир жолдуу тилкелерде 24төн ашык жуп түрүндө жүрүш өлчөмдөрү (жалпысынан).
Контакт тармагы. Тартма көмөк чордондорунан электир кыймылдуу курамдын ток алуучуларына электир энергиясынын өткөрүлүшүн камсыздаган чубалгы, конструкция жана жабдыктардын жыйындысы.
Локомотивдер. Электровоздор, тепловоздор, газотурбовоздор, паровоздор.
Локомотив бригадасы. Локомотив, ошондой эле моторвагондуу поезддерди тейлөө үчүн дайындалган жумушчулар.
Аз иштетилген тилкелер. Жүргүнчү жана жүк поезддери график боюнча суткада эң көп 8 жуп жүргөн тилкелер.
Маневр курамы. Өз ара жана маневр жасаган локомотив менен чиркештирилген вагондор тобу.
Бир вагон менен чиркештирилген локомотив да маневр курамы катары каралат.
Посттор аралык эки бекет арасы. Жол посттору же жол посту жана бекет менен чектелген эки бекет арасы.
Бекеттер аралык эки бекет арасы. Бекеттер, жол айрыктары жана озуп кетүү жайлары менен чектелген эки бекет арасы.
Моторвагондуу кыймылдуу курам. Моторлуу жана чиркемелүү вагондор, алардан жүргүнчү ташууга арналган моторвагондуу поезддер (электир поезди, дизель поезди жана автомотристер (рельсалуу автобустар) түзүлөт.
Нейтрал такма. Чыңалуу түзүк түрдө болбогон эки бекет аралыгы (обочологуч кошмолор) арасындагы контакт асмасынын тилкеси. Нейтрал такма электир кыймылдуу курамдын ток алуучулары өтүп баратканда кошулган тилкелердин электир обочоломосу камсыздала тургандай аткарылат.
Озуп кетүү жайы. Жол өнүгүүсү бар эки жолдуу линияларда поезддерди озуп кетүүгө жана керектүү учурларда поезддин башкы жолдон башка жолго которулушуна жол берген өзүнчө жай.
Терезе. Поезддердин эки бекет арасында, эки бекет арасынын өзүнчө жолдорунда же оңдоо-курулуш иштерин жасоо үчүн бекетте жүрүшү токтотулган убакыт.
Поезддердин өзгөчө интенсивдүү жүрүшү. Жүргүнчү жана жүк поезддеринин (жалпысынан) график боюнча эки жолдуу тилкелерде бир суткада 100дөн ашык жуп жана бир жолдуу тилкелерде – 48ден ашык жуп түрүндө жүрүш өлчөмдөрү.
Өзгөчө жол белгилери. Темир жол тилкесинин чектери, жебе номеринин көрсөткүчү, жүргүнчү имаратынын ок белгиси, линиялуу жол имараттарындагы белгилер, айлана ийри сызыктарынын башы жана аягынын, ошондой эле өтмө ийри сызыктардын, топурак полотносунун жашыруун курулмаларынын, суулардын эң жогорку кыйыры жана толкундун эң жогорку бийиктигинин башы, ортосу жана аягынын реперлери.
Коргоочу жебе. Поезд кабыл алуу же жөнөтүү каттамын даярдоодо кыймылдуу курамдын даярдалган каттамга чыгуу мүмкүндүгүн болтурбаган абалга которулган жебе.
Жүргүнчү токтомо жайы. Жол өнүгүүсү жок эки бекет арасында жүргүнчү алуу жана түшүрүүгө гана арналган жай (өзүнчө жай эмес).
Эки бекет арасы. Темир жол линиясынын чектеш бекеттер, жол айрыктары, озуп кетүү жайлары же жол посттору менен чектелген бөлүгү.
Кыймылдуу курам. Локомотивдер, вагондор жана моторвагондуу кыймылдуу курам.
Түртүүчү локомотив. Айрым эки бекет араларында же эки бекет арасынын бөлүгүндө (поезддин куйругунда) жетектөөчү локомотивге жардамга дайындалган локомотив.
Поезд. Белгиленген сигналдары, бир же бир нече иштеп жаткан локомотиви же моторлуу вагону бар түзүлгөн жана чиркештирилген вагондор курамы. Эки бекет арасына жөнөтүлгөн вагонсуз локомотивдер, моторлуу вагондор жана атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам поезд катары каралат.
Жүк-жүргүнчү поезди. Аз иштетилген тилкелерде жүк жана жүргүнчү ташууга арналган жүк жана жүргүнчү вагондорунан түзүлөт.
Узун курамдуу жүк поезди. Узундугу (шарттуу вагондордо) бул поезддин жүрүш тилкесинде жүрүш графиги менен белгиленген эң жогорку ченемди ашкан жүк поезди.
Жогорулатылган салмактагы жүк поезди. Курамдын башында, башында жана аягында, курамдын башында жана акыркы үчтөн бир бөлүгүндө бир же бир нече иштеп жаткан локомотиви бар, салмагы 6 миң т дан ашык жүк поезди.
Жогорулатылган узундуктагы жүк поезди. Узундугу 350 жана андан ашык ок болгон жүк поезди.
Бириктирилген жүк поезди. Өз ара бир же бир нече жүк поездинен түзүлгөн, ар поезддин башында иштеп жаткан локомотивдери бар поезд.
Оор салмактагы жүк поезди. Тиешелүү сериядагы локомотивдер үчүн салмагы 100 т га жана бул поезддин жүрүш тилкесинде жүрүш графиги менен белгиленген салмак ченеминен андан ашык болгон жүк поезди.
Адам поезди. Курамында адамдар менен ээленген 10 жана андан ашык вагону бар жүк поезди.
Жүргүнчү поезди. Жүргүнчү вагондорунан түзүлгөн, жүргүнчү, багаж жана почта ташууга арналган поезд. Каттам түрлөрүнө жараша жүргүнчү поезддери 700 км ден ашык аралыкка каттаган узак, 700 км ге чейинки жергиликтүү жана 150 км ге чейинки шаар айланасы поезддер болуп бөлүнөт.
Узун курамдуу жүргүнчү поезди. Узундугу бул поезддин белгиленген түзүлүш схемасын тилкесинде жүрүш графиги менен белгиленген эң жогорку ченемди ашкан жүргүнчү поезди.
Жогорулатылган узундуктагы жүргүнчү поезди. Курамында 20 жана андан ашык вагону бар жүргүнчү поезди.
Тез жүрүүчү жүргүнчү поезди. Жүргүнчү поезддеринин тез жүрүшүнө дал келген 141-160 и 161-200 интервалдарындагы ылдамдыктар менен жүргөн жүргүнчү поезди.
Бириктирилген жүргүнчү поезди. Өз ара бириктирилген, эки жүргүнчү поездинен түзүлгөн, ар поезддин башында иштеп жаткан локомотиви бар поезд.
Почта-багаж поезди. Почта, багаж жана жүк багажын ташууга арналган жүргүнчү вагондорунан, ошондой эле жүргүнчү поезддери айланбаган тилкелерде гана чиркештирилген, жүргүнчү ташууга арналган өзүнчө жүргүнчү вагондорунан түзүлөт.
Чарба поезди. Иштеп жаткан локомотивден же локомотив катары колдонулган атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдан, темир жолдордун атайын жана техникалык муктаждыктары үчүн бөлүнгөн вагондордон, темир жолдордун курулма жана механизмдерин кароо, тейлөө жана оӊдоо жумуштарын аткарууга арналган атайын өзү жүрүүчү жана жүрбөөчү кыймылдуу курамдан түзүлгөн поезд.
Поезд сигналдары. Поезд, локомотив жана башка кыймылдуу бирдиктирди белгилөө үчүн колдонулган сигналдар.
Туура темир жол – бир тараптуу же эки тараптуу автобөгөт менен жабдылган, поезддердин белгилүү бир багытта жүрүшү үчүн адистештирилген эки жолдуу (көп жолдуу) эки бекет араларындагы темир жол.
Туура эмес темир жол – поезддер адистештирилген багытка тескери багытта жүргөн темир жол.
Коргоочу туюк. Кыймылдуу курамдын поезддердин жүрүш каттамдарына чыгышынын алдын алууга арналган туюк жол.
Жол белгиси. Темир жол линияларынын профиль жана узундугунун туруктуу көрсөткүчү.
Жол посту. Жол өнүгүүсү жок темир жол линияларындагы өзүнчө жай (жарым автомат бөгөттө блокпост, эки жолдуу такмасы бар бир жолдуу эки бекет арасында жанашма жайы, түйүн алды пост ж.д.у.с.).
Атайын максаттагы жолдор. Эки бекет араларында жана бекеттерде коргоочу жана кармоочу туюктар жана и темир жолдун жанашма жолдору.
Өзүнчө жай. Темир жол линиясын эки бекет аралары же бөгөт тилкелерине бөлгөн өзүнчө жай.
Жол айрыгы. Жол өнүгүүсү бар бир жолдуу линияларда кайчылашуу жана поезддерди озуп кетүүгө арналган өзүнчө жай.
Рефрижератор поезд. Рефрижератор вагондордон түзүлгөн поезд.
Кеп маалымдоочусу. Алдын ала программаланган кабарларды байланыш каналдарына автомат түрдө өткөрүлүшүн камсыз кылган электрондуу механизм.
Маневр жетекчиси. Маневрларга катышкан бүткүл адамдардын аракеттерин түздөн-түз жетектеген жумушчу, анын көрсөтмөсү болмоюнча маневр жасаган локомотивдин, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамдын машинисти локомотивди, атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курамды кыймылга келтирүүгө акысы жок.
Жумуш жетекчиси. Иштетилип жаткан темир жолдордо, курулма жана механизмдерде жумуштарды жетектөө өзүнө жүктөлгөн жооптуу адам.
Продукция, кызмат жана башка объектилерди ырастоо (сертификация). Шайкештикти тастыктоо жол-жобосу, анын жардамы менен даярдоочу (сатуучу, аткаруучу) жана керектөөчүгө (алуучу) көз каранды эмес уюм продукциянын белгиленген талаптарга шайкеш экенин жазылуу түрдө күбөлөндүрөт.
Темир жол транспортунда тастыктама системасы (ТТТС). Темир жол транспортунда тастыктама системасы – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Тастыктама системасында белгиленген эрежелерге жараша темир жол транспортунда тастыктама жасаган тастыктама катышуучуларынын бардыгы.
Сигнал. Шарттуу көрүнмө же добуш белгиси, анын жардамы менен белгилүү буйрук берилет.
Сигнал белгиси. Шарттуу белги, анын жардамы менен белгилүү категориядагы жумушчуларга буйрук же көрсөтмө берилет. Сигнал белгилерине чек мамычалары, бекет чектерин көрсөткөн белгилер, ышкырык берүү, ток өчүрүү жана күйгүзүү ж.б. кирет.
Атайын кыймылдуу курам. Темир жолдо жүргөн чечилбес кыймылдуу бирдиктер:
атайын өзү жүрүүчү кыймылдуу курам - мотовоздор, дрезиналар, жумуш жасоо үчүн керектүү материалдарды же темир жол ишканаларынын жумушчуларын жумуш ордуна жеткирүү үчүн атайын автомотристер, транспорт режиминде тартма жүргүзгүчү бар автоном кыймылдаткычы болгон темир жол-курулуш машиналары;
атайын өзү жүрбөөчү кыймылдуу курам - транспорт режиминде тартма жүргүзгүчү жок темир жол-курулуш машиналары, темир жолдордун курулма жана механизмдерин кароо, тейлөө жана оӊдоо жумуштарын жасоого арналган, чарба поезддерине камтылган чиркемелер менен башка атайын кыймылдуу курам.
Узун эңкейиш. Төмөнкү маанилери бар тиктик жана узундуктагы эңкейиш:
Тиктик узундук
0,008ден 0,010го чейин 8 км жана көбүрөөк
0,010дон көбүрөөк 0,014кө чейин 6 км жана көбүрөөк
0,014төн көбүрөөк 0,017ге чейин 5 км жана көбүрөөк
0,017ден көбүрөөк 0,020га чейин 4 км жана көбүрөөк
0,020дан көбүрөөк жана тигирээк 2 км жана көбүрөөк
Жетектөөчү эӊкейиш. Узундугу тормоз жолунан кем эмес тиктиги жагынан (ийрилердин каршылыгын эске алганда) эӊ чоӊ эӊкейиш.
Бекет. Поезд кабыл алуу, жөнөтүү, кайчылаштыруу жана озуп кетүү операцияларын, жүк, багаж жана жүк багажын кабыл алуу жана берүү жана жүргүнчү тейлөө операцияларын, өнүккөн жол механизмдери барда – поезд таркатуу жана түзүү маневрларын жана поезддер менен техникалык операцияларды жасоого жол берген жол өнүгүүсү бар өзүнчө жай.
Эскертүү. Ушул Эрежелердин текстинде жол өнүгүүсү бар же жумушчулар тарабынан тейленген өзүнчө жайлардан бекет, жол айрыгы, озуп кетүү жайы, жол посту) сөз кылынган бүткүл учурларда, талаптардын мүнөзүнө жараша кайсы өзүнчө жайлардан сөз кылынганын так көрсөтүү керек болгон жерлерден башка, "Бекет" же " Бекет нөмөтчүсү" деген жалпы терминдер колдонулган.
Борборлоштуруунун бекет посту. Бекетте ичинде борборлоштурулган жебе жана сигналдар тобун башкаруу топтоштурулган пост.
Бекет жолдору. Бекет чектериндеги жолдор - башкы, кабыл алуу-жөнөтүү, сорттомо, жүктөө-жүк түшүрүү, тартма, депо (локомотив жана вагон чарбаларынын), бириктирме (бекетте контейнер жайларына, отун кампаларына, базаларга, сорттомо платформаларына, вагон тазалоо, жуума, дезинфекциялоо жайларына, кыймылдуу курамды оӊдоо жана башка операция жасоо жайларына алпарган айрым парктарды бириктирген), ошондой эле максат багыты аларда жасалган операциялар менен аныкталган башка жолдор.
Жебе. Рамалуу рельсалар, жебе учтары жана котормо механизминен турган жебе котормосунун бөлүгү. Кыймылдуу киндиктүү крестовинасы барда жебе түшүнүгүнө крестовина да кирет.
Борборлоштурулбаган жебе. Учтары котормо механизминин жардамы менен түздөн-түз жебенин алдында кол менен которулган жебе.
Борборлоштурулган жебе. Учтары (кыймылдуу киндиктүү крестовинасы барда киндик да) бир борбордук жайдан атайын механизмдер менен менен которулган жебе.
Жебе котормосу. Кыймылдуу курамды бир жолдон башкасына которуу үчүн кызмат кылган механизм. Жебе котормолору жебелер, крестовиналар жана араларындагы бириктирме жолдорунан турат. Крестовиналар кыймылсыз жана кыймылдуу киндиктүү болушу мүмкүн.
Жебе посту. Бир жебе постунун нөмөтчүсү тарабынан тейленген борборлоштурулбаган башкаруунун бир же бир нече жебе котормосу.
Жебе району. Бир жебе постунун ага нөмөтчүсүнүн көзөмөлүндө турган чектеш жебе постторунун тобу.
Чечилме кыймылдуу бирдиктер. Өздөрүн тейлеген жумушчулар тарабынан кол менен жолдон алынышы мүмкүн болгон чечилме дрезиналар, электирлештирилген тилкелердеги оӊдоо мунаралары, жол вагончолору, жол ченөөчү, дефектоскоп жана башка арабалар менен кыймылдуу бирдиктер.
Кызмат тормоз берүүсү. Ылдамдыкты жай түшүрүү же поездди алдын-ала каралган жерде токтотуу үчүн ар кандай чоӊдуктагы баскычтар менен тормоз берүү.
Чукул тормоз берүү. Магистралды токтон чукул бошотуу жана эӊ жогорку тормоз күчүн ишке ашыруу жолу менен поездди дароо токтотуу үчүн колдонулган тормоз берүү.
Тормоз жолу. Машинист кранынын туткасынын же чукул тормоз берүү кранынын тормоз абалына которулуш ирмеминен поезддин толук токтоого чейинки убакыт ичинде өткөн аралыгы. Тормоз жолдору тормоз берүү түрүнө жараша айырмаланат (кызмат, толук кызмат жана чукул тормоз берүү).
Жантайма. Темир жолдун жатык линияга жантаймасы бар узундугунча профилинин элементи. Ылдыйкы чекиттен жогорку чекитке бараткан поезд үчүн жантайма өр деп, тескери бараткан поезд үчүн эӊкейиш деп аталат.
Кармоочу туюк. Башкарууну жоготкон поезди же узун эӊкейиште бараткан поезддин бөлүгүн токтотууга арналган туюк жол.
Шериктештиктин катышуучу мамлекеттеринин темир жол транспорту боюнча Борбордук Кеӊеши (ТТБК) – мамлекеттер аралык деӊгээлде темир жол транспортунун ишин координациялаган орган.
Шериктештиктин катышуучу мамлекеттеринин темир жол транспорту боюнча Борбордук Кеӊешинин Дирекциясы - темир жол транспорту боюнча Кеӊештин туруктуу иштеген аткаруучу органы.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министирлиги (КР ТКМ) – Республикада транспорт жана байланыш ишмердигинин орток саясатын, көзөмөл жана уюштуруу функцияларын жүргүзөт.
Сигналдын түшүнүксүз көрсөткүчү – светофордун темир жолдо сигнализация нускамасы менен белгиленбеген көрсөткүчү (оттор оюну, көрүнүүнүн жоктугу ж.б.).