Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 2-майындагы № 162 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2016-жылдын 4-январы № 2
«Кыргыз Республикасындагы жалпы пайдалануудагы жол курулмаларды жана автомобиль жолдорун куруу, ремонттоо жана кармоо боюнча жумуштарды пландаштыруу жѳнүндѳгү Жобону бекитүү жѳнүндѳ»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомунун негизинде, жалпы пайдалануудагы жол курулмаларды жана автомобиль жолдорун куруу, ремонттоо жана кармоо боюнча пландаштыруу жумуштарды түзүү, макулдашуу жана бекитүү боюнча, жумуштарды тартипке салуу максатында
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасындагы жалпы пайдалануудагы жол курулмаларды жана автомобиль жолдорун куру, ремонттоо жана кармоо боюнча жумуштарды пландаштыруу жѳнүндѳгү тиркелген Жобону бекитүү.
2. Ушул буйрукту «Эркин-Тоо» гезитине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин веб-сайтына жарыялоосун, басма-сөз катчысы, регистрацияланган күндөн кийин, үч жумуш күндүн ичинде камсыздасын.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жол чарба департаменти ушул буйрукту расмий жарыялаган күндөн кийин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоого жөнөтсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары У.К. Уезбаевге жүктөлсүн.
Министр | А.Дж. Малабаев |
| Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2015-жылдын « 4 » январы № 2 буйругу менен Бекитилген |
1. Жалпы абалдар.
1.1. Ушул Жобо жалпы пайдалануудагы жол курулмаларды жана автомобиль жолдорун курууга, ременттоого жана кармоого чыгымдарды финансылоо үчүн, республикалык бюджеттен бѳлүнгѳн каражаттарды пайдалануу тартибин орнотот жана пландаштырат (жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана андагы курулуштарды, ошондой эле ѳндүрүштүк базаларды куруу, реконструкциялоо, модернизациялоо, жалпы пайдалануудагы жана андагы жол курулуштарын капиталдык ремонттоо; жѳн ремонттоо; жол комплексинин функцияланышы үчүн техниканы жана башка мүлктү алуу).
1.2. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын куруу, ремонттоо жана кармоо планын (мындан ары Титулдук тизме) түзүү, макулдашуу, бекитүү үчүн Жобо иштелип чыкты.
1.3. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын куруу, ремонттоо жана кармоо жумуштарын пландаштыруу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министирлигинин алдындагы Жол чарба департаменти аркылуу (мындан ары -ЖЧД) иш жүзүнѳ ашырылат.
1.4. Ушул Жободо тѳмѳнкү терминдер колдонулат:
Жолдор мониторинги – жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун техникалык абалын баалоо;
Жол жумуштарынын биринчилиги – жолдорду мониторингалоонун жыйынтыгы боюнча биринчилигине байланыштуу түзүлгөн жол жумуштарынын тизмеси;
Жол курулуштары – жолдун конструктивдүү элементтери болуп эсептелген курулуштар, жасалма курулуштар (кѳпүрѳлѳр , ѳткѳрүү жолдору, эстакадалар, түтүктѳр, тоннелдер), сактай турган курулуштар (кардан сактоочу токой кѳчѳттѳрү, туруктуу кардан коргоочу кашаалар, чуру- чуудан коргоочу курулуштар), жол курулуштарын элементтери (токтоочу жана түшүүчү аянтчалар жана жүргүнчүлѳр үчүн павильондор), эс алуу аянтчалары, автомобилдердин токтоочу же туруучу атайын аянтчалары;
Автомобиль жолунун ремонту - автомобиль жолунун транспорттук-эксплуатациялык мүнѳздѳмѳлѳрүн калыбына келтирүү боюнча жумуштардын комплекси, булл жумуштарды аткаруу учурунда ѳзүнѳ тиешелүү күндѳлүк , орто жана капиталдык ремонтторду киргизген автомобиль жолунун конструктивдүү жана ишенимдүүлүктүн жана коопсуздуктун башка мүнѳздѳмѳлѳрүнѳ тийгизилбейт;
Автомобиль жолун кармоо – бүткүл бир жылдын ичинде тиешелүү түрдѳ кармап туру үчүн жолду, жол курулуштарынын жана ѳтүү тилкесин систематикалык түрдѳ карап туруу (жумуштарды чоӊойтулган километрлик ченегич боюнча пландаштырат);
Автомобиль жолунун күндѳлүк ремонту –жолдун жана анын курулуштарынын бүтүн узундугунда жыл бою ѳткѳрүүлүчү майда бузулууларын алдын ала эскертүүжана оӊдоп коюу;
Автомобиль жолунун орто ремонту - жол жабуусунун жыртылуусунун катмарын мезгили менен калыбына келтирип туруу, эреже катары, жолдун айрым чѳлкѳмдѳрүндѳ (перегондордо), жол курулуштарынын орто ремонту , зарыл учурларда кичи жана орто жасалма курулуштарды кайра куруу (жумуштарды орнотулган тартипте бекитилген долбоордук документация жана сметалар боюнча аткарышат );
Автомобиль жолунун капиталдык ремонту - эскирген конструкцияларды жана тетиктерди алмаштыруу же аларды кѳбүрѳѳк бекем жана үнѳмдүү кылсак, натыйжада ремонттолуп жаткан объектилердин транспорттук – эксплуатациялык мүнѳздѳмѳлѳрү жакшырат, жолдордун техникалык нормативдери жогорулайт, ушул жол үчүн орнотулган тиешелүү категориядагы нормалардын чегинде жол кийимдеринин жана курулуштарынын бекемдүүлүгү кѳбѳйѳт.
Автомобиль жолдорунун мониторингинин ѳткѳрүүнүн тартиби жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун абалынын баасынын критериялары транспорт жана коммуникациялар сферасынын ыйгарымдуу мамлекеттик орган аркылуу бекитилет.
1.5. Жолдордун визуалдык мониторинги бир жылда эки жолу ишке ашырылат. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун техникалык абалын инстурменталдык ченѳѳ менен толук мониторинг беш жылда бир жолу ѳткѳрүлѳт.
2. Титулдук тизменин түзүлүшүнүн тартиби.
2.1. Титулдук тизменин түзүлүшүнүн тартиби 2004-жылдын 17-майында киргизилген Кыргыз Республикасынын «Автомобиль жолдорун долбоорлоо» Курулуш ченемдери жана эрежелери (КР КЧжЭ 322-01:2004), 1998-жылдын 2-июнундагы №72 Кыргыз Республикасынын «Автомобиль жолдору жѳнүндѳ», 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укугунун негизги принциптери жөнүндө» Мыйзамдарына ылайыкталып иш жүзүнѳ ашырылат.
2.2. Титулдук тизмеге транспорт жана коммуникациялар сферасында ыйгарылган мамлекеттик органдын оперативдик башкаруусунда турган жол курулмаларды жана автомобиль жолдорун курууда, ремонттоодо, кармоодо пландаштыруу иштери киргизилиши мүмкүн.
2.3. ЖЧД приоритеттердин жана критерийлердин негизинде республикалык бюджеттик каражаттардын кѳлѳмүн бѳлүштүрүүнү ишке ашырат.
2.4. Титулдук тизмеге киргизүү кезеги төмөнкү критериялар менен аткарылат;
-жолдордун эскиргендигинин даражасы боюнча;
-автомобиль жолдорунун мааниси боюнча;
-автотранспорт каражаттарынын интенсивдүүлүгү боюнча;
-жергиликтүү элдин жыштыгы;
-экономикалык таасир;
2.5. ЖЧДнын алдындагы түзүмдүк бөлүмдөр мамлекеттик бюджеттик каражаттардын алдын-ала иштелген кѳлѳмдѳрүнун негизинде ЖЧДне орноткон мѳѳнѳтүндѳ жана сунуш кылган тартибинде Титулдук тизмеге ремонтту, капиталдык ремонтту, автомобиль жолунун жана жол курулмаларынын (экономикалык максаттуулугунун негиздѳѳ менен) мамлекеттик максаттуу Программаларды ишке ашырууга жана бул программаларга киргизилбей калган айрым маанилүү социалдык-экономикалык маселелердин чечилүүсүнүн киргизилиши жѳнүндѳ сунуштайт.
2.6. Титулдук тизмеге киргизилүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган, долбоорго чейинки жана долбоордук документация, кѳрсѳтүлгѳн документацияны бекитүүгѳ иштелип чыкмайынча мумкүнчүлүк берилбейт. Ошол эле убакытта, Титулдук тизмеге киргизүү жѳнүндѳгү сунуштардын киргизилиши менен ѳткѳрүлүп берүүчү курулуштар жана объектилер боюнча маалыматтар сунушталат.
2.7. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун ремонтуна жана кармоосуна бѳлүнгѳн республикалык бюджеттин каражаттарын бѳлүштүрүү чыгымдардын түрлѳру боюнча жүргүзүлѳт:
- жол органдарынын башкаруу аппаратын кармоо;
- жол кыймылынын коопсуздугунун кѳтѳрүү боюнча чаралар;
-ѳткѳн жылдардын насыячылары менен эсептешүү (бѳлүнгѳн каражаттардын жалпы суммасынан бул сумма 1,0% кѳп болбош керек);
-автомобиль жолдорун кышкы кармоо;
-автомобиль жолдорун жайкы кармоо;
-эл аралык маанидеги автомобиль жолдорунун асфальт-бетон жабуусун күндѳлүк ремонттоо;
-мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорунун асфальт-бетон жабуусун күндѳлүк ремонттоо;
-автомобиль жолдорунун орто ремонту;
-консультациялык тейлѳѳ;
-МСДны кармоо (Эл аралык жолчулардын кеңеши);
-автомобиль жолдорунун долбоордук-сметалык документациясын иштеп чыгуу;
-жол чарбасын жакшыртуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу;
2.8. Автомобиль жолдорунун жана жол курулуштарынын эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги куруу, ремонттоо жана кармоо жумуштарынын Планы, жол жумуштарынын приоритеттүүлүгү боюнча жана келерки финансалык жылдын, республикалык бюджеттин чегинде калыптанат.
2.9. Жол кыймылынын коопсуздугун кѳтѳрүү боюнча чаралар жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылат.
2.10. Титулдук тизмеге жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун ремонтуна жана кармоосуна бѳлүнгѳн каражаттардан 3%ке чейинки ѳлчѳмдѳгү күн мурунтан кѳрүлбѳгѳн чыгымдар киргизилет. Чыгымдардын айтылган берене боюнча чыгымдалбай калган каражаттары күнүмдүк отчеттук жылга жол жумуштарынын приотритеттүүлүгү боюнча кармоосуна жѳнѳтүлѳт.
2.11. Алдын-ала белгисиз чыгымдар беренеси боюнча каражаттардын чыгымдалышы ЖЧД тарабынан ишке ашат(табигый кырсыктар: жер көчкү, кар көчкү, таш түшүү, сел ташкындоо).
2.12. Титулдук тизменин долбооруна карата кыскача түшүндүрмѳ катка тѳмѳнкү маалымат киргизилет:
- келерки отчеттук жылдын Титулдук тизмесинин аткарылышы;
- жол жумуштарынын ѳндүрүшү боюнча натуралдык кѳрсѳткүчтѳр;
- проблемалар жана кемчиликтер;
- үстүбүздөгү отчеттук жылга жол жумуштарынын түрлѳрүн орточо наркы;
-кийинки отчеттук жылга негизги маселелер;
-жумуштардын түрлѳрү боюнча пландалануучу натуралдык кѳрсѳткүчтѳр.
3. Титулдук тизменин макулдашуу жана бекитүү тартиби.
3.1. Келерки отчеттук жылга Титулдук тизменин долбоору Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кароосуна үстүбүздѳгү отчеттук жылдын 1-декабрына кечиктирилбей киргизилет.
3.2. Титулдук тизменин долбоору келерки отчеттук жылга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигине макулдашууга, үстүбүздѳгү жылдын 20-декабрдан кечиктирилбей киргизилет.
3.3.Титулдук тизме келерки отчеттук жылга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин буйругу менен үстүбүздѳгү отчеттук жылдын 30-декабрына кечиктирилбей бекитилет.
3.4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 10 күндүк мѳѳнѳттѳ , Титулдук тизменин долбоорун бекиткенден кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жѳнѳтѳт.
4. Титулдук тизмеге ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүүнүн тартиби.
4.1. Өзгѳртүүлѳрдү жана кошумчаларды киргизүү транспорт жана коммуникацялар сферасындагы ыйгарымдуу мамлекеттик органдын бѳтѳнчѳ сунушу боюнча киргизилет:
-жол жумуштарынын наркынын ѳзгѳрүүсү;
-күтүлбѳгѳн чыгымдар беренеси боюнча фактылык чыгымдардын ашып кетиши;
-жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун ремонтуна жана кармоосуна бѳлүнгѳн каражаттардын кѳлѳмдѳрүнүн ѳзгѳрүүшү.
4.2. Титулдук тизме боюнча ѳзгѳртүүлѳр жана кошумчалар үстүбүздѳгү жылга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин макулдашуусунда бир жылда бир жолу киргизилет.
4.3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укугунун негизги принциптери жѳнүндѳ» Мыйзамына ылайык мамлекеттик бюджеттик каражаттардын кѳлѳмдѳрүн кайра бѳлүштүрүүнү жүргүзүүгѳ укуктуу (9 айда аткарылган жумуштардын кѳлѳмүн тактоого байланыштуу үстүбүздѳгү жылдын 1-декабрынан кеч эмес).
№ | Министерстволор жана ведомстволар | Эскертүүлөр |
1 | КР экономика министрлиги | Эскертүү жок. |
2 | КР тышкы иштер министрлиги | Эскертүү жок. |
3 | КР коргоо министрлиги | Эскертүү жок. |
4 | КР ички иштер министрлиги | Эскертүү жок. |
5 | КР айыл-чарба жана мелиорация министрлиги | Эскертүү жок. |
6 | КР өзгөчө кырдаал министрлиги | Эскертүү жок. |
7 | КР финансы министрлиги КР финансы министрлиги«Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулуштарын куру, ремонттоо жана кармоо боюнча жумуштарды пландаштыруу жѳнүндѳгү Жобону» КР Өкмөтүнүн чечими менен бекитүү зарыл деп эсептейт. | Кабыл алынган жок. Долбоор мурда берилген кошумчалар менен эскертмелерди иштеп чыгып КР Өкмөтүнө бекитүүгө жиберилген. Бирок КР ЮМ корутундусуна таянып, КРӨ 15.09.2014 ж. № 530 токтомуна ылайык кайтарылган. |
8 | КР социалдык өнүктүрүү министрлиги | Эскертүү жок. |
9 | КР улуттук статистикалык комитет | Эскертүү жок. |
10 | КРӨ алдындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекция | Эскертүү жок. |
11 | КР өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги | Эскертүү жок. |
12 | КР юстиция министрлиги | Эскертүүлөр кабыл алынды. |
Министр | А.Дж. Малабаев |