Загрузка документа…
| Мамкурулуштун 5-апрель 2016-жылдын № 3-чуа буйругуна тиркеме
|
Кыймылсыз мүлктөрдүн курулушу жана башка өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн долбоордук документтерге мамлекеттик эмес экспертиза жүргүзүү жөнүндө жобо
1.1 Бул жобо куруу, кайра конструкциялоо, көлөмдүк-пландоо жана конструктивдик чечилиштерди өзгөртүү менен кайра профилдөө же кайра пландоолор үчүн долбоордук документтерди мамлекеттик эмес экспертизалоо, ошондой эле эксперттик корутундулардын мазмуну жана тариздөө тартибин уюштуруу жана жүргүзүү ирээтин аныктайт.
1.2 Бул жобонун талаптары тобокелчилик фактору боюнча төртүнчү категориядагы объекттер үчүн долбоордук документтерди экспертизалоого, экспертизанын атайын түрлөрүнө, түпкүлүгү кооптуу жана уникалдуу курулмаларга, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча курулмаларына, кыймылсыз мүлктүн техникалык жактан татаал объекттерине таркатылбайт.
Шаар куруу документи – аймактын шаар куруу пландоосун өнүктүрүү жана курулушу жөнүндө документтердин комплекси: калктуу пункттун башкы планы, шаардын чегинин долбоору, муниципиалдык түзүлүштөрдүн аймактарынын шаар куруу чөйрөсүндөгү башкаруу чечимдерин кабыл алуу жана ишке ашыруу үчүн керектүү пландоо, чек аныктоо, куруу документтери жана башка документтер.
Имараттардын жана курулмалардын инженердик жабдыктары – адамдардын жашоосу, эмгектенүүсү, материалдык баалулуктарын сактоосу жана өндүрүш процесстерин камсыз кылуу үчүн ченемдик жана (же) жайлуу шарттарды түзүүчү инженердик тутумдардын жана техникалык түзмөктөрдүн комплекси.
Курулуш объектиси – өзүнчө турган имарат жана курулма же жабдыктары жана инженердик коммуникациялары менен имараттардын жана курулмалардын комплекси.
Куруу объектиси – үстүндө курулуш объектиси жайгашкан курулушка бөлүнгөн жер участкасы.
Шайкештикти баалоо – долбоордук документке жана курулуш өндүрүмүнө коюлган шарттардын жана талаптардын сакталышын түз же кыйыр аныктоо.
Имараттарга зыян келтирүү – сейсмикалык ургаалдуулук шкалаларында келтирилген бузулуулардын белгилери менен мүнөздөлүүчү жана классификациялануучу имараттын элементинин жана анын курамдык бөлүгүнүн оң эместиги.
Түпкүлүгү кооптуу объекттер – башка объекттердин туруктуу иштешине түпкүлүктүү коркунуч туудура турган, ошондой эле алардын пайда болуусу жана андан ары өөрчүшү имараттардын же курулмалардын күчтүү же жалпы зыян болушуна алып келе турган техногендик кубулуштарды же экологиялык кырсыктарды күн мурунтан камтып турган объекттер.
Долбоор алдындагы документтер – шаар куруу же архитектуралык-курулуш долбоорлорун иштеп чыгуу алдындагы документтер.
Долбоордук документтер – курулушту, кайра курууну же курулуш объекттеринин жана (же) алардын бөлүктөрүнүн башка өзгөрүүлөрүн камсыздоо үчүн керектүү, архитектуралык, функционалдык-технологиялык, конструктивдик жана инженердик-техникалык чечилиштерди аныктоочу графикалык, долбоордук жана тексттик документтердин жыйындысы.
Кайра конструкциялоо – объекттердин же алардын участкаларынын (бөлүктөрүнүн) параметрлерин өзгөртүү, ошондой эле мындай объекттердин алгачкы белгиленген классын, категориясын жана (же) иштөө көрсөткүчтөрүн өзгөртүүгө же мындай объекттерге бөлүнгөн жер участкаларынын чек араларын өзгөртүүгө алып келген жүк көтөрүүчү курулуш конст рукцияларын (алардын айрым элементтеринен башкасын) алмаштыруу жана (же) калыбына келтирүү.
Долбоордук документтерге рецензия – текшерүүчүнүн долбоордук документтердин же алардын бөлүмүнүн сапаты жана долбоорлоого тиешелүү ченемдик жана укуктук документтердин талаптарына ылайык келиши жөнүндө пикири.
Татаал жаратылыш шарттары – курулуш аймагында жана объектти пайдалануу процессинде өзгөчө кыртыштын курамы жана абалы, кооптуу жаратылыш кубулуштарынын же техногендик таасирлердин пайда болуу (өөрчүү) тобокелчилигинин (жети баллдан ашык сейсмикалуулук, экинчи типтеги чөгүүчүлүк, кыртыш сууларынын жогорку деңгээли, жер көчкүлөр ж.б.) болуусу менен мүнөздөлгөн шарттар.
Экпертизанын атайын түрү – долбоордук документтерге мамлекеттик башкаруу жана көзөмөл органдары (өрт, санитардык, экологиялык, техникалык ж.б.) тарабынан ченемдик укуктук актылар, документтерге ылайык жүргүзүлүүчү жана жарылуу-өрттөнүү, экологиялык, өрт, өнөр жай, өзөктүк, радиациялык ж.б. коопсуздуктун түрлөрүн, ошондой эле санитардык талаптарды камсыз кылууга багытталган долбоордук документтердин экспертизасы.
Курулуш объекттеринин сейсмикага туруктуулугу – тиешелүү сейсмикалык таасирлерди эсепке алуу менен курулуш объекттеринин эсептик-техникалык жана курулуштук-конструктивдик коопсуздугун камсыздоо.
Куруу-монтаждоо жумуштары – имараттарды жана курулмаларды куруу жана монтаждоо боюнча аткарылуучу жумуштардын комплекси.
Курулуштун техникалык өзгөчө татаал жана уникалдуу объекттери – долбоордук документтеринде атайын техникалык жана конструктивдик, анын ичинде сейсмикага карата чечимдер каралган, же болбосо конструкциялар жана конструктивдик тутумдар үчүн татаал жаратылыш шарттарын эсепке алуучу эсептөөнүн атайын усулдары колдонулган курулуш объекттери.
Эксперт – атайын даярдык, тажрыйба жана адистик тастыктамага, тиешелүү эксперттик кызмат көрсөтүү укугуна ээ физикалык жак.
Долбоордук документтерди эксперттөө – эксперт тарабынан жүргүзүлүүчү, берилген долбоордун сапаты боюнча анын архитектуралык-пландоочу жана техникалык шарттарга, инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыкарынын талаптарына, ошондой эле тиешелүү кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого ченемдик жана укуктук документтер аныктаган талаптарга ылайыктуулугу жөнүндө жыйынтыктарын жазуу жүзүндө билдирген калыс пикирди туюнткан долбоордук документтерди текшерүү жана талдоону камтыган долбоорду иштеп чыгуунун этабы.
Эксперттик жумуштардын этабы – коопсуздукту, курулуучу имараттардын жана курулмалардын ишенимдүүлүгүн, долбоордук чечимдердин бекитилген шаар куруу документтерине шайкештигин, курулуш долбоорлорунун жана кыймылсыз мүлктүн башка өзгөрүүлөрүнүн аныкталган макулдашуу жана бекитүү тартибинде сакталышын камсыз кылуу жаатында долбоордук чечимдерди баалоо үчүн керектүү аткарылган көлөмдөгү долбоордук документтердин айрым бөлүмдөрүн кароо.
3.1 Долбоордук документтерди мамлекеттик эмес экспертизалоо туруктуу штатында архитектура-курулуш ишмердиги чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан долбоордук документтердин баардык бөлүмдөрү боюнча тастыктамаланган эксперттерге ээ, белгиленген тартипте аттестацияланган мамлекеттик эмес эксперттик уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.
3.2 Долбоордук документтерди мамлекеттик эмес экспертизалоону жүргүзүүнүн максаты болуп төмөнкүлөрдү баалоолор саналат:
- долбоорду ченемдик-укуктук актыларда белгиленген архитектура органдары жана башка көзөмөл кызматтары менен керектүү макулдашуулардын болуусу;
- долбоордун архитектура-пландоо жана техникалык шарттарга, долбоорлоо тапшырмасына жана инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыгына шайкештигин;
- долбоордо кабыл алынган конструктивдик чечилиштердин жана инженердик жабдыктын техникалык регламенттерде жана башка кыймылсыз мүлктүн тиешелүү объекттерин долбоорлоого ченемдик документтерде коюлган талаптарга шайкештигин;
- долбоордук чечилиштердин кыймылсыз мүлктүн тиешелүү объектерин долбоорлоого ченемдик документтерде белгиленген милдеттүү санитардык-эпидемиологиялык талаптарга шайкештигин;
- объект боюнча техникалык көрсөткүчтөрдүн аныктыгын.
3.4 Мамлекеттик эмес экспертизаны жүргүзүүнүн предмети катары жеке же кайталанып колдонулуучу долбоор, ошондой эле алардын айрым бөлүмдөрү саналат.
Жеке же кайталанып колдонулуучу долбоорду, ошондой эле алардын айрым бөлүмдөрүн мамлекеттик эмес экспертизалоонун милдети болуп төмөнкүлөр эсептелет:
а) долбоордук документтердин төмөнкүлөргө шайкештигин баалоо:
- архитектуралык-пландоо жана техникалык шарттарга, долбоорлоо тапшырмасына жана инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына;
- долбоордун архитектура органдары жана ченемдик-укуктук актыларда белгиленген башка көзөмөл кызматтары менен керектүү макулдашууларды жүргүзүү талаптарына;
- шаар куруу пландарынын, техникалык регламенттердин жана шаар куруу ишмердигин жөнгө салуучу башка ченемдик, укуктук документтердин талаптарына;
- долбоордук чечилиштердин кыймылсыз мүлктүн объекттеринин (бул жобонун 3.4 пунктунда көргөзүлгөн объекттер үчүн) сейсмотуруктуулук, коопсуздук жана пайдалануу ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча талаптарга;
- маданий мурас объекттеринин өрт коопсуздугу ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарына, санитардык талаптарга жана мамлекеттик коргоо талаптарына;
б) кабыл алынган айрым долбоордук чечилиштердин аракеттеги ченематтарга жана мыйзамдарга ылайык келиши жана адаптациясы маселелери боюнча кеңешүүлөр;
в) долбоордук жана жумушчу документтердин кемчиликтерин жоюу боюнча жардам;
г) объект боюнча техникалык көрсөткүчтөрдүн ынанымдуулугун баалоо;
д) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген калктын тобунун жашоо шартын камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чечилиштердин шайкештигин, ошондой эле энергияны үнөмдөө боюнча техникалык чечилиштердин жетиштүүлүгүн жана натыйжалуулугун баалоо;
е) инженердик камсыздоо боюнча кабыл алынган чечилиштердин оптималдуулугун баалоо;
ж) долбоорду иштеп чыгуучунун долбоордук жумуштардын тиешелүү түрлөрүн аткарууга уруксат документтеринин барлыгын текшерүү.
3.4 Белгиленген тартипте аттестацияланган мамлекеттик эмес эксперттик уюмдар төмөнкү экспертизаларды жүргүзүүгө укуктуу:
а) экинчи, үчүнчү жана төртүнчү деңгээлдүү жоопкерчиликтеги (калктуу пункттардын башкы пландарын, пландоо, чек аныктоо, курулуштар, тетиктеп пландоо долбоорлорун) объекттерди жайгаштыруу үчүн дайындалган шаар куруу документтерин;
б) курулуш жана башка өзгөрүүлөр үчүн долбоордук документтерди:
- жайлардын жалпы аянты 330 чарчы метрден көп эмес жана имараттын бийиктиги үч кабаттан ашпаган, же жалпы бийиктиги жердин турган деңгээлинен он метрден көп эмес бир үй-бүлө жашоо үчүн дайындалган өзүнчө турган жеке турак үйлөргө;
- саны бештен ашпаган бир нече блоктордон турган, алардын ар бири бир үй-бүлө жашоо үчүн дайындалган, жанаша жайгашкан блок менен оюугу жок жалпы дубалдуу, жалпы чыгуу аймагы менен өзүнчө участкада жайгашкан (блоктолгон курулуштуу турак үйлөр) турак үйлөргө (үч кабаттан көп эмес же жалпы бийиктиги имараттын жанындагы жердин турган деңгээлинен он метрден ашпаган);
- бир же эки блок-секциялардан турган, ар биринде бир нече батир, жалпы пайдалануудагы жайлары бар, ар бир батир жалпы пайдалануудагы аймакка чыгуу менен өзүнчө кирмеси бар көп батирлүү турак үйлөргө (беш кабаттан көп эмес же жалпы бийиктиги имараттын жанындагы жердин турган деңгээлинен он беш метрден ашпаган).
3.5 Инженердик-геологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына, курулуш же кыймылсыз мүлктүн башка өзгөрүүлөрү үчүн долбоордук документацияларга, ошондой эле алардын наркына мамлекеттик эмес экспертиза төмөнкүлөргө карата жүргүзүлбөйт:
а) долбоордук документациялардын ченемдик талаптарга шайкештигин баалоого, анын ичинде түпкүлүгү кооптуу объекттерди пайдалануу үчүн курулуштун ишенимдүүлүгүн, коопсуздугун жана башка өзгөрүүлөрүн караган, ошондой эле таасиринин жыйынтыгы имараттардын жана курулмалардын опурталдуу кесепеттеги күчтүү же жалпы зыян тартуусуна алып келүүчү татаал жаратылыш шарттарында жайгашкан объекттерди;
б) кыймылсыз мүлктүн наркын эсептөө боюнча документтерге, анын ичинде курулушу же башка өзгөрүүлөрү толук же айрымдап мамлекеттик жана/же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу объекттер, же аларда мамлекеттин же муниципиалдык менчиктин үлүшү, анын ичинде чыгарылуучу өндүрүмдүн же көрсөтүлүүчү кызматтын көлөмү каралса;
в) экспертизалардын атайын түрлөрү;
г) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана/же аларды жоюуга дайындалган курулмаларга;
д) төмөнкү объекттер үчүн долбоордук документтерге:
- курулушу же башка өзгөрүүлөрү республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу, же аларда мамлекеттин же муниципиалдык менчиктин үлүшү, анын ичинде чыгарылуучу өндүрүмдүн же көрсөтүлүүчү кызматтын көлөмү каралса;
- Кыргыз Республикасынын элчиликтеринин, консулдуктарынын өкүлчүлүктөрүнүн аймактарында жайгашкан;
- коргоо жана коопсуздук, ошондой эле мамлекеттик же башка мыйзам менен корголгон сырды түзгөн объекттер;
- радиоактивдүү заттарды жайгаштыруу жана сактоо, ошондой эле кооптуулугу I-V класстагы калдыктарды зыянсыздандырууга дайындалган;
- ири коргоо курулмаларынын, темир жол, 1, 2 жана 3- категориядагы автомобиль жолдорунун, тоолуу жердеги 4 жана 5-категориядагы автомобиль жолдорунун;
- курулушу же башка өзгөрүүлөрүнүн жүргүзүлүшү өзгөчө корголуучу аймактардын жерлеринде болжолдонуучу же экспертизанын атайын түрлөрү жүргүзүлүүчү;
- шаар куруу жана архитектуралык ишмердүүлүктүн натыйжасында курулуучу же курулган кыймылсыз мүлктөрдүн наркын баалоонун жыйынтыгын экспертизалоого;
- инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына.
3.6 Төмөнкү объекттер үчүн долбоордук документтерди экспертизалоону милдеттүү жүргүзүү талап кылынбайт:
а) тобокелчилик фактору боюнча төртүнчү категориядагы;
б) жайлардын жалпы аянты 300 чарчы метрден ашпаган жана кабатынын саны экиден көп эмес жеке турак үйлөргө;
в) жайларынын жалпы аянты 100 чарчы метрден ашпаган, бийиктиги 5 метрге чейин болгон айыл чарба дайындалышындагы имараттарга;
г) жайларынын жалпы аянты 50 чарчы метрден ашпаган көмөкчү-чарбалык дайындалыштагы курулмаларга;
д) жалпы аянты 100 чарчы метрден ашпаган, сейсмикага туруктуу курулуш талаптары коюлбаган өндүрүштүк эмес жана коомдук эмес дайындалыштагы өзүнчө турган бир кабаттуу имараттар жана курулмаларга;
е) куруу жана кайра конструкциялоо үчүн уруксат документтери талап кылынбаган имараттар жана курулмалар;
ж) милдеттүү мамлекеттик экспертизалоого жатпаган объекттер (чатыркабатар, чатырканалар, жайлардын же имараттардын капоңдоосу же калыбына келтирүүсү);
и) капиталдык курулуш объекттерине капиталдык оңдоонун долбоордук документтерине (жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна капиталдык оңдоо жүргүзүү үчүн даярдалган долбоордук документтерден сырткары);
к) квартал ичиндеги жүрмө жол жана жолдордун, аймактарды абаттоо боюнча жумуштардын;
л) курулушу мамлекеттик экспертизанын оң корутундусуна ээ, курулуш аянтчасынын шарттарына байланган типтүү же кайталап колдонулуучу жеке долбоорлор боюнча жүргүзүлүүсү болжолдонгон объекттер.
Эскертүү: кайталап пайдалануу учурунда же имаратты жайгаштыруу шарттарын өзгөртүүдө, конструктивдик жана көлөмдүк-пландоо чечилиштерине, башкы планга жана инженердик тарамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө – типтүү долбоор же кайталап колдонулуучу долбоор, ошондой эле башкы пландын бөлүмүнүн жана инженердик тарамдардын чиймелери милдеттүү мамлекеттик экспертизалоого жатат.
4.1 Долбоордук документтерди мамлекеттик эмес экспертизалоого берүү экспертизалоонун тапшырыкчысы тарабынан ишке ашырылат. Долбоордук документтер жана инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктары эки нускада алгачкы жана уруксат документтери, керектүү макулдашуулар жана корутундулар менен кошо берилет.
Долбоордук чечилиштерди баалоо үчүн керектүү долбоордун курамы жана көлөмү объекттин функционалдык дайындалышынан, аны долбоорлоо стадиясынан аныкталат жана экспертизалоого берилген тапшырмадагы максаттарга жана маселелерге жараша болот.
4.2 Долбоордук документтер рецензияга табыштамачынын демилгеси менен тобокелчиликтин баардык категорияларындагы объекттер үчүн долбоордун айрым бөлүктөрү түрүндө берилиши мүмкүн. Ошол эле убакта эксперттик уюмдар тарабынан долбоордун айрым бөлүктөрүнө (бөлүмдөрүнө) түзүлгөн рецензия объекттеги куруу-монтаждоо жумуштарын жүргүзүүгө уруксат берүү үчүн негиз болуп саналбайт.
4.3 Долбоордук документтерди мамлекеттик эмес экспертизалоо келишимдин негизинде ишке ашырылат, ал эми аны жүргүзүү боюнча жумуштардын наркы келишимдик баада аныкталат.
Мамлекеттик эмес экспертизалоону жүргүзүү мөөнөтү келишимде тастыкталат.
4.4 Экспертизалоонун тапшырыкчысы мамлекеттик эмес экспертизалоону эркин тандоо укугуна ээ, ал өзүнүн эрки боюнча бир эле долбоорду же анын айрым бөлүмдөрүн мамлекеттик эмес экспертизалоону жүргүзүү үчүн бир нече эксперттик уюмдарга кайрылууга укуктуу.
4.5 Белгиленген тартипте макулдашылган долбоордук документтер экспертизалоого төмөнкү курамда берилет:
- экспертизалоо жүргүзүүгө тапшырыкчынын арызы же анын атынан аракет этүүгө экспертизалоо тапшырыкчысынын ыйгарым укуктарын тастыктаган документтер. Аларда экспертизалоо жүргүзүү жөнүндөгү келишимди түзүү, ага өзгөртүү киргизүү, аны аткаруу же бузуу боюнча ыйгарым укуктар атайын көрсөтүлүшү абзел;
- объекттин курулушу, кайра конструкцияланышы же өзүнчө турган имараттардын, курулмалардын же алардын айрым жайларынын функционалдык дайындалышынын өзгөрүлүшү болжолдонуп жаткан жер участогуна укук берүүчү документтердин көчүрмөлөрү;
- өзүнчө турган имараттарды, курулмаларды же айрым жайларды кайра куруу же алардын функционалдык дайындалышын өзгөртүү болжолдонуп жаткан жер участогун өздөштүрүүгө укук берүүчү документтердин көчүрмөлөрү;
- долбоорлоого уруксат берүүчү документтердин көчүрмөлөрү;
- тиешелүү ыйгарым укукка ээ уюмдар же адистер тарабынан берилген объекттин техникалык абалы жөнүндө жана аны кайра конструкциялоо, функционалдык дайындалышын өзгөртүү же кайра пландаштыруу жөнүндө корутундулар (жогоруда көрсөтүлгөн курулуш ниеттерин аткаруу болжолдонуп жаткан объекттер үчүн гана);
- долбоорлоого тапшырмалар;
- белгиленген тартипте макулдашылган жеке долбоор, курууга же объектке өзгөртүү киргизүүгө өзгөртүүлөрү же кайра иштеп чыгуулары менен колдонулган кайталап пайдаланылуучу долбоор сапаттуу экспертизалоо жүргүзүү үчүн жетиштүү курамда:
а) объектте инвестициялык-курулуштук ниеттерди ишке ашыруу үчүн архитектуралык-курулуштук долбоорлоо боюнча алгачкы берилмелери менен түшүндүрмө жазуу;
б) жер участогу курулушунун башкы планы (көлөмдүк чечилиштери өзгөрүлбөгөн кайра пландоо объекттеринен башкасы) ;
в) инженердик тарамдар боюнча долбоордук документтер (объектти инженердик коммуникацияларга кошууга техникалык шарттардын болуусунда);
г) архитектуралык жана көлөмдүк-пландоочу чечилиштердин чиймелери;
д) долбоорлонуучу жана мурунку имараттын, курулманын конструктивдик чечилиштеринин чиймелери;
е) имараттардын жана курулмалардын инженердик-техникалык жабдыктарына долбоордук документтер (курулуп жаткандар үчүн же мурунку жабдыкты өзгөртүүдө);
ж) долбоордун технологиялык бөлүгү (курулуп жаткандар үчүн же мурунку жабдыкты өзгөртүүдө);
и) үч кабаттан жогору бийиктиктеги капиталдык курулуш объекттерин бузуу же кайра ажыратуу боюнча жумуштарды уюштуруунун долбоору (жаңы курулушту жүргүзүү үчүн капиталдык курулуш объекттерин бузуу жана кайра ажыратуу муктаждыгы пайда болгондо);
к) айлана чөйрөнү коргоо боюнча иш чаралардын тизмеги (керек учурда);
л) өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча иш чаралардын тизмеги;
м) коомдук дайындалыштагы жана турак жай фондунун объекттерине майыптардын жетүүсүн камсыз кылуу боюнча иш чаралардын тизмеги (тиешелүү долбоордук документтерди даярдаган учурда).
- тиешелүү инженердик изилдөөлөрдү аткарууга уруксаты бар уюмдун мөөрү менен бекитилген курулуш аянтчасынын инженердик-геологиялык шарттары жөнүндө долбоорлоо жана куруу үчүн керектүү, жетиштүү маалыматты камтыган отчет (куруу үчүн же мурунку пайдубалдарга эсептик жүктөмдөрү өзгөртүүдө);
- объектти экспертизалоону жүргүзүү датасына чейин 2 жылдан ашык убакыт мурун жүргүзүлгөн курулуш аянтчасынын инженердик-геологиялык изилдөөлөрүнүн материалдары;
- долбоордук документтерди же инженердик изилдөөлөрдү аткаруучунун ишмердүүлүктүн тиешелүү түрүн жүргүзүүгө адистик тастыктамасы же уруксаттамасы.
4.6 Объектти типтүү долбоордук документтер же жеке долбоорду кайталап колдонуу менен курууда мамлекеттик эмес экспертизалоону жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр кошумча берилет:
- куруучунун (тапшырыкчынын) долбоордук документтерди кайталап колдонуу укугун тастыктаган документ, эгерде ал долбоордук документке өзгөчө укук башка жактарга тиешелүү болсо (өзгөчө укукту ыйгаруу жөнүндө келишим, уруксаттамалык же субуруксаттамалык келишим);
- долбоордун жаңыдан иштелип чыгылуучу бөлүмдөрү, ошондой эле өзгөртүлүүсүз колдонулуучу жана жеке же типтүү долбоордун түзөтүлгөн бөлүмдөрү боюнча долбоордук документтер;
- кайталап колдонулуучу жеке же типтүү (модификацияланган типтүү долбоордук документтер) долбоорго карата мамлекеттик экспертизалоонун оң корутундусу (долбоорго мамлекеттик экспертизанын оң кортундусун берүү датасынан 3 жылдан ашык эмес убакыт ичинде).
Эскертүү: мамлекеттик эмес эксперттик уюм экспертизалоо жүргүзүү үчүн табыштамачыдан кошумча түрдө долбоордук документтерде кабыл алынган негизги жүк көтөрүүчү конструкциялардын эсептөөлөрүн жана технологиялык чечилиштерин талап кылып алуу укугуна ээ.
4.7 Табыштамачыдан текшерилүүчү документтерге тиешеси жок башка маалыматтарды жана документтерди талап кылууга жол берилбейт.
4.8 Мамлекеттик эмес экспертизалоого жөнөтүлгөн долбоордук документтерди кабыл алуудан баш тартууга негиз болуп ушул жобонун 4.5 жана 4.6-пункттарында келтирилген документтердин жоктугу саналат.
5.1 Мамлекеттик эмес экспертизалоону жүргүзүүдө ушул жобонун 3.2 пунктунда жана 3.3 пункттунун “а”, “г”, “г”, “е”, “ж” пунктчаларында көрсөтүлгөн талаптарын аткаруудан башка дагы төмөнкүлөр текшерилет:
- долбоорду иштеп чыгуучуда долбоордук жумуштардын тиешелүү түрлөрүн аткарууга уруксат документтеринин барлыгы;
- объектти инженердик камсыздоо боюнча чечилиштердин рационалдуулугу, ошондой эле жашоону камсыздоо үчүн автономдуу тутумдарды жана экинчилик энергия ресурстарын колдонуу мүмкүнчүлүгү жана максатка ылайыктуулугу;
- калктын аз кыймылдуу тобунун жашоо-ишмердүүлүк шарттарынкамсыздоо боюнчадолбоордук чечилиштердин барлыгы.
6.1 Долбоордук документерди экспертизалоону жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча долбоордук документтердин инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына жана ченемдик талаптарга шайкештиги (оң эксперттик корутунду) же шайкеш эместиги (терс эксперттик корутунду) жөнүндө эксперттик корутунду түзүлөт.
6.2 Экспертизалоонун корутундусу таасын, объективдүү, аргументтелген жана далилдүү болушу абзел. Жыйынтыктоолорду туюндуруу бир маанилүү чечмелөөгө ээ болуп, экспертизалоонун жыйынтыктарына дал келиши абзел. Долбоордук документтердин ченемдик талаптарга жана инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына шайкеш келбеген учурларында корутундуда таасын кемчиликтер, жыйынтыктоолор жана экспертизалоонун оң корутундусун берүүдөн баш баш тартуунун себептеринин негиздемелери көрсөтүлөт.
Корутунду эки нускада түзүлүп, экспертизалоону жүргүзгөн эксперттердин кол тамгалары коюлуп, эксперттик уюмдун жетекчиси же жетекчи ыйгарым укук берген кызматтык адам тарабынан бекитилип, бир нускасы экспертизалоонун тапшырыкчысына жиберилет.
6.3 Экспертизалоонун корутундусунда өчүрүүлөр жана кошуп жазуулар, чийилген сөздөр же оңдоолор болбоосу шарт. Корутундунун барактары тигилген (тигилген беттердин санын көрсөтүү менен), номурланган жана экспертизалоо жүргүзгөн уюмдун мөөрү менен бектилген болушу керек.
6.4 Экспертизалоонун корутундусу төмөнкү бөлүмдөрдү камтыйт:
а) жалпы жоболор;
б) долбоордук документтерди иштеп чыгуу үчүн негиздер;
в) каралган документтердин (материалдардын) сүрөттөлүшү;
г) долбоорду кароонун жыйынтыктары боюнча анын сапаты жөнүндө жыйынтыктар;
д) корутундуга кол тамгаларын койгон эксперттер тууралуу маалыматтар:
- эксперттин ишмердүүлүк чөйрөсү;
- эксперттин кызмат орду;
- экспертизалоо кортундусундагы эксперт тарабынан каралган бөлүмдүн (бөлүмчөнүн, бөлүктүн) аталышы.
Экспертизалоонун корутундусунда чагылдырылуучу маалыматтардын тетиктелүү деңгээли тиешелүү эксперттик уюмдун жетекчиси тарабынан аныкталат.
6.5 Долбоордук документтер боюнча мамлекеттик эмес экспертизалоонун тапшырыкчыга берилүүчү эксперттик корутундусу тапшырыкчынын талаштуу маселелерди чечүү процессинде өздүк далилдүү документ болуп саналат, ошону менен бирге эле бул экспертизалоону жүргүзүү тапшырыкчыны милдеттүү экспертизалоого жаткан долбоордук документтерди мамлекеттик экспертизалоого жиберүү милдетинен бошотпойт.
Мамлекеттик эмес экспертизалоонун корутундусу бул долбоор боюнча мамлекеттик экспертизалоонун корутундусун даярдоодо эске алынышы мүмкүн.
Мамлекеттик эмес экспертизалоо уюмунун ушул жобонун 3.6 пунктунда тизмеги келтирилген объекттердин долбоордук документтери боюнча оң корутундусу объектте куруу-монтаждоо жумуштарын жүргүзүүгө уруксат алуу үчүн экспертизалоонун тапшырыкчысына берилет.
6.6 Долбоордук документтер терс эксперттик корутундуда көрсөтүлгөн кемчиликтер жоюлгандан кийин белгиленген тартипте кайрадан экспертизалоого жиберилет.
Кайрадан өткөрүлүүчү экспертизалоого документтердин өзгөртүүлөр киргизилген бөлүгү, ошондой эле киргизилген өзгөртүүлөрдүн мурун экспертизалоодон өткөн документтерге шайкештиги дагы жатат.
6.7 Экспертизалоо жумуштары аяктаган соң каралган долбоор боюнча корутундунун бир нускасы расмий түрдө мамлекеттик экспертизалоо органдарына жиберилет, ал эми экспертизалоого жиберилген документтер табыштамачыга кайтарылат.
6.8 Мурун жүргүзүлгөн мамлекеттик эмес экспертизалоодо табылган кемчиликтерди жоюуга карата кайра экспертизалоо жүргүзүүнүн мөөнөттөрү 5 жумушчу күндөн ашпоосу шарт.
6.9 Мамлекеттик эмес экспертизалоонун терс корутундусу тапшырыкчы тарабынан архитектура-куруу чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында түзүлгөн мамлекеттик экспертизалоо органында, эксперттик кеңеште же соттук ирээтте талашылышы мүмкүн.
6.10 Мамлекеттик эмес экспертизалоонун корутундуларында же долбоордук документтерде долбоорлоо боюнча ченемдик талаптарды одоно бузууларга жол берилгенде мамлекеттик экспертизалоо уюму документтерди иштеп чыгуучуларга жана мамлекеттик эмес эксперттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тиешелүү чараларды көрүү сунушун белгиленген тартипте киргизүүгө укуктуу.