Загрузка документа…
| Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 2016-жылдын «25»январы № 1 буйругу менен бекитилди |
Режимдик талаптар коюлган Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жана аларга чектеш аймактарда жүргөн адамдарды, алардын буюмдарын, унаа каражаттарын кароо тартиби жөнүндө
НУСКАМА
1. Жалпы жоболор
Режимдик талаптар коюлган Жазык-аткаруу тутумунун
мекемелеринин аймагында жана аларга чектеш аймактарда жүргөн адамдарды, алардын буюмдарын, унаа каражаттарын кароо тартиби жөнүндө Нускама (мындан ары – Нускама) Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин (мындан ары – Мекеме) аймагында жана аларга чектеш аймактарда болгон адамдарды, алардын буюмдарын, унаа каражаттарын кароо тартибин аныктайт.
2. Мекемелердин аймагында жана аларга чектеш аймактарда жүргөн адамдарды, алардын буюмдарын, унаа каражаттарын кароо тыюу салынган буюмдарды, документтерди жана азык-түлүктөрдү (мындан ары – тыюу салынган буюмдар) таап, аларды тартып алуу максатында жүргүзүлөт.
Эскертүү: Тыюу салынган буюмдардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 604 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун Түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелеринде”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 631 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун Тергөө изоляторлорунун ички тартибинин эрежелеринде” көрсөтүлгөн.
3. Терминдер жана түшүнүктөр:
Кароо – бул тыюу салынган буюмдарды табуу максатында адамдарды, алардын буюмдарын, унаа каражаттарын текшерүү.
Мекеме – эркинен ажыратууга дайындалган жазаларды аткаруучу жана камакка алынган адамдарды кармоочу мамлекеттик орган.
Текшерип-өткөрүү пункту (ТӨП) – аймакты кайтарууга, мекеменин аймагына бекитилген тартипте тиешелүү документтер аркылуу адамдарды жана унаа каражаттарын өткөрүүгө, ошондой эле киргизилип, чыгарылып жаткан материалдык каражаттардын мыйзамдуулугун текшерүүгө дайындалып, атайын жабдылган жай.
ТӨПтүн имаратында мекеменин аймагына кирип жаткан адамдарды, алардын буюмдарын кароо үчүн бөлмөлөр, ошондой эле кирген адамдардын мекемеде болгон мезгилде буюмдарын сактоочу, техникалык каражаттар (видеобайкоо, темир издегич, металлодетектор, интроскоп ж.б.) менен жабдылган жай түзүлөт.
2. Мекеменин аймагына өткөрүү
4. Мекемеге өткөрүү тартибин мекеменин администрациясы бекитет.
5. Өткөрүү тартиби төмөнкүлөрдү камтыйт:
кирүүчү жана чыгуучу жайларда ТӨП жана өткөрүү милдеттерин аткаруучу өтмөктөрдү уюштуруу;
өткөрүү бюросун түзүү;
өткөрүүгө уруксат берүүчү кызмат адамдарын дайындоо;
мекеменин режимдик объекттерин кайтаруу;
ТӨПтө мекеменин кызматкерлеринин жана башка адамдардын өздүк буюмдарын сактоочу бөлмө жабдуу;
тыюу салынган буюмдардын өтүп кетишин болтурбоо;
радиотехникалык байланыш каражаттарын, кино-, фото-, видеоаппаратураларды мыйзамсыз колдонууну болтурбоо.
6. Мекемеге кирүүгө уруксат берилген адамдарга берилген атайын өткөрмө кагазы боюнча мекемеге киргизилет.
Берилген өткөрмө кагазы берилген күнү иш убагында кирип чыгууга жарайт.
Өткөрмө кагазга мекеменин жетекчиси же анын милдетин аткаруучу кол койот.
Өткөрмө кагазы адамдын өздүгүн күбөлөндүргөн документи (паспорт, аскердик билет, айдоочунун күбөлүгү) болгондо, мекеменин мөөрү басылган, өткөрмө кагазын берүүгө уруксат берген адамдын колу коюлганда жарактуу болот.
7. Мекеменин аймагына унаа каражаттары сөзсүз түрдө айдоочунун аты-жөнү, кирүү максаты, унаанын маркасы жана мамлекеттик номери, кирүү жана чыгуу мезгили көрсөтүлгөн өткөрмө кагазы боюнча өткөрүлөт.
3. Адамдарды, алардын буюмдарын, унаа каражаттарын
кароо тартиби
8. Кароо боюнча мекеменин кызматкерлеринин иши мекеменин аймагына тыюу салынган буюмдардын өтүп кетүү жолдорун табууга, ошондой эле аларды болтурбоо боюнча чара көрүүгө байланышкан.
9. Мекеменин аймагына кирген жана андан чыккан адамдарды, алардын буюмдарын, унаа каражаттарын кароо мекеменин объекттерин кайтаруу боюнча караулдун курамына кирген аскер кызматчылары, мекеменин кызматкерлери (мындан ары – кароо кызматкерлери) тарабынан жүргүзүлөт.
10. Буюмдар ээсинин катышуусунда каралат, жеке кароо мекеменин эки кызматкеринин катышуусунда жүргүзүлөт. Алыскы өндүрүш объекттеринде жеке кароо мекеменин эки кызматкеринин же ошол участок үчүн жооптуу аскер кызматчыларынын катышуусунда жүргүзүлөт. Мекемеге кирип жана чыгып жаткан, ошондой эле мекеменин аймагында жүргөн адамдарды кароо, жолугушуу учурунда, эмгек процессинде камактагылар менен башка адамдардын мамилесин тескөө мекеменин администрациясы тарабынан жүргүзүлөт.
11. Кароо төмөнкүлөрдү болтурбоо максатында жүргүзүлөт:
1) тыюу салынган буюмдарды киргизүү;
2) мекеменин аймагына видеобайкоо, кино-, фото-, видеотартуу, радиотехникалык каражаттарды жана башка аппаратураны мыйзамсыз киргизүү;
3) мекеменин аймагынан документтерди, буюмдарды жана башка материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз алып чыгуу.
12. Мекемеге кирип жаткан бардык адамдарга, анын ичинде Жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерине жана аскер кызматчыларына тыюу салынган буюмдарды алып киргени үчүн жоопкерчиликте болоору эскертилип, ал тууралуу атайын журналга (1-тиркеме) белги коюлат, андан кийин кароо жүргүзүлөт.
13. Мекеменин аймагына кирүүчү ошол мекемеде кызмат өтөгөн ЖАТнун персоналына жана аскер кызматчыларына тыюу салынган буюмдарды алып киргендиги үчүн жоопкерчиликте болоору жөнүндө жазуу түрүндө эскертилет. Бул тууралуу жазуу түрүндөгү милдеттенме ТӨПтүн көктөмөсүнө тигилет. Жеке жана буюмдарын кароо ТӨПтүн бөлмөсүндө (эгер бар болсо кароо үчүн жабдылган бөлмөдө) жана бир жыныстагы адам тарабынан жүргүзүлөт. Бир бөлмөдө бир эле убакта бир нече адамды кароого тыюу салынат.
14. Жеке жана буюмдарды кароо жүргүзгөн кызматкерлер каралып жаткан адамдарга карата сылык мамиле жасап, алардын аброюн кемсинткен аракеттерди жасабашы керек.
15. Мекеменин аймагына кирип жана чыгып жаткан адамдарды кароо төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) мекеменин аймагына кирип жаткан адамдарга кызматкерлер тыюу салынган буюмдардын тизмеги, ошондой эле андай буюмдарды камактагыларга алып киргендиги үчүн жоопкерчиликте болоору кол койдурулуп жеткирилет;
2) мекеменин аймагында колдонууга болбогон акча, башка буюмдар жана баалуулуктарды кароо жүргүзгөн кызматкер кол коюп кабыл алып, атайын сейфке салат. Ал адам кайра чыкканда атайын журналга (2-тиркеме) кол койдуруп буюмдарды ээсине кайтарып берет;
3) карала турган адамдар жеке текшерүүчү түзүлүштөн өтүп, кароонун алдында үстүңкү кийимдерин чечип, жанындагы бардык буюмдарды чыгарып столдун үстүнө койот, андан кийин металлодетектор аркылуу өтөт, буюмдар болсо жүк жана кол буюмдарды текшерүүчү рентген түзүлүштөн өткөрүлөт;
4) тиешелүү жабдуулар жок болсо же бузулган болсо кароочу кызматкер сумкадагы, чөнтөктөгү буюмдардын бардыгын столдун үстүнө чыгарып коюуну сунуштайт. Аларды карап бүткөндөн кийин кийимдерин, бут кийимин темир текшергич менен (бар болсо) текшерет;
5) мекемеге кирип жаткан адамдар ушул Нускаманын 13 жана 15-пункттарынын талаптарын аткаруудан баш тартышса, мекеменин аймагына киргизилбейт.
16. Жанында курал алып жүргөн адамдар мекемеге курал-жарактарды объектти кайтаруу боюнча караулдун жетекчисине же мекеменин жетекчисинин нөөмөт жардамчысына сактоого тапшыргандан кийин гана киргизилет жана мекеменин сактоого өткөрүлгөн курал-жарактарды каттоочу журналына жазылат. Объектти кайтаруу боюнча караулдун жетекчиси же мекеменин жетекчисинин нөөмөт жардамчысы курал-жаракты сактоого жана анын мыйзамсыз колодонулушуна жол бербөө боюнча чара көрөт.
17. Унаа каражаттарын кароо жүргүзүү учурунда кароо жүргүзгөн кызматкер айдоочудан документтеринин тууралыгын жана айдоочунун өздүгүн текшерет. Айдоочуга тыюу салынган буюмдардын тизмегин көрсөтүп, аларды камактагыларга алып киргендиги үчүн жоопкерчиликте болоорун кол койдуруп, маалымдайт. Унааны кароого даярдоону сунуштайт (кыймылдаткычты өчүрүү, кол тормозго коюу, капотту, кабинаны, багажникти ачуу, эгер жабылган кузов болсо аны ачуу). Отургучтарда, анын астындагы, эшиктеринин, потолоктун, полундагы килемченин астындагы түпкүрлөрдү табууга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Радиаторду жана бензобакты, раманы кароо жана катар стенка, пол жана потолок болуп калбастыгын текшерүү зарыл.
18. Передачалар салмагы жана курамы текшерилгенден кийин төмөнкү тартипте каралат:
1) передача алып келген адамга тыюу салынган буюмдар жөнүндө эскертилип, аларды алып таштоо сунушталат. Андан кийин передача кароодон өткөрүлөт.
2) ар бир буюм кылдат каралат. Нан азыктары эки-үч бөлүккө бөлүнөт, суюк азыктар башка идишке куюштурулат, консерва, банкалар жана упаковкалар ачылат жана башка идишке куюштурулат. Колбаса азыктары бир топ бөлүккө бөлүнөт. Махорка, чай башка идишке салынат. Момпосуйлар тыштамасы жок кабыл алынат. Тыюу салынган заттарды катуу үчүн колдонууга боло турган башка бардык азыктар ушул эле тартипте текшерилет. Кароо азыктардын бузулушуна алып келбей тургандай болуп жүргүзүлүшү керек. Кийимдер жана буюмдар дагы кылдат текшерилет.
Мекемеге кирген жана чыккан адамдарды, алардын буюмдарын, ошондой эле унаа каражаттарын кароодо кызматтык иттерди колдонууга жол берилет.
4. Режимдик талаптар коюлган Жазык-аткаруу тутумунун
мекемелеринине чектеш аймактарда жүргөн адамдарды, унаа каражаттарын кароо
19. Мекеме өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашып, режимдик талаптар коюлган мекемеге чектеш аймактык участокторду (мындан ары – чектешкен аймак) аныктайт.
20. Аймактын чеги тосулуп, эскертүү белгилери коюлат.
21. Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарымдуу орган менен макулдашып, чектеш аймактарга кире беришине тиешелүү жол белгилери коюлат.
22. Мекеменин сырткы көзөмөлү ЖАТнун тиешелүү кызматтары аркылуу жүргүзүлөт. Чектеш аймактарда мекеменин кызматкерлери кезметте болушат. Кезмет учурунда кызматтык иттерди пайдалууга жол берилет.
23. Чектеш аймактарда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) башка адамдарга мекеменин жетекчисинин уруксаты жок аймакта жүрүүгө;
2) мекеменин жетекчилигинин атайын уруксаты жок жер казуу, куруу, жардыруу, техникалык жана изилдөө иштерин жүргүзүүгө;
3) мекеменин жетекчилигинин атайын уруксаты жок инженердик-коммуникациялык, энергетикалык, байланыш каражаттарын ремонттоого, жабдууларды орнотууга;
4) мекеменин администрациясы менен макулдашпастан электр берүү линияларын өткөрүүгө;
5) унаалар үчүн гараж, жапкыч тенттерин жана башка курулуштарды курууга;
6) соода точкаларын жайууга жана соода кылууга (анын ичинде колдон, лотоктордон жана унаалардан);
7) кино-, фото-, видеотартуу, үн жаздыруу жүргүзүүгө;
8) мекеменин аймагында жүргөн адамдар менен тосмо аркылуу сүйлөшүүгө;
9) тосмо аркылуу мекеменин аймагына буюмдарды, азык-түлүк берүүгө же аракет жасоого;
10) сумка, түйүнчөк жана башка буюмдарды жайууга жана калтырууга;
11) аймакты булгоого, ошондой эле мал жана башка жаныбарларды багууга;
12) багбанчылык кылууга, бак өстүрүүгө, балык уулоого;
13) от жагууга, ошондой эле салют, фейерверк аттырууга;
24. Жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды бузган адамдар (бузуучулар) өздүгүн тактоо, ушул Нускамада белгиленген тартипте кароо жүргүзүү жана тиешелүү чара көрүү максатында мекеменин кызматтык бөлмөсүнө киргизилет.
25. Буюмдар жана унаа каражаттары ээсинин көзүнчө каралат. Өтө шашылыш учурда ээси жок болсо экиден кем эмес күбөлөрдүн катышуусунда кароо жүргүзүлөт.
5. Тыюу салынган буюмдарды тартып алуу фактылары боюнча чара көрүү
26. Адамдарды тыюу салынган буюмдардын тизмеги менен тааныштыргандан кийин табылып калган буюмдар тартылып алынат, ал эми ал адам Кыргыз Республикасынын административдик мыйзамчылыгына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
27. Тыюу салынган буюмдарды тартып алуу учурунда протокол түзүү тартиби:
1) протоколдун киришүү бөлүгүндө төмөнкүлөр жазылат:
убактысы жана күнү;
башталган жана бүткөн убактысы;
протокол түзгөн адамдын кызмат орду, аты жөнү;
жеке кароого тартылган адам жөнүндө маалымат;
кароого дуушар болгон унаа каражатынын ээси жөнүндө маалымат;
унаа каражатынын тиби, маркасы, модели, мамлекеттик каттоо номери, башка белгилери жөнүндө маалымат;
2) протоколдун негизги бөлүгүндө төмөнкүлөр жазылат:
буюмдарды өз ыктыяры менен өткөрүүгө талаптар;
табылган же берилген буюмдардын тизмеги (саны, өлчөмү, салмагы, өңү-түсү, өзгөчө белгилери);
тартылып алынган акчанын суммасы (эгер тартылып алынган акчанын суммасы өтө чоң болсо, протоколго белгилеп, ага тиркелүүчү өзүнчө тизмек түзсө болот);
табылган буюмдар кайда жана кандай шартта сакталганы;
эгер түпкүрдө сакталса анын түзүлүшү, кантип аныкталганы, кандай техникалык каражаттар колдонулганы;
жашырылган жерлерди ачууга туура келдиби, кантип ачылды, каршылык көрсөтүлгөн жокпу.
Далил буюмдарды тартып алган фото-, кино-, видео жана башка тартуулар болгону жөнүндө жазылат.
3) протоколдун жыйынтыктоочу бөлүгүндө төмөнкүлөр камтылат:
тартылып алынган материал, упаковка жана печаттоо түрү;
сактоого өткөрүлгөн буюмдардын сакталышына жоопкерчиликте болуусу жөнүндө эскертилип, тиешелүү тил кат алынат;
эскертүү жөнүндө белги, техникалык каражаттарды колдонуу мүмкүндүгү жана алынган натыйжа (мындай маалыматтар жыйынтыктоочу бөлүгүндө эле эмес, негизги бөлүгүндө жазылышы мүмкүн);
адамдардын арыздары (эгер арыз түшсө);
протоколдун туура түзүлгөнүн ырастаган адамдардын колу, ошондой эле протоколдун көчүрмөсү берилген адамдын колу.
Протоколго толтурган адам, кароого дуушар болуп, тыюу салынган буюмдар табылган адам кол коюшат. Акыркы адам кол коюдан баш тартса, анда тиешелүү жазуулар жазылат. Жеке кароо, буюмдарды, унаа каражатты кароо жөнүндө протоколдун көчүрмөсү өтүнүчү боюнча ээсине тапшырылат.
Далил буюмдарды тарткан фото-, кино-, видео жана башка тартуулар колдонулуп, жеке кароо, буюмдарды, унаа каражатты кароо боюнча материалдар тиешелүү протоколго тиркелет.
28. Табылган тыюу салынган буюмдар тартылып алынып, мекеменин администрациясы дайындаган жайда мыйзам бузуулар боюнча иш каралганга чейин сакталып турат, иш каралгандан кийин жыйынтыгына жараша, бекитилген тартипте жок кылынат же ээсине тапшырылат.
Мында, тартылып алынган акча каражаттары жана баалуу кагаздар да мыйзам бузуулар боюнча иш каралганга жана соттун чечими чыкканга чейин сакталып турат.
1-тиркеме
______________________________________________________________
______________________________________________________________
(органдын аталышы)
Башталды: «__»_________20__ ж.
Аяктады: «___»_________20___ж.
К.№ | Күнү жана убактысы | Мекемеге кирген адамдын аты-жөнү | Тааныш- тырылган укуктук ченемдер | Тааныш- тырган кызмат- кердин аты-жөнү | Тааныш- Кан адамдын колу | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|
|
|
|
|
|
|
2-тиркеме
______________________________________________________________
______________________________________________________________
(органдын аталышы)
Башталды: «__»_________20__ ж.
Аяктады: «___»_________20___ж.
К.№ | Күнү | Кимден кабыл алынды (аты-жөнү, жашаган жери) | Буюмдар- Дын, баалуулук- тардын тизмеги так сүрөт- төлөт) | Кирген дамдын буюм тапшыр- ганы жөнүндө колу
| Кабыл алганы жөнүндө кызмат-кердин колу | Кирген адамдын алганы жөнүндө колу | Кызмат-кердин кайта-рып бергени жөнүндө колу | Эскер-түү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|