Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫ ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК БАЙЛАНЫШ АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2015-жылдын 3-ноябры № 1
«Кыргыз Республикасындагы радио электрондук каражаттарга жыштык ыйгарууларды Эл аралык электр байланыш уюмуна билдирүү жана каттоо боюнча жумуштарды аткаруу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын юрисдикциясындагы радио электрондук каражаттарга жыштык ыйгарууларды эл аралык-укуктук коргоо максатында жана Кыргыз Республикасынын Ѳмѳтүнүн «Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ» 2015-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнүн 20.02.2012-ж. №124 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жѳнүндѳ» Жобонун 12-п. 7-абз. жетекчиликке алып
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. «Кыргыз Республикасындагы радио электрондук каражаттарга жыштык ыйгарууларды Эл аралык электр байланыш уюмуна билдирүү жана каттоо боюнча жумуштарды аткаруу тартиби жѳнүндѳ» Жобо бекитилсин (тиркелди).
2 .Эл аралык кызматташуу жана маалыматтык камсыздоо бѳлүмү ушул буйрукту «Эркин-Тоо» гезитине, КР ѳкмѳтүнүн расмий веб-сайтына, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнѳ караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин веб-сайтына расмий жарыяласын.
3. Ушул буйруктун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун орун басарына жүктѳлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндѳн 15 кун ѳткѳндѳн кийин күчүнѳ кирет.
Директордун м.а. | А.А. Сагымбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун милдетин аткаруучунун 2015-ж. “03” –ноябрындагы № 1 буйругу менен бекитилди |
Кыргыз Республикасында радио электрондук каражаттарга берилген
радио жыштык ыйгарууларды Эл аралык электр байланыш уюмуна билдирүү жана каттоо боюнча жумуштарды аткаруу тартиби жөнүндө
ЖОБО
Жалпы жоболор
1.1. Ушул жобо Кыргыз Республикасында радио электрондук каражаттарга берилген радио жыштык ыйгарууларды Эл аралык электр байланыш уюмуна билдирүү жана каттоо боюнча жумуштарды аткаруу тартибин аныктайт.
1.2. Кыргыз Республикасында радио электрондук каражаттарда (мындан ары - РЭК) колдонулган радио жыштыктарды Эл аралык электр байланыш уюмуна (мындан ары - ЭЭУ) билдирүү жана каттоо, аларды укуктук коргоо боюнча негизги иш-чаралардын бири болуп саналат жана төмөнкү учурларда аткарылат:
-эгер аталган радио жыштыкты колдонууда башка мамлекеттин РЭК зыяндуу жолтоолор келтирилсе;
-эгер радио жыштык эл аралык радио байланышка колдонулууга тийиш болсо;
-эгер радио жыштыкты колдонуу укугун эл аралык таануу керек болсо.
1.3. РЭК жыштык ыйгарууларды ЭЭУ билдирүү жана каттоо боюнча жумуштар «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын радио кызматтарынын ортосунда радио жыштыктарды бөлүштүрүү улуттук Таблицасынын негизинде ушул Жобого ылайык аткарылат.
1.4. РЭК жыштык ыйгарууларды ЭЭУ билдирүү жана каттоо, ошондой эле ЭЭУ менен, башка өлкөлөрдүн байланыш администрациялары жана эл аралык уюмдар менен ушул маселе боюнча өз ара кат алышууларды «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көрсөтүлгөнгө ылайык, байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
1.5. Колдонуудагы жана пландалган жарандык багыттагы РЭК үчүн жыштык ыйгаруулар ЭЭУ милдеттүү түрдө каттоого алынууга тийиш:
-геостационардык орбитадагы жердин жасалма спутниктерин (мындан ары ЖЖС) колдонгон космостук кызматтар;
-геостационардык эмес орбитадагы ЖЖС колдонгон космостук кызматтар, эгер геостационардык спутниктерди колдонгон спутниктик ситемалар менен, же жердеги жана жер үстүндөгү станциялар менен координациялоо талап кылынса;
- радио навигациялык спутниктик жана кесипкөй эмес спутниктик кызматтар;
-эл аралык радио байланышты камсыз кылган туруктуу байланыш, ошондой эле координациялоо аймагы Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары болгон түз алып көрсөтүү радио релелик жана тропосфералык байланыш линиялары;
-Радио байланыш регламенти радио уктуруу кызматына километрлик, гектометрлик жана декаметрлик толкун диапазонунда радио жыштык тилкелеринде бөлүштүргөн үн радио уктуруу, мында радио уктуруу үчүн бөлүштүрүлбөгөн РЭК үчүн декаметрлик толкун тилкелеринде үн радио уктурууга жыштык ыйгарууларды ЭЭУ каттоо зарылдыгын байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт;
-координациялоочу аралыктын чегиндеги Кыргыз Республикасынын чек ара аймагына жакын жайгашкан телекөрсөтүү жана үн жыштыктык-модулдалган берүүлөр;
-көчмө кызматтар;
-жээктеги радио локациялык, радио пеленгатордук жана радио маяк системалар;
-чет мамлекеттердин учактарын кабыл алуу үчүн ачык аэропорттордо орнотулган аба кыймылын жана жарандык авиация учактарын кондурууну башкаруучу радио байланыш жана радиолокация системалары;
-жардамчы метеорологиялык кызматтар жана метеорологиялык спутниктик кызматтар.
1.6. Башка кызматтардын жарандык багыттагы РЭК жыштык ыйгарууларды ЭЭУ каттоо зарылдыгын байланыш боюнча ыйгарым укуктуу орган, ушул Жобонун 1-бөлүмүндөгү талаптарга ылайык аныктайт.
2. РЭК радио жыштык ыйгарууларды Эл аралык
электр байланыш уюмуна билдирүү жана каттоо боюнча
негизги иш-чаралар
2.1. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөр жүктөлөт:
-Кыргыз Республикасынын РЭК жыштык ыйгарууларын ЭЭУ билдирүү, координациялоо жана каттоо маселелери боюнча ЭЭУ жана чет өлкөлөрдүн байланыш администрациялары менен расмий кат алышуу;
-Кыргыз Республикасынын РЭК жыштык ыйгарууларын ЭЭУ билдирүү, координациялоо жана каттоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу ЭЭУ менен расмий кат алышуу;
-ЭЭУ Радио байланыш бюросу менен электрондук кат алышуу жана өз алдынча ЭЭУ Жыштыктардын Эл аралык Маалымдама Регистринде(мындан ары –ЖЭМР) онлайн каттоо;
-РЭК жыштык ыйгарууларды ЭЭУ билдирүү, координациялоо жана каттоо маселелери боюнча министрликтер, ведомстволор, мекемелер жана уюмдардын өз ара кызматташуусун уюштуруу;
-РЭК жыштык ыйгаруулар боюнча материалдардын Радио байланыш регламентинде жана ЭЭУ документтеринде каралган процедураларга жана мөөнөттөргө ылайык ЭЭУ берилишине контроль жүргүзүү;
-ЭЭУ жана чет өлкөлүк байланыш администрацияларга жиберилип жаткан РЭК жыштык ыйгарууларды эсепке алуу;
-ЭЭУ каттоого алынып жаткан ата мекендик жана чет элдик РЭК мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтарды чогултуу, сактоо, иргөө жана талдоо жана бул маалыматтарды кызыкдар министрликтерге жана ведомстволорго берүү;
-ЭЭУ билдирилген же билдирүү жана координациялоо стадиясында турган чет өлкөлүк РЭК менен Кыргыз Республикасынын РЭК электр магниттик шайкештигин баалоо (билдирилип жаткан мүнөздөмөлөрдүн өлчөмүндө);
-ЭЭУ жана чет өлкөлүк байланыш администрациялардын материалдарындагы тиешелүү бөлүктөрүн кызыкдар министрликтерге жана ведомстволорго маалымдоо;
-ЭЭУ, чет өлкөлүк компетенттүү байланыш органдарына жана эл аралык уюмдарга жибериле турган Кыргыз Республикасынын РЭК жана чет өлкөлүк РЭК жыштык ыйгарууларды ЭЭУ бидирүү, координациялоо жана каттоо маселеси боюнча кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун сунуштарынын негизиндеги суроо талаптарды же жоопторду жазуу;
-алынган жооптор жөнүндө кызыкдар министрликтерге жана ведомстволорго маалымдоо;
-эл аралык-укуктук мүнөздөгү, Эл аралык электр байланыш Конвенция жана башка эл аралык актлар боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерине тиешелүү маселелерди Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу;
-кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен чет өлкөлүк компетенттүү байланыш органдары менен сүйлөшүүлөрдү пландоо, уюштуруу, жүргүзүү жана ал органдар менен Кыргыз Республикасынын РЭК жыштык ыйгарууларды координациялоо жана колдонуу маселелери боюнча макулдашууларды түзүү;
-бекитилген тартип боюнча, зарылдыгына жараша, дипломатиялык жана башка чет мамлекеттик өкүлчүлүктөрдүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн РЭК жыштык ыйгарууларды координациялоо жана колдонуу боюнча жумуштарды аткаруу;
-РЭК электр магниттик шайкештиги жана координациялоо, ошондой эле жыштык ыйгарууларды каттоо маселелери боюнча илимий-изилдөө иштерди өз алдынча аткаруу же Кыргыз Республикасынын же башка өлкөлөрдүн илимий-изилдөө мекемелери менен бирге аткаруу.
2.2. Кызыкчылыгы көздөлүп жыштык ыйгарууларын ЭЭУ каттоо жүргүзүлүп жаткан РЭК буюртма берген, иштеп чыккан жана пайдаланган министрликтерге, ведомстволорго, ишканаларга жана мекемелерге төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:
-Радио байланыш регламентинин талаптарына ылайык РЭК жыштык ыйгарууларды ЭЭУ билдирүү, координациялоо жана каттоо үчүн бериле турган материалдарды байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган даярдоосу үчүн керектүү техникалык жана эксплуатациялык маалыматтарды берүү;
-Кыргыз Республикасынын РЭК жана чет өлкөлөрдүн РЭК жыштык ыйгарууларды билдирүү жана координациялоо маселелери боюнча ЭЭУ жана чет өлкөлөрдүн байланыш администрацияларына билдирүүлөрдү байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган даярдоосу үчүн техникалык негизделген сунуштарды иштеп чыгуу;
-бекитилген тартипте кат жазышуулардын негизинде кайчы пикирлерди жөнгө салуу мүмкүн болбогон учурларда чет өлкөлөрдүн байланыш администрациялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө сунуштарды даярдоо.
3. Жумуштарды аткаруу тартиби
3.1. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үстүдөгү жылдын башынан тартып чектеш аймактарда электр магнитик шайкештигине талдоонун негизинде «Жыштыктардын Эл аралык Маалымдама Регистринде каттоо үчүн радио жыштыктардын тизмеси» планын бекитет.
Ушул Жобонун 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышына көзөмөл кылууга жоопкерчилик, жыштык ыйгарууларды ЭЭУ билдирүү, координациялоо жана каттоо маселелери боюнча материалдарды байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберген министрликтерге, ведомстволорго жана уюмдарга жүктөлөт.
3.2. Жыштыктарды ЖЭМР каттоо үчүн берилген арыздарда нурдануу мүнөздөмөлөрү, станция жөнүндө маалымат, географиялык координаты, антеннанын негизги мүнөздөмөлөрү, кабыл алуучу станциялар жөнүндө маалымат, сурап билүү маалыматтары, өчүрүү деңгээлинин таблицасы, антеннанын натыйжалуу бийиктигинин таблицасы жана ЭЭУ Радио байланыш регламентине ылайык келип чыккан эскертүүлөр көрсөтүлөт.
3.3. Материалдарды (ЖЭМР каттоо үчүн толтурулган формалар) байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган РЭК буюртма берген жана пайдаланган министрликтер, ведомстволор, ишканалар жана уюмдар берген маалыматтардын негизинде даярдайт.
3.4. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган келип түшкөн 3.3.-п. көрсөтүлгөн материалдарды, Кыргыз Республикасынын радио кызматтарынын ортосунда радио жыштыктарды бөлүштүрүү улуттук Таблицасына дал келе тургандыгын карап чыгат жана ал оң натыйжа берсе, аларды чет өлкөлөрдүн байланыш администрацияларына жана ЭЭУ жиберет. Зарыл болгон учурда даярдалган материалдар кызыкдар ведомстволор менен макулдашылат.
3.5. ЖЭМР алдын ала жарыялоо, пландалган спутниктик системалар жөнүндө маалымдоо, космостук системалардын станцияларына жыштык ыйгарууларды координациялоо жана каттоо үчүн керек болгон материалдарды (арыздардын толтурулган формаларын) космостук системаларды иштеп чыккан уюмдар буюртма берген министрликтер, ведомстволор, ишканалар жана уюмдар менен бирге даярдайт.
Космостук системалар ушул пунктта көрсөтүлгөн бир нече министрликтер жана ведомстволордун кызыкчылыгы көздөлүп пландалган учурда, ушул пунктта көрсөтүлгөн материалдарды, мындай системалардын генералдык иштеп чыгуучусу бул системаларды буюртма бергендер менен бирге, ушул системаларда иштөөгө багытталган жердеги станцияларды иштеп чыгуучу министрликтер жана ведомстволордун катышуусу, ошондой эле башка кызыкдар уюмдардын катышуусу менен даярдайт.
3.6. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ЖЭМР алдын ала жарыялоо үчүн, Кыргыз Республикасынын орбиталардагы, Жердин жасалма спутниктеринин турган орундарына жана спутниктик системалар үчүн радио жыштык тилкелерине, Радио жыштыктар боюнча ведомстволор аралык комиссиянын тиешелүү чечимдерине керектөөлөрү боюнча материалдарды даярдоодо оң натыйжага ээ болгон учурда аларды ЭЭУ жиберет.
Мындан ары Радио байланыш регламентине ылайык, аталган орган төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
-чет өлкөлөрдүн кызыкдар администрацияларынын эскертүүлөрү бекитилген мөөнөттө келип түшүшүнө контроль жүргүзүү;
-ЖЭМР жарыяланган күндөн 4 ай өткөндөн кийин маалыматты Радио байланыш регламентине ылайык ЭЭУ жиберет.
3.7. Чет өлкөлөрдүн кызыкдар администрацияларынан эскертүүлөр келген учурларда байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аларды арыз берген министрликке, ведомствого, ишканага же мекемеге жиберет, алар эксплуатациялаган уюмдар менен бирге бул эскертүүлөрдү карап чыгат жана бул эскертүүлөрдү эске алып, координация жүргүзүүгө керектүү материалдарды даярдайт, тактап айтканда:
-координациялоо аймактардын эсебин алууга керек болгон маалыматтарды берет жана координациялоо жүргүзүү керек болгон чет өлкөлөрдүн байланыш администрацияларын аныктайт;
-зарыл болгон учурда тиешелүү байланыш администрацияларына суроо талаптардын долбоорун даярдоого жана Радио байланыш регламентине ылайык координациялоо жүргүзүү үчүн маалымат даярдоого катышат.
Бул материалдар байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет, ага Радио байланыш регламентинде аныкталган процедурага ылайык координация жүргүзүү боюнча бардык иш-аракеттерди аткаруу милдети жүктөлөт.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле, Радио байланыш регламентинде каралган координация жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматты өз убагында даярдоо жана ЭЭУ жиберүү милдети жүктөлгөн.
3.8. Буюртма берген министрликтер, ведомстволор, ишканалар жана мекемелердин спутниктик системаларын координациялоо боюнча материалдарды даярдоого керек болгон маалыматтар байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу малекеттик орган аларды текшерип ЭЭУ жана чет өлкөлөрдүн кызыкдар байланыш администрацияларына жиберет.
3.9. Координациялоо учурунда чет өлкөлөрдүн байланыш администрацияларынан алынган материалдарды байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган буюртма берген министрликтерге, ведомстволорго, ишканаларга жана мекемелерге жиберет.
Буюртма берген министрлик, ведомство, ишкана жана мекеме эксплуатациялаган уюм менен бирге бул материалдарды карап чыгат жана чет өлкөлөрдүн байланыш администрацияларына жооп берүү үчүн сунуштарын байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз ээси менен бирге бул сунуштардын Радио байланыш регламентине ылайык келе тургандыгын текшерет жана чет өлкөлөрдүн кызыкдар администрацияларына жоопторду жана ЭЭУ маалымат жиберет.
3.10. Бекитилген тартиптеги кат жазышуулардын натыйжасында чет өлкөлөрдүн байланыш администрациялары менен РЭК ыйгарылган жыштыктарды координациялоо боюнча макулдашууга келе албаган учурларда, кызыкдар министрликтер жана ведомстволордун сунушу боюнча, Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн компетенттүү байланыш органдарынын, эл аралык уюмдардын ортосунда эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдер даярдалат. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө чечимди байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алат. Делегациянын курамы кызыкдар уюмдар менен макулдашылат.
3.11. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө керектүү документтерди даярдоо, аларды кызыкдар министрликтер жана ведомстволор макулдашууну байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт. Жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн протколдорунун көчүрмөлөрү кызыкдар министрликтерге жана ведомстволорго жиберилет.
3.12. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кызыкдар министрликтер жана ведомстволордон алынган бүтүмдөрдү жалпылаштырат жана, зарылдыгына жараша, КР Тышкы иштер министрлиги аркылуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын ЭЭУ маалымдайт.
Сүйлөшүүлөрдүн протоколунда макулдашып жаткан тараптар протоколду жактырган учурда, байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сүйлөшүү жүргүзүлгөн тараптын байланыш администрациясына протокол жактырылгандыгын билдирген тастыктама жиберет. Сүйлөшүүлөрдүн протоколу сүйлөшүү жүргүзүп жаткан тараптар протоколду жактыргандан кийин күчүнө кирет.