Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2016-жылдын 5-апрели № 3-нпа
Кыймылсыз мүлк объекттерин куруу жана башка өзгөртүү үчүн долбоордук документтерге мамлекеттик эмес экспертиза жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы №10-VI токтому менен бекитилген “Стабилдүүлүк, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын эске алуу менен 2013-2017-жылдардын мезгилине туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу боюнча 2016-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана туракжай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун иш-аракеттер планынын 5.1 пунктун аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1.Кыймылсыз мүлк объекттерин куруу жана башка өзгөртүү үчүн долбоордук документтерге мамлекеттик эмес экспертиза жүргүзүү жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана туракжай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (мындан ары-Мамкурулуш) басма сөз катчысына, Мамкурулуштун алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаменти менен биргеликте ушул буйрук катталган күндөн тартып үч күндүн ичинде төмөнкүлөр боюнча чаралар кабыл алынсын:
-“Эркин-Тоо” гезитинде буйрукту расмий жарыялоо;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жана Мамкурулуштун веб-сайтында буйрукту жайгаштыруу.
3.Мамкурулуштун кадрдык иштер жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө:
-расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине аталган буйрукту жарыялаган булакты белгилөө менен кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө, мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада жиберилсин.
- буйрук күчүнө кирген күндөн баштап бир жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсү маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилсин.
4.Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5.Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун статс-катчысы С.Н.Борубаевге жүктөлсүн.
Директор | Т. Мамбетов |